Поиск

Полнотекстовый поиск:
Где искать:
везде
только в названии
только в тексте
Выводить:
описание
слова в тексте
только заголовок

Рекомендуем ознакомиться

'Документ'
Європейський суд з прав людини (далі - Суд) є міжнародним органом, який за умов, визначених Конвенцією про захист прав людини та основоположних свобо...полностью>>
'Документ'
Иркутский областной клинический консультативно - диагностический центр. Медицинские услуги. Часть V. Отдел лучевой диагностики (пособие для врачей) /...полностью>>
'Публичный отчет'
Проведен медико - социальный мониторинг беременных женщин. Цель: Выявление беременных женщин, нуждающихся в медицинской и социальной поддержке и оказа...полностью>>
'Закон'
Настоящий Федеральный закон устанавливает правовые основы регулирования отношений, возникающих в области геологического изучения и разведки месторожд...полностью>>

Таза, бийик туткан, аздектеген асылдардын ишмердик, чыгармачылык кудрети, жан дүйнөсү, аларды турмушка болгон көз карашы, өтөлгөлүү өмүрү азыноолак чагылдырылат

Главная > Документ
Сохрани ссылку в одной из сетей:

1

Смотреть полностью

Кален Сыдыкова Асылдар

© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28 апрели

Кален Сыдыкова

АСЫЛДАР

Документалдуу-көркөм эмгек

Бул китепте көөнөрбөс улуттук нарк насилди, каада-салтты, ыйманды таза, бийик туткан, аздектеген асылдардын ишмердик, чыгармачылык кудрети, жан дүйнөсү, аларды турмушка болгон көз карашы, өтөлгөлүү өмүрү азыноолак чагылдырылат. Жаңы доордогу коомдун, жеке турмуштун түрдүү көйгөйлөрү, жакырданган жан дүйнөсүн оош кыйышы жөнүндө учкай сөз козгойт.

Сыдыкова Кален. Асылдар: Документалдуу-көркөм эмгек. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 170 б. китебинен алынды

ББК 84 Ки 7

С – 95

ISBN 9967-21-510-0

С 4702300400-03

Кален Сыдыкова

«Дорогие мои женщины»

Художественная публицистика

На кыргызком языке

Бишкек, издательство «Бийиктик»

Бул эмгек турмуштун туткасы,

ыйык түркүгү, дүйнөнүн көркү болгон

талант даарыган асыл энелерге арналат

Автор

ШАҢШЫГАН РОЗА

«Баркыңды билгенди баала, кадырыңды билгенди каала»

«Тилин жоготкон калк тирүүлүгүн жоготот»

«Жакшы кыз жакадагы кундуз»

(Кыргыз макалы)

Розаны эстегенде өзүмдүн дагы жалындаган от болуп турган отуздагы жаштыгым эске түшөт. Ошол кездерде жаш талант катары дастандарды шаңшып аткарып жүргөн, жамалы жанган, жаркылдаган, көздөрү күлүп турган Розаны жыйырмага чыга элек мөлтүлдөп турган ышкындай кезинде радионун музыкалык редакциясына кызматка алдым. Ал мындайча болуп калды. Белгилүү диктор, маркум Сатыбалды Жээнбеков 1991-ж. телерадиого төрага болуп келгенде, ага жаңы эле орун басар болгон таланттуу журналист Байма (Бүбүзуура) Сүтөнова мени радиого башкы редакторлукка чакырып калды. Бир эле учурда Компартиянын Борбордук Комитети «Эркин Тоо» газетасынын баш редакторунун орун басарлыгын сунуштады. Экөөнө тең адеп «ойлонуп көрөйүн» деп макулдугумду берген жокмун. Себеби, үй бүлөөм жалаң журналисттикти аркалаган ишке башынан каршы эле. Ага чейин да 1980-жылдардын акырында Кыргызстан КП БК «Кыргызстан аялдары» журналынын башкы редакторлугуна чакырышканда үйдөгүлөр каршы болгондуктан андан баш тарткан жайым бар эле. Анда менин газетага чыккан ар бир макалам коомдо эле эмес үй бүлөөдө да резонанс болуп, акыры чыр-чатак, жаңжал менен аяктачу. «Эмнеге жазасың?». «Эмнеге жазбайм?!» дейм. «Жазбасын, соттолуп кетет» «элчилеп жөөлөп таяганы болбосо», «чоңдор аны аябайт», «чоң аталарындай болуп репрессияга кетеби?» деп эле кайындарым, 30-жылдары бүтүндөй тууган уругу, аталары (Сыдык ж. б.) саясий репрессиядан кырылып, жүрөгү үшүп, жалккан төркүндөрүм бир жагынан жаалап, кооптонуп, караманча тыйып туруп алышты. Бул Совет мамлекетинин гүлдөп, идеологиясы бекем болуп турган 1988-жылдар эле. Мен ан сайын алгачкы махабаттын азабын тарткансып буулугам, азаптанам, күчөйм, жанымды коерго жер таппай жашырынып жазам, мамлекет, улут, жер, тил тагдырын ойлосом уйкум келбей умачтай көзүм ачылат. Канчалаган кол жазмам элге жетпей, үйдөн тытылып, жоготулса да кайра өчүшүп жумушта отуруп жазып, жазгандарымды ошоякта калтырып, катып жаза бердим. Чыгармачылыкты өстүрүш үчүн тап күрөшүндөй айыгышкан абал өкүм сүргөн учурлар болду. Үйдөгү, иштеги репрессияга моюн бербедим, бирок, ага канча нервим, ден-соолугум кетти... Ошондо биринчи жолу коом эле эмес, үй бүлөөлүк, туугандык стеоретипти бузуп чыгып, чыгармачылыкка биротоло баш байлоо эмне экенин алгач таасын түшүнгөнсүдүм. Бул өтө оор, машакаттуу, анан калса кумарлуу тагдыр экен.

Ошентип, убараланып, ичимен күйүп жүрүп убакытты создуктуруп жиберген көрүнөм, эки жак тең демитип жообумду сурай баштады. Бүлөөмө айтсам экөөнү тең жуутпайт. Чыны, өзүм телерадиого жаңы, жаш замандаштар менен иштөөгө көңүлдөндүм. Газетадан баш тартып, телерадиого баш редактор болуп бардым. Барсам, реформалайбыз деп будуң чаң түшүп атышыптыр. Радиодогу бир нече редакцияларды бириктирип радиону эки гана бирикме кылып коюптур. Мен адабий драмалык, музыкалык, балдар редакциялары, радионун камералык хору, оркестри, режиссерлор тобу бириктирилген «көркөм драмалык» чоң бирикмеге баш редактор болуп калдым. Үч орунбасарым бар экен. Реформанын күңгөй тескейи көп болот эмеспи. Анын үстүндө калыптанып калган советтик стереотипти бузуш, жаңылаш оңойго турган жок. Барганда эле жаштардан адабиятка таланттуу акын Барчынбек Бугубаевди, Алтынай Темированы, музыкалык редакцияга эл оозуна алынып калган жаш өнөрпоз Роза Аманованы ж.б. кызматка алдым.

Кыргызда «аккан арыктан суу агат» – деген кеп бар эмеспи. Розанын таланты жөн жерден чыкпаптыр. Анын башаты кандан канга келаткан мурас экен. Розанын чыкканда эле дастанчы катары шаңшып, көкөлөп көпчүлүктүн көзүнө түшкөнүнүн, чыгармачылык жолу акжолтой болгонунун себеби табиятынан угуту күчтүү тура. Себеби, рухий жандүйнөсү бай, айыл шайыры апасы Маржанкүл энеден касиет келген көрүнөт. Маржанкүл апа кезегинде айтылуу Токтогулдун устаты болгон чоң комузчу, ырчы Чоңмурундун кызы экен. Анан кантип эбепке себеп, таалими, таасири болбосун. Ошондон улам Роза комузду 5-6 жашында эле кадимкидей чертип чоңоёт. Устаты өз энеси болгон талант чыныгы тубаса талант болот.

Байкашымда Роза ойлогонун тартынбай айткан, ачык айрым мүнөзү бар, шар адам өңдөндү. Аны менен мени Байма Сүтөнова тааныштырды да: «тың, өсө турган кыз» деди. Аны дайым комузун кабы менен көтөрүп шайыр жүргөн, көздөрү күлүп жаркырап турган жарык маанай, жазы маңдайын, тыкылдаган чыйрак мүнөзүн эстейм. Жолукканда булуттан чыккан күнгө окшоп жарк этип кашкая күлүп коет. Анан кантип жигиттердин жүрөгү өрттөнбөсүн. Өрттөнсүн! Мындай рухий касиети бар адамдар чанда чыгат. Ошон үчүн адам тартылат да. «Жакшы элге бат сиңет» дегендей, ал өзүнүн тырышчаактыгы, оригиналдуулугу менен эл көзүнө бат эле түштү. Аты басма сөздө, эл арасында байма бай атала баштады. «Ары бар абийир күтөт» дегендей, мандалактай жаш туруп жаңы заманды сергек, тез кабыл алды дагы бир топ бут тосууларга карабай башын биротоло чыгармачылыкка байлап (ичинен миң ирет азаптарга жолукса да) байма-бай гастролдорго чыга баштады. Ал убакта көбүнчө уккан адамды жашыткан муңдуу «Өрүк комуз» ырын, «Ооган ыйындагы» жалгыз уулунан ажыраган эненин зарын, кайгысын жогорку чеберчиликте, улуттук колоритте аткарып элге ошо ырлары менен таанылып калган. Өсө турган кишинин өзүнө көп нерсе байланыштуу, «аракет кылсаң берекет» болот деп эл деле бекер айтпайт. Көшөрүп иштеп жүрдү. Турмуш өзү кагылтып, согултту көрүнөт. Турмуштан өткөн чоң тарбиячы жок эмеспи. Элди аралап калктын бай казынасын, чыгармачылык кенчин тааныды, өздөштүрдү.

Бир күнү жаңы жыл кечинде жамаат чоң залда жаңы жылды тосуп аткан эле, шарактаган, шалактап бийлегендердин арасынан жаркылдап суурулуп келип, ыйбалуу учурашып «эже үй алдым» деп кубана сүйүнчүлөдү. «Ырас болуптур, болсун!» дедим жетине албай. Акыры шайманды оодарган түйшүктүү гастролдорунун мээнети кайткан экен. Ошол учурда эл жаңы доорго көнө албай, атүгүл базарда тиш жуугуч, самын жок, көп нерсе таңсыкка айланып эл каржалып, мөгдөп турган кыйын кезең эле. «Адал адам - адамдын гана адамы эмес, ааламдын адамы» эмеспи. Чырактай, тал чыбыктай жаш туруп эрте жетилип, өзүн тез бутуна тургузган, жашоого куштарлана умтулган, тынымсыз түйшүктөнүп, изденип, аракеттенген, жол издеген, дээринен бышык, тирикарак, ушундай эстүү Розаны жакшы көрүп ичим жылып калды. Мындай жаш кыздар эмес, кыйынмын деген далай талтөөндөй эркектер айласын таппай, чөгүп отуруп калганда карасаң тирикарактыгын, өз уясын өзү салып башына баш калка жасап алганын. Азамат экен!-дедим ичимден. «Эмгек иштегенге имерилет, бакыт издегенге багынат» деген чын экен го. Негизи, ушундай туруктуу мүнөзү бар, жашоого дилгир адамдар тез өсөт, дүйнөнү өзгөртөт, өз тагдырын өзү калчай алат, коомду дагы тазалайт деп ойлодум. Деги тоонун кыздары кыйын, тың келет.

Азыр ошол кичи пейил, ачык айрым, адамкерчиликтүү «ойлогону оңунан чыккандын ооматы жүрөт» болгон Роза Аманова бат эле «Республиканын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамга жеткен, Улуттук Консерваторияны бүткөн дасыккан таңшык ырчы, мыкты дастанчы, чебер комузчу, арген обончу болду. Ал өз тагдырын, көкөлөгөн талантын тубаса шыгы, кызылдай мээнети менен өзү жасады. Ал тыным албаган тырышчаактыгынын акыбети, табият ыроологон талантынын шарапаты. Кийин ойлодум: деги искусство таланттары жайлоодогу жашыл гүлдөй бүрү түшө электе элге эрте, гүлгүндөй кезинде көрүнүп, сабалап иштеп, сапаттуу иштерди бүтүрүп калыш керек экен деп. Шашпаса талант жалкоолонуп колдон суурулуп кеткен учурлар да кездешет. «Баркыңды билгенди баала, кадырыңды билгенди каала» дегендей, мен Розанын Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган «Мен сени сагынгым келет» деген жүрөк көйгөйүн козгоп дирилдеген сезимтал ырын уккан сайын уккум келет. Кумарым канбайт. Жанды жай алдырбаган, сагынткан, кусаланткан, эркелеген, жан дүйнөңдү убайымдаган жүрөгүңө катылган асылың болгону кандай жакшы. Качан болсо ага таяна аласың, ал – опол тоодой жөлөк болсо, кысталганда кеңешчиң болсо гана, атаганат! Бул ырдын Алматыдан тартылган клиби да мыкты чыккан. Көңүл ыргагын терметкен мындай лирикалык ойчул, жакындыкты эске салган табиттүү ырлар кийинки кезде аз.

Мезгил өтө анын чеберчилиги улам жогорулап эл сүймөнчүлүгүнө арзыды. Барпынын жүрөктү бүлкүлдөткөн ашыглык ыры «Өзгөчөмдү» келиштире ийине жете аткарып, ага жаңы өмүр, боёк берди. Чынында эле Розанын аткаруусундагы «Өзгөчөмдүн» көп өзгөчөлүгү, аткаруу ыкмасында жаңы табылгалары бар. Азыр элдер ооздон түшүрбөгөн «Жүрөктү жалын чырмады» деген ыры чоң жетишкендикке жетти. «Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет» дегендей, бул ырга Розанын карлыгачтай кагылган кашы, бир аз жылмайыңкы, күлүмсүрөгөн элесине куп гана жарашып, бул ырды оболотуп созуп жатканда кудум чоң манасчылардай образга кирип аны менен кошо сен да байкабай кошулуп ырдайсың. Жүрөгүң дирилдеп дует болосуң, кантип ырдап ийгениңди билбей каласың. Көңүл оболоткон керемет таланттын күчү ошондо болот турбайбы. Чын эле Кытайдагы кыргыздардын бул ыры Розанын аткаруусунда бактысы, ажары ачылып бүтүн кыргыз элинин рухий күлазыгына айланды. Аткаруучусу жарашпаса көңүл отун козгогон андай ырлар дайым эле эл ышкысына түшө бербейт. Ал үчүн күйүп, жанып, төгүлүп ырдаш керек.

Дүйнөлүк адабиятта Жеңижок, Арстанбек айткан «Аккан суудан» өткөн улуу шедевр жок болсо керек. «Ой кууган оомат табат» болуп Розанын төгүп ырдаган «Агын суу» анын жаркын талантын далилдеген, шыгын, табитин аныктаган, аны өлбөстүккө, түбөлүккө айланткан залкар ырлардын бири. «Жылуу сөздөн, ыйман дил эрип турат» демекчи, «Ынтымак», «Ала тоо көрккө келбейт эл болбосо», А.Кадыровдун «Өмүрлүк жарыма», Б.Бадыкеевдин «Дайның барбы?», казак обончусу К.Дүйсекеевдин «Карагым-ай» деген ырларын көркүнө чыгара аткарып элге таасын таанылды. Бул ырларды укканда дүйнөгө куштарланып, сергип, көңүлүң көккө серпилип, эргип, жашоонун, турмуштун улуулугун, сулуулугун, асылдыгын сезесиң. Мындай пикирлерди Розанын тубаса талантына таазим эткендер ачык эле айтып, жазып жүрүшөт.

Азыр жаштар арасында байыркы элдик чыгармачылыктын салтын чындап уланткан, ага баш отун сайып кесип кылган таланттар аз, тийип качып мамиле кылганы кыйла. Үн байлыгын, рухий дараметин элдик дастандарга арнаган Розанын чыгармачылыгы ак тилек айткан колдоого гана арзыйт. Розанын «Курманбек» эпосу баштаган 7 компак-дискасы чыкканын, анын чыгармачылыгына олуттуу бурулуш болгонун гезиттен окуп курсант болдум. Баракелде, азамат! Анткени, 1988-жылдары тарыхый «Курманбек» баатырды изилдеп Түштүккө далай баргам. Көпкө изилдеп жүргөнүм эсте. Ал табылгалар жөнүндө убагында «Кыргызстан маданияты» газетасына да 1989-ж. «Курманбек баатырдын мүрзөсү...» деп өз пикиримди жазып, көтөрүп чыктым эле. Сузактан Ади Өмүралы улуу аксакалдын айтуусунда «Курманбек» эпосунун айрым үзүндүлөрүн жаздырып келип, эфирден далай берип, анан радионун алтын фондусуна алдырып койгом.

«Карлыгач» компак дискасында «көңүлдүн черин сөз жазат», «жакшы сөз жанга жагым» дегендей, санат ырлары менен дастандардан үзүндүлөрдү топтоштуруптур. Сөз берметтерин жараткан залкарлар Тоголок Молдонун, Токтогулдун санаттары Роза Аманованын аткаруусунда ажарлары дагы бажырая ачылып, маңыздары байып, көркөмдүүлүгү кол жеткис бийиктиктерге көтөрүлүптүр деп баа бериптир бакыйган музыка изилдөөчү. Калет жок, адил, ак сөз! Жакшыны убагында жакшы деп айтып, көңүлүн көтөрүп дем бергенге, сүрөгөнгө не жетсиң.

Көөнөрбөс, өчпөс дастандардын бири Розанын аткаруусундагы «Олжобай менен Кишимжандын» үзүндөлөрү. Элдик тембрге үнү дал келген Роза бул дастанды эргип, жалбырттап аткарыптыр, угуп ыраазы болдум. Бир топ өскөн экен. Бая «темирди эриткен көмүр, адамды эриткен көңүл» демекчи, эзелтен дастан, эпосторду жалаң эркектер аткарып көнүмүш болуп калган элге Розанын так, даана айтылган, куюлушкан уккулуктуу үнү уккан кулактын кычуусун кандырат. Сүйүү баяны, элдин каада салты, түшүнүгү, ошол учурдагы тарыхый кырдаал көз алдыңа келет. Бул аткарууда өзүнүн аваздык өзгөчөлүгү даана байкалат. Анан калса Роза өзү дагы комузду мыкты черте билгенге көркү ачылыптыр.

Мени өзгөчө ойго салган Розанын кыргыздын кайталангыс жаркын таланты, өктөөсү өзү менен кеткен өнөксүз мөл сулуусу Таттыбүбүнүн элесине арналган «Арманда кетти бир Ак куу» (композитор Сталбек Бактыгуловдуку) ырын чоң чеберчиликте муңкана аткаргандыгы болду. Катуу таасир этип, жаралуу куштай көпкө жандүйнөм жай албай арманда удургуп турдум. Кейидим. Менин көз алдыма арманда кеткен бир эмес Акмөөр, Бүбүсайра, Татыбүбү үч эжем тартылды. Кайран гана бир кылымда бир келген касиеттүү кереметтер! Талантка айла жок экен го, канчалык изденген сайын ошончолук бу турмуштун бир бүктөмү, кыры ачыла берет тура. Тообо, бу түбүң түшкөн турмуштун арманын көптүгүн айт да, асылынын аздыгын айт. Канча ирет көшүлө уксаң да кайра-кайра угуудан тажабаган, уккусун келтирип саматтырган, эңсеттирген ырлар болот экен. Ошол ырлар мен үчүн Розанын аткаруусундагы «Мен сени сагынгым келет», «Армандуу кетти бир аккуу», «Жүрөктү жалын чырмады» ырлары. Укканда кайгып тээ далай ойлорго түшүп түйшөлөм, эргүүмдү жашыра албайм, сезимимди терметет. Кайсы учур болбосун радиодон, теледен берилип калса кир жууп жатсам да же чыгарма жазып отурсам да, көртирликтин кайсы бирин жасап отурбайын ошол учурда баарын, баарын жыйыштырып коюп саамга сеп алып атайын барып көрөм, дымып угам. Угуп боюм уйгу-туйгу түшүп, санаам санга, оюм онго бөлүнүп оюм ойдолойт, бул жашоонун маңызына дагы бир үңүлүп, ичимен түтөйм. Же түтөчү себеп жок беле?! Көз алдыма армандуу, кусалыкка баткан, коргоону, аздектөөнү күткөн айдай жүздөр, жалжал көздөр, наздуу, шайыр, ардактуу мүнөздөр, келишкен керемет асылкечтер, бийкечтер эсиме түшөт. Анан, атам бир кез айтчудай «атаңдын көрү дүнүйө...» деп шуу этип үшкүрөм. Кол менен кармагыс, кайталангыс бул учурду эмнеге ардактабайбыз? Эмнеге шашып жашайбыз? Неге баарыбыз бири бирибизге көңүл кошпус? дейм да. Байкаган адамга Роза ар бир эле ырын өтө кумарлана ар бир ыргагына ички сезимин айкалыштырып жанын сала бүт дитин коюп ырдайт экен. Дал ушунун өзү көп ырчыларда жетишпейт. Мага өзгөчө анын сөз кадырын билип, сөздөрдүн маңыздуусун, кадырлуусун, ысык ырыстуусун тандап алганы жакты. Кээ бирөөлөр маанисиз сөзгө жазылган ырды ырдап ыры ошо аткарар замат өлүп калат. Ырдын касиети, көркү, тузу ошо таасын сөзүндө, кайталангыс кайрыктарында эмеспи. Сөз тандай билгендик — чоң даярдыктан кабар берет.

Кыргыздын кенже эпосу «Курманбектин» Розанын аткаруусундагы 6 компак-дискасынын чыгышы адабият маданияттагы чоң жаңылык болду. Эпостун эң кызыктуу окуяларын өзгөчө изденип, бийик көркөмдүктө аткарыптыр. Башка дастанчы-айтуучулардан айырмасы Роза бир актердун театры кылып ар бир оң терс каармандарды окуянын жүрүшүнө жараша кулк мүнөздөрүн чагылдырган. Компак дисканын чыгышы — баатырдык дастанды өлтүрбөй, өчүрбөй муундан муунга сактап калууга көрүлгөн зор камкордук деп бааланышыбыз керек. Бул өзгөчө мектеп окуучуларына, жогорку окууда студенттер үчүн сабак өздөштүрүүдө чоң усул, жардам болмокчу. Менин оюмча муну орусча, англисче которуп ушундай диска кылып чет мамлекеттерге, коңшуларга таратса кыргыз эпосторун чоң пропагандалоо болот эле.

Кыргыздын талтөөндөй, бакандай кадырлуу нагыз музыка изилдөөчүсү, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, нускоочу Балбай Алагушев Розага ак батасын берип, анын чыгармачылыгын жиликтеп иликтеп келип «Таңшы, Роза!» деген макаласында Розанын «Курманбек» эпосун аткарганына мындайча калыс, акыйкат баасын бериптир: «Роза оң каармандарга өзүнчө түстөгү, ыргактуулуктагы, боёктордогу, терс каарманга мүнөзүндөгүдөй, турпатындагыдай обондорду таап айтканы, эпостун наркын, баркын өзгөчө көркөмдүк бийиктикке жеткириптир. «Элден алып, элге бер» дегендей Роза «Курманбек» эпосунун оң, терс каармандарынын обондорунун өзөктөрүн элдик обондордун берметтеринен алыптыр. Аларды ал өтө кылдаттыкка, артыкча устаттыкка иштеп чыгыптыр». «Алсак компак дискалардын топтому 13, экинчиси 16, үчүнчүсү 8, төртүнчүсү 10, бешинчиси 11 темаларга бөлүнүп берилиптир. Р. Аманованын айтуусунда «Курманбек» эпосу дагы бир жолу кол жеткис көркөмдүк бийиктикке көтөрүлүп, айтуучулуктун жаңы баракчасын ачыптыр». Бул өз учурунда айтылган акыйкат, таасын баа.

Роза элдин көз алдында өстү. Алматыдагы Курмангазы атындагы музыкалык консерваторияда стажировкада жүрдү. Ал Казакстандын мамлекеттик консерваториясынын аспирантурасын ийгиликтүү бүтүп, тунгуч ирет кыргыздын этномузыкасы боюнча илимий диссертация жазып бул жагынан көп кырдуу талант катары илимди жылоолоп жүрөт. Келечеги кең, эл дагы андан көптү үмтөтөт. Азыр чыгармачылыгы шактап, мөмөлөп, болуп-толуп турган убагы. Талантты бөпөлөбөсө бөксөрө берет, андайды турмуштан далай көрбөдүкпү. Көр оокат деп жүрүп чыгармачылыгын мертинтип алгандарды көрдүк. Албетте, ал өзүнчө трагедия. Анан калса эмне көп? «Өзүн дагы, өзгөнү да сүйбөгөн, майда жандар наалып өтөт дүйнөдөндөр» көбөйбөдүбү. Мээнеттенбесе бул дүйнө адамга мээнейби? Кудай жалгап, «жакшыны кыдыр жылоолойт» деген ушул, ошондой чүнчүгөндөрдөн Роза тирикарактыгынан аны кыйгап өтүптүр. Муну өзү өмүрдөгү бир утуш.

«Жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегендей, ал үйдө асыл жар, кутман эне катары «эки тизгин бир чылбырды» бек кармап чыгармачылыгын таптап, өксүтпөй көкөлөтүп келатат. Дал ушундан жазбаш керек. «Эгерде болсо ынтымак, үйүңдө бакыт кулпурат» болуп, Розанын чыгармачылык катаал, татаал, түйшүктүү түйшүгүн жүрөгүнөн түшүнүп «жеңилин жерден, оорун колдон алган» балдардын атасы, жубайы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, илимдин доктору, академик Кубанычбек Мырзабековичке да ырахмат. Жибектей созулган сыпайылыгын, бийик интеллектин, «иш десе ичкен ашын жерге койгон» иштермандыгын, билгилигин беш жыл чогуу иштешип четин көрүп калбадыкпы. Кыйналып турганда колдогон опол тоодой жакшылыгы да миң алкышка татыйт. Ичимден ыраазы болуп өз бир тууганымдай сезем. Андай алаканга салып бөпөлөп, ардактап, кастарлап, кадырлап алган эр азаматка жолуккан жарда не арман?! Бирок, адам армансыз болчу беле, болсо чыгармачылык өктөөмө жетейин, элге түбөлүктүү, нарктуу, кундуу керемет эмгек жаратып кетейин деп эңсейттир, мындай тилек асыл арман эмеспи. Ылайым, өркүнүң, өрүшүң өссүн Роза! Чыгармачылык изденүүңдөн, кайталангыстыгыңдан танбай аз өмүрдө армансыз аракетиңди арбыта бер демекчимин! Бар бол!

2002-жыл, 3-июл

«САГЫНГАН ЖАНМЫН САГА ОКШОШ»

«Сынган көңүл сылык мамиледен айыгат»

«Жан сүйгөн доско жан кайыл»

«Ой кууган оомат табат»

(Кыргыз макалы)

Нукура көркөмдүк, асылдык чен-өлчөм менен таразалаганда чынчыл, назик поэзия кыргыз жазма адабиятында түпкүлүгү азыраак. Айгүл Узакованын поэзиясына таандык көрүнүш: «жазда жамгыр төккөндөй, жер жумшарып кеткендей» эле. Адамдагы аруу сезимди жан дүйнөсүнөн кылдат өткөрүп, өзүнүн тагдырындай күйүп-жанып акындык табият менен нукура чагылдырат. Ар бир сабында замандаштарынын ишенчээк ички дүйнөсү, оош-кыйыш, оомалуу төкмөлүү тагдыры сырлуу турмуш көрөңгөлөрү катылып жаткансыйт. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, жупунулана берип нукура поэзия жаратууда өлчөөсүз салым кошкон 80-90-жылдардагы муундагы кыздар поэзиясына ушул убакка чейин калыс, чыныгы баа берилбей келатат. Бул албетте өтө өкүнүчтүү!

Жүрөктү уялаган турмуштук сыр төгүү, түпкүлүгү чынчыл жана назик поэзия, мен кастарлаган, урматтап сүйгөн С. Акматбекова, Ш.Келдибекова, Р. Карагулова, Y. Маматова, А. Узакова, К. Сариева, Г. Шакирова, Ф. Абдалова, А. Темировалардын ж. б. ырларында уюп жатат. «Ыйманы тазага ырыс жугат» демекчи, алар ыйманына камчы чаппай, чынчылдыгы менен таасирдүү, баалуу, барктуу. «Сөзүңдү айт укканга, жан дилинен жукканга» дейт эл. Аларды окуган сайын моокумуң кана ойго термелесиң, көшүлөсүң, кээде үшкүрөсүң. Мындай тамшандырган касиет орус поээиясында Анна Ахматова менен Сергей Есенинде бар.

Айгул Узакованын лирикалык каарманы чеккен азаптарын мунайым ыргак менен кынаптап берет. Салыштыруулары жашоонун өзүндөй миң катмарлуу жана өтө жөнөкөй. Сезим кытыгылаган, ич дүйнөңдү бүлүнтүп, санаага чөктүргөн, ойго марыткан, муңканган ырлар анын негизги өзгөчөлүгү сыяктанат. Кандайдыр өткөн өмүргө өкүнүп, өзүн жубатуу эңсөө саптардан сызылып чыгып, жүрөккө агылып киргенсийт. Анын арзуу, ашыглык лирикасын окуганыңда жашоосу жалаң махабаттан тургансыйт. Түйүнү түйшөлткөн ойлор көп. Дегинкиси, А. Узакованын стили, чеберчилиги, өзгөчөлүгү өзүнчө изилдене тургaн дың.

«Айгул Узакованы качан биринчи жолу көрдүм эле?» деп ойлондум. 17 жашымда, аны Беганас Сартов жетектеген ийримден узун кара баркыт юбка кийип, ыр окуганда көрүпмүн. Ал ийримге болгону бир жолу гана бардым, бирок, үч адам эсимде калыптыр: Үрүниса Маматова, Сталбек Бактыгулов анан Айгүл эже. Экинчи жолу студент кезимде уктум. Бир комнатада мен, азыркы таланттуу акын Фатима Абдалова менен жашачумун. Сессиядан башыбызды көтөрө албай шайыбыз ооп, санааркап, түпөйүл болуп жүргөн күндөрдүн биринде эле Фатима:

«Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,

Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен».

«Анда сен эстей албай тааныш үндү,

Шарпылдак толкундарды сапырарсың.

Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,

Обонун улуу жаздын чакырарсың...»

«Оюңузга салды бекен дүрбөлөң,

Ошондогу жашылданбай чечилүүм.

Эңсөө дагы болбой калып аралжы,

Эки келбес өмүрдөгү кечигүүм».

«Сизге болгон көңүлдөгү урматтоом,

Калаар дегем жакшы сырдай жабылуу.

Алаксуу да болбой калып аралжы,

Болот тура кээде минтип жабыгуу» – деп кайра-кайра жатка окуп, «бул Айгул Узакованын ыры, кандай сонун жазылган» деп эле жетине албай дирилдеп жүрдү. Эми ойлосом, кыз көкүрөгүнө көңүл кушу конуп «көрүү тургай, эстөө Сени зор бакыт, ал күнү мен алдым чок басып...» (Ф. Абдалова) болуп жүргөн окшойт. Анан ошол жалындуу жаштыкта А. Узакованы кумир туткан Ф. Абдалова анын ар бир чыккан ырын, өзгөчө жаккан ырларын көркүнө чыгара көркөм окуй берип кулагыбызга жат кылды. А кезде анын «кымбатыма алдым жасанып, шамал, шамал, бузба чачымды» деген обондуу ыры да популярдуу болуп жаштардын сүймөнчүлүгү эле. «Сүйүү кандуу дайра экенин» (Ш. Келдибекова) аңдап, туя элек жаш таланттар, баары эле «көл түстүү көйнөк кийип» сүйгөндөрүнө жолуккусу келишет, ошол азаптуу зор сүйүүнү эңсеп, күтүп, жандары калбай ага карандай Ода арнап да атышчу. Чындыгында «көл түстүү» деген салыштыруу А. Узакованын кыргыз поэзиясындагы чоң табылгасы. Ушул кадыресе, көп маанилүү сөз А. Осмоновдун көл жөнүндө новатордук табылгасына тете, тең. Анткени, көл асмандын түрүнө, ырайына карай түрдүү түс күтүп жандуу образды, ички күчтүү туюмду чагылдырат. Себеби, көл дайым жандуу, кайталангыс, ыйык.

Кийин, кыргыз акындарынан саясатташпаган таза, көркөм бир шиңгил окуш үчүн А. Узакованын сезимтал жан дүйнөнүн кыярбас кылдарын кылдат черткен, көңүлдү дирилдеткен, ылымсанатып түйшөлткөн муңайым ырларын күтчү болдум. Л. Пастернак айтмакчы: «Жүрөгүндө кири бар адам жакшы акын боло албайт» эмеспи. «Ички жоромолдоо сезимиң болсо, ошондой чыгарма жаралат окшобойбу» (К Жусупов).

«Дөөлөт кушу консо чымын башына, зымырык куш келээр күндө кашыңа» болуп, ырларынан баар таап, эл оозуна айланып, кумир тутулган А. Узакова өзүнүн артынан бир топ жаштарды өзүн тууратып «Сиз» дедиртип ээрчитип келди. Өзгөчө, аны туураган кыздардын көбү сылык болуп жатып калышкансыды. Таланттуу акындын «Жылдыздуу күз» (1980-ж.), «Кеч жарык» (1990-ж.), «Түнкү асман (1997-ж.) деген ырлар жыйнагын окуп отуруп тарткылыктуу өмүрдүн азап-түйшүгүн тарттырган аруу сезимин А. Осмонов жазгандай:

«Ал бир күч ырбай берген албууттанып,

Чырмалып миң толгонуп, миң буралып.

Махабат коңгуроолуу куш сыяктуу

Карматпай улам учкан шыңгыр салып» дегендей, ыр сабында ынак турмушту бөтөнчө арууланып жазса, көркүнө чыгат тура деген ойго такалдым. Кишинин кыялы, сөзүнүн күчү чексиз экен го.

«Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып, сүйгүм келет кээде өзүңө багынып» (Алыкул «Аялга») деп эркектер ачык айта алган менен назик кыялдуу, ыйбаалуу кыздар поэзиясы буулугуп гана кыйытышчу, четин чыгарчу. Анын үстүнө, идеология дагы оптимисттик ырларды жазууну талап кылчу да. Бу чыгармачыл адамдар кызык экен, түрдүү пикирлерди айтып кишини миң толгонтот. М: орустун улуу жазуучусу И. С. Тургенев: «Бактылуу болгуң келеби? Анда эмесе элден мурун кайгырганды үйрөн» деп үндөйт. Эгер муну Тургенев эмес, башка айтканда ким билет, эмне деп сынтакмакпыс же мазактамакпыс, бирок, анын сөзүнүн өзөгү тереңде тээ түпкүрүндө жатат.

Анын Рыспай Абдыкадыровдун аткаруусундагы «Уктатпачы мени жазгы жаан», «Сагынган жанмын сага окшош», «Өгөйү болдум сүйүүнүн», «Болсо керек жумшак сагыныч» ж. б. обондуу ырлары жүрөк отун тутанткан кусалыкка, сагынычка жык толгон. Көңүл эргиткен ыйык сырларды төгөт. «Ызада калган, кусада калган учурдун толкунун жиреп, баардыгын баштан кечирет». «Жаз менен жаркып, ар кимдер тоссо бакытын, жанында жүрүп сүйүүнүн өгөйү» болгонун баяндайт.

Элдин «ар жалгыздык башта бар, ар кыл азап башта бар» дегениндей «Сен жана Жаз», «Сиз жана Күз» ырлар түрмөгүндө дилиндеги ыймандай сырын ачты. Арзууга арууланган жан сүйгөнүнө романтикалык ишеним менен түбөлүк ынанып бардык жаман сөздөн, көздөн аны калкалап канатын канга малат тура.

«Жакынсынып досторум тилдесе да,

Шагым сынып, көңүлүм кирдесе да,

Сага деген сезим бар, мен тана албас,

Аны чындап жүрөгүң билбесе да» деп ичинен тынат.

Чиркин десең, ар акын эле ыймандай сырын төгүп чыныгы поэзия жарата бербейт. «Ортобузга эч бир сөздөр айтылбайт, а мүнөттер эмнегедир кымбаттуу». Минтип сүйүшкөн жүрөктөр гана түшүнө алат эмеспи бирин бири.

«Мен Сизди аяр карап чоочундагам:

Кымбат бир асыл жанга кантип барам».

«Мен Сизге күздөй коңур көңүл менен,

Сагыныч үйүп алып келген элем»

«Сен кантип унутат деп жүрдүң экен,

Күз мага тагдыр болуп жолукканды».

«Күз жөнүндө санаа тартып Сиз деле,

Жашылданат турбайсызбы алдыртан».

«Гүлдүү жерден узатып чыксам дагы,

Жолуңузга гүлдесте үзө албаймын.

Мага жакын сезилген кубанычтан

Көп айбыгып, негедир ушундаймын».

Сүйүүнүн күчү керемет тура, өз сүйүүсүнөн айбыкпаган пенде эч нерседен айбыкпайт го. Ф. Абдалованын: «Суктануудан сууган окшойт көңүлүм» деген ырындай «дайындуу бир чындык тилеп үйрөнгөн, бу дайыны жок турмуш деген немеден» (Р. Карагулова) көңүл калуу дагы көп болот шекилдүү. Ыйман дагы таңсыкка айланып көкүрөккө бүлүк caлган учур турмушта көп кездешет эмеспи.

Ошондон го, автордун лирикалык каарманы бушаймандана: «Азап түшүп турган чакта башыма, басып кетер жанды дос деп күтүпмүн» деп күйүнөт. Бирок, «кордуксуз өмүрдүн кызыгы жок, Кайгынын дабасы эмне? Кайрат кылуу!» (Алыкул). А дегинкиси, «сүйүүгө сүйүү гана даба болот, сооротуу, ырбатуу жара болот» (Гургани) деген ой бар. Мындай жабыгуу кылдарын черткен кыргыздын мыкты акыны Шербет Келдибекова өзүнчө ой жоруп, маселени кабыргасынан коет:

«Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы

Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөнүм» деп. Дегеле көңүлдү эзген, адамды куураткан терс кайрыктар турмушта жыш тура. Сагын Акматбекова буга токтоолук менен баам таштагансыйт:

«Кир, нурдуу дүйнөңөргө бир келип, бир кетемин», «уютуп улуу муңга көкүрөгүм, үстүнөн өттүм биздин көпүрөнүн» деп улуулукка басым жасайт. Деги өз туюму, пикири бар таланттар өз тагдырынын оош-кыйышынан, сезим ыргактарынан Поэзия мунарасын куруп, ыр саптарына өмүрүнүн учкаяк тарыхын калтырышат окшойт. Бул жайында «Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөгө бергис бирөө бар» айжаркын акын А.Узакова:

«Мен эмне жүрдүм экен мынча чыдап,

«Көңүлгө үйүп алып улутунуу».

«Өкүнгөн жокмун, өзүңсүң ката кетирген,

Өксүгөн менен өнөрлүү болуп келем мен» деп жүйөөлүү жыйынтык чыгарат. Ошентсе дагы сезим кургур жүйөөлүү да болобу? Ал бир табият таңуулаган таңгыс тагдыр да! Жашоосуна каниет кылып, ыйбаа караган лирик өмүрдө бир келген Улуу сезимдин кордугун көтөрө албай, ыйлактап жамандабай, өзгөлөрдү күнөөлөбөй, кайра өз шыбагасына буюрган тагдырын, жеке керт башынын кызыкчылыгын курмандыкка чалбай, махабатын аздектеп, бапестеп, суйсалта багып сырдуу обонго салган. Даап, «өзгөгө сени бергиче, өлүгүм чыксын койнуңдан» (Коргол) дей албай, ичинен сызып: «Бир өмүрдө эки башка жол менен, бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз» деп ыйбаа кылып, жумшак муңаят. Дал ушунун өзү кыргыз кыздарынын ички мүнөзү, толгонуусу жана улуттук өзгөчөлүгү го.

«Өмүр бою өзүңдү ырдап келатсам,

Өктөм тагдыр өз жолунан тайган жок.

Сары ооруда саргайганым сезбестен,

Кимдер гана кеп кылышпай калган жок».

«Өзүмдөгү бир утуш» ырындагы бул caптар сүйгөнүн кадырлаган лирикалык каармандын туруктуулугун, сезим тазалыгын сактоого өмүр бою күрөшкөнүнөн кабар берет. Махабаттын улуу ыры десе дагы жарашат. Убайым, санаа аны миң түр ойго тарткан ме­нен сүйгөнүнүн караанына кагылып аны бардык суук көз караштан коргойт, баарына кайыл болот. Жоготуу ызасы оор арман дечи. «Жылдызым түшүп жыя албай турам эсимди, талашаар бактым, таймашаар күндү күтпөгөм» (К. Баркыжокова) деген учур азбы бу өмүрдө?! Кантсе дагы турмуш мерез, шору көп. Көкүрөктө оор күрсүнүүнү, өксүүнү калтырып өмүрдү жеген, кечиккен бакыт мезгилди, жалбырттаган жаштыкты утту. «Кечигүүнүн түйшүгүнө көп түткөн, мен күтүүнүн баркын билээр жан элем» деп каарманыбыэ ичтен тынат. Жылт эткен кыялга алдырып, мүмкүн жолуксак, чер жазып сырдашсак, бирибизди-бирибиз түшүнсөк: «Мен буюгуп турган жолдо эки анжы, балким шаңк деп бир ачылмак асманым» деп үмүттөнөт. Сүйгөнүн самап сагынуу эмне деген оор азап! А сүйүүдөн «кирдеп калат кээде көңүлдөр, кечирими деле бар туруп» (М. Осмонкулова) болбойт экен. Жуулуп, чайылып үмүткө багынат тура. Махабаттан айрылуу көңүл чөгөргөн жагымсыз сезим. Аны керемет акын Роза Карагулова таасын чагылдырган «Анан кантсин, кайгы эмеспи адамга, издегенин таппай өтүү дүйнөдөн...». Көрсө сүйүү Бакыт эле эмес, арыбас арман, бүтпөс ыр экен. Көңүл кушун алаксытып, «кыял мага кылат далай санатты» (Р К.) деген чын окшойт.

«Мен балким жалгыз-жарым атка конуп,

Жашаармын сен көргөндөн башка болуп

Сен кейибе мени жалгыз экен деп,

зор турмуштун оңу менен солунда.

Кандай күнгө калса дагы айныбай,

бир сүйүүнүн оту жанат жолумда» деп эми моюн бербей чыйралат. Тагдыры кошулбагандардын арманы аттын башындай, ошентсе дагы сабыр жеңет. Акылга калчап, тагдырына моюн сунат. Анткени, акындын лирикалык каарманы: Күз түнөгөн көңүлүм кыярып келсе, көңүлүмдү алагды кылып шарап куйба, бушайман болуп сооротпо, мен андай санаадан эчак кайткам, сендеги сергек мүнөздү сагынып келдим,-дейт. Ылымсанап, боор толгосо да жашыбайт. Узун күн менен түш көрүү чындап жадаткан кусалык, жалгыздыкты бөксөрткүсү келип «Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып, кечигип сезип, бул күндүн баркын бир келген» деп бүтүм чыгарып, чын дилинен сырдашат. Пенденин турмушунда жүрөк элжиреткен, көңүл толкуткан таза сезимди сактоо кымбатка турат го.

«Бүк түшүп күткөн күндөргө берип эркиндик,

Жаңылгам катуу жандырып түгөл сырымды.

Айдады шамал касыма, доско карабай,

Түтөсөм ичтен бактыма салып сыртымды».

«Тагдырым баштап кеч калган ушул тар жолдо,

Акылга эмес, санаага көңүл алдырат».

«Мен эми кайра жанбаймын көңүл отуна,

Күйгүзүп тынды жүрөктү эзген бул санаа».

Алп махабат жалынына кабылган, ашыглыкка ак урган, ага жетпей сыздаган, күйүп-күйүп күл болгон байкуш жүрөк сыздабаганда кантет? Күйүттү ыр менен басуу, ага чыдоо насили баатыр инсандын гана колунан келет. Жан кыйноого туш кылган алоо махабатпы?! Бул эмне? Туш болгон тагдырын намыстанып жаап-жашыруу, будамайлоо көп чыгармачыл инсандарга мурун таандык болуучу. Алар муну майда тема деп эсептеп, куру оптимизм, жалган саясатты даңазалоогo, бир жактуу баалоого оошкон. Көрсө дүйнөнү кабылдоону, чагылдырууну жон териң менен сезиш керек турбайсыңбы. Ушуга келгенде биздин акын ооруп турган көңүлүн муңайым айтат, жаап-жашырбай улам ачылат. Анын өзгөчөлүгү ушул. Баса, «Барсыңбы?» деп бирөө жүрөт жол жакта, бардыгынан аша кечип олтурсам» (Р. Карагулова) дегендей, «канча жылдык баш ооруга айланып, көкүрөктөн кетпей жүргөн бир элести» түбөлүк куштарланган, обонго салып башкаларды дүрбөткөн бул кандай касиет? Махабатпы?! «Канча баатыр, канча 6oлсун акылман, ким сүйүүнү багындырган күч менен?» (Ү.Маматова) Эч ким! Акыйкатта адам: «Сага алданып калганыма өкүнбөй сага ишенип алганыма өкүнөм» (Ф. Абдалова) дейт. Ушул чынбы? Арийне, турмуш көп буйткалуу, анын баарынын себебин ким чечмелеп отурмак эле...

Өмүрдөгү биз узаган алыстык,

Кайра тартар кыял эмес буюккан.

Кайсалаткан кездери көп тагдырдын,

Кимдер танып, ким бар дейсиз унуткан»

же

«Канткенде гана кайрылгыс унут калтырам,

Кайдыгер жанга табыштап койгон күндөрдү».

дейт автор. Мындай таасын поэзияны А. Узакова гана жаратышы мүмкүн. «Тиштин сырын тил билет» дегендей, «калды менде эсеп жеткис тирүү муң, ким бирөөгө бөлүшүүнү тилеген» (Р. Карагулова) болуп жүрүп мезгил өткөнүн элес албай, жалбырттап жүрүп жүрөгүн ооруткан акын «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» деген ырында минтет.

«Азыр эмес. Азыр - оорубагын сен.

Азабымды тартып бүтө элекмин мен.

Айгай салган ушул албуут заманда,

Жалгызыма али керектирмин мен...»

же

«Тайыз түшкөн кайыгымды караандап,

Толкун жээктеп, чыйралайын мен» дейт. Бул уникалдуу саптар жалпы адамзатка тиешелүүлүгү менен баалуу. Бул өлбөстүккө умтулуу эмес, өмүргө куштарлануу, жашоого кумарлануу, келечекке жоопкер болуу. Асыл нарк кандай максатка умтулганы, аткарылганы менен ченелип өлчөнөт эмеспи.

«Түнкү асман» жыйнагындагы «Нурдинге» деген ырды алгач газетадан окуганда толуп-ташып, жүрөгүм туйлап кеткени эсимде. Кундуу ыр. Насаат сөз. Уулуна арналган осуят.

«Тегиңди теңине албас теңтуш чыкса,

Телмирип, жер карабай бийик болгун.

Тектүүнүн бир жаманы болгонуңча

Акыл-эс, билимиңди бийик койгун».

«Байлыгың башың менен ченелээрин,

Каралдым, эмитеден билип койгун».

«Мени да кеп кылышаар сага кийин,

Турмуш - бул өйдө төмөн кызык чийин.

Тагдырым сенде жана ырларымда,

Калганын сезип, баалап өзүң билгин» дейт. Бул не деген акыйкат ачылуу! Дит багып, өмүр өтөлгөсүнө баа берүүдө. Жанагы чынчылдык дегенимдин бир учугу ушерде жатат. Кантип эле, өмүр деген аманат экенин кеч түшүндүк?! Табият киши эрежелерине баш ийеби? Анда бу турмуштун кызыкчылыгы не?

Адабиятчы болбогондон кийин А.Узакованы акын, адам катары ачууда чабалдык кылам го. Анткени, ыр - анын тагдыры. Кылымга сөзү калчу керемет акын Айгүл Узакованын мөлтүр кашка, ажайып нукура поэзиясын урматтаган чакан пикир бөлүшүүмдү мен кадырлап сүйгөн, кебелбес мыкты акын Роза Карагулованын теңдешсиз баалуу ыры менен символикалуу жыйынтыктайм:

«Өмүрдүн баары жаралса жалкы ааламга,

Тынчыбай алар түгөйүн издейт эмнеге,

Табылса танат, себеби аны ким билсин?»

Кейишет анан, кейүүчү себеп аз беле?..

Махабат, сени макташса жүрдүк ишенип,

Мээрбан десе, мээримдүү жылан экенсиң.

Умтулуп сага көп күйүп жатат жүрөктөр

Тана алгыс кылып баркына кимдин жетесиң?» («Капчыгай»)

2001-жыл, март,

«Асылзат» газетасы

Сулуу болуш бакытпы?

«Эненин сүтү, элдин тузу ыйык»

«Даңкка көппөгөн – даанышмандык, Атакка көппөгөн – акылмандык»

«Айтылбай калган кеп – жесир»

«Жалгыздык жанды жейт»

«Эстүүнү эне тут»

(Кыргыз макалы)

Бул баян-бир эле чыгармачыл, таланттуу сулуунун баяны эмес, жан дүйнөсүндө руху жалбырттаган, шык даарыган чыгармачылыктын миң азап тозогуна түйшөлүп мээнеттенген аялзатынын көбүнө ортоктош санаа, тагдыр. Сулуу болуш, көркөм дөөлөт жаратыш кандай керемет да, аны жүгү кандай азап, оор. Сулуукту коом неге коргой албайт же сулуулук олжонун бир түрүбү? Деги эле бакытка марып кеткен кимиң бар? Сөз ошо жөнүндө... Окуя таланттуу диктор, жазуучу, журналист Шарапат Турдакунова тууралуу.

Жетпей калса армандаткан, жетсе аягына чейин түтө албаган сүйүү кандай табышмак. Жан адамга айткыс асыл сөздөрүңдү, аруу сезимиңди арнаганың эмнеге кара турмушка таакат боло албай, баары бир мүдүрүлөт? Качан адам эмгегинен мурун жан дүйнөсү, жеке тагдыры изилденет? Чыгармачыл адамдарда бирин-бири жактырбаган өйдө-төмөн кайчы пикирлердин бар экенине карабай, элге аттын кашкасындай таанылган жаркын дикторлор Капар Алиев, Бекташ Акматов, Тамара Бакиева, Роза Рыскелдинова, Зарыл Мамбеталиева, Маргарита Булатова, Жолдубай Каипов, Сатыбалды Жээнбеков ж.б. ар бири изилдөөгө татыктуу тарыхый инсандар. Буларсыз кыргыз телерадиосунун жүзүн элестетүүгө дегеле мүмкүн эмес. Алардын бири Шарапат Турдакунова.

Кыялы-мөндүрлүү жаздай, ак көңүлү кармаганда андан өткөн жайдары адам жок, кара көңүлү кармаганда кесиптештери берген кошумча аты «Танка» дегенинин чындыгы бардай. Бетке чабарлыгынан тегерегиндегилер сезтенишчү. Азоодой туйлап ойлогонун шарт айтып калган чорт кыялы өз башына муш болуп кыжаалат болгон күндөрүнө ортоктош болдум. Оо, кийин телерадиодо чогуу иштешип калганда Шарапат эже бир нерсени мойнуна алып: «Баягыда, жаңы эле башкы редактор болуп келгениңде тиги шефке кирип, сени өлө жамандаганбыз. «Биз резервде турсак Кален Сыдыкованы эмнеге алып келдиңер» деп аябай догурунуп, кокологонбуз. Ошондо сага аябай уят болдук, жанагылардын тилине кирип, сени билбей туруп жамандаганыма азыр да уялам. Кечирип кой, ай» деп ичинде кирин сактабай каткырып калды. Биз ошо жамандап чыгышкандан кийин чыгармалары аркылуу жакындап тааныштык. Аңгеме, повесттерин, радиодрамаларын эфирден бердик. Радиодон айрым көркөм окууларды артынан кууп жүрүп окуттук. Албетте, чыгарманын азабын өмүр бою тарткан түйшүкчүл инсан менен бирөөнүн жазганын көркүнө чыгара окуп коюнун айырмасы чоң. А экөөнү бирдей алып жүрүү кызылдай машакат.

Далай жигиттер ашык болгон балбылдап жанган кара көз кимдин шайманын алып шаштысын кетирбеген. Күндө ар бир үйдүн ардактуу мейманы катары ажарланып, жагымдуу коңур үнү менен көгүлтүр экрандан жүздөшүп жүрөктөрдөн орун табат. Белгилүү теледиктор, маркум Роза Рыскелдинова телевидениени «тогуз жолдун тоому» деп таамай айтыптыр. Чынында эле кыргыз теледикторунун патриархы Роза эже айткандай: «диктор оюндагысын бүт жеткирип оюңа төгүп салыш керек. Анда айдай чырай менен бирге өзүнө тарта турган сүймөнчүлүк, так дикция, жагымдуу үн, сезгичтик, тилди жакшы билүүсү» актердук жөндөмдүүлүк менен бирге телекамеранын алдында эркин сезүү, тексти жогорку деңгээлде окуу же айтып берүү сыктуу чоң зээндүүлүк» жоопкерчилик, тубаса жөндөм талап кылынаары мыйзам ченемдүү. Шарапат эже патриарх Роза Рыскелдинованын формасындагы диктор эле...Бирок, эмнеге бир жарк деп жанып чыкты да ара жолдо ташыркап микрофондон четтетилди? Диктор катары көмүскөдө калды? Жалаң эле кесиптештеринин ичи тардыгы, бут тосуулары ж.б. жүйөөлүү, жүйөөсүз себептериби же жеке тагдыры, сулуулугу дагы жолтоо болдубу? Мамлекеттик деңгээлдеги сулуулук, талант, сүйүү аял үчүн бакытпы?

Ал тырмактайынан тирикарак, мээнеткеч болуп өстү. Ажырашып атасы баса берген соң, энеси эрге тийип кетип, ал кичинесинен ата-эненин мээримин көрбөй төркүнү Тору-Айгырлык Калыйпа тайенесинин колунда чоңойду. «Какаганга муштаган болуп» огожо кылган, калдайып калканыч болгон таенеси үч жыл төшөк тартып каза болот. 7 жашынан 14-жашына чейин мал тосмой, кезүүдө мал кайтармай, үй түйшүгү сыяктанган бүт жүк кенедей кыздын мойнуна түштү. Тирүүлөй жетим көрбөгөнү көр болду, жашабай жатып турмуш запкысын жеди. «Аяшаар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак» болуп, 14 жашында өгөй атанын кордугуна чыдабаган ал кичинекей балеткасын көтөрүп алып жалгыз Каракол шаарына качып барат. Эптеп сурамжылап жүрүп интернатка орношот. Интернатка жетимдерди алаарын айылдагы бирөөдөн угуптур.

Жетимканадан бой керип, көргөндүн көөнүн буруп калганда алгачкы ак сүйүүсүнө кезикти. Киоскиге гезит сатып алганы барып, шалкылдата чемичке чагып турса бир суйкайган сулуу жигит келип тийишип калат. Таанышат. Аны жаш жүрөгү эстен тана сүйөт, ал аны сүйөт. Көрсө таанышкан жигити өзүнүн Асан таекесинин үзөнгүлөш досу экен. Борбордон соода техникумунда окуп жүрүп практикага жаңы эле келиптир. Сырдуу махабаттын толкунунда апкаарып, айбыгып далай күндөрдү өткөрүштү. Бирисиз бири жашай албоочудай абалда калышат. Аруу сүйүү арбаганда тун сүйүүнүн аягы кандай болоору эч кимдин эсине келбейт эмеспи. Өңү түсү келишкен сындуу жигит Намазбек анын оозун алгачкы жолу аймалап өпкөн сүйгөн жары. Беш мүнөт көрүшпөй калса самашып, алар үчүн-бул дүйнө кооз, бактылуу эле. Тагдырдын буйругу болсо керек, эже орто мектепти бүткөндөн кийин азыркы эл артисти Д. Байдөбөтовдор менен бирге Москвага театралдык институтка тапшырып окууга өтөт. Тагдырдын кыйчылаш кысталаңын карабайсыңбы, багар-көрөрү жок жетим кыз Москвага билетке акчасы жок, бара албай кендири кесилет. Өксүп ыйлаган менен колунан эч нерсе келбейт. Көп өтпөй ызаланган боюнча Намазбек менен кол кармашып Жети Өгүздүн Ак Терегине келин болуп түшөт. Андагы жаштардын бакытына чен жок эле. Ортодогу назик мамиле, алоолонгон сүйүү анын кыялдарына, тилектерине канат байлатты. Бактылуу турмушу ойдогудай өтө берди.

* * *

«Өтөгөндүн териси, өзү жатып ий болбойт» дегендей, жаш кызды дикторлук кесипке тартып, туура жол көрсөтүп акыл, насаатын айткан, профессионалдуулукка үйрөткөн алгачкы педагог-насаатчыларынын ана башы азыркы Кыргыз Республикасынын эл артисти, телерадионун көрүнүктүү режиссеру Турсун Уралиев аксакал болуптур. 1966-1967-жылдары режиссер анын шык жөндөмүн байкап, чакан-чакан балдар аңгемелерин окутуп көрөт. Козу, чычкан сыяктуу ролдорду берип балдар спетаклдеринде ойнотот. Актерлуктун сырларын иш жүзүндө өздөштүрүп, каныга баштайт. Радиодон «Даяр бол» радиогазетасын окуйт. Ушинтип сыйкырдуу дүйнөгө аралашып жаналектенип жүргөндө телевидениенин профессионал чыгаандарынын бири Азиз Исмаилов Шарапат Турдакуновага ыр окутуп көрүп «сенден жакшы теледиктор чыгат, жарайсың, бактыңды сынап көр» деп дикторлорду тандоо боюнча өтүп жаткан телеконкурска катыштырат, а кезде профессионалдардын бир ооз калыс сөзү, пикири эле тагдыр чеччү. «Жаныңдагы мазарга сыйынбай туруп, Меккеге ажы болом деп убара болбо» дегендей, өз дарамети, мээнети, шыгы менен акжолтой радиодон аттанса калыстарга жагып, көгүлтүр теленин көркүн ачып жарашып калды. Конкурстан шыр өттү. Телерадиодо иштеп демине дем кошулуп, көңүлү алып учкан менен көртиричилик көмүскө тоскоол болуп көрүнгөн ижарада баш калкалап жүрүп тажашты. Жаш бала менен кыйналышты. «Жеңилин жерден, оорун колдон алаар» же жакын тууганы болбоду. Дикторлукка баш оту менен бериле баштаганда Кыргыз телерадиосунун Ош областтык студиясы жаңы ачылып, ага ошоякка барып иштөө сунушталат. Ош студиясында дасыккан журналист, кыраакы диктор Азиз Исмаилов менен бирге иш баштады. Ал кезде Ош телевидениесинин төрагасы маркум Карыпбай Керимбаев экен. Жаңы ачылган телекомитетте жаштарга үй берилмек. Күйөөсү экөө акылдашып, баласын ээрчитип Ошко келишти. Шарапат Турдакунованын диктор катары ажары ачылып республикага кеңири таанылуусу, дасыгып калыптануусу мына ушул Ош студиясында иштеген учурга туура келет. Ордолуу Ош республикага дүңкүлдөп, дүңгүрөп эле чыга келди. Бир чети кыргызга телевидение жапырт жаңы кирип, сыйкырдуу өнөрдөй анын дөөлөтү, ооматы ашып-ташып, эл арасында өтө кадырлуу эле. Ал кезде өз ата-энесине ишенбесе дагы эл теле, радиого, гезитке абдан ишенчү, сыйлашчу, ыбаа кылышчу, коркчу. Анткени, ар бир сын материал териштирилип натыйжа чыкчу, жаза алышчу, иши жакшы болсо макталып көтөрүлүшчү. Иш кызык, түйшүгү түмөн, кадр аз. Бирок, мыкты кадрлар жан аябай катуу иштешти. Ар биринин ишке болгон кумарлануусу, жигери ошончолук күчтүү болот. Чыгармачылык ич ара атандашуу, ич күйдүүлүк дагы бар эле. Бул жылдар эженин тагдырында бактылуу, ташы өйдө кулаган, сүйүүгө балкыган сүйүктүү жар болуу жылдары болуу менен бирге, турмуштун тажаал сыноосу дагы болду.

Төрөп түшүп тургандыктан алар үч балалуу болушту. «Жакшы түмөндөгөн миңге керек» болуп кесибинин шарапаты менен Шарапат эженин диктор катары даңкы таш жарып көрүнгөндүн көзүн кызартты. Жанын койбой сөз айтып, «бир имере кучактап койнума алып жатсам, меники болсо» деген ууру кыяз ошол кездеги советтик-партиялык (азыркы «демократ», бизнесмендер) жетекчилерде басымдуу болуп ар ким ага жармашты. «Көчкөндө төөсүн комдоп, өөрүүдө үйүн оңдошчудай» жетсем дегендер астынан тосуп гүл сунушту, жанга жагым кооз сөздөрдү сүйлөштү, асмандын башын убада кылышты, канчасы артынан аңдышты. «Күлүккө күн салганча, байталга бак берсин» деп, өз сүйүп алган жарына канаат кылбай, көзүнө чөп салгысы келген жүрөнөөктөр ага ачыккандай жабыша берип тажатышты. Анан «одоно мамиле, орой мүнөздү жаратат» болуп көбүн кагып-силкип салса дагы ач кенедей жабышкандарын коюшпады. Жаңылыштыгыбы же жаштыгыбы: айтор, ушу дарбып, артынан чуркаган аягы суюктардын кылыгын күйөөсүнө жашырбай, даап ачык айта албады, жашырды. Күдүк сөз күчөгөн сайын «өзгөгө сени бергиче, өлүгүм чыксын койнуңдан» (Коргол) деп сүйүүдөн өрттөнгөн күйөөсү кызганычтын каражаңжалын чыгарды. Ал дагы душман көзүнө тирек, калка, намыз болуп «катыны жакшы жигиттин, кайда жүрсө көөнү ток» деп аялынын абийирин арам менен адалдан ажыратып чындыкка тике кароонун ордуна эркектик сокур намыска алдырды. Аялынын этегине эрбешкендердин ириген оозунан чириген сөз чыгаарын, кээси «мышык майга жете албай жатып сасык дээрине» ичтен түшүнүүнүн ордуна, бүлүнүп отуруп берди. Жаш бүлөө «кол сынса жең ичинде, баш сынса бөрк алдында» боло албай, эрегишип ыдырап ары кетип, бери кетип турушту...

Өзүмдүн «Насыя нике» деген китебимде жазганым бар: «...Биздин коомдо адамдагы сулуулук-кор, аны талашат, басынтышат, уурдашат, акыры жеп тынышат. Эч кимиси сулуулукка суктаналы, аздектейли дешпейт ага жетели, алалы, тырпыратып колдонолу дешет, акыры талкалашат. Көтүн көкбөрү тартышат. Тарп кылат. Оору жугузушат, аракеч кылышат, көп нерсеге аргасыз мажбурлашат, анан шылдыңдашат». «Сулуу аял-трагедиянын баш каарманы, өмүр бою кызганычтын, көралбастыктын, барктабоонун токмогун жеп, азап чегип куугунтукталып жүрүп өлөт же жалап болот». «Сулуулар өздөрүн коргогонду билишпейт, ошон үчүн кор. Дүйнөнү өздөрүндөй таза, сулуу кабыл алгандан алданышат. Боё. Ач көздөр алардын көкүрөгүн кирдетет, жасалмалуулукка үйрөтөт. Сулуулар сулуулуктун азабын, мээнет-мүшкүлүн тартып жүрүп өтүшөт. Улуттук сыймык экенин өздөрү дагы билишпейт. Кыргыздын таланттуу далай мөлсулуулары сулуулуктан жапа чегип ит өлүм менен өлүштү» (75-бет). Мүмкүн, амалкөй сулуулар деле кездешээр. Бирок, сөз таланттуу сулуулар жөнүндө. «Ар нерсеге ашык болгончо, бир нерсеге машык бол» деп кыргыз жөн айтпайт көрүнөт. А «сулуулуктун түбү-кор» дегени эмнеси?

* * *

Атактуу дикторду көбү урматташчу, сыйлашчу. Арасында чындап жетине албай «жаман көздөн, жаман сөздөн» сактагандар дагы бар эле. Жаш сулуунун ооматы келип жер баспай турган менен, көкүрөгүн ачыштырган андан башка дагы арман күүсү бар эле. «Төшөктүн тардыгы-тардык, көңүлдүн тардыгы-кордук» дегендей, жан дүйнөсү жабыкты. Экөөнүн ортосундагы ажырым экинчи жактан активдешип, эми сымбаттуу Намазбекти башка аялдар колдон талашып, койнуна жатканга кумар болушту. Шарапат Шарапат болуп кемелине келип турганда машиналарын казкатар алдына тартып аны жула талашса, эми кычагансып, эрин аялдар көрүнө азгырып, арак жуткуруп, артынан ээрчип ойноштукка өздөрү кол сунушту. Жубайлар экөө тең сымбаттуу, сулуу болсо ал дагы куу турмушта азап көрүнбөйбү. Максаттарына жетиш үчүн «аялың муну менен жүрөт, тигини менен жүрөт, минтип атат, тигинтип атат» деген ушак айыңын көбөйтүп бузуп атышты. Экөөнүн жалындаган арзуу сезимин кызганыч, таарыныч ээлеп, таң аткыча териштирмей, бири бирине актанмай, бири оор үшкүрсө, бири буркурап ыйлап, бир элдешсе, бир урушуп азан-казан болуп атты. Тирешүүлөр күчөдү. «Алышкандын ичинен, алсызы калат күнөөгө» болушпады. Экөө тең жалындап жанып турган убагы. Кызганыч сүйүүнү талкалай турган эң айлакер, коркунучтуу жоо курал экенин билишсе дагы, эбин табышпады.

Кыргызбай «жылуунун муздашы бат, муздактын жылышы кымбат» деп бекер айтпайт. «Окшошконго мушташкан» болуп кызганычка арак ааламаты аралашты. «Ичкилик арты өкүнүч», мүмкүн, ит арак аралашпаса дагы турмуш башка нугуна бурулат беле, ким билет. Арак-экөөнүнүн сүйүүсүнүн орду толгус чоң трагедиясы болду. «Таранчы жеген таруунун, бөдөнө тартат азабын» болуп, анын ичкен арагынын азабын, кордугун үйбүлө тартты. Жабыркашты. Жаш үйбүлөгө-кызганыч, арак жана бузукулук аралашкандан өткөн катастрофа жок да. «Түсү ирдүүдөн түңүлбө» деген макал, сыягы, биздин элде арак чыга электе чыкса керек. «Турнадан бий койсоң, кыйтуу кетпейт башыңдан» болуп, бүгүн арактан азап чекпеген, кор болбогон үйбүлөө барбы? Анан, Арак Бий көңүлдүн гүлүн тебелеп тепсеп күлүн көккө сапырды. «Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош» болбодубу. Дөөлөт толгоноордо ачуу акшыңдайт эмеспи.

Көркөм көрөңгө мезгил тандабайт. Чыгармачылыгы кычап жанталашып жазып жүргөн учуру. Кээде шык дагы көөрү төгүлгөн устадай кыйчалыш учурда оргуп-баргып төгүлүп эсти эңгиретет. 1970-жылы анын «Бул менмин, апа!» деген спектаклин кыргыз телевидениесинде Кыргыз Республикасынын эл артисти Амантай Ниязалиев коюп, элге чыгармачыл жүзүн ачып берди. Анын аңгемелери мезгилдүү басма сөздө, альманахтарга жарыялана баштады. «Шылтоого шынаа табылып» көтөрө чалуулар, жабышуулар кайра көбөйдү. Жубайынын итиркейин, жинин келтириш үчүн атайын гүл көтөрүп чуркап чыгып, эрин көзгө илбей бетинен өбүүчүлөр, калп көшөкөрлөнүүлөр, бура бастырбаган жалпактоолор, катынпоздор отко май чачкандай кылды. Кызганычтан жалындаган эри аракка күчүн чыгарды. Үйдө күндө ааламат, кыяматкайым. Шарапатка жетпей калгандардын жаманатысы, чагымы муну менен эле бүткөн жок. Ушакка, каралоого туруштук берүү дагы чоң эрдик! А бирок, ал эрдикке жүрөгүн жанчып ким чыдай алат? Даңктуу бүлөөлөрдүн талкаланганы дал ушул жердеги түйүндө. Намысы бар шаа, эр жүрөк, кең көкүрөк жигитти аял ушерден чындап эңсейт...

* * *

А түгүл Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тил факультетин бүтөөрдө баягы анын ычкыр кашатына жетпеген эрендер дөгүрсүп аны мамлекеттик экзаменден кулатканга абдан аракеттеништи. Мыш кылгысы келишти. Таланттуу катындардын убал-сообунан коркпой аны оюнчук кылгылары келгендер көп болот. Азыр дагы жакшы, бири-бирине оппозициядагылар жеке кызыкчылыгы үчүн бири-биринин бузукулугун ачып аны каршылашына күч, курал катары колдонушат. Анын бүлөөсү бузулабы, бузулбайбы, сөз болуп калбайбы алардын иши жок, пенделик мүдөөсүнө жетпеген соң, теңсинбей койгонунун азабын тартырып өч алыш керек! Басынткысы, багынткысы келишет. Көк жал аялдар бар экенин энешпейт. Бирок, өз сулуулугуна өзү курмандыкка чалынып, жазыксыз жаза тартып турса дагы көк беттенди. Көгөрдү. Айтканынан кайтпаган ит кыялы кармады. Зачет, экзамендерин билимине жараша тыңгылыктуу койдурбай түйшүк тарттырып, салпактатып артынан ээрчитишти. Дүйнөдө жакшы адамдар бар, ошолордун аркасы менен убагында Тагаев, Бессоловго окшогон ак ниет, интеллектуалды барктаган инсандар жардам бербесе, балким, окуусун бүтпөй деле калмак экен.

«Көрүп койсо күлдү деп, күлүп койсо сүйдү деп» деген арсыздардын бирге экиге кошуп жаманаттылоосунун туу чокусу бу болду: «Шарапат Турдакунова Кытайдын шпиону экен, Оштун туалетинен түйгөн чачына каткан аппараты менен Кытайга сигнал берип жаткан жеринен кармалыптыр» дешкени эл-журтка дуу дей эле түштү. Бул ыкма аны далайга тамтаңдатты, шагын сындырды, аңдууда калды. 1976-1980-жылдарга чейинки «шпион» аттыккан кезинде КГБдан корккон тууган-тушканы, жакын санаалаштары ага такыр жолобой калышты. Аны кайгы басты. Бир гана курбусу-Ош жибек комбинатынын токуучусу, ошо кезде Жогорку Советтин депутаты болгон Наталья Боронбаева гана корккон да саткан да жок. Мамилесин үзбөдү. Диктордун ошондо адамдарга болгон ишеничи бир сынды. Көрөалбастар тарабынан атайын уюштурулган мындай шанташ Түркмөнстан, Казакстанга чейин угулуп ал жакта которулуп чыккан жаткан чыгармалары тып токтоду. Тыю салынды. Чыгармачыл санаалаштары дымып калышты. Анын жазгандарын эч бир басма басканга даабай «бакпай балээңден» деп жалаадан коркушту. Чыгармачыл жолу бир топко буулду. Бат эле элдин ага болгон шаабайын, суктануусун суутабыз дегендер аракетин уланта беришти. Ал кесиптин курмандыгы боло берди.

Сыягы, ушерден «шпион» дегендеринин бир илинчеги бардай. Көрсө, кичинесинде таштап кеткен өз атасы уйгур экен. Бирок, эне жааты кыргыз болгон соң тайлары тарбиялашканын, өстүргөнүн билгиси келишпеди. Ал убакта идеология күчтүү болуп Кытай менен жаман мамиледе тургандыктан, Уйгур автономиялуу чөлкөмү менен байланышы бар деген кыязга жакындатышкан окшойт. «Шпион» десе эл ишене турган өтө актуалдуу курал эмес беле. Чынында, совет мезгилинде эл шпиондон коркчу, жек көрчү. Кинолордон, китептерден шпион кармап, биздикилер дайыма жеңгенине канча моокумубуз канбады. Ачык айтылбаса да ушул тымызын «ал уйгур» деген өгөйсүнтүү, четке түртүп кою, сыртынан басынтууну сезиле калганы бар. Аны мен «ынак» кесиптештеринин оозунан далай кулагым чалган. Анан «шпион» сценарий боюнча азап тартат. Бут тоскондордон, өзүнө мергенчилик кылгандардан өзүн коргой албай же эрин колдон талашкан ойноштордон, арактан тартып ала албай ичинен күйүт тартып ооруйт. Тоголок арызга, ушакка, шыбышка шыктанган КГБ эки күндүн биринде аны, жолдошторунан бери суракка алат. А «шпион» шпион эмес экенин канкакшап айтып Москвага, ЦК КПССке чейин жазат. Аялдар ишин караган космонавт Валентина Терешковага арызданат, жардам сурайт. Анын Кытайдын шпиону экенин далилдей албай КГБ суй жыгылат. Илинчек табалы десе алардын шоруна же өзүнүн бактысынабы, Шарапат эже кытайча же уйгурча бир ооз сөз билбей кууратат. Жогору жактан ишаарат болдубу же өздөрүнүн көзү жеттиби, акыры, КГБ анын шпион экенин далилдей албай тынышкан соң деле эл оозунда күдүк сөз кала берди. Анан оңойбу, темирдей катуу идеологиясы, тартиби бар, колтоюп дүйнөнү титиреткен СССРден эле шпион чыгып Ош студиясынан чыгып сүйлөп атса...

* * *

Аракка биротоло ооп алган жубайынын жүрүш-турушу бузулду. Бирөөнүн үстүнө кирип алды. «Катын эрден чыкса да, элден чыкпай» ызадан муунду. Намысы тепселип кан жутуп турса дагы сыр билдирбеди. Сүйүүгө чыккынчылык арына келтирди. Ким үчүн таза болууга умтулчу эле? Ортодон кара мышык аралаган соң чөктү. Күчүн ыйлап жазган чыгармалардан чыгарды, бирде күйдү, бирде сүйдү. Башка кесир баарынан жаман эмеспи. «Жуурат төгүлсө жугу калгандай» ортодо чиедей балдар турса, оңолоор деген үмүт курган көңүлдө сакталат. Бир жолу мен оңуту келгенде Шарапат эжеден тамашалап сураганым бар: «Ошончо дүңгүрөп, көзгө түшүп, колдон суурулуп турганда анча-мынча жаңылып жазган жоксузбу?» десем бир каткырып алды да: «Адамдын бузукусу адам» деген чын. Күйөөм тигинтип баса бергенде, эрегишип ортодон азгырылган учурум болду», – деди. Бирок, «өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөгө бергис бирөө бар» экенин кеч түшүндүбү же бир нерсени алдын ала сездиби же балдарынын убал-сообунан корктубу, айтор, кыя албай «адашкандын айыбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң» дегендей, күйөөсү өз бүлөсүнө келди. «Калган көңүл качкан куш» болуп орто коолдоп калган эле.

Көп өтпөй Намазбек автокырсыктан каза болду. Табыт башында эженин көз жашын көлдөтүп ыйлап турган сүрөтүн көрүп жүрөк сыздады. Көкүрөгү күйүттөн арылбады. Кантсе дагы жолдошу тиреген тирөөчү эле. Ишенген дубалы урап түштү. Анын мөгдөгөнүн көрүп көрөалбастарынын жүзү жаркыды, табалашты. «Шпионго» ушул керек эле. «Бычактын мизинде оодарылган дүнүйө» ушундай оопасыз экен го...

* * *

Болуп өткөндөр аны стресске алып келди. Кан басымы көбөйүп, башын көтөрө албай ооруп жатты. Арманы аттын башындай эле. Анын көзү жаштан арыла электе, күйүтү тарай электе «сүйгөндөр» албарстыдай кайра артынан ээрчишти. Аялы өлгөн же ажырашкан, ажырашпагандар бири аялым бол десе, бири ойнош бол деп көрбөгөнүн көр кылды. Кезек талашып, кызганып, гүл сунуп кара, ак, сургулт волгаларын жиберип күчкө салгандардын көпчүлүгү чоң кызматкерлер эле. Башынан эле сулуу кыз, алгыр куш, мыкты ат элде талаш туудурат эмеспи. Даңктын туткуну болгон шордуу сулуу бу дүйнөдөн кечип салайын десе балапандай жөжүрөгөн үч наристесин кыяалбайт. Булар дагы томолой жетим калабы? Өзүнүн тирүүлөй жетим өсүп мээнет, түйшүктөн арылбаган жаны аздык кылабы? Же арка-бел тутаар өз тууганы болбосо.

Биринчи сүйүүсүнүн трагедиясы аны эстен тандырды. Чыдатпай ооруган башынын азабын тарткан соң, а кездеги башкы врач, кийин саламаттык сактоо министри болгон Бекмурза менен санаалаш болгондуктан ага келди. Арманын айтты, ден-соолугуна даттанды. «Өзүң дарыла, сага гана ишенем» деди. Экөө акылдашып, чарчаган нервди дарылоого киришти. Өзү келип нервооруган жерди дарылай турган ооруканага жатты. Баарынан чарчаган, тажаган ал ден-соолугун чыңап, эс алып чыкты. Мунусу кийин «ургандан тап берген жаман» дегендей, ич күйдү кесиптештерине түгөнгүс күл азык болуп: «ал психдиспансерге жатып чыккан» деп шыбырашып, табасы канганга шарт түздү. Бул сөз өзгөчө жаңы келген кызматкерлерге жашырын сыр катары айтылат. Бирок, өзүн көргөндө жадырап-жайнап, жаркылдап учурашып, жармашып бетин өпкөндөр мындай чыгып катыра жамандашат. Дегеле, чыгармачыл адамдар, окумуштуулар, жаны тынбаган саясатчылар, өлүп-тирилген чыныгы бизнесмендер өтө чарчап чаалыкканда, түмөн түйшүктөр акыл-эске көп жүк түшүп нерв жукарганда, жабыр тартканда нерв ооруканасына дарыланаары кадыресе көрүнүш. Нервди дарылай турган жер болгон соң чындап акылы айныгандар да келет. Бирок, бул жерге көрүнгөндүн баарын жинди деп кооптонуу же атайын ушак таратуу бери эле болгондо, оору кадырын сыйлабагандык, адепсиздик.

1982-жылы күйөөсүнөн түбөлүккө ажырап, артынан баягы ажыкыс сөздөр ажырабагандан кийин кайра Фрунзеге (Бишкекке) үч баласы менен келип түштү. Үй жок. Дагы талаада калды. Баса, Ош телевидениесине Шарапат Турдакунованын ордун басып жылдызы жанган дагы бир диктор Анаш Кадырова калды. Кийин далай «Ыр кесенин» көркүн ачып, адабий-музыкалык көрсөтүүлөрдү алып барып жүрдү. Жеке мүдөөдөн алганда анын дикторлугу үй-бүлөөсүнө зыян гана алып келди. Же көптүн көзү тийдиби? Бирок, сагынганы-микрофон. Ал үчүн микрофон-бакыт, аны көргөндө ээлирет, толкунданат. Чыгармачыл жандүйнө өтө татаал, катаал дагы. Чечилбеген, көзгө көрүнбөгөн түйүнчөгү көп, түйшүгү түмөн, дайыма кызылдай мээнет коштоп жүрөт, өзүнчө жандуу оору. Гүлгүндөй чагында он жылдай башы ачык жүрдү. Бойдокчулукта жалган ушак көп болот экен, эми накта кызыл өрттүн ичинде калды. «Эри жокко этеги да душман». А кезде азыркыдай эркин мораль, этика жок болчу. Көзөмөл катуу, тоголок арыздын күнү тууп турган учур. Эмне деп гана жамандашкан жок, ким көрүнгөн сөз айтып колунан тартпады. Ырсактабады?! Жел сөздөр желип жортуп жүрдү. Бирок, эч кимиси анын дагы бактылуу болууга укугу бар экенин, сүйүүгө жана сүйүлүүгө адам жараларын, анын дагы бир пенде экенин эстешкен жок. «Жаман сөз жан кейитти». «Жакшы сөз-суу, жаман сөз-уу» тура. «Турмуштун туткасы аял» болгон соң, илгери үмүт менен кол сунгандар көңүлүнө туура келбеди. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп кантсе дагы бир суу кечип нике көргөн жубан оңой менен киши жактырбады. «Калың токойдон камчы сап табылбагандай» көңүлүндө болсо да, жанга курбу, өзүнө ылайыктуу, балдарына баш көз боло турган жар табылбады. Тим эле көңүл ачыш үчүн артынан чуркагандар самандай сапырылды. «Жакшынын кылыгы артык, жамандын былыгы артыктарды» көрдү. Эң негизгиси, белин ийип чыгармачылыгына назар таштады.

* * *

Көшөрүп эмгектенип «Алтын дарбаза», «Толкундар» деген китептерин басмадан чыгарды. Айтылуу Гайып паңсаттын уулу, саяк уруусунун таланттуусу, кыргыз телевидениесинин чоң билермандарынын бири, Республиканын эл артисти маркум Балташ Каипов анын «Жаңы жомок» деген спектаклин чоң ийгилик менен койду. Бул драмасы республикалык драматургдардын конкурсунда кызыктыруучу сыйлыкты жеңип алган. Шарапат Турдакунованын «Аргасыз сапар», «Өгөй» радиодрамалары, «Ак куулар сени сагынаар», «Жашыл жамынган көчө» деген повесттери турмуштун чындыгынан алынып жазылган. Жарыкка чыгарууга даярдалып басмада жаткан «Жогорку нотадагы сөздөр» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Прости меня незнакомка» деген орусча китеби, «Арман» повесть, драмалар жыйнагы анын чыгармачылык жолунда түйшөлүп келатканын айкындайт. Чыгармаларында бу жалган дүйнөнүн ак карасын ылгап, абийир, ыйман, дегеле турмуштун көп кырдуу сүрөтүн тартып ойго салат. Ар биринин өзөгүндө турмуш чындыгы жатат. Сезим кылдарын черткен автобиографиялык мүнөздөгү образдар дагы жок эмес. Бу киши диктор катары көрүүчүлөрдүн аңызында болгон менен, адабиятчылар анын чыгармачылыгын электен калыс өткөрүп өз баасын бере элек. Баамымда, эл дагы Шарапат Турдакунованы айжаркын диктору катары билген менен жазуучу катары окчун билгенсийт. Мүмкүн буга чыгармаларын өз убагында чыгара албаган «шпиончулук» жеке тагдыры дагы көлөкө түшүрүп, себеп болгондур. Отуз жылдык чыгармачылык өнөрүндө артист катары радиодо жүздөн ашык чоң, кичине ролдорду ойноду. Эмгеги бар болсо дагы убагында алчу наамын ала алган жок. А мүмкүн, азыр дагы кеч эместир...

Жалаң ушак айыңдан тажаган ал жалган айыптардан кутулуу үчүн турмушка чыгууга көңүлдөнөт. Бар тобокел дейт. Экинчи бүлөө күтөт. Жубайы кезинде республикага таанымал белдүү кызматкер эле. Чыны калканч издеди. Жолдошу Абдыкасымдан айбыгыштыбы ушак тыйылды. Ага жетпей жүргөндөр «тандаган тазга тийиптир» болуп, «бизди чанып жүрүп өзүнөн отуз жаш улуу чалга тийиптир» деп ич күйдү сөздөрдү чыгарышты. Бүлөө жаңыртуу оңойбу, анын дагы оомалуу-төкмөлүү жактары арбын болот тура. Айтылуу акын Алыкул «отуз жаштын ары жагында таза сүйүү жок» экенин туура айтыптыр. Өгөй ата, өгөй бала проблемасы далай көз жашын төктүрдү. Болоор болбостон чыккан ыйкы-тыйкы аны алсыратпаса кайратына кайрат кошкон жок! Житип кеткендей эл көзүнөн оолактап «ушу жетимдер качан адам болуп өз колунан өзү аш жээр экен» деп тилек кылып саргарды. Жаш, сулуу аялын кызганган абышканын кыялы бир шумдукка айланып, айласын кетирсе дагы чыдады. А мүмкүн жаш сулууга чындап арзыган чыгаар... Ортодо кылыгы көп Каныкей деген кыздуу болушту, анан көрүп ал, абышка чындап төгүлдү, эбедейи эзилди наристесине. Анда деле популярдуу кишиге айла жок турбайбы, артынан күдүң-шыбың сөз чыгып, «айрымдары» абышканын кудуретинен шек санашты. Ишенбей келип атайын көргөндөрү болду. Кыскасы, факты изилденип жатты... Кыздары бой жетип, турмуш куруп неберелүү кылды, уулу эрезеге жетип билим уулап жер кезип жүргөн учуру. Ал Абдыкасым ава менен 15 жыл чогуу жашады. Абышкасын жерге берди. Каныкейин караан тутуп кала берди. Жесир... Жесирчиликтин көр азабы өзүнчө түйшүк. Өмүрдүн өктөө учурлары өтүп быйыл эже 50 жашка толуптур. Бир аз бырыш аралаган жүзүндө сулуулуктун катаал азап-тозогу жазылгансыйт. Бүтпөй калган сүйүүнүн уландысын жашоодон издеп келет...

* * *

1984-1987-жылдары «залкар» дикторлор, «дос кесиптештери» аны «өтө сүйүп» телеге жолотпогондуктан радиодо диктор болуп жүрдү. КГБга «буга микрофонду ишенүүгө болбойт» деп жүрүшүп ортодо ага редактор болуп каттар бөлүмүндө иштеди. Ал бүгүн тележурналист. «Ата журт» редакциясында баяндамачы. Кудайга шүгүр, кезинде тизгин талашып өз дараметине жараша телерадиодо профкомдун төрагасы, балдар бөлүмүнүн башкы редактору болуп жүрдү. Изденүүнүн жолунда «Аялзат», «Ишкер айым» деген көрсөтүүлөрдүн үстүндө иштеп, орчун проблеманы көтөрүп келатат. Аялзатка журналистика азабы алты, көп мээнети талап кылган өзгөчө кесип, элдин трибунасы болуп коомдук пикирди калчаш, интеллектуал кеңешчи болуу тирүүлөй тозок. Ошо тозок алардын атын эл арасында калтырат. Кимдин ким экенин таасын көрсөткөн сыйкырдуу күзгү. А сынбаган күзгү болобу?

* * *

Канча эл аралап жүрсөм да «мобул бактылуу сулуу» дегенди эшите албадым. Кор болбогон кайсы сулууң бар элим? Аңгиликтен, ачкөздүктөн качан арыласың, кыргызым? Кызы, энеси кор болгон эл эч качан оңолбойт дешет. Аны кор кылган ким? Ач көздүкпү? Барктабообу? Же тайкы тарбиябы? Деги эле сулуулук бакытпы?...

1997-жыл, 18-сентябрь

«Периштем» газетасы

ЭРКЕКТЕР ПРОСТИТУЦИЯСЫ

«Элдин ар-намысы, адеп-ахлагы

аялга болгон мамилесинен билинет»

(В.Гумбольдт)

«Аялды карайлап алба, абайлап – ал»

(Кыргыз макалы)

Нарксыз коом кандайча башталып кетти? Дегеле бизде нарк бар беле? Өлкө венерологиялык ооруга толуп чыкты. Генефонд коркунучта калды. Африкада СПИДден 13 млн.адам өлдү. 24 млну СПИДдин вирусун алып жүрөт. Казакстанда ушул азыр 1200 адам СПИД, анын 70 өлдү. Кыргызстанды бул оору аралады. «Улуу сөздө уят жок» дейт эл. Мүмкүн, уяттуу делип айтылбай эчак уяты кеткен нерсени ачык айта турган учур келгендир. Коом трагедиясына айланган бузукулук, жалапчылык, ойношчулук абийирди иритип-чириткен башат эркектер проституциясы жөнүндө 1997-98-ж. «Жол», «Аягы суюк эркектер», «Ойношчулук оорубу...», «Токол», «Күч күйөө», «Олжо катын», «Тирүүлөй жесир» деген макалаларымда айыптап, себебин изилдеп, кескин пикиримди коомчулукка алып чыктым эле.

Бузукулукка кандай чара керек? Мыйзам кабыл алып, аны катуу көзөмөлгө албаса алакандай эл ХХ1 кылымда кырылып калат. «Шарияттын» «Өзүнө зулум арам» бөлүгүндө: 86. «багып-көрүүгө байлыгы жетишсиз жана эки катындын ортосунда ынтымакты камсыз кылууга кудрети жок туруп экинчи катынды алуу күнөө, арам» деп тыюу салынат. КР Закону боюнча 1998-ж. 21-сентябрда кабыл алынган «Уголовный Кодекстин» 20-глава, 153-статьясы боюнча: эки аял алгандар эки жылга кесилет. 154-статья боюнча жашы жетпегендерди мажбурлап ала качып алып жашаса 3 жылдан 7 жылга чейин кесилип түрмөгө түшөт. Бирок, жалапчылык кылып денесин саткандар, ойношчулук кылып оору жугузгандар ж.б. жөнүндө мыйзам жок. «Курандын» 24 сүрөөсүндө айтат: «2. Аягы суюк сойку менен жүрөнөөк бузуку эркектен ар биринен жүздөн балак алып сабагыла. Аларга аёо болбосун, шариятта ушундай айтылган. Аларды жазалаганда кудайга сыйынгандар бүт катышсын. 3. Көрүнгөнгө баш уруп, көрүнгөн менен ойногон шуркияны ойношчул эркек алсын, а этеги ачык шерменде эл журттан чыккан бетпакка тийсин». 17-сүрөөдө: «34. Ак никени бузуп ойнош күтпө! Анткени, бул жийиркеничтүү ыплас жол, адамдагы арам ой».

Жалапчылык кылган эркектердин категориясы: байлар, бийликтеги чиновниктер, арам байыган бекерпоздор, туруктуу маянасы бар мамлекеттик кызматкерлер, эл башчылары жана анын жардамчы жан жөкөрлөрү, түбү туруксуз бузулгандар ж.б. Адепсиз нраваны, бузукулукту жогорку чөйрө өздөрү баштагандыктан коомго терс таасирин тийгизип үй бүлөө дегредациясын күчөтүүдө. Элди аң-сезимдүү таза, ыйык сезимге, ыймандуулукка тарбиялоого, тунук махабат сезиминин озуйпасын аздектөөгө, сактоого чакыруу зарыл милдет. Бүлөө кризисин болтурбоо мамлекеттин негизги парзы.

Адам шатман, жууп-чайыгандай жароокер мамилеге, жаркыраган жакшы көңүлгө куштар болот. «Алган жарың жаман деп, ашканды кайдан табасың» болсо деле кээде илинчээк издейт. Көңүл кургурдун арсыздыгы ушул. Турмушта беш кол тең эмес, кээде мыкты эркекке жаман аял туш келсе, кээде тескерисинче. Баарынан жаманы, эри баркына жетпесе «кызга бергис жубандардын» кор болгону. Тилекке каршы, мындайлар жосунсуз дейди заманда арбыганы өкүнүчтүү. «Жакшы эрге жаман эр, жары менен теңелет» болуп, турмуштун алгачкы кыйынчылыгын, түйшүгүн чогуу тартып, карандай чай ичип жүрүп үй-жай, байлык күтүп бала-бакыралуу болуп, коомдо белгилүү кызматтык же социалдык абалга жеткенден кийин айрым эркектердин ошол азап-тозогун, жетишпеген көр дүйнөсүн көп тарткан жубайын таштап өз жанынын жыргалчылыгын көздөп жаш аял алган ойт берме турмушу түпкүлүгү акыйкатпы? Адам башын аттап кесир кылган, балдарынын убалынан коркпой кешигин соолткон киши башканын кадырына жетип кастарлай алабы? «Аялдын жаманы атыңды булгайт, эрдин жаманы элди булгайт» болуп элге көбүрөөк кесири тийип, жаман жосунду жайылтканы канча зыян. Токол алууну ачык пропагандалаган, терс багыт берип жоопкерсиздерди, эси жок ала көөдөктөрдү, көпкөндөрдү, аягы суюктарды, өзүнө өзү корстон болгондорду, ойлонбой тууроочуларды желиктирген эркектик (бузукулук) психология, кырчаңгы кубаттоо арамзалар тарабынан күчтөндү. Буга сасыган интеллигенция шыкакчы болууда.

«Аял башка кыйынчылык түшкөндө тоодой арка, жүрөктө сүйүү оту жанганда - мыкты сезимдердин энеси» (М.Горький) деп таамай айткан. Бирок, ырыскылаш болуп бирге жашап, бир сындырым нанын тең бөлүшүп жеп, наристе көргөн аялга чыккынчылык кылуу кандай оор?! Аялы туруп аял алганды коомчулук эмнеге жектешпейт? Далай ооз көптүргөн, маданияттуусынган интеллигенция аялдарды кор кармап абийири кетип турган учуру. «Кызга бергис жубандардын» эрлерин карап туруп алардын ала көөдөктүгүнө, эссиздигине, канкордугуна, кызылкамчылыгына, көрпенделигине ичиңен кан өтүп арман кыласың. Кайран өмүр арсыздардын тепсендисинде калыптыр. Кыдыр даарыган, насилинен дөөлөт кетпеген асыл айымдын ичи күптүү болуп, ызага муунуп, жети өмүрү жерге кирип, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп арманга, муңга толгон жан дүйнөсү кишини ичиркентет. Алар «жокту бардай келтирет, эчен мыкты катындар» (Мураталы) делгендерден эмеспи. Кадырлашуу деген бул -чоң адамкерчилик, таза абийир, урматтоо, арзышуу деген сөз да! Бул сезим эмнеге мынча таңсыкка айланды? Эгер жаш келгенде эр тарабынан чанылып же башы аттала турган болсо өмүр бою анын азабын тартып сүйүүнүн, ага жеке тагдырын курмандыкка чалуунун же көп бала төрөп азаптануунун (жакшылык көрбөй) түйшүктөнүүнүн зарылчылыгы барбы? Жан дүйнөгө мындан өткөн чоң жабырлык жоктур. «Аруу сөз жан тыяр, ачуу сөз жан кыяр» дегендей, өмүрдүн куну ажырашуу менен чектелеби? Салбар, салынды катын болуу тирүүнүн тозогу, кордуктун жеткен чеги, адам башын кемсинткендик. Ошондуктан «бүлөөнү бузган оңбойт, эгерим эки болбойт» деп эл айтат. «Жаман карыган сайын жашарат», «Эр улан болбойт, ат кунан болбойт» деген дагы кеп бар. Бу «эркекке ишенгенче эки босогоңо ишен» деп илгери кыйын катындар бекер айтпаган окшойт.

Адам ортосунда арзуу, ишеним, берилгендик, бири-бирине таянуу болуш керек. Эрди катындын ортосундагы мамиле «сактай билсең-миң күндүк, сактабасаң-бир күндүк» экенин таназар алышпаганы өкүнүчтүү. Эмнеге эркектер кыз алган жарынан качышат? Улгайган сайын эмнеге башкага умтулушат? Себеби миң түркүндүр, жүйөөсү да бар чыгар. Айрым пикирлерге караганда, аялдары алардын кыбыр эткен бардык кемчиликтерин билишет. Алардын эгоисттик, эркектик терс элирүүлөрүнө, дардаңкүлүгүнө эч жол беришпейт. А тигилер дайым акылдуу, кеңеш айтып турган кыраакы, сак, коргоочу аялдарынан бир аз окчун болуп жылт койгонду, эркин болгонду каалашат. Өзүнчө болуп, акыл үйрөтпөгөн, бирдемени өтө эле колко кадыр кылбаган, акылы кыскараак, түйшүксүз чалчаңдап эркелеген, тажрыйбасыз, жашыраак кыз келиндерди өздөрү багынтып, аларга көзүр эркек болууга куштарланганы, көйрөңдөгөнү, өзүн баары колунан келчү, ишенимдүү, каадалуу көрсөткүсү келгени- алардын алсыздыгы, тымызын үмүтү. Ошентип, алар өз аялдарынан бир аз оолак, жашырын эс алабыз деп атып аңга түшүшөт. «Төшөктөн үрккөн эр жаман, көнөктөн үрккөн бээ жаман» деп кыргыз неге айткан? Себеби ушул: үй бүлөө бузулбасын деп коргогон, сактандырган, алдын ала эскерткен. Ушунун баары турмуштук тажрыйбадан келип чыккан. А абийирдүү болуу, ала жипти аттабаган туруктуулук, ишенимдүүлүк ар кимдин эле колунан келе бербейт тура. Ошондуктан келген өмүр, берилген нике -аманат, насыя. Аны билген, баалаган ким бар?!

«Балык башынан сасыйт» болуп, тигинтип элита, авангард интеллигенция чирип, сасып, бузулуп атса атпай журт кайда барат? Никеге ишенип төрөп түшкөнүн колко кадыр кылып, мурдунун суусун жерге чаба ыйлактабай аялдар өз бактысы үчүн күрөшүп, өзүн да карап коомду өз колу менен кура турган учур келбедиби. Негизинен азыркы көпкөн кыргыздар, дейди эркектер, дөгүрсүгөн аңгилер шарияты, законду, абийир-адепти эске албай ойнош-токол күтүп адепсиз бузук жашоо күтүүдө. «Бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт» болгон ойношчулук андан бетер күчөдү. Токол алам деп бүлөөсүнө бүлүк түшүргөн Кыргызбайга тээ илгери Асан кайгы минтип жооп бериптир: «Алганыңды жаман деп асылды кайдан табасың?». Кантмек эле «үй бүлөөлүк турмушта негизгиси - чыдоо...» (А.Чехов), «Нике турмушунун алтын эрежеси -чыдамкайлык менен кечиримдүүлүк» (Е.Смайле) деп эркектер зайыптарды жоошутат. Бирок, өнүккөн ХХ1 кылымда мындай кордукка, адам укугун кемсинткен, басынткан акмакчылыкты кечирүүгө дегеле болбойт. Илгеркиден заман миң эсе өзгөргөн. «Калган көңүл качкан куш» эмеспи. Чектен ашып кетиш, эсирүү, көпкөнчүлүк акыры бүлөнүн ырысына чычуу, балта чабууну эч ким колдобойт. «Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот» дейин десек, картайган сайын байлык, бийлигине чиренип кутурган, бүлөөсүнө кусур кылгандар көбөйүүдө. Токолдор менен ойноштордун торуна чалынбаган эркектердин башынан суу айлантып чачпаган менен «суунун жолун ким бөгөөр, эрдин жолун шум бөгөөр» дегенди акыйкат айтып, нысап менен арзуу сезимин, бүлөөсүнүн ишенимин коргоп, кастарлап «жигитке жар кымбат, намыс менен ар кымбат», «жакшы зайып-жарым ырыс», «жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегенди көңүлүнө түйө жүрдүрүү ашыктык кылбас. «Эки уйлуунун үйү -айран, эки аялдуунун үйү ойрон» экенин эстүү эркектер эчактан билишет. «Катынды күтүп албаган - күң кылат». «Эттин тагы кетет, көңүл тагы кетпейт». Чынында Түгөлбай Сыдыкбеков айткандай: «салтсыздык адамдын өз башын кунсуз кылат». Бул тегин сөз эмес.

«Атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башта бар». Ар кимдин көңүлү, табити, көз карашы, адаты, кыялы, ышкысы, ыкмасы дагы ар түрдүү. Жубайлар мамилени тыгыздап, аздектеп, кастарлап сактабаса улам кемиген, сынган көңүл, зак түшкөн этиетсиздик «шайы кеткен шакирт окуудан кечет» кылат. Баарынан жаманы «билбейт» деп сокур ынанып көзгө чөп салуу. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» эмеспи. Эч качан эч нерсе билинбей калбайт, жамандык жерде жатпайт, тескерисинче, тез жетет. Анан «сүйүүдөн калган көңүлгө эч кандай каар тең келе албайт». Жубайлардын ортосундагы чыккынчылык болгон соң арабдар айтмакчы: «ысык суу бир кезде тонгонун унутпайт». Кек, өч күчөйт. Кызганыч деген чоң жоо чыгат. «Күйүккө дары табылат, акыры күйүткө дары табылбайт». Катыгүн, эл бекеринен «ырылдашып жашаган үй-тозок» деп айтышкан эмес. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей бир жолу жаңылганды ким болсо да кечирээр. А эгер адат болуп, жоопкерчиликсиз мамиле бузукулук, жалапчылык улана берсе «айнып кеткен дос эмес» дегендей «никелешип бирге жашап бактысыз болгондон көрө, бактыбыздан көрөлү деп ажырашып кеткен дурус, эмне дегенде бирин-бири алдоодон кутулушат» (А.Рубенштейн). «Жакшы жар жанга шерик» деп бакыт көксөгөндөргө ажырашуу идеал эместир. «Сүйүүнүн миңдеген жолу болот жана ар биринин өзүнчө жыргалы, кууралы, таалайы, шору, жарыгы, оору болот». (К.Паустовский), таза сезимдин кереметтерин бузгандарды табият өзү кырсыктатат, кесирин кустурат. Турмуш ушундай жаңылуулардан тышкары болбогондон кийин «тиштин сырын тил билет» деп аз өмүрдө кадырлашып жашаганга не жетсин! Аны жамандар билеби?!

«Алганы жакшы марыйт, алганы жаман карыйт» тура. Байрон «сүйүүдөн бүткөн дарт, өлтүрбөгөн менен эч качан айыкпайт» деп эң туура баамдаптыр. «Бармак басты, көз кысты» жашоону дили тазалар көтөрө алышпайт, кырды бычак болуп кыйылып түшөт, тагдырын бузат, андайлар жүзү караларга жарашат. «Тойсуз үй болсо дагы, ыйсыз үй болбойт» шекилдүү «аял менен эркек бири-бирине азгырык, ушундай болгон жана боло бермекчи» (Ж.Вашингтон). Баарынан мыктысы -сүйүшкөн таза жүрөктөрдүн бекем ишеними, туруктуу берилгендиги.

«Көп бүлөөчүлүк»- үй бүлөөлүк ачык проституция. Буга чек коюп официалдуу никени коргоонун зарылдыгы чыгууда. Жыныстык жагынан жуккан жугуштуу оорулардын басымдуулугу ушундай туруксуздуктан, жанжоролуктан (ойнош), шермендечиликтен (жалаптарды сатып алуу же сатылуу) болууда. Катуу закондоштурулган нике контракттын бекемдөө никеге мамлекеттик кепилдик берет. Ислам Кыргыз конституциясын дискредитациялап, бузуп, жокко чыгарып кылмыш кылып аткандыктан, закон жүзүндө ага мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп, катуу тартипти колдонуу зарыл. Бейнике экинчи бүлөө күткөндөрдү, жүзү караларды айыптап, кылмыш ишин козгоо керек. Бир никелүү туруктуу үй бүлөөнү гана мамлекет, эл тарабынан сакталышы элди деградациядан, дискредациядан, бузулуудан, ыймансыздыктан сактайт. В.Г.Белинский айткандай: «опосуз сезим-айбандык сезим, ал адамды ойрон кылат» дегени чын. Анткени, эркектердин опосуз, ыймансыз сезимине ыктагандары акыры жакшылык деле көрбөйт. Каргыш баштарына тийип, турмуштан жолу болбой, болсо ден-соолугу, иши болбой бир жери кемчил өтөт. Балдардын, бүлөөнүн убалы тынч уктатпайт.

«Үшүгөндү шишиген жетелейт» болуп санаа, ыйман, заман катарлаш бузулуп ыдырап турганда минтип жыныс саткан шермендечилик күч албадыбы. Улуттук менталитетти эске алып буга каршы парламент закон кабыл алып тыйбаса, абийирден эч нерсе калбайт. Мисалы, денесин саткандары 5 жылга, сатып алган эркекти 7 жылга кесип, түрмөгө түшө турган кылса, тыйылат. Же жалапчылык кылган эркекти гана кесе турган болсо желпилдегендер тыйылып, коом оңолмок. Нравага, моралга да тартип болбосо коом бекем болбойт. «Карыдан уят кайтса, жаштан ыйман кайтат» болуп турат. Калжаңдаган карылар карлыгачтай кыздарга көз артып напсисин агытууда. «Малга ылаң, адамга илдет заманга жараша келет» деген чын окшойт. Канча азап-тозогун тартып, түйшүгүн көтөрүп, агартып ак уул, кызартып кыз тууса дагы куу чирендигин койбогон, теңсинбей келекелеп, какшыктап кактабай канын соруп ыдык көрсөткөндөрдү, басмырлагандарды көрүп «аккан суунун кадыры жок» деп күйөсүң. Анткени, «бузук адам баарын өзүндөй көрөт» (И.Кант) дегендей, алар адалдан айып издегенге маш. Ойношчулук, жалапчылык, бачачылык кутургандай ачыкка чыкты. «Айкалышып уктасаң, ай жарыгы түн кызык» дегендей, бүт дүйнө никелүү эрди-катындын мамилесин жамандап жокко чыгарып, жалаң ойношчулук менен жалапчылыкты, никесиз токолчулукту даңктай берсе никесиз коом курулбайбы? Жанагы аялын чанып жаш катынга үйлөнгөн 50, 60дагы абышкаларды орустар «третий сорт - не брак» деп коюшат экен. Токолго качыргандардын баарын аялдарынан ыдык көргөндөр же өмүр бою аялдан кор болуп бактысыз болгондор деш туура эмес, тескерисинче, көөп көзүнө эч нерсе көрүнбөй, аялын чанып, ажырашпай эле бирөөлөрдүн үстүнө кирип алган шерменделер. Тирелген, суйсалган балдарын көрүп туруп, алардын жолдошторунун, курбуларынын алдында шагы сынып, намыстанганын ойлоп бүлөөсүнө кесир кылгандардын жосунсуз жоругун эч нерсе менен актай албайсың. «Жаман чыкса күйөөсү убайым болот келинде» (Өтө) дегендей, «энеден бир, турмуштан миң тууласың». Канткенде чириген, бузулган кыргыз нравалык, адеп жагынан оңолот?

Заман тарыгып аялзатынын мойнуна оор мүшкүл түшкөнү зайыбын кулдай эзген, анын эсебинен дардаңдап жашаган күйөөлөр арбыды. Катындар ит көрбөгөн кордукту көрүп, көзүнүн жашын көл кылып, үшкүрүнүп эптеп бала-бакырасын багуунун алекетинде. Кыргызда ит жандуу зайыптардын бардыгына ырахмат, антпесе ушул азыр жан бага албай улут тыптыйпыл жоголуп кетмек экен. Ичи муңга толуп, көзү жашка толуп, көзү көгала болсо да иттин уулу Байгараны итерип түртүп салбай, кайра эр көрбөгөндөй өлүп-талып бапестеп багып эр кылып жашаганына таң каласың. «Жамандын жары болгуча, жайдагым жакшы» дешпейт чиркин. Өлөрман менталитет деп ушул жубандардын эрдигин айтыш керек.

Ушу иткордукка чыдаган аялдардын көбү башынан эле эри тарабынан сүйлөшпөй зордукталып ала качылып келгендер, же ата-энеси кудалашып бергендер ошондо эле алар тагдырларына таарынып баса бербей эки анжы болуп арасат жашап келсе, эми деле эрлери үйгө тээк, баш көз болуп бакпаса дагы аларды багып эптеп жашамай оокатын өткөргөндөр. Огожо кылган күйөөлөрүнүн көбү ичкиликке, ойноштукка же кумар менен урууга, бекерпоздукка берилгендер. Алар «ээрге отурганда эле көчүгү кыйшык болчу» дегендей, турмуш курганда эле өз турмушуна кайдыгер карап, алагүү болуп топтошуп алып эптеп бирөөнү ала качып келип, кемпирлердин кармашы менен жоолук салып жашап калгандарына шүгүр кылгандар. «Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал» дейт эл. «Окшошконго мушташкан» дегендей, энөө, эринчээк, жалкоо, ышкоо, тартынчаак жол билбегендерди, мококторду базар турмушу ого бетер темтеңдетип өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып «тирүү болуп жерде, өлүү болуп көрдө жок» кылды. Күйүп бышпаган, аракет кылбаган куунасип илендилерге өтө кыйын болду. Үрүп чыгаар ити жок. Түйшүк, азап менен тапкан аялзатынын ташыганы көзүнө көрүнбөй, алардын күндө тапканын күндө ичип алып оолжуп мас болгон «эр кылып, эл уулу менен тең кылган» катындардын өлөрчө сабаган кызыл камчылардын кордугу күчөдү. «...Балалуу катынга камчы көтөргөн эркек акмак». «Акылдуу болсо алганың, кулпунтуп сыйлап жакшы бак» дейт элдик накыл. «Кадырлаш болуп жүрбөсө, адамды адам сагынбас» (Арстанбек). «Жакшы нике-бул күн сайын кайра курулуп туруучу имарат» (А.Моруа).

«Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе» дегендей, азыр үй бүлөөдө мушташуу, кызыл кыргын болуп сабашуу, кызганчактан өлтүрүү, жаман сөз айтып көңүлүн көчкөн журттай калтыруу, кор тутуу, коркутуу көбөйүп баратат. Ушунун баары турмуштун начардыгынан, жакырчылыктан элеби же ортодо сүйүү жоктугунанбы? «Алы жетпеген акыретчил» дегендей, башы жарыла сабоо жеген, көзү башы көгөла болгон эле баягы «буту бейиштин үстүндө турган» шордуу катындар. «Жаман болсо алганың, асыл жаның кор кылат» (Калыгул) деген чын. Дагы эле ошолор түтпөйт, боор тартат, кечирет, кейийт, азап тартып ири алды чыйпылыктайт. Бул «эрди-катын урушат, эси кеткен болушат» же «эрди катын чабышат, эртеси күнү табышат» эмес, бул – кордук, бүлөө трагедиясы! Жан дүйнөлөрдүн ажырашы, чочундоо, кадырлашпай калуу! Бала эмес, өзүн карабагандарга, намыссыздарга, өзүнө ишенбегендерге ишенген, аларды мойнуна көтөргөн кайран гана кыргыздын кор болгон кайратман катындары, шоруңар арбын, таалайыңар тайкы экен... Заман эң кыйын болгондо кыргыздар кыздарын сатып күн көрөт, 1916-ж. Кытайга канча кыз бир ууч талканга сатылып калбады беле, азыр, кыздар өзүн сатып кор болууда. «Сүйүүсүз өткөн өмүр -таштак жерге өскөн куу жыгачтай» (Индия). А сүйүүсүз жашоо кунарсыз.

«Жакшы кушка жаман куш, бабы менен теңелет. Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет. Жакшы эрге жаман эр жары менен теңелет» деген эл сөзүндө калет жок. «Итти күчүгүм десең оозуңду жалайт» дегендей, суу тумшук эркектердин аягы суюктугун кечирейин десең, кайра эле ит адатын карматып илдет жугузат. «Аргымак атың качаган, бизди азап бир үчүн жасаган» деп бүлөөдөн көңүл калган аялдардын арманы чыкты. Бир аялын бага албай жатып, бакмак турсун алып келгенин жөндөп ичип-жеп берип жөн жашабай, ырысын көтөрө албай бүлөөсүн таштай качып экинчи бир аялдын үстүнө кирип жашамай дубана пейил эркектерге адат болуп бараткансыйт. Улам бир аял менен жашаган сайын өзүн алдап «бактымды эми таптым» деп тантырап, дөөрүгөндөр бар. Берки аял дагы ысыгы тарап чарчаганда, эрден эмгек этүүсүн талап кыла баштаганда оту күйүшпөй дагы бир көңүлдөшүнүн үстүнө коңултак кире качып кутулушкан жан багаардын тобу бар. «Ар немеге бир неме, кул күйөөгө күң жеңе, мамилеси бир теңге» (Калыгул) деген ушуларбы? Бир кыжалаат: аялдар качып кеткен эринен сот аркылуу ажырашкан менен алимент ала алышпайт, анткени, алар эч жерде иштешпейт. А аталык парз алардын канына сиңбеген. «Жамандын сообуна, жакшынын убалына калган» бул не деген заң-заман? «Көңүл калган адамдын, көлөкөсү да сүйкүмсүз» дешет, «каңгыган эрге барганча, казылган көргө бар» деп тили буруулар бекер айтышпайт экен го. Турмуш чындыгын эл өзү: «эки эчкиң болсо үйүң толо быштак, эки аялың болсо, үйүң толо мушташ» дейт. Бул илгеркилер басынткандай: «катын жаманы эр коруйт» эмес. Сыягы «адеп барчылыкта-калыптанат, жетпеген турмушта бузулат» окшойт. «Алган эри жарашса, кара катын ак болот» дешет. Ушундай жарашкандар көп болсо гана атаганат. Азыркы аялдардын бузулушун, сатылышын жамандап, жек көргөн менен аны бузуп аткан, пайдаланып сатып алып жаткан эркектер экенин эске тутсак, ириде эркектер проституциясынын жолун бөгөп, катуу чара көрүү зарыл. Албетте, муну окуган эркектер бир топ чычалап, аксынымыш этип ичинен авторду ашата сөгөөрүн бөркүмдөй көрөм. Бирок «абийир миң күбөгө татыйт». Акыйкат ачуу болот, аны ар ким адил кабыл ала бербейт.

Үй бүлөөлүк ойношчулукка кеңири жол ачып көп никеге жол берген мусулманчылык ачык проституциянын гүлдөшүн шарттаган. Бул турмуш чындыгы ар бир доорго тиешелүү азап. «Башы карга болгондун мурду бок чокуйт» дегендей, эркекмин дегендин баары эле бир кылка ургаачыны кемсинтип, басынтып сүйлөп өз дараметтерин, дымагын көтөрө чалып дөгүрсүгөнү канча. «Көпкөн киши басыгынан билинет» болуп «кесирдүү ооздорунан кесепеттүү сөз чыгат». Жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына күйүнгөн, кыйчалыш учурда жеңилин жерден, оорун колдон алган жубайдан өткөн дили таза түбөлүк дос барбы? «Жакшы түгөйдүн жаны башка болгону менен дити бирге» (М.Сервантес). «Кадырлаш болсо зайыбың, картайса да кыз менен тең» (Калыгул). Жан дүйнө табияты эркек, ургаачынын бири-бирине тартылуусу, эриш-аркак айкалышуусу табигый болгон соң ар ким өзүн башаламан булганч алып жүрбөстөн, жоопкерчиликтүү сезип таза сактанып жүрүүсү бүгүнкү оорулуу коомдун ачык шарты, талабы, зарылдыгы. «От менен ойнобо, шок менен тойлобо» деп эл аста-секин байыртадан эскертип келет. Аялдарда дагы айып жок эмес, ал өзүнчө чоң сөз.

«Ойнош оттон ысык, боктон сасык» деген макал бар. Бабаларыбыз «оюн барып чын болот, ойнош барып тим болот» деп каниет кылганы патриарх доордо ажырашууга укук болбогон соң «тим болсо» болгондур. Бирок, азыр ойношчулук үйдүн «ырыс алды ынтымагын» бузуп күйүткө айланып, бүлөөсү бузулууда. Бул кечиримсиз. Өзбектер «жаман менен жатпа, сырыңды эч ачпа» деп эскертишет экен. Азыр ойношчулук ишкер мүнөзгө өттү. Иш боюнча, базар боюнча өнөктөштөр ойнош болуп калышууда.

Кара далылар, ажырашкандар, туудубийкелер «көр көкүрөк жигиттен, эр көкүрөк чал артык» деп тамыр күтүшүүдө. Же катталбай эле жашай берүү. Же «ыржың кызга тыржаң күйөөбү?» Бул араң турган бүлөгө «арык атка камчы жоо, жыртык үйгө тамчы жоо» дегендей эле кеп. Анткени, буга эркектер бат ыңгайлашат, ошого өлүп-талып умтулуп жеке кызыкчылыгын көздөшөт. Дейди турмуш күтүп, улам бирөөнү төрөтүп жылт койгон арсыз аталар да арбын. «Өңгүл-дөңгүл жер курусун, экинчи тийген эр курусун» деп көбү жеңилирээк деп ойнош күтүп жатышкандары мына ошондон. Мындай наадан мамилени жактагандар да аз эмес. Анткени, көбү материалдык, социалдык колдоо табышат. Муну тыюга мүмкүн болбогон соң аны ар кимдин абийир сотуна коёлу. Чынында көңүл иши көп тарамдуу, жолу буйткалуу. Башы бош ойношун токол атагандар бар. «Эне тыйган кыз эмес, эндик тийген бет эмес» дегендей, этеги эчак ар кимге тебеленген, эптеп эрге тийди аты керек болгон «күйөөнүн аты менен күл ташыга» жамынган же «көрүнгөн көк бөрү тарткан» жубандар дагы бир кыйла. Жөн аялдарга караганда буларда эркектерге карата артизм, жагынуу ж.б. үстөм.

«Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат» дегендей, бирөөнүн бактысын талкалоо, бирөөнүн бүлөөсүн тартып алуу же бузуп алуу эң жаман жоосун эмей эмине? Ар ким «эмне мен бактылуу болууга акым жокпу?» дешеер. Аларды бактыдан кур калсын деген эч ким жок, бирок, анын өз жолу бар эмеспи. Бирөөнүн ыйынан, каргышынан, наалатынан, убалынан эч ким бактылуу боло албастыр. «Тең теңин тапса гана деңиздей чалкып жашайт» (Эсхил). Бу түйшүгү түмөн кишинин «сегиз күндүк өмүрдүн, тогуз күндүк иши бар» дегени туура. Өзгөрмөлүү коомдо антигуманисттик багыт күчөп, аялга приватташтырылган жандыктай мамиле кылуу дөөдүрөгөн эркектердин тыңсынуу, үстөмдүк жаалын күчөтүп аялзатка кадырлоо аң-сезимин өксүк калтыргандай. Тийген эри жарашпаган далай асыл зайыптар бар. Бир тобу куру намыс үчүн ичинен сыздап кор болсо, арбынынын асыл теңи жок, таалайы тайкы.

«Күнүнүн күлү жоо» дегендей, бүлөөгө бүлүк салган ойношчулуктун чыгуусунун себептери эмнеде? Жан-дүйнөнүн туруксуздугубу? Коом дегредациясы, туруктуу моралдын алынып салынышы бейнике, жүрдөөктүктү шартадыбы? Ачык проституцияга каршы качан закон кабыл алынат? Морал качан турукташтырылып мамлекеттик саясатка айланат? Же ойношчулук, жалапчылык коомдун айыккыс оорусубу? Эмнеге жогорку эшелондогу чоңдор улуттун жүзү, мамлекеттин жетекчилери, депутаттары экенин унутуп моралдык жагынан бузулуп адепсиздиктерин көргөзүшүүдө? Адепсиз болушса алар ошол мамлекеттик чоң орундарды ээлөөгө моралдык укугу барбы? Моралдык Кодекс качан иштелип чыгат? Үй бүлөө эркиндиги деген ойношчулуктун, шермендечиликтин күчөшүбү? Эркектер проституциясы гүлдөгөн Кыргызстанда моралдык тартип качан оңолот? Туруксуз мораль, нрава туруксуз инсанды гана чыгарат.

«Абийирди корккондуктан сактоо, абийирдүүлүккө жатпайт, абийирди коркпой сакташ керек» (Овидий). Ал эми «жүрүш-туруш-адамдын өзүн көрсөтө турган күзгү болгондон» (И.Гете) кийин бүгүнкү эркектердин бүлөөдөгү ээлеген орду, адеби кандай? «Эрди-катындын эрегишинен эр өлөткө» бараткан жокпузбу? «Айыбын жашырган алыс узабайт», ошондуктан, ХХ1 кылымдын куттуу босогосунда бир жолу күбүнүп-силкинип, тазаланып, пейилибизди, адебибизди оңдоп, ыйманыбызды издеп барууга кудретибиз жетеби?

2000-жыл, июль

«Асылзат» газетасы

Профессор Болжурова

«Издене бергенден из калат»

«Билимди билгенден, бийикти көргөндөн сура»

«Көз көрбөгөндү көңүл билет»

«Баасына жараша – барк,

насилине жараша – нарк»

«Жакшы жар – жайнаган дөөлөт»

(Кыргыз макалы)

Мен Ишенгүл Садыковнаны 20 жылдан ашык билем, анын он жылын бир институтта чогуу иштөө менен өткөрдүк. Билгеним ушу: «Эстүүнүн эне тут» дегендей эле бар. Ошондуктан, өзгөчө сыйлайм. Ылайым асыл башы аман жүрүп, бар болсун! Бийик адамкерчилиги, жетекчилик айкөлдүгү, кенендиги, шардыгы, билиминин тереңдиги, кылдат мамилеси менен айырмаланат. Бир кезде партияга өтүп жатканда дагы бир ооз жакшы сөзүн айтып, мага рекомендация берген устаттын бири. Оор басырыктуулугу, бала дегенде үзүлүп түшкөн энелик мээрими, жубайга карамдуулугу, барктай билгендиги жагынан дагы алдына адам чыгарбас зайыптын асылы. Өзгөчөлүгү: бир тыным албаган жеткен мээнеткеч, бир ишти баштаса аягына чейин майын чыгара иштеген аракетчил, андан оң жыйынтык чыгарган өлөрман, өтө принципиалдуу инсан. Намыскөйлүгү ченде жок, иш бүтмөйүн түйшүктөнгөнү түйшүктөнгөн, эл бир эсе иштесе ал беш эсе көп иштеп жаны сеп албайт. Дээринен активист, калыс, жумушунда компетенттүү. Ал үчүн майда нерсе жок, кыбыр эткендин баарына көңүл бурат. Ал мындай кудуретти, энергияны кайдан алат билбейм, таңкалам. Анткени, ошол жылдары мен журналист катары кыргыз улуту, мамлекети үчүн башы ачыла элек чыр, батынып айтылбаган көйгөйлүү саясий жабык темалар боюнча «эмгектүүнүн эмгеги байлык, билимдүүнүн пикири байлык» дегендей, аны менен бир нече жолу аңгемелешкем, айрымдарында интервью даярдап газеталарга чыгаргам. Социалдык экономикалык маселелер боюнча жер-жерлерди бирге кыдырганбыз. Ошондо чын ыкласынан энедей күйүп-бышып баарына таза, жеткилең, индивидуалдуу караган асылзаадалыгын байкагам.

Тегинен саясатчыл, дипломат, уюштургуч. Ишенгүл Садыковна тубаса зээндүү, дээрлүү патриот жетекчи. Анткени, «тыянак чыгара турган максатты көздөгөн акыл-баарынан мыкты акыл» (В. Гете) эмеспи. Мындай инсандарды мезгил өзү тандап чыгарат. Кудай бийик акыл-эсти, орошон көрөңгөнү ошон үчүн жаратат тура. Бекеринен чоң окуу жайларында көзгө басаар жалгыз аял ректор болбосо керек. А мүмкүн чоң кайын энеси Курманжан датка энебиздин арбагы колдоп, жылоолоп жүргөндүр. Мындайда мансабын байлыкка сатып алган, чиренген эркектерден көрө асыл башы бар аялдын эле жетекчи болушу артыкпы деген ойго да кетесиң. Илгертен инсан катары изилдене турган көкүрөгүмдө образы бар.

Ишенгүл эже Түптүн Тасма айылында 1951-жылы туулуп, он бир балалуу үйдө өстү. Балдардын улуусу болгондуктан ата-энесинин тирөөчү болуп чоңойду. Мектепте алдыңкы окуучу болуп далай олимпиадаларга катышты. Ошентсе да, каникул учурунда иштөөчү. Биринчи жолу айлык алган күнү эсинен такыр кетпейт. Бешинчиден окуп жүргөндө, жайында кыркында иштеп 17 рубл алганы, ал акчага фарфор чайнек алып келип апасын кубантканы эсте. Сиңдилеринин баары жакшы ырдоочу. Бош убактыларында ата-энесине, кошуна колоңдорго концерт коюп беришчү. Балалыктын дүйнөсү таза, үмөткөр, кыялкеч болот эмеспи. Сиңдилери ыр аткарарда олуттуу какайып туруп минтип жарыялашчу экен:

— Баланча ырды СССРдин эл артисти Тажике Болжурова аткарат... Анан эң кичинекейи куштарлана көңүлдүү ырдачу. Беркилер шатырата кол чаап кубатташчу. Ошо мажрүм талдай назик, кичинекей кыздар азыр ар кимиси өз турмуш жолун улап балдарга эне, асыл жар.

Дүйнөлүк залкар жазуучу Л. Толстой «Тарбия менен билим берүүнү ажыратууга болбойт. Билимсиз кантип тарбия бере алат, ар бир берген билимдин тарбиялык мааниси болууга тийиш» дегендей, Садык ата элдин тарыхын, санжырасын жакшы билген куйма кулак сөзмөөр киши эле. Кечинде кобурап балдарына көп нерселерди айтып берчү. Бу келечектеги тарыхчы Ишенгүлгө таасир этип, жети атасынын ким экенин, кандай уруу аксакалдары бар экенин жаштайынан билип өстү. Көрсө чоң энеси Болду саяктын чоң манабынын кызы, чоң атасы Иманалы-белгилүү бий болуш экен. Көл өрөөнүнүн кадырлуу аксакалы, чоң таятасы Кыдыр аке 1903-жылы Санкт-Петербургка уюштуруу съездине барып келиптир. Ишенгүл мына ушуга окшогон турмуш сабагын алып, көкүрөгүнө аздектеп чоңойду.

М. Ауэзов айткандай: «Эл менен элди, киши менен кишини теңештирген нерсе — билим» эмеспи. Чет өлкөгө жана республикага кеңири белгилүү окумуштуу, көрүнүктүү коомдук ишмер, мыкты устат педагог, таланттуу ректор, профессор И.С. Болжурова 1973-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Анан М.В. Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин аспирантурасына өтүп К. Маркс (80 сом), Лениндик (100 сом) стипендия алып окуйт. Бүтөөрү менен кандидаттык диссертациясын коргойт.

«Согушта мылтык кандай керек болсо, жашоодо билим ошондой керек» (Н. Крупская) болуп, ошо Москвада окуп жүргөн жаштык кезинде көпкө умтулуп, түрдүү маданиятты түшүнүүгө дилгирлигинен арбын нерсени үйрөнүп калганга үлгүрдү. Мисалы, 1974-жылы Москвадагы Пушкин музейинде Леонардо да Винчинин «Мона Лиза» айтылуу нагыз сүрөтү көргөзмөгө коюлат. Сүрөт Парижден Японияга алынып кетип бараткандыктан, кыска мөөнөткө көргөзмө ачылыптыр. Көрөбүз деген каалоочулар көп, күнү кечке түгөнбөгөн кезек. Ошондо Ишенгүл эжелер амалданышып, бирге окуган индиялык курбу кыздарга кошулуп музейдин элчилер менен чет өлкөлүктөр кирүүчү башка эшигинен кирип көрүшүптүр. Кезексиз көрүүгө куштарлангандар «орусча билбейбиз» деп хиндиче сүйлөшүп алдашкандарын эстеп жылмайган.

Азыр эже кыргыз адабиятынын классиги, таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин келини. Жаңыл, Айжан деген кыздары ата-энесинин жолун жолдоп илимдин, билимдин артынан түшкөн эстүү кыздар. Жаңыл Америкада Университеттен окуп ошо кездеги Президент Билл Клинттондон грамота алган. Москвада эл аралык байланыш институтунда магистратурада окуп, Борбордук Азия коопсуздугу боюнча диссертация жазып жүрөт дейт. Айжаны болсо Кыргыз-Славян университетинде алдыңкы студент. Ишенгүл эже жубайы менен жолдош кызынын үйүндө музыка угуп отуруп таанышып, бирин-бири жактырып үйлөнүшүптүр. Ишенгүл эжени жана анын кайын ата, кайын энесин билгендер жылуу пикирлерин айтышат. Эженин кайын энеси Кыргыз Республикасынын эл акыны, кыргыздын асылдары Жоомарттын, Муса Адышевдин жубайы Тенти Адышева эле. Тенти апа Ишенгүл эжени кызындай жакшы көрчү, зээндүүлүгүн, эстүүлүгүн, тирикарактыгын сыйлачу эле дешет билгендер. Акын Кубат ырдагандай:

«Койкоюп көлдө жуп аккуу сүзөт,

Соносу учат чүрөгүн күсөп,

Сулуулук толгон дүйнөнү жаным,

Ээрчишип жүргөн эгиздер түзөт» дегендей, жубайы Кулубек ага дагы кыргыздын мен деген жигиттеринен. Ал дагы илимдин доктору, профессор, философ жана лирик, журналисттик дагы таланты бар нагыз инттелигент. «Жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегендей, бактылуулардын тагдыры биригет тура.

«Билимдүү болсоң озоорсуң, билимсиз болсоң осолсуң» деп эл бекер айтпаса керек. Профессор мырзайым кадыресе эле катардагы орус тил институнун республикадагы эң мыкты деген үч окуу жайынын бирине айлантып койду. Кадыр-баркы эл арасында өстү. 1997-ж. БГУ мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүп, бардык адистикке даярдоого лицензия алышты. Университеттин курулушу оңдолду, жатаканалар капиталдык ремонттон өттү, окуу-техникалык база бүгүнкү заман талабына айкашты. Окутуучулардын курамы талапка жооп берет. 280 окутуучунун 73ү илимий даражага ээ жана 7 адам илимдин доктору, калганы илимий даражасы жок болгон менен илимий-педагогикалык иште чоң тажрыйбасы барлар. Акыркы эле беш жылда (1994-1998-жж.) университет тыштан 648 нуска басылма алды. Факультеттерде 40814 китеп бар. Келечекте ар бир адиске фундаменталдуу билим берүү толук кабинеттик системага өткөрүү планы турат. Акыйкатта, окуу жай олимпиадаларда дайым алдынкы орундарда келатат. Кезегинде Ф. Шиллер айтыптыр: «билимдин жыргалчылыгы үчүн жүрөгүн садага чапкан адам-жыргаган адам» деп, анысы кандай И.С. Болжурованын жеке инсандык байланышына, аракетине, мамиле түзө билгендигине байланыштуу БГУда чыгыш тануучулары, германисттерди, түркологдорду, арабисттерди ж.б. даярдоодо Корея, Индия, Израил, Түркия, Иран, АКШ, Германия, Жапания, Польша, Австрия жана КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтери менен өз ара тыгыз мамиледе иш жүргүзөт. ПРООН, ЮСИС, ЮСИА, Айрекс, Акселс, Данида, Сейбри, Сорос, Аденауер ж.б. 24 эл аралык фонддор, уюмдар, миссиялар менен байланыш өркүндөп, карым-катнашта. Студенттерге лекциядан курс окуу үчүн жылына Америка, Канада, Великобритания, Германия, Жапония, Түштүк Корея, Ливан, Араб Эмираты, Түркия, Кытай, Индия, Россиядан адистер келишим менен иштеп кетишет. Бул студенттердин жогорку деңгээлде билимдүү болушуна чоң өбөлгө түзүп өзүнүн жакшы натыйжасын берүүдө. «Эмгекчил-максатын ишинде көрөт» деген ушул эмеспи. Мисалы, бир эле «Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер» факультетинде 16 чет элдик окумуштуу адистер иштешет. Мисалы: М. Хаккам, Г.М. Матин (Ирандан), Юнес Фадель (Ливан), Гулюмсер, Жале Экебаш (Түркия), Мицуи Кацуе, Янаги Седзи, Хегай М.А., Отаки Хироки, Мацуо Таро (Жапония), Дин Хун, Ван Яцзюань, Сейити Гульмира (Кытай), Ли Пун, Пяк Те Хен, Чо Ын Ен (Корея) ж.б. адистер БГУда сабак беришип, Кыргызстандагы жаш муундардын билим алышына салым кошууда.

Е. Евтушенко туура айтыптыр «Надо уяснит: образование и культура-тот банк, которой никогда не прогорит» дегендей, билимге өзгөчө маани берген профессордун дагы бир мекен алдында сиңирген чоң эмгеги өзү башчылык кылган окуу жайда Енсе, Соган, Хозео, Кьюн-Хи, Мичиган, Сиэтли, Пенсильвани, Саппаро, Токио, Нагой, Тегеран, Мешхед, Гете, Йен, Египет, Кувейт, Пекин, Нанкин, Цзиньан, Пенжаб, Тяньцзин, Анкара, Стамбул, Москва, Санкт-Петербург ж.б. 60-чет элдик университеттер, илим изилдөө институттары менен бирге ийиндеш ийгиликтүү иштешип келатышат. Чет элдик окуу жайлардан 200 студент стажировкадан өтүшсө, БГУда Түркүя, Кытай студенттери, аспиранттары окушаары айтаарлык жетишкендик.

Жети факультеттин окутуучулары 22 илимий изилдөө китептерин, окуу методикалык окулмаларын, илимий макалалардын 12 жыйнагы, эл аралык илимий конференциялардын 8 материалдык жыйнагын жана 250дөн ашык илимий макала жарыялашты. Мунун өзү Кыргызстандагы илимге кошкон чоң үлүш болуп эсептелет. Андан тышкары Кыргызстанда жогорку окуу жайлардан биринчи болуп БГУ 1998-ж. сентябрда Окумуштуулар Кеңешинде ректораттын демилгеси менен аспиранттардын, кандидаттык диссертациясын коргоого байланышкан (өзгөчө жакынкы чет өлкөлөрдөгүлөргө) чыгымды, Москва университетинде стажировкадан өткөн 5 окутуучунун чыгымын жана окутуучулардын илимий эмгектерин, окуу китептерин, окуу-методикалык окулмаларын чыгарууга байланышкан миллиондогон сом чыгымдарын төлөп берүүгө чечим кабыл алышкан. Албетте, бул илим адамдарын колдоо, рынок шартында оор кырдаалдан чыга билүүчүлүк жана чоң жакшылык.

«Билим-оошот, ырыс-жугушат», «билимиң ашса акылдын көркү» болуп БГУда «Жогорку мектепте демократиялаштыруунун жана гумандаштыруунун көйгөйү», «М. Ганди: толеранттуулук идеясы», «XXI кылымдын босогосундагы Кыргызстанда социалдык эмгек: тажрыйба жана келечек» ж.б. сыяктуу 17 эл аралык, 12 республикалык илимий конференция жана семинарлар, маектешүүлөр уюштурулган. «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» дейт. Республикада БГУ бул мыкты жогорку окуу жайы эле эмес, илимдин чордону, өнүп-өсүп жаткан жери экенин дагы айкындайт. Буга шарт түзгөн И. Болжуровага ыраазычылык билдирип, ырахмат айткандан башка арга жок. Окуу жайда маданий-тарбиялык иш дагы жогорку деңгээлде десек болот. КВН «Жетиген», «Ак Дил», «Каухар» бий тобу, «Сударушка» фольклордук топ ж.б. республикалык жана эл аралык студенттик конкурстарда, фестивалдарда алдыңкы орунду ээлеп келатат. Алар тиешелүү формалар менен жабдылган. Ушундай жетишкендиктерге, дөөлөттөргө айрымдардын ичи күйүп, ошол ийгиликтер өзүнөн өзү эле болуп жаткансып жетилген ЖОЖго, даяр жетекчилик орунга дароо отургусу келишет. Абройлуу ректорду жаманаттылап түшүрүүнү, эки университетти кошо коюну ак эткенде так этип күтүшүп чагымдарды, тоголок арыздарды уюштурушуп, жан алакетке түшүшүүдө. Көрөалбастык кылмыштын кайсы түрүнө кирет? Деги эле мээнет, ак ниети менен иштеп аткан жетекчиге бут тосуу, ичи тардык кылуу кылмыш. Республикага гуманитар адистерди жаңыча даярдоого, ага көмөк кылып шарт түзүп берген. Жамааттын ынтымагын бекемдөөгө зор салым кошкон., кайраттуу, демократияны гуманизмдин бир канаты деп түшүнгөн ректорго алкыштан башка сөз жок.

Андан кийин 1977-ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинде окутуучу, кийин Илимдер Академиясында окумуштуу секретар, Партия тарыхы институтунда ага илимий кызматкер болуп иштесе, андан ары И. Арабаев атындагы педагогикалык институтунда доцент, Бишкек гуманитардык университетинде профессор болуп эмгектенди. «Билимдүүгө бийик орун» дегендей С.И. Болжурова 1992 жылы ушул окуу жайда илимий иш боюнча проректор, 1994-ж. кийин 1999-ж. экинчи жолу альтернативалык жол менен Бишкек Гуманитардык Университетине ректор болуп шайланды. Ишенгүл эже ачык айтсак даяр министр, келечекте Кыргызстанга президент боло ала турган татыктуу адам.

Жеке инсан катары кыргыздын эң мыкты кырк кызынын бири деп аттын кашкасындай таанылган коомдук ишмер, профессор И.С. Болжуровага эл аралык даңк келе баштады. Ага көрүнүктүү ишмер, илимпоз катары эл аралык билим берүү тармагында байланыштарды кеңейтүүгө кошкон жеке салымы, өлкө аралык жогорку окуу жайларынын ортосундагы ишкер байланышты чыңдоодо сиңирген эмгеги үчүн Казакстан 1998-ж. 25-октябрында эл аралык «Алтын Көпүрө» сыйлыгын берди. Бул анын тынчы жок, күнү-түнү каржалган албан ишинин бир гана үзүрү деп билем.

«Студенттерге билим берүүдө адамзаттык асылнарктарга басым коюп, окутуунун методикасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү» ойлогон профессор И. Болжурова сөздүн ачыгы, БГУну бийик даражага жеткирди. Ошон үчүн студенттери ректорун сыймыктануу менен «биздин Канышабыз» дешерин гезиттер көп эле жазып жүрүшөт. А түгүл бир нече жылдан бери балдары өз билим деңгээли боюнча мамлекеттик бюджетке өткөн студенттердин ата-энелери БГУнун ректорунун калыстыгына, карамдуулугуна ыраазычылыктарын билдирип жетине алышпай басма сөздөргө жарыялап келатканы дагы чындык. Ал «билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок» деп ден-соолугуна карабай жан үрөп иштеп келет. Мындай тынбаган эмгек менен эртең эле премьер министр болсо да жарашат.

Ишинин үзүрүн көрүп «мээнеттин дөөлөтү болот» дегендей, таланттуу уюштуруучу, реформатор жана новатор, чебер дипломат Ишенгүл эже1997-ж. Президенттин Указы менен «Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамын алса, 2001-ж. «Даңк» медалы менен сыйланды. Ага чейин «Манас-1000» медалын алган. И. Болжурова XXI кылымдын мыкты, көрүнүктүү деп табылган 20 инсандын бири. Профессор И. Болжурова Түштүк Корея Өкмөтүнүн Грамотасы жана баалуу белеги менен, жана ошондой эле «Өлкөлөр ортосунда кызматташтыкты чыңдаганы үчүн» Түркиянын эстелик медалы, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Ислам Иран өлкөсүнүн жана Индия Президентинин билдирген ыраазычылык алкыштары бар. Ишенгүл эже грек даанышманы Сократ айткандай: «Колдо барга топук кыл, бирок, улам жакшы жашоого умтул» дегениндей девизде жашаган асыл жан, айкөл инсан. Ылайым иши илгерилеп, зоболосу көтөрүлө берсин. Алтын башы аман болсун!

2001-ж. ноябрь

«СЕН БАКЫТ ӨЗ ДООРУНДА ӨЛЧӨНБӨГӨН»

«Адал эмгек бакытка жеткирет»

«Жолдоштун шагы сынганча, болбостун багы сынсын»

«Кайгысы жок кан болбойт, азабы жок жан болбойт»

«Бир чымчымдан көңүл алат,

бир чымчымдан көңүл калат»

(Кыргыз макалы)

«Айрылгандар аз эмес бу жалганда

Арзан баалап кайталангыс ынагын».

«Булбул үнү мукам кезде ким билди

Бөлүнөөрүн сүйүү менен өмүрдүн».

«Эске салсак сыйбай такыр акылга,

Көөдөн тиреп эбегейсиз кусалык,

Көңүл-ойдун кетип таза ирети,

Көккө умтулаар, турса дагы тушалып...

«А сен болсо өзгөрүлгөн түсүмдү

Көңүл кушу өчкөнү деп карадың».

«Ары ыргалып, бери ыргалып, түнөрүп,

Сууга салдың сүйүү чийген сүрөттү»

«Билип көрчү бирок, курбум, кай тушта

Кандуу чеги өмүр менен сүйүүнүн?!» («Көңүл ыргактары»)

Чынчыл поэзияны дит багып чыныгы акын гана жарата алат. Ашыктык, арзуу, арман жөнүндө окуганда көңүл түтөп көкүрөк дарты козголот тура. Бир келген аруу сезимди ким кандай баалады? Ким кандай турмушунда, акыры өмүр өтөлгөсүндө ушул ой бир келет экен го.

«Кайталангыс жалгыз дедик сүйүүнү,

Алгач ирет кумарына кабылып».

«Жашап аттык өчүп, жанып бир гана

Жакындасак — бакыт улам алыстайт».

«Жаштык оту кайтып жагылбайт».

«Сүйүү эмне, сүйбөө эмне аны эч ким

Жоруй албайт: жүрөк көзү көрөт бир,

Буйруй албайт: жүрөк оту жанат бир,

Сурабастан керексизби, керекпи»

«Умтулуу оор, унутулуу керектир...

Өмүр сындуу сүйүүнүн да сереси

Улам катаал, ырайымсыз. Сезилет

Кайстай жанып — калуу туура эмеси».

Шербет акын ушинтип адамды ойго салат. Кыргыз тоолорунда буладай булуттан суу ичкен жыты буркурап, көздүн жоосун алган кооз кара баркыт гүлдөр болот. Аны too башына чыккандар, кыялап аралагандар гана көрөт, ал жапыз жерлерде өспөйт. Анын касиети, өзгөчөлүгү too гүлү экендигинде. Анын сыңарындай кыргыз поэзиясында, көкүрөктү түтөткөн, көңүл эриткен, жарк деп сезим козгогон, ойлонткон ырлардын автору Шербет Келдибекова өз стили, ой жүгүртүүсү, өзүнө таандык чагылдыруу ыкмасы бар салмактуу акын. Манжа менен саналган акындык, аялдык тагдыр күткөн сейректерден. Барга каниет кылган абийирдүү акындын ырлары дагы өз мүнөзүндөй басмырт, ойчул, ынанымдуу, табият менен сырдаш, тагдырлаш, жашоонун жакшысына жанданып, кумарланып, жаманына чөккөн табигыйлык уюп жатат. Табийгыйлык, ойчулдук, аналитикалык ой жүгүртүү - анын негизги өзгөчөлүгү. Ашыкча шаан шөкөт, жасалма-жалган маанайы жок дил кайрыктары санаа чектирет. Турмушту жеке баамдоо, кабылдоо, салыштыруу күчтүү. Же оорудан жапа чегип жабыккан акын өмүр, өлүм чегинде жүрүп санаачыл, баамчыл болуп кетти бекен? Бир келген өмүрдүн күнү эмне? Бакытка маарубу? А бакыт, сүйүү деген эмне болду экен? Жүрөгү оорулуу акын жүрөк толтосунан операция болуп, сыркоонун запкысын көп көрдү. Бир эмес беш жолу oперация болгон толгон азабы, кордугу, шору эмне менен жууса кетет? Кайгыны, азапты кечип туруп кайраттуу ыр жазуу эрдик эмей эмне? Ооруканадан башы чыкпай жүрүп өмүрдүн көбү өтсө дагы кебелбей ыр жазып келет. Белгилүү кардиохирург, профессор Сеитхан Жошибаевге арнаган ыр саптарында:

«Сааты жетип анын кылдат колунда,

Туйлап турду, менин байкуш жүрөгүм.

Наркоз, мастык, күн жана түн, көз ачып,

Бир карасам бул жарыкты — Улуу таң!

Ошол таңда, таң сыңары ажайып,

Ал сураган Сизди кантип унутам».

«...Баш көтөрүп жамандыктан тез гана

Келүү жакшы жайдары акыл-сезимге.

Кош кабаттай көр менен жер арасы,

Калган жакшы жашап гана эсиңде»

«Улукманы» Сиз болсоңуз а кездин,

Түртсө кетер ажалдуусу болчумун».

Ажалдан алып калган асыл адамдар, асылдын баркын билген ак жолтой, айжаркын инсандар көп болсочу?! Сыягы, акын өмүрү ыр саптарында көрүнөт.

Жүрөк чиркин, бүт санааңды сезип, бирде ачыгып, бирде жабыгып дирилдейт тура. Сезимтал акындын жүрөгүн муң неге чалды экен? Эмнеге кабатырланып, түпөйүлдөнөт? Бул сезим ыргактары бир акындын эмес миң адамдын көңүл түйшөлүүсү, бүлүнүп жабыгуусу го... Көңүлгө шаң кошчу асыл жар табыш арман тура.

«Ташкын өтөөр, таштар калаар, а көңүл

Жанса жанаар, өчсө өчөөр дегеним».

«Неге дебе, бузба учкан санааны.

Эгер билсең тарткан жоксуң запкысын,

Ал сезимдин. Сүйүү кандуу дайра экен,

Калсын дегем суу болбой өз бактысы.

... Ойлор термейт, ойлор термейт, абир кез

Сүйүү элеси күйүт сындуу тирелет.

Дүйнө кекчил, кечир жаным, а балким,

Кучагыма алсам болмок бир ирет.

Сырт немедей, түс да бербей, а балким,

Түнөрүүнү качан, кайдан үйрөндүм.

Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы,

Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөнүм?»

Анын ойчул экенине «Чырагдан» (1976-ж), «Ата конуш сыймыгым» (1979-ж), «Терезелер» (1983-ж), «Сен, жарыгым...» (1988-ж) ырлар жыйнактарын жана кийинки чыккан, же кол жазмадагы ырларын окуган киши толук ынанат. Ш. Келдибекованын ырларында Ата журт, табият маселеси, адам жан дүйнөсүнүн кайталанбастыгы, улуулугу, ыйыктыгы, граждандык пафостогу лирикалары миң түркүн күүгө салынып көңүлдү уйгу-туйгу кылат. «Жашоонун кубанычын, кайгыларын — кабыл алуу... жана улантуу...» үчүн турмуштан торолуп «дүйнөнү абийир-сыйдай кайра таануу, адамдык сапаттардай калыптануу» үчүн күрөшөт («Чырагдан»). «Айтылбай узак сөздөр калган эле, же алар сөздөр эмес, арман беле...» («Эскерүү») дегендей «сел болуп, толкун болуп, ташкын болуп тынчыбай сени гана, жапжалгыз сени гана сүйөйүмбү...», «Кумар менен кусадар жалын менен, күйгүзүп, тумчуктуруп өбөйүнбү...» («Азгырык») болуп алгачкы махабатка дилгирленет. Акындын «Кыз кербезден» деген ырында «таап алгын, тартып алгын, ээлеп алгын, Миң түйүндүү жүрөгүмдүн кылдарын, Тыңшап көрчү, күйүп көрчү... Билип көрчү, карегимде, жүрөгүмдө кандай толкун турганын...» дейт. «Тирилик кунарсыз купкуу өңдөнөт. Жашоодогу кубаныч, рахат өчөт. Бирок эркем, үмүтсүз көздөрүңдү карай албай, өзүмдү күнөөлүдөй сезип кетем» («Сен кааласаң»).

Ырчы жүрөк: «Кыйынбы түбөлүктүү жалгыз калуу. А жеңилби сүйүүсүз, чоң турмуштан милдеттүү орун алуу» деген эмне? Жана муну кандай кабылдайбыз? Ушул өзөктүү суроонун тегерегинде:

«Көздөрүмдөн сүйөөрүңдө...Сүйүүңдөн

Бүткүл тирүү күндөрүңдү сурагам».

«Жүрөгүмдү сурайсың... Каным муздайт,

Бүт оюмду оройсуң... Жаным муздайт!

А түшүмдө өчөм мен күйүп бүтпөй...

А түшүмдө өчөм мен күйүп бүтпөй» («Тааныш көчө»)

Сүйүү үчүн бүткүл күндөрүн берген жан барбы? Бул сезим неге кишини азгырып, кайгы капа, арманга батырат? Таза, ишенимдүү болсо эмнеге шектендирет, жек көрдүрөт, айнытат? Же сүйүү кумар толгон эркин сезимби? Андай болсо күйдүргөн күйүт, үшкүрүк кайдан чыгат? Автор «Түндөр жөнүндө сөз» циклинде сыр ачат:

«Курбум сен үшкүрүктү уктуң беле,

Шуулдап көкүрөктү жарып чыккан.

Сен дагы тынч ала-албай чыктың беле,

Дарексиз тагдырыңды күттүң беле,

Деңиздей көтөрүлүп, басырылып,

Өлчөөсүз алакетке түштүң беле...» («Терезелер»).

«Түпкүрүндө күйүт бар, жүктүү жүрөк,

Түшүнүүчү, сезүүчү жанды күтөт.

Күтүү, күтүү, акыры дагы күтүү,

Өмүрдүн көбү күтүү менен бүтөт» («Турмуш»).

«Бакытты издеп жүрдүк баш аламан,

Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан» («Жер жомогу»).

Бүт адамзатты эңсетип күттүргөн, куштарланткан, тилек кылган бакыт закымбы? Бар бактыбызды тепсеп, күн көрсөтпөй кордоп, колдо бар алтындын баркы жок кылган пенде канча? Бакытты тааныбагандар аны мунарыктан, алыстан издеп убара болушат. Бакыттын булагы, таянычы, ким, эмне? Дал ушундай жан кыйнаган ачуу суроолорго реалист ката­ры акын өз поэзиясында жөнөкөй жообун берет. Бакыттын да, сүйүүнүн да кожоюну өзүбүз экенбиз. Болгону ич ара берилүү, түшүнүшүү, колдоо, чын ниет гана жетпейт тура адам түшкүрүнө! Көрсө бакытты ар ким ар кандай кабылдап, түрдүүчө түшүнөт экен. Акындын: «Ата конуш оттору», «Түнкү ыр», «Кербездик», «Кербезденүү», «Терезелер», «Турмуш», «Жалбырактар», «Романтика», «Кайыңга», «Сүйүү жөнүндө», «Кемелер», «Кыз кербез күүсүнөн», «Көңүл ыргактары», «Ажырашып кеткен аялдын аңгемеси», «Сапар», «Өгөй бакыт» жана башкаларды өзгөчө толкунданып окуйсуң. Агынан жарылып турмуштук сыр төгүү авторго мүнөздүү өзгөчөлүк.

«Түгөйүн жүрөктөр тандасын,

Жашоого өзүбүз жаралып.

Сүйүүбүз жаралбай калбасын!» («Сүйүү жөнүндө сөз»)

«... Жаңыдан келип жаштыкка,

Жаркырак тунук сүйүүсүн,

Жоготкон жандар кайгылуу» («Сүйүү»)

«Сурадың жүрөгүмдү ойлоп турдум,

Бу жалын бүгүн жарык, эртең күүгүм.

Ким муктаж жар сүйүүгө көңүлү муң,

Жок, түзүк, жалгыз тартуу жазмыш жүгүн» («Күзгү бир түн»)

«Сүйүү ошол... Жүрөк эрдиги...

Оттой жануу күлдөй күкүмдөө!

Маңдайында туруп бирөөнүн,

Өзгөнү эңсөө жөнүн түшүнбөйм».

«Күүгө салам сүйүү абазын,

Бүтсө дагы баарын тажатып!

Орто жолдон кайтам кайдадыр

Кайрылбайм деп кетип баратып.» («Кемелер»).

«Бирок, кээде, эске түшүрсөм,

Үнсүз күйгөн күүгүм түсүңдү.

Кай жалынды издеп дүйнөдөн,

Не бакытты күткөм? Түшүнбөйм...»

«Сен бакыт — өз доорунда өлчөнбөгөн,

Алмашып ээ-жаа бербес сезим менен.

Ташкындуу деңизиңе чөккөн сайын,

Чаңкатып, чак түш болуп кете берген» («Сүйүү жөнүндө»).

«Коштоор элем мукамдуу, батына албайм,

Үнсүз, тилсиз кысылат жан жүрөгүм.

А мен неге бактымды чакыра албайм,

Сагынычты күүлөргө жашыра албайм.

... Кимсиң деги, бейтааныш күнгүрт үндүү,

Кусадан сагынуудан алсыраган?...

Жок, менин уккум келет башкача үндү,

Жазгырбас жарыгына ишеничтүү!

Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,

Сагынычтын саргайбас албуут күчүн». («Түнкү ыр»)

Мындай көркөм табитти кандырган, табышмактуу адам кыялын чагылдырган, жан дүйнөнү ачып берген ырлар акында толтура. Жан дүйнөдөгү ички толгонуу, түйшөлүүнү, жабыгууну же алоолонгон жалынды кылдат, сезимтал чагылдырган талантты мен өзгөчө сыйлайм. Анткени, чыгарманын тузу, күчү дал ошол жерде деп эсептейм. Дегеле акындар лирикалык каарман Мен аркылуу не деген ойлорго түйшөлбөйт?! Жүрөк түпкүрүнөн сырын төгүп окурманды ынандырат. Турмушта романтикага караганда көңүл калуу, убайым тартуу көп көрүнөт. Таланттуу Шербет акын­дын «Ажырашып кеткен аялдын аңгемеси» деген ыры замандаштарынын бир үзүм портрети десек болчудай. М:

«Не болду анан? Тез урундуң баардыгын,

Жароокер куш, жайнап турган дилимди.

Алдың дагы, темир сындуу чеңгелге,

Салдың дагы, тайыз жеңил урундуң.

Жоодураган куш да бир күн жоголду,

Качан, кайда? Билбейт эч ким, караңгы.

Сезген жоксуң кур дегенде, курбум сен,

Куш качыруу, кут качыруу экенин» дейт.

Аттиң, бул чындык! Сүйүүнүн өтөлгөсүнө чыгып, өмүр бою сүйгөнүн аздектегендер, барктагандар, өз өмүрүнүн маңызын даана түшүнгөндөр чанда. Асылым деп ардактабай, алганын жеңил урунуп кор кылгандар азбы бул турмушта? Адам башынан чириген мүлкүн жогору коюп, кесир кылгандар көбөйбөдүбү.

«Көрсө сүйүү үлбүрөк да, тоголок,

Көрүнгөнсүйт, сезилгенсийт, жоголот.

Кол сунабыз, умсунабыз, арийне,

Адашуудан акыл-сезим торолот» («Элет баяны»)

«Отту көрсөм, түпкүрлөрдөн тунара,

Суурулат ал «узаткансың сүйүүнү.

Өтөлгөсү өмүр болчу, Жалганда,

Жалгыз ирет келмек ошол бүлүнүү».

«Келатасың, кезиң өткөн кербез, кырс,

Көңүл дартын билем, күйүт тарттыңбы?»

«Сүйүү кээде акыйкатты, мезгилди,

Тааныбаган албууттугу жүрөктүн».

«Удургуп миң бөлүнгөн ойлорумду,

Унчукпай каттым дагы, күйүп туруп,

Томсоруп колум сунуп кош айтыштым,

Коштоштуң, үнсүз, бирок кеттиң сууpyп

Түнөргөн карек менен жүрөгүмдү,

Түшүнбөйм, билбейм аны эмне кылып,

Кай жакка батырасың... Абайлай көр,

Кетпесин кайра өзүңдү жалыны уруп!»

«Калат баары көкүрөктү өрттөгөн,

Күйүт, үмүт, санаа жана кусалык».

Акындын бул көңүл кайрыктары ойлонууга чакырат. Киши пейили, ыйманы, нарктуу насили таңсык болуп турганда керемет акындын түйшөлүүсү көңүлдөн кетпейт. Негизинен анын арзуу жөнүндө жазган көңүл уйгу-туйгуларына басым жасадым. Анын табият, Ата Журт тууралуу ырлары өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт. «Табиятты коргогонун, Ата Журтту коргогонуң эмеспи» (М.Пришвин.). Поэтесса Шербет Келдибекованы адабиятчылар ача элек. Анын ырчы жүрөгү өз стихиясы менен жашап, кээ бир акындардай жулунуп наам, үй, түрдүү льготаларды талашпайт, ар кимге ырларын мактатып-жактатпай өз өмүрүнө, жараткан ыр көрөңгөсүнө топук, каниет кылып, бүлөсүнүн, өзүнүн саламаттыгын тилеп, шүгүрчүлүктө. Сыягы, оорудан да башы көтөрүлбөй, дайым эле өмүр, өлүм чегинде санаада жүргөнсүйт. А.Осмоновдун: «Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн, мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар» дегени эске түшөт. Дал ушул сөздү ал неге айтты экен? «Качан болсо алга жүр деп шык берет, кандай укмуш касиет бар сүйүүдө!?» (Мидин). Небере уулу Ализарга арнаган ырында: «Сайран куруп, арабада барат ал, Сапар алыс, жар бологөр, Жараткан!» деп акын тилек кылат. Анткени, «Жол жатат, а жол тааныш канча ирет. Ат туягын ташыркаткан, тажаткан». Убайымга салган улуу муң-ички түйшөлүүнүн чеги каерде болду экен?! Кылымдарга калчу акындар гана улуу кудурет таланты аркылуу ички кабылдоолоруна ой чегип, табигый бере алышат. Таланттуу акындын мыкты ырларын окуп олтуруп дал ушул пикирге келесиң. Анын поэзиясынан ар ким өз сезимдерин, тагдырларын көргөнсүйт. Жан дүйнөсү үндөшөт, кээде жабыксаң, кээде чыйраласың. Себеби, «жүлүнгө жеткен күйүттү, жүрөктөн кантип кетирет?...» (Надырбек) болгон учурлар азбы? Бекеринен акын:

«Келди кездер кээде аптап кечирип –

Кайнап көрдүк от табына канча ирет,

Келди кездер, кээде суукка бет чыгып –

Муздап көрдүк ызгаарына канча ирет» («Жылдардын ыры»)

«...Ирмелбей кай бир түндөрдө,

Жүрөктү түмөн бук эзет».

«Жаңылышуу. Сен кызыккан сонун сыр –

Кайгы капа, кадимки эле арман да!» («Үзүлгөн түш»)

дептирби. Ушинтип чынчыл акындар гана турмушту ашыкча кооздоп көркөмдөй бербей реалдуу берет. Акыйкатты айтат. Акындын чындыгы - ушул тирүүлүктүн, өмүрдүн өзү, анын түрдүү кайрыктары «Өз доорунда өлчөнбөгөн бакыт». Ш. Келдибекованын таасын, тыкан, көөдөн тиреп күймөлтүп-күйүнткөн ырларын окуганда моокумун канып, жан дүйнөң арууланат. Анын кебелбес чындыгына муйуйсуң. Кыргыз адабиятында нукуралыгы, ойчулдугу менен айырмаланган керемет акын мээнетинин дөөлөтүн көрүп, качан ардактуу наамга илинээр экен? «Тепкенин жазбас тынар бар, кыздан чыккан кыраан бар» дегендей бир үзүм адилеттик деле жылоолой турган учур келди. Асылыбызды ардактап, бүгүн бир ооз жылуу сөзүбүздү айтып, аруу жанга кубат, колдоо болуп, амандыгын тилеп, акжол каалап, арыбаңыз дейли.

2001-ж.май,

«Асылзат» газетасы

ЭРКИНДИК ЭЭН ООЗДУКПУ?

Ар нерсенин нугун таап, жүйөөсү менен сөзгө алган чебер стилист,

баамчыл журналист Сүйүн Курмановага арнайм

Автор

«Теңсинбегенди Теңир сүйбөйт»

(Кыргыз макалы)

Курсташтар

Бир окумуштуу таанышымдын «стресс болгондорду жаакка чаап эсине келтирет» дегени эсимде калыптыр. Газета коомдук пикирдин супарасы болгондон кийин алардын аркалаган жүгү кандай акталып жатат? Эркиндикке жеке менчик гезиттер эле эсирдиби? - деген түйшүктүү суроолор келет. Кандай эркиндик болбосун ал абсолюттуу эмес, салыштырмалуу. Өткөөл учурдун башталышында публицистика жүгөндөлгөн пас аң-сезимди эркиндикке чыгаруу үчүн коомдук аң-сезимге чоң таяныч болуп жалпы улуттук, мамлекеттик көйгөйлүү маселелерди титирете алып чыгып өз дөөлөтүн көтөрүүдө кудайды карабагандай чоң роль ойногону чындык. Бара-бара акыркы эки-үч жыл жалпы нерселерден жекеге өтүп кайра жалпы орток нерселерди бөлүп-жарып трайбалисттик, корпорациялык, жеке амбициялык максатта саясатташтырылып, ар коктунун камчысын чабууга ыңгайлашып аны менен өз менчигин түптөп, кадимки алып-сатарлык баскычка түшүп, куйтуңдап эл арасын иритип-чиритүүгө өттү. Бир кезде адабиятчы С. Жигитов айткандай, «көпчүлүк кыргыз интеллигенттери көңгө чыккан кунарсыз, көрксүз гүлдөр - түбүнөн сасык жыт уруп турат» («КМ», 1996-ж N9) дегендей абалда өзүнө-өзү кошкуруп, корстон болуп, менменсип көпкөн ахывалга чейин жетти. Анткени, ар ким өз намысын коргоп укук коргоо органдарына барууга чыгынбагандан кийин «кой дээр кожо, ай дээр ажо болбой» «өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илди».

Эл бекеринен «кортук кочкор кой бузат, корто киши эл бузат» дебесе керек. «Жамандын өзү тең болбосо да сөзү тең» болуп «адамзаттын акыл-эс эркиндиги адатта бардык эркиндиктен, саясий, социалдык-экономикалык эркиндиктен алда канча жогору турарын биз тарых мисалында жакшы билебиз» деп публицист-жазуучу С.Раев айткандай, акыл-эс эркиндигин жүйөөсү менен аздектей албай эркиндик деген ушу деп айрым гезиттер конкреттүү, аттуу-баштуу айымдардын алаасына саякат жасап, төшөгүн ачып, көчүгүн эле аңдып жатып калды. Кээ бирөө үчүн чоң эркиндик ушул экен! Кыргыз элинин жакшыларына тиешелүү толеранттуулуктан, «улууга урмат, кичүүгө ызаат» деген нускасынан караманча кол жууган журналист-гинекологдордун тобу пайда болуп «бөдөнөдөн куйрук издеген» шизофреник жазгычтардын ооматы келиппи же ааламаты түшүппү айтор, ар ким өз деңгээлин коомчулукка көрсөтүп турган учуру.

«Ар бир эркиндик өз чен-өлчөмү менен» (Томас Джефферсон) болгону оңго, Азия менен Европа илгертеден же жашоо-тиричилигинде, философиялык көз карашында, үрп-адат традициясында, атүгүл төшөгүндө деле зор айырма, өзгөчөлүк бар. «Казды туурап карганын буту сыныптыр» болуп акыркы чындык, жетишкендик Европадан бетер аларды обу жок туурай берүү бери болгондо өз элибиздин өзгөчөлүгүн урматтабагандык. Көп же гумандуу нерселерден алар Азиядан өтө артта турушат. Болгон деңгээли ошол.

Интеллектуалдуу прессада профессионал журналисттердин өз этика, нравасы, принциби башынан акыйкат-чынчылдыгы, дүйнөнү туура кабылдашы, калыстыгы, фактынын ишенимдүүлүгү, жеке инсанга кадыр-барк, урмат менен мамиле кылуучу, жеке адамдын укугунун кол тийбестиги, зордук-зомбулукка, адамзатка чоң трагедия алып келүүчү жарыша куралданууга, жек көрүүчүлүктү жана бөлүнүп-жарылуучулукка жол бербей каршы күрөш жүргүзүүсү экенин башы бышкандар билет. Эгер жеке адамга келсек кылмыш кылганда дагы укук коргоо органдары тактап, текшерип бир жыйынтыкка келмейин жалпы айыптоого, каралоого эч кимдин укугу жок. Экинчиден, жеке инсандын өз макулдугу болмоюн анын жеке, ички турмушуна кийлигишип элге жарыялоого эч бир журналисттин, басма сөздүн бүдүрдөй укугу жок.

Эгер бул бузулса ал адамдын абийирин төгүп кадыр баркын кетирүүгө жатат. Бул мыйзамга жат нерсе. Атайын максат менен эле жазмагер акчага сатылуу менен тар мүдөөнү көздөп калпты кошуп жазса ал журналист жоопкерчилик көтөрүп кылмыш жообуна тартылууга тийиш. Үчүнчүдөн, жеке инсанды дискриминациялоо багытында дене жана психикалык кемчилигин жарыя салганы үчүн басма сөз айып тартып, автор-жазмакер жоопкерчилик тартат. Төртүнчүдөн, эгер журналист калп айтуу, шантаж, провокация жасоо үчүн информация алып жарыяласа, андан тымызын пайда көздөө же амбиция күтүп кадыр барк топтоого аракеттенсе (бул оңой менен далилденбеген балакет) журналисттин нравасына жана укугуна доо кетет, бул үчүн кылмыш иши козголуш керек. Антпесе, личность катары жетилбеген, авантюристтик жол менен баю жолуна түшкөн, кокту-колоттун ураанын бакырган трайбалисттик уңгудагы «саясий» партиялардын бир ууч амбициялуу кутумчул тобу басма сөздү элди араздаштыруучу, көкүтүүчү, өчүктүрүүчү кызмат кылып мамлекеттин коопсуздугуна, бүтүндүгүнө коркунуч келтирет. Эгер бул процесс өтө активдешип агрессиялык түс алса, бөлүп жаруучулук ачык пропагандаланса, ал басма сөздү жабуу, конкреттүү автор- журналисттерди юридикалык жоопко тартуу иши мамлекет тарабынан козголуп укук органдары ишке ашыруусу зарыл. Демократия, мамлекеттик бийлик бул анархия эмес. Бешинчиден, басма сөз өз жоопкерчилигин сезмек тургай өз функциясын билбей калган абалга келиптир, тыю салынган мамлекеттик жашырын сырларды сактабай акчага азгырылып, жеңил сенсация көздөп, эптеп гезити элге өтүш үчүн жарыкка чыгарганы үчүн катуу айыпталып, жазаланууга тийиш. Чындыгында бул жагынан мамлекеттик бийлик алсыздыгын көрсөтүп басма сөздү мыйзам чегинде көзөмөлдөбөй өз стихиясына таштады. Анан ээн өзөнгө ким түшкүсү келбесин, ар ким өз билгенин кылышты. «Бизде ок менен куралданган оппозиция жок, ой менен куралданган оппозиция бар», «Гезит саясаттын куралы, бирок, ал саясатчылардын куралына айланбашы керек» (С.Раев) экендигин таназарга алышпады. Жогорку Кеңеш мыйзам чегинде көзөмөлдөп басма сөздөгү шантажга, каралоого, ушак айыңга тыю салып, тизгиндеп коюнун ордуна, кайра өздөрү ич-ара чабышып, ырксыздыгын көргөзүп, бири-бирине айгак чыгып, жаман жоруктарына өздөрү машырланып журналист-авантюристтерге топурап жем болуп беришти. Жагынышты, кээси чамынышты.

Ал эми мамлекеттик бийлик арзан приватташтыруунун эйфореясынан чыга албай, кана жута албай басма сөздөгү каралоого, ушакка, шантажга агына ак, көгүнө көк деп өз убагында реакция жасап конкреттүү жооп берүү, көзөмөлдөө менен элге маалымдап коюнун ордуна маани бергенден эригип, тумшугун жеңине катып дымып отурду. Мына ушунун өзү коомчулукта азыркы бийлик жөнүндө бир жактуу пикир түзүүгө ыңгай шарт, өбөлгө түздү. Алтынчыдан, өкмөттүк орусча, кыргызча гезиттер официалдуу материалдарды информация түрүндө гана берип, ал эми саясий-экономикалык жана башка маселелерди калыс, жүйөлүү, оң терс жагын ачык айтып терең талдаган аналитикалык материалдарды бере алышпады. Ошондон улам «өрдөк жокто чулдук бий» болтуруп демилгени жеке менчик гезиттерге алдырып ийишти. Эркин басма сөздөр каалашынча чалчактап, шантаж жасап авантюристтик жол менен «жарымы төгүн жарымы чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн» болгон көбүртүп-жабыртма мамлекеттик былыктарды, бийликтегилердин кемчилигин, жеген кредиттерин, обу жок арзан приватташтырууларын, өндүрүштө артта калгандыгын жазып чекеге чыккан чыйкан болуп, утурумдук барк топтоп алды. Далилдеп бетин ачкан ачуу фельетондорду өкмөттүк гезиттер тайсалдап жазбай, жалаң ийгиликтерди санаган бир жактуулуктан популярдуулук боюнча артта калышты. Мамлекеттик басма сөз бийликти сындашы керек. Конструктивдүү сынга сөзсүз орун берүү зарыл, ансыз газета элдин кызыкчылыгын туудурбайт. Плюрализм болмоюн окумдуулугу артпайт. Ал эми жеке менчик гезиттерде тору айгырдын кишенегени, ак токтунун маараганын, кандектин сийгенин деле чоң саясатка айлантып чычкан болуп чыйылдай берери бештен белгилүү. «Гезиттерде чачкын ой-пикирлер жана өзгөрүп турма позициялар мүнөздүү. Бул биз жашап жаткан мезгилдин өзгөчөлүгү» (политолог М.Шеримкулов). Ушул өзгөчөлүктөр эмнеден пайда болууда? Мүмкүн анын тамыры журналисттердин акчага сатылгандыгында болуп жүрбөсүн? «Биринчи куймак бөлтөктүү» дегендей, жалпы мамлекеттик, улуттук нерселер биякта калып, рынок жана анархиянын шартында жеке амбициялар асманга атырылып эшик журналисттердин көбүрөөк пайда болушу таң калычтуубу? Калем чалакайымдыгы күчөдү. Азыр Кыргызстанда эркин басма сөз баюнун, капитал топтоонун куралына айланды. А капитал топтоп баюга келгенде уят-сыйытты жыйыштырьш коюп, кара өзгөй бетсиздикке массалык түрдө ачык жол беришет. Андай жерде интеллектуалдуулук, принциптүүлүк жөнүндө сөз караманча болушу мүмкүн эмес, ага сатылуучулук гана мүнөздүү. А сатылган жерде ыпластык, бузулуучулук, кордоо, маскаралоо, жалаа, ушак-айың, бурмалоого кеңири жол берилет. Балит гезитти ак жолго чакырып үмтөтүүгө болбойт. Анткени, анын негизин коммерция, соодалашуу, жеке амбициялык кызыкчылыктар түзгөндөн кийин өлсө дагы дили агарбайт. Сатып алышың гана мүмкүн. Пулдун кулу. Ага болбой эле кээ бирөө салтка таянып, абийирге чакырганы күлкү келтирерлик. Сатылгыч гезиттерде эч качан профессионализм, аргумент, идеялардын альтернативдүүлүгү, плюрализм, жалпы улуттук кызыкчылык, дөөлөт, ыйыктык, адамдын кол тийгистигин сактоо жана башка деген болбойт. Ошон үчүн калыстык, объективдүүлүк, принциптүүлүк алар үчүн жат нерсе. Жеке кызыкчылык баарынан жогорку турат. Уялбай эле вульгардык, реакциялык макалаларды күчөтүп салт туткан гумандуу элдин башын айлантып, бүйрүн кызытат. Бара-бара бул көнүмүшкө айланып эл дили бузулуп көнөт. Опуза, арамзалык, ушак-айың жана башкалар негизги жанрга айланат. Акырындап ким бай болсо ошого тилектештигин билдирген капиталдын кызыкчылыгын көздөйт. Дагы бир өзгөчөлүгү: эркин гезиттер эгер фактылар болсо, анда фактыны өздөрүнүн максатына ыңгайлуусун, ылайыктуусун гана тандап алат. Экинчиден, факт издеп убара болбойт, ага таянбай же тиги же бул маселелер боюнча ар кандай ситуацияга ылайыктыштырып өздөрүн караөзгөй ушагын чындык катары жарыялап жиберишет да эч качан анын жоопкерчилиги үчүн жооп беришпейт (иш козголбосо).

Кыскасы, маалымдуулуктун мартабасын сатылма, кубулма жазгычтар булгап турушу мыйзам ченемдүү. Сатылма информациянын сели каптайт. Акыл калчаганга кожоюн жол бербейт. Журналисттердин жоон топ армиясы согуш талаасында душманды ылгабай өлтүргөн сыяктуу жазган фактыларды аныктабай, тактабай чампалай берүүсү менен натыйжада, кыйшык күзгүдөн чагылдыргандай далай материалдар терс кайрык алып обого сызат. Мафия менен тилектеш болгон үчүн алар акчадан газеталарга садага беришет. Өзүн актабай калган учурда ошону менен жан багышат.

Ар элде өз рухий дүйнөсүн, түбөлүктүү атрибуттарын кастарлоо, анын ысык-суугуна күйүп бышуучу темалар өтө арбын. Алар жөнүндө сөздөр тайыздап же көңүл бурулбай же гезиттер күнүмдүгүн ойлоп акыйнек айтышып, кермур болуп бүт эле «саясатташып» кетти. Позициялары, принциптеринен эмес, жеке мүдөөлөрүнөн төп келише албай калышты. Калыстык, терең талдоолор неге азайганынын шарты ушул. Неге регионалдык «максат», жеке амбиция биринчи орунга чыкты? Бул коомдун деградациясын ким токтотот? Мыйзам керекпи?

«Журналист баарыдан мурун личность болуш керек». Эл трибунасы делген басма сөздө плюрализм болуу менен бирге протекционизмди, жердештикти, жеке аймактык кызыкчылыкты көздөбөгөн салкын кандуу сын, мамлекеттик масштабдагы терең аналитикалык материалдар азайып, уруулар аралык, ушак-айың, бирин-бири өлтүрө каралоо, шекшинүү, кайым айтышуучу терс эмоциялар басымдуу болуп баратканы уруучул деңгээлдеги кыргыз эркин басма сөзүнө мүнөздүү көрүнүш. Өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгуу үчүн комплекстүү омоктуу сунуштар дээрлик жок экени альтернативдүү президенттик шайлоодо кандидаттардын жармачтыгынан даана көрүндү. Конструктивдүү иштиктүү сунуштардан көрө бир беткей тыңсынуу, табалоо, айыбын чукуу, какшыктоо, какмалоо, ашынуу, чоң-кичине интрига көп экенин эл көрдү. Көрсө деле кээ жерде куру намыстын, жек-жаатчылыктын курмандыгы болушту. Ушуну басма сөз калыс таразалап элге таасын жеткире алышпады. Жан тартканын көкөлөтө бир беткей мактаса, жектегенин жерге киргизе көкбөрү тартышты. Чөнтөгүндө диплому бар көпчүлүк журналистпис деп жүргөндөрдө профессионалдуулук жетишпейт, өң карама, өз алдынча пикир-жыйынтыгы жок жагалданмалар. Ошондонбу, кээде мага массалык маалымат каражаттарында, гезиттерде тоголок арызчылардын тобу иштеп жаткандай туюлат. Аныкталбаган бир жактуу пикирлердин күзгүсү, трибунасы болуудан сөз жаратуучулар качан бошонот? Журналисттин коом алдындагы кесиптик, атүгүл граждандык жоопкерчилиги кайда? Сын жазуунун этикасы, маданияты деген профессионалдык чен-өлчөм жеке менчик эркин улуттук басма сөздө эмдигиче калыптана элек. Кыйыны кызыл чеке болгонго өтөт. Коомдук пикир жана журналисттик көз караш, позициянын айырмасы эмнеде? Журналистикадагы пессимизм, жеке амбицияга алдырып долулануу, шизофрения канчалык деңгээлде коомго зарылчылыгы бар? Журналист жеке кызыкчылык менен мамлекеттик кызыкчылыкты кандайча айкалышытырууга тийиш. Деги же акчага жалданып дөгүрсүп, кул болуп дамбалды аңдыган журналисттердин ойлоо масштабы бүгүнкү окурманды алымсындырабы?

Ашмалтай трайбализмди жасалма жандандыруучулар, бийликке жетпеген ич-күптүлөр, регионалдык «саясий топтор» басма сөздү бийликти тартып алуунун же мамлекеттин коопсуздугун, бүтүндүгүн деградациялоонун, дискридациялоонун стратегиялык, идеологиялык куралына айлантууга тийишпи? Эркин гезиттер дегеле эркинби? «Кожоюн» эркинби же жалданган журналисттер эркинби? Макул, «эркин» басылмалар мамлекеттик бюджеттен, мамлекеттик бийликтен «эркин» экен, а бирок, алар коомдон, гуманизм салтынан, нарк-насилден, традиция- нравадан, үй- бүлө, инсандык жоопкерчилигинен эркинби? Кыргыз журналистикасында кесиптик тазалык канчалык деңгээлде? (эгер ал бар болсо...) Өмүр бою кесиптик көксөгөнүм: кыргыз журналистикасында журналист-международник, журналист-экономист, журналист-юрист, журналист-социолог, телерадио журналисттер атайын адистешсе деп тилек кылып үмтөтчү элем, тилекке каршы, эркин менчик басылмаларда жаңы квалификацияга ажырымдалды, «журналист-калкалоочу», «журналист-жазалоочу», «журналист-кудайист», «журналист-жалапист», «журналист-трайбалист», «журналист-жанбагаров» жана башка. Кыйла адистешип энесин эки тыйынга сатууга даяр. Тутунган, коргогон, башын сыйган- ыйыгы жок. Пул берем десе баласынын боорун жейт.

Качан окусам эркин басма сөздө «оппонентерди» мазактоо, аракканада отурушкансып басмырлоо, кордоо, омуроолоп өч алышмай, бир беткей саясий нике кыю, саясий кызтекелик, тыңдысынуу, элди алдоо басымдуу. Арасында жылт эткен табылгасы барлары дагы жок эмес. Эйфорияга чекит коюп, прессанын эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү зарыл, кандай болгон күндө дагы териштирилген, такталган, ылганган материалдар «жети өлчөп бир кесилип» жарыкка чыгышы керек. Журналисттер өз кадыр-баркына доо кетирбей иштеши деле зор сыймык. Байыркы даанышман бабабыз Баласагын «акча үчүн ар ким иштейт, а акыйкат үчүн ким иштейт?» деген талабы бүгүн дагы өтө актуалдуу. Айдакталган иттей пулга кул жазгычтардын бири-бирине асылуусу, бирин-бири түбүн түшүрө чукуп талкалоосу, ажылдоосу акыркы эки жылда өз апогейине жетти. Кой деген бир эстүүсү жок ушундай да коом болобу? Демейде аксакал-көксакалмын деп жеңин түрүнүп дасторкон жээктеп төрдө отурган аксакалдарды аң алып кеткенби? Тигилердин тирешүүсүнө, кайым айтышуусуна эл турат табасы канып, шыпшьшып, «суктанып» «көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин» болушуп. Мындан алар абийири төгүлгөндөн башка утаары не? «Жаманды жасоол койсо, жалгыз баласынын көзүн чыгара чабат» болуп, ыйкы-тыйкылыктан элди көзүнө илбей, бирин-экин көзгө көрүнгөн басма сөздөр журналисттик тилектештик принцибин тутунгандын ордуна «бирөө акырдан жем жедим, сен бок жедиң» болуп этикага, нравага сыйбас жол менен ыпластыкка, өчүгүшүүгө жол берүүнү эпидемиялык мүнөздө өрчүтүүдө. Акыйкат камчысы кимдин колунда? Бул эмне буржуазиялык Кыргызстанга вульгардык прессанын күргүштөп киришиби? Ушундан эле жыйынтык чыгарсак «адеп алкагына кирбегендер, оозуна келгенди оттогондор, пас тартма аксымдар, сөз эркиндигинен эсиргендер алда канча көп экени» (С.Жигитов) өкүнүчтүү.

Учурдун күрөө тамырын туя билген, саясий-экономикалык маселеде баамчыл, кылдат, аналитикалык ой чабытынын кенендиги, жүйөөнүн молдугу, өзгөчө, коомго калыс сынчыл көз менен караган интеллектуалдык прессага буржуазиялык Кыргызстан качан жетер экен? Эл атына жамынып калемди камчыга айландырып кекенген, ойдо жокту бар кылган калпыс сындардын мезгили өттү. Эгер сын туура болсо, жалпы иштин кызыкчылыгын көздөсө анын ат көтөргүс куну бар. Басма сөз качанкыга чейин өз нугунан ашып бейжайлана жээкти жайпай берет? Деги эле эркиндиктин этикасы эмне? Же эркиндик ээн ооздукпу? Анын парзын, жоопкерчилигин ким көтөрөт? Менин өзгөчө капа болгонум эркин, жеке менчик гезиттердин элге эмгеги сиңип, мамлекеттик ишмер болуп, элге төбөсү көрүнгөн кыргыздын аттуу баштуу бир топ кадырлуу кыздарын обу жок маскаралап, кордогону болду. Байкасам баары эле алардын алаасына жабышыптыр. Тээ артта калган жортуулчул кылымдарда эркекти улук тутуп үрп-адатта өзүнүн сабырдуулуугу, кең акылы менен төш койгулап алдыга чыкпаган көтөрүмдүү зайыптардын тарбиясы каяша айтканга, текеберденбегенге жол бербегендей эле, демейде иште, акыл-эс талашында астына ат салдырбаган айымдар «аяк астыга келгенде» үй ичи араздашып, ичинен кан өтүп зилдеп, кыжаалаттанып, коломтосу бузулуп турса дагы салт жолун бек кармап (аны эси жоктор корккондой көрөт) элге чыкпай унчукпай отуруп беришти. Алар кой-ай, деп коер эр азаматтарга, элине ишенди. Эл эмне, өз кызынан башкага эч качан түбү түрүлө урмат көрсөткөн эмес. Таба кылышпаса дагы шыпшынып, түйшөмөлдөнүп коюшту.

«Эркин Тоо» гезити бийликтегилердин кызыкчылыгынан алыс чыкпаган гана коомдук пикир түзө алат. Ал эми «Аалам» гезити жомокко окшогон окуяларды примитивдүү жана чала сабат жазгандан деле жалка элек. Көпчүлүк билген «Асаба» гезити караламан калктын таламын көздөп, бей бечарага жан тартып көрүнгөнү менен иш жүзүндө анын позициясы профессионалпык платформада эмес, жеке бир адамдын амбициясын канааттанттырган каражат боюнча калууда. «Кыргыз маданияты», «Кыргыз руху» гезиттери өздөрүнүн ички ишенимине караганда, тышкы саясий фактылардан көбүрөөк көз каранды экендиги эч кимге жашыруун эмес. Бөтөнчө «Кыргыз маданияты» өзүнүн профессионалдык айдыңы-адабиятты таза эле унутту» (Кубатбек Чекиров, «Кут билим» 1995. ноябрь «Өксүгөн демократия», Кыргызстанда басма сөз эркиндиги ээн ооз, ээн бaш эркеликке айланып бараткан жокпу?)

«Асаба» акыркы эки жылда жалпыдан жекеге бөлүнүп, өтө майдаланып, сапаты төмөн түштү. Улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын аркалаган омоктуу ойлорду, иштиктүү орток идеяларды, жүйөөлүү сунуштарды берген жалындаган позициясынан тайып регионализм, корпорациялык жеке кызыкчылыктар, амбиция, кордоо, көтөнизм алдыга чыкты. Мурун берип жүргөн бир аз ойкуп кайкыса да плюрализмдин негизиндеги объективдүү, калыс дооматтар кан буугандай токтоду. Уңгу болмоюн мүчө уланбайт, аларда уңгусуз мүчө улоо көнүмүшкө айланды. Чоң проблемалардан ат чабым алыс калган соң (азыр деле бирин-серин түбөлүктүү нерселер бар) жеке көйгөй, өз амбициясын ат тезегин кургатпай көтөрмөлөп өздөрүнө корстон болуу абалына келди. Анда иштегендер акырындап эшик ырчыга айланды.- Популизм күч; мурунку аброюн азыркы акча үчүн болгон жанталашуусу тайыздатып, майдалап жибергенин өздөрү элес албай, кыйытып сын айткандарды баса калып жалпылап талап, ички жан дүйнөлөрүндө кашыктай плюрализм жок, өздөрү сынга көтөрүмсүз, байымсыз экенин далилдеп жөндүүсүнө деле жөнсүзүнө деле тил кайрып безенип турушат. Чычаласа да муюп, өздөрүнүн кылганын сезип калуу, сөзгө жыгылуу түк жок, баары бир кайра тиш салат. Анан элге жүйөөнү, салт-санааны үйрөтсө кыйын, ошол өздөрүндө бар тура деп «байкуштар» ишенет.

«Байдыкын байкуш аяйт» болуп аялдардын алаасын корукка алып газетанын «гаремине» айлантты. «Көп баскан аяк бок басат», эртең элдин «ишиң эмне , сен кимсиң» деп кагып коерун элес албай дөгүрсүштү. Жабышканы, сонуркаганы, куштарланганы, мазактаганы, акактаганы, көзү катып изилдегени, ошонун аркасы менен жан бакканы да - аялдардын «ажайып» алаасы. Жеке менчиктик эйфориядан талыкшып сасуунун, бирөөнүн шорунан же өздөрү чыгарган жалган ушагынан спекуляция жасоонун, дердеңдөөнүн, кордоонун, мактоонун да чеги болот эмеспи, «мактанчаак гезиттердин» конкурсун уюштурса баш байге ээсин тапмак. Эми бул сөздөрдүн артында силерден мага келеер опуза, жеме, жалаа, кырк катмарлуу кытмыр ушактардын чоң «порциясы» бар экенине бөркүмдөй ишенем. «Сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегендей, ычкыр кашат жагынан өзүңөрдүн абалыңар кандай? «Жыртык тешикке күлүп» «чокой кийген бут куурайт, чогоолго тийген кыз куурайт» болуп жаткан жокпу? Бирөөнүн үйүн бузуп, жаманаттылап, төшөгүн ачып жатканда «ийнедей тешиктен шоонадай шамал киреерин» билген жок белеңер? Бирөөнүн очогун бузуп, бүлөө ынтымагына суу бүркүп келекелөө укугун силерге ким берди эле? Түбүн түшүрө жазуу ар бир ачынган адамдын колунан келет. Бирок, «боз балдарга» теңелбейт. «Кыз боозуп алып энесин коркутаарын» билип туруп минтип силерге тиш салбай «бакпай балээңден, жакпай жалааңдан» деп деле койсом болмок, бирок төбөсү көрүнгөн кыргыздын келин-кыздарынын абийирине кол салып, жеке турмушуна кийгилишип, намысын тепсеп төшөгүн ачканыңарга жийиркендим. «Too арасын суу, эл арасын чуу бузат». «Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң» деп илгери бирөө баласына күйгөн имиш. Салт-санаанын башын аттап (жалпы, турмуштук көрүнүштөрдүн иши башка) аялдардын дамбалын туу тутуп, ар кайсы жерге желек кылып чапкылай берген шермендечилигиңер жаккан жок. Жаман көрсөңөр жармаңарды бербей, таарынсаңар Таласка көчүп кеткиле. Аялдардын намысын коргогон эр азамат араңардан чыкпаса, дале таш бараңга башымды тосуп мен чыгайын. «Колуңар менен кылганды мойнуңар менен тартпасаңар» өз убалыңар өзүңөргө! «Эсиңер барда этегиңерди жапкыла». «Кыздуу болсоң кыя сүйлөбө» деп эл деле бекер накыл чыгарбагандыр. Эр бүлөөгө тагдырлаш, муңдаш, коюндаш болгон аялзатын «ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын» кылгандык өтө эле кесир болуп жүрбөсүн?! «Бардык элдердин энелери ыйык» (Эренбург). Силер кордогон ар бир аял-үйдө эне, жарөкөр жар, бирөөгө сыйланган эже, карындаш, дагы бирөөгө-келин, кудагый-кудача. «Эгер энелер, зайыптар жүдөө тартса, силерге кор болуп намысы тепселип атса буга ошол элдин эр азаматтары, мыктылары күнөлүүдүр?!» «Кой аксагы менен миң», арасында силер аңдыган, эңсеген аягы суюктар, тарткылыктан ошого муктаж болгондор да бардыр. Ал деле адеттен тыш нерсе эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш, эң негизгиси - ар ким өз жашоосун өзү билет, ал ар кимдин жеке иши! «Диктатордук эркин коомго өтүүнүн бир опуртал жагы – элдин ошол эркиндикте жашай билбегендиги. ...Бирок, дүйнөнү бир аз гана абийирдүү, кайраттуу жана адилет адамдар сактап калат» (М.Тетчер) деген чын көрүнөт. «Обу жок орсок уй саайт’’ болуп айымдардын этек алдына кирип эрмектеп мазактаганыңар үчүн эле башыңардан эч ким сылабайт. «Камышты бош кармасаң колуңду кесет» болуп адамдын ыйыгына кол салган өкүм зордугуңар эси жоктук эмей эмне?

1997-жыл, январь,

«Обо» газетасы

ШУМКАР КӨКТҮ КӨКСӨЙТ

«Эңкейгенге эңкейгин

Атаңдан калган кул эмес,

Какайганга какайгын

Пайгамбардын уулу эмес»

«Жабыккан көңүл жаралуу,

сатылган көңүл саналуу»

«Балалуу үй – базар,

баласыз үй – мазар»

«Билим жугушат,

бакыт оошот»

«Бактылуу менен басташпа, таалайлуу менен талашпа»

«Билгенин үйрөтүү – бийиктик»

«Билимдүү башка бир арман,

билимсиз башка миң арман»

(Кыргыз макалы)

Топчугүлдү мен бийик тоого төмөнтөн жонуна бир кап туз көтөрүп, ал жетпей жаткансып, «керектүү таштын оордугу жок» деп, бир топ асыл таштар салынган баштыктарды жалгыз сүйрөп, каржалып келаткан жан кечти мээнеткечтей элестетем. Анын себеби бар. Жанын оозуна тиштеп, асыл башына миң түйшүк арткан оңойбу? Күчтүүнү да аяш керек учурунда. А бизде күчтүүнү талайт, же бүт түйшүктү анын мойнуна үйүп салат. Кээде талант катары да, аял катары да сыйлай турган кадырлуу инсандар болот. «Каада-сыйдын ичинен, кадырлашкан нарк улуу» дегендей, мен урматтаган, сыйлаган кутман адамдын бири, таланттуу жазуучу, журналист, окумуштуу Топчугүл Шайдуллаева. Ал кыргыз журналистикасын сапаттык жагынан көтөрүүдө чоң салым кошту. Анын макалаларына аналитикалык терең талдоо мүнөздүү. Топчугул жаратылышынан эле ойлоо чабыты кенен, көтөргөн маселеси масштабдуу, ынанымдуу. Кокус ал журналист, жазуучу, илимпоз болбой калса, анда кыргыздын нарктуу, салттуу, даанышман асылзаадасынын бири болмок деп ойлойм.

Дидар кайып экен, туз насип буйруп, Роза, Топчугүл, Фатима, Зияда бешөөбүз кыялыбыз, мүнөзүбүз беш башка болсо да, биринчи курстан баштап үч жыл чогуу бир бөлмөдө жашап, беш жыл бирге окудук. Ал ошондо эле ар нерсеге обу жок чарпылбаган, оор басырыктуу, жети өлчөп, бир кескен ойчул, ашыкча шаан-шөкөттү сүйбөгөн, зээндүү, акылгөй, арык чырай, узун бойлуу кыз эле. Окууга өтө ынтызар, ынтаа койгондуктан, баш-оту менен берилип, казып окуду. Элден башкача күндөп-түндөп окуду. Ар нерсени ар тараптан терең талдап, ынандыра алган чечендиги, чеберчилиги бар эле. Байкашымча Топчугүл дээринен, зээнинен тубаса аналитик, буга алган терең билими кошулду. Мен аны эстегенде эсиме Баткендин өрүгү түшөт. Педагог ата-энеси Баткендин Кара-Булак айылынан посылка кылып, өрүк салып жиберишчү. Ал өрүктөр базардан биз көргөндөй тунук сары, кызгылтым болбостон, таңдайына салсаң эрип кеткен даамы, жыты башка, эттүү, каралжын, табигый өрүктөр боло турган. Данеги бармактай, өзгөчө таттуу. Келген посылканы сактап жегенди билбей, ар кимге ооз тийгизип, таратып, талап-булап жеп, ошол келген күнү түгөтчүбүз. Ал мага аңгемелерин кээде көрсөтө калчу, бирок, ал башка курсташтардай көбүрүп-жабырып ыр окуп, жазгандарын жарыялоо үчүн басма сөзгө алып чуркабай, талкууга салбай, өзүнүн чыгармачылыгына өтө этият, токтоо мамиле кылды. Аны сөзсүз окумуштуу болот деп боолголочумун. Кыязы, буга анын бизди уктатпай, таң аткыча китеп окуп чыккан адаты түрткү болсо керек.

Анын публицистикалары, илимий макалалары жаш адамдын инсандык жетилүүсүнө, ой жүгүртүүнүн өз алдынчалыгына, адамдык жоопкерчиликти сезе, туя билүүгө үйрөтөт жана калыс, жүйөлүү ой-пикири аркылуу ар бир адам бул дүйнөнү өзгөртө аларын, ага кожоюн болушу керектигин сездирет. Пикирлердин контрасттуулугун чагылдыруу менен бирге аны философиялуу жыйынтыктайт. Деги эле профессионал журналист эл көзүнө дароо урунуп, көп катмарлуу окурмандардын урматына татып, аны издеп окууга мажбур кылат эмеспи. Кокус жазбай калса, аны окурман жакшы акындай күтөт, талаш проблема болуп калса, ал эмне дээр экен деп, анын позициясы ме­нен эсептешет, кээси сынаакы көз карашта турат.

Топчугүл жеткен мээнеткеч, өтө сабырдуу адам, ал өзүн аяганды билбейт. Исаак Ньютон: «даанышмандык – бул мээнет, мандай тер» -десе, мамлекеттик ишмер Д.Сарыгулов: «Мээнет адамды тазалаган, аны тарбиялаган, этегинен кармап жерге байлаган зор күч», – деп таасын айтыптыр. Эки уул, бир кыздын энеси Топчугүл үй-бүлөлүк турмушунун, чыгармачылыгынын, педагогдук ишинин түмөн түйшүгү жетишпей жаткансып, башына дагы кошумча мээнет илип, өзү иштеген БГУ жогорку окуу жайында «Даткайым» клубун негиздеген коомдук ишмер.

Бул клуб келечекте лидер болуп чыга турган кыздарды тарбиялайт. Кишинин тынчын алган, азапка салган көйгөйлөр жөнүндө ой жүгүртүшөт, көз караштарын калыптандырышат. Түрдүү жолугушууларды, семинар, тренингдерди уюштуруп, өздөрүнүн активдүүлүгүн өстүрөт. «Даткайым» клубу социологиялык изилдөөлөрдү өткөрүшөт. Бул кыздар карылар, таштанды балдар, ажырашып кеткендердин көйгөйлөрүн иликтеп, изилдөө, үй-бүлөлүк мамилелердеги муун ортосундагы проблема, үй-бүлөнүн коомдогу ролу, орду тууралуу кызыктуу иликтөөлөрдү жүргүзүшкөндөрү өтө кызык. Гендер маселеси боюнча НПОлор менен бирге: баалуулуктар маселеси боюнча муундар байланышын талкуулашат. Чынында, кыргыз кыздарына лидер болуш кыйын, ал үчүн бала кезден бойго, ойго сиңген айрым каада-салттын эрежелерине баш ийбөөгө туура келет. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» дегендей, жакшы саамалык катары уюшулуп, аракеттенип жүргөн жаштардан, мүмкүн, келечекте «тепкенин жазбас тынар бар, кыздан чыккан кыраан барлар» чыгаар. «Жакшы тилек- жарым ырыс», «аракеттин берекети болоор». Аларды таптап, үндөөгө алган устат Топчугүлгө рахмат. БГУнун социология кафедрасынын башчысы, социология илимдеринин канди­даты, жазуучу, журналист Т. Шайдуллаева 2-3 жылдан бери республикалык коомдук-саясий аялдар гезити болгон «Тунук» газетасынын башкы редактору катары мээнетин, азабын жон тери менен тартып, чыгарып келатканы не деген эрдик!? Жанын төрт чарчы кылып, буга кантип жалгыз жетишет, качан үлгүрөт деп таң калам. Эсил Асан ырдагандай «дүйнөдө сенин барың эстей калсам, көңүлдүн көп капасы унут калат...» дегендей, анын көңүл маселесине убакыты бар болду бекен? деп ойлоп коем.

Топчугүлдүн чыгармачылыгы менен тереңирээк студент кезде эмес, мен 1991-95-жылы Мамлекеттик телерадиодо башкы редактор болуп турганда тааныштым. Бир нече аңгемелери радиодон уктурулду. Ошо аңгемелеринин айрымдары «Жан шерик» китебине киргизилди. Бир дем менен окуп чыктым да, абдан ыраазы болдум. Бөксөргөн көңүлдөрдүн түрдүү оош-кыйыш кырдаалдарын, уйгу-туйгусун кудум көзү менен көрүп тургандай элестүү жазыптыр. Аңгемелери кудум төрт сап япондордун гимниндей кыска, так, айкын. Эстетикалык таануу боюнча ылгоо сапатына эгедер экени ушундан даана көрүнөт. Эски адатыбыз боюнча орустарга салыштырсак, турмушту реалисттик чагылдыруу жагынан Топчугүлдү кыргыз Шукшини десе болот. Кээ бир мажүрөө жазуучулар ошол төрт саптык турмушту 158 куплеттен турган грек гимниндей чоюп, керип, ыгы жок нерселерди толтуруп жазат эмеспи. Анын «Долу», «Жан шерик», «Газенек» , «Күндөштөр», «Декан», «Сойкуканада», «Кнопка», «Бадырак», «Арман», «Ийикчи» жана башка аңгемелери адамды ойго салган, тарбиялык мааниси күчтүү турмуштук санат. «Дүйнөнү ким жылдыргысы келсе, ириде өзүн өзү жылдырыш керек,» – деп даанышман Сократ айткандай, «санаасын ичине батырган, сабыры бекем» тың жазуучу Топчугүл ириде өзүнүн жан дүйнөсүндө, акыл-эсинде чыгармалары аркылуу адамдарга таасир этип, дүйнөнү жылдырыптыр. Кыргызстан жазуучулар союзунда алгачкы китеби экенине карабай акыйкат баасын алып, анын «Жан шерик» китеби 2000-жылы «Жылдын мыкты китеби» деп табылганы кубанычтуу көрүнүш болду. Топчугүлдүн айныгыс өз стили, дүйнөгө болгон өзгөчө дүйнө таанымы, кайталангыс жазуучулук өнөрү бар. Ал кыргыз адабиятына дасыккан жазуучу катары келип кошулду. Адабиятта өз жолун тубаса таланттар, талбай изденгендер, өтө күчтүүлөр гана сала алат. Арийне, кыргыздар илгертеден жаш өзгөчөлүгүнө карабай «анын жолу улуу» деп бекер кастарлап, каада тутпаса керек. Ошол өзүң салган жолуң кут болсун, Топчугүл! «Жан шерик» китебине айтылган калыс пикирлер аны далилдейт. Анын жазуучулук жүзүн тагыраак ачыш үчүн айрым пикирлерди келтирели. Белгилүү адабиятчы, жазуучу Д.Казакбаев мындай деп жазат: «Менин бет мандайымда сюжетти турмуштун накта чордонунан сузуп, анысын уста сыяктуу кынаптап өз формасына куюп, каармандардын элестери аркылуу татына ыкма, стили менен чагылткан, окурмандарды аргасыз ишендирген, өз бооруна жакын тартып, сүймөнчүлүккө түрткүлөгөн, кадыресе жазуучу турду». «Бул -Топчугүлдүн таланттуулугу, чоң аракетчилдиги, изденүүсүнүн, көркөм сөздү көз карегиндей аздектеп, калем баркын бийик санаган мыкты сапаты, ыймандуулугу, ниетинин актыгы. Акырында, бул Топчугулдун колуна калем түшүрүүгө чарк-чамасы жетпей, кандай шартта: барчылыкка маарып калабы же кыйынчылыкка мөгдөйбү, баары бир, кандай гана жашоо тиричиликке туштук болбосун, чыгармачылыкты ойлоп, жазбай кое албай турган табият беренеси эле». «Т.Шайдуллаева «Кыз бала», «Жан шерик» аттуу эки китеби менен кыргыз адабиятына ишенимдүү кирди. Аңгемелери көлөмү тейинде кыска, мазмуну терең өзгөчө автор өзү туулуп-өскөн Баткен аймагынын этносу даана чагылып, көңүлгө жылуу дем урат, сүйлөм куралыштары так, тили бай. Аргасыздан ойго батасың, турмуш чындыгына көңүл каныгат, улутунтат, сумсайтат, кээде ыйламсырап, кээде аста секин жылмайып күлөсүң, каармандарына бирде боорун ооруса, бирде кыжырданасың. Аракеттерине шыктанып же ачууланып, ушундай мүнөздөр менде жокпу, анда тигинде кездешпейби деп, таалим-таасир аласың» («Азия нуру» ,№08(34), 2000-ж).

Чоң окурман, физика-математика илимдеринин кандидаты, «Аялдарга көмөк көрсөтүү» уюмунун төрайымы Р.Айт­матова анын чыгармаларын бирден талдап, тамшанып чоң баа берди: «Чет өлкөгө сапарга баратып андан такыр алагды боло албай, самолет кандай келип жерге конгонун билбей калыпмын. Ар бир чыгармасындагы образдар, таң каларлык идеялар, адамды кош көңүл калтырбайт (эмнегедир Чеховдун аңгемелери эсиме түшөт. Канчалаган проблемалар, трагедиялар...)». «Бир канча адамдардын образында тазалык, ишенимдүүлүк жана мээримдүүлүк, кечире билүү, кандай гана кыйынчылык болсо да жеңип чыгуулар. Аялдар - үйдүн куту, алар эч кандай үй-бүлөнү ажыратпайт, алар үй-бүлөнү түптөндүрөт, өмүр бою кала турган өмүр көчүн улайт. Аялдар ушундай асыл жан экенин жазуучунун ар бир аңгемесинен табууга болот» («Азия нуру», №25 (51). 2000-ж.).

Кыргызстан маданиятына эмгек синирген ишмер, филология илимдеринин кандидаты, жазуучу, драматург Мырзабек Тойбаев тартынбай эле Топчугүл Шайдуллаеваны классик деп туура атаптыр. Өзүңүздөр баамдап, күбө болгула: «Т. Шайдуллаеванын жаңы чыккан «Жан шерик» аңгемелер жыйнагын окуй баштап, таштап кое албадым. Мени арбап алганы жаш автордун чыныгы турмушту жасап-түзөбөй, боегун боебой, бирок, купулга толгондой ошону менен бирге анын жогорку интеллектиси, акактай таза дили жана ар кыл каарманга мүнөздүү элдик элпек тили болду. Бал жыйнаган аарыдай көп изденгендиги, тур­муштук ар башка түркүн-түркүн көйгөйлүү материалды таба билгени кызыктырды. Аңгемелери абдан кыска жана нуска, ой дүйнөсү бийик жана масштабдуу экен. Саясий-экономикалык, маданий-социалдык жактан мааниси күчтүү, курч коллизиялар ачуу чындык менен ишенимдүү айтылган. «Газенек» аңгемесинде автордун турмуштук позициясы айдан ачык: баш каармандын ички дүйнөсү кристаллдай таза, бактысын сактап калгысы келет. Демек жаштарга берээр тазалык, туруктуулук менен үй-бүлөсүн сактап калуу сыяктуу тарбиялык мааниси зор. Дагы бир аңгемеси «Долу» деп аталат. Бул чыныгы долу аялзаты тууралуу, окуп бүтүп, «баракелде!» деп, эзелтеден эңсеген сыр түйүнүн тапкандай, бир чоң рахатка батасың. Мындай долу байбичени жайкысын ашып-ташкан, тегерегиндегилерди бүтүндөй жалмап жутуп, ээ-жаа бербей, эч кандай күчкө башкарылбай калган дарыяга салыштырганы табигый зор күчкө ээ

Долу дарыя да, долу байбиче да экөө жаралгандан коңшу жашашат, суу ашкан маалда бул байбиче да «толкуй баштайт». Чалы же балдары саал эле айтканына көнбөй койсо болду, «дайрага агып өлөм» деп алкынат. Ошондо үйдөгүлөрдүн баары тең ичинен жаман көрсө да, тышынан билдирбей, кемпирдин көзүн ка­рап, аны агып өлбөсө экен деп бүжүрөп калышат. Акыры анте берип тажашат да, кемпир өлөм деп сууну карай жүгүрсө да, эми барбай коюшат. Байбиче өлө албайт. Бул окуя автор тарабынан күлкү келерлик ситуацияда өзүнчө бир трагикомедия ыкмасында сүрөттөлөт, бирок натыйжада, акыркы иретте агып өлгөнү келгенде абышкасы эле күйүп, артынан келип, үйүнө алып кетип баратканда, келбеген келин-уулдарына таарынып, өмүр бою нааразы болуп келаткан абышкасына биринчи жолу ыраазы болот. Ошентип, абышкасын мындан ары эч капа кылбай жүрөйүн деген ой көңүлүнө кылт этет. Бирок, тагдырдын тамашасын кара, кийинки эле жазда абышкасы да каза табат. Эми дайрага чуркаганын коет. Көрсө, кемпирди оолуктуруп, алкынтып дайрага чуркаткан абышкасынын деми тура. Бул чыгарма ушунча кыска, ушунча көркөм, ушунча оригиналдуу. Кылчаңдабай туруп эле кыргыз адабиятында жаңы жаралган классика деп кыйкыргың келет. Китептин атына коюлган «Жан шерик» аттуу аңгемесинде чоң энесиндей шариятка ишенген сүттөн ак келинчегинин балдарын багып үйдө отурганда көзүнө чөп салган эринин башка ойнош күткөнү онтобос оорусунун ызасы баяндалат. Акыры врачтын дарысы ал ооруну кетирет. Бирок, «Көңүлүнө көк муштум болуп түйүлгөн ызаны эмне кети­рет?...» Бул суроого жооп табуу жалпы адамзат турмушундагы маанилүү маселелердин бири эмеспи. Жыйынтыктап айтканда, жазуучу Топ­чугүл Шайдуллаеванын аңгемелери биздин адабиятта өзүнө таандык үнү бар, турмушка новатордук көз карашы бар, нукура элдик элпек тил менен жагымдуу, назик жана мээримдүү жүрөгү бар келечектүү бир таланттын келгендигин далилдейт» («Тунук», №2(5), 31-январь,2001-ж.)

Белгилүү жазуучулардын, профессионалдардын Топчугүл жөнүндөгү пикирлери ушундай болгон соң, ага ылайым адабий сапары байсалдуу болушун тилейбиз. Жазуучу аталгандардын баары эле нукура жазуучу эмес, Топчугүлдөй түпкүлүгү, дээри, гени таланттуу жазуучуну башкага чаташтырууга болбойт. Жазуучу акындардын арасында эл акыны Майрамкан Абылкасымова айткандай «ар бир адам менсинет, куурай гүлгө теңсинет» болуп чын чыгаандарга чыгармачылык дарамети, талан­ты менен эмес, жалган атагы, же байлыгы менен атаандашкысы келгендер арбын. Эң чоң сынчы, сот, тараза, калыс - Мезгил. Ал баарын иргеп, өз-өз ордуна коет. Алдыга талант гана озот.

Өткөндө Топчугулдун «Айгүл тоого» деген ырына жазылган Апас Жайнаковдун обонун телевизордон көрүп, абдан кубандым. Демек, анын жүрөгү да ырчы торгой турбайбы. «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» дегендей, көп кырдуу талант жер алдындагы кендей өз мезгилинде жарк деп ачыла берет тура. Дегеле Топчугүл чыгармачылык табиятында бийиктикти, тазалыкты, аруулукту көксөйт экен. Анын бул тилеги ар бир чыгармасынын деминен сезилип турат. Көрсө, пендең түшкүр бакытын издеп жашайт экен, деле бул дүйнөдө бакытка маарыган адам бар болду бекен? Эмнеге адамдар оомат, бак-таалайга какап-чакап, тунуп жашабай, дайым эле дооматы көп турмушта түйшүк менен сар-санаадан, убайымдан башы арылбайт? Чиркин, турмуштун миң катмар кытмыр бүктөмүндө өкчөлүп жүрүп, «топурактан башкага тойгузбаган шум дүйнөдө» (Н.А.) «бакыт жакка келгенде жолум катуу» (Т.Аман) деп өксөгөндөрдүн ички дүйнөсүн миң алакетке түшүргөн сар-санаасын, болкулдаган, дикилдеген жүрөгүнүн түрсүлүн, турмуш гармониясын таланттуу жазуучу Топчугүл эң бир кылдат, чебер ачып бергени тамшандырып, суктантат. Өз чыйырына түшкөн жаркын талант, асыл баш жазуучуну оомат жылоолоп, адабий асыл наркта зоболосу көтөрүлсүн дегим келет. Бар бол! Шумкар гана көктү көксөп, көккө атылат, көктө эркин чабыт салат.

2002-жыл, март

«Асылзат» газетасы

«КУСАДАН, САГЫНЫЧТАН ЖАЛКЫП КАЛДЫМ

«Туулуп тууган болбойт, тутулуп тууган болот»

«Көңүл ынагы көздөн билинет»

«Жакшынын кеби жайдары, капаңды жазат кайдагы»

«Кагуу жээр жерге кайрылба, кадырың кетет»

«Тил түйгөндү тиш чечпейт»

(Кыргыз макалы)

Жан дүйнөм буулуккандан буу болуп булутка айланып кетээримде, Омар Хайямдын:

«Тагдыр! Неге жүрөсүң зомбулукка жанашып?

Караңгыны каалайсың каар менен жарашып.

Акмактарга нур берип, асылдарга муң берип,

Арсарлыкка көндүңбү акылыңдан адашып?» деген саптарын аргасыз эске түшүрөм. Деги бу турмуш акыйкаты өтө эле катаал, оңбогондой оор көрүнөт, «кой жоргонун багын чоң жорго байлайт» болбой, «арманым-бактылуу жан болгум келет» (Г.Абдылдаева) деп далайлар ырга салган менен жылт деп азгырган, жазгырган бу түгөнгүр Бак-Дөөлөт деген эмне болду экен? Биз айрылган турмушпу? Же суктандырган ажайып Сулуулукпу? «Баш айланткан бак-дөөлөтүң бар туруп, өмүрүңдү өткөрөсүң жанчылып» болгон кумарга тойбос азаптуу Арзуубу? Же эч нерсени ылгабаган бийлиги өктөм Байлыкпы? Акчабы? Же барда барк албаган өмүргө кымбат чың ден-соолукпу? Же жөн эле өйдө-төмөн илкигенсиген Тагдырбы? Же эмне?... Бүт адамзат талашып-тартышып, анын эмне экенин түрдүү айткан ме­нен такташа элек сыяктанат. Бир билгеним, Ал өмүргө кынтыксыз зарыл, эң кымбат неме го... А кимге эмне зарыл!?

Кыргыз адабиятында кыздар көчү бар, ал өзүнчө ыйык, таза булак, башат. Үрниса Маматованын жалбыз жытындай өзгөчө өзгөчөлүгү бар. Анын поэзиясы 80-жылдары оозго алынып, келечеги бар таланттуу акын катары бааланган. Аны мен алгач, 17 жашымда Бегенас Сартовдун ийриминде сезим козгогон өрттүү ырларын окуп жатканда көрүптүрмүн. Кийин, дуулдап атым чыгып калган учурда, 1989-жылдын 13-апрелинде Жазуучулар Союзунун Жаштар чогулушунда жолуктум. Байкашымча мүнөзү ойлогонун ачык айткан шар көрүндү. Анда ал - ылым санап, мага пикирлеш, жакын санаалаш экенин билдирип, 1982-жылы чыккан «Ак куш» китебине ыраазычылык, каалоо жазып берген эле. Бул китептин биринчи бөлүгү «Коштошуу», «Жаз келчү эле биздин чакан айылга», «Айылды кылчак карап кете бердим», «Жолду ката санаа чегип, ой токтотом», «Эскерүү», «Бейит жанында», «Алыкулга», «Жазып койчу жаштыгындан эскерме» ж. б. ырлары ата журт, санаалаштарына арналган ынак, чыйрак ырлар. Айылынын тааныш түтүнүн жытына чейин сонуркап эске салып, өзү жокто төрөлгөн бөбөктөрүн «чочуркап карап мени, чоочун көп балдар жүрөт. Жакынсып, боор тартып, бардыгын тааныйт жүрөк» дейт, өз айылына өзү көп жыл конок болуп башка жактан түтүн булатып калса дагы «өз айылына өз болуп алган келиндерге» бир аз кызганыч кылган менен боору түтпөй, ичи жылыйт. «Айылды кылчак карап кете берет». Би­рок, «шарап ичпей кызымтал болгон, чырымтал жаңы сезимге жолугуп» убараланып жүрүп, анын удургуп кайда кеткенин издейт: «Ээн калдым, эгиндерин жыйнап алган талаадай. Кайталангыс бир сезимди издеп келем, таба албай» деп бушайманданат. Анан «түнү бою кирип чыктың түшүмө, таңдан кечке сени ойлодум, кыйналдым», «сары убайым салакасын тийгизээр сенде калган кичинекей өмүргө» деп чечилет. Автордун ошол Совет дооруна анча мүнөздүү болбогон «Өзгөнү өз канынан бүткөн жандай, билсеңиз түшүнгөндөр деле болот», «Ит», «Ханыша», «Ат», «Көпөлөк», «Ак куулар жалгыз жашабайт» ж.б. ырлары таасындыгы, серпилтип көөдөн тиреп ойго салганы менен эсте калыптыр. Анын дээрлик бардык ырлары өзүнчө көз карашка жыш толгон, ою тыкан. Деги Урниса Маматова, Айгүл Узакованы, Роза Карагулованы, Гүлжамила Шакированы, Шербет Келдибековалардын ырларын окуганда моокумуң канып, жан дүйнөң музыкадай жаңырат. Чыныгы по­эзия менен кездешесиң. Анын азабын да, аруулугун да тең бөлүшөсүң. Колдон келсе аларды комментарийлеп жазбай окуш, сезиш гана керек!

«Бурганактан таажыларын талашкан, кеч күздөгү гүл тагдырын ким көргөн?» ырында сезимиң бүлкүлдөп аянычтуу гүл тагдырын гүлбурак кыздарга салыштырасың. «Жука, назик үлбүрчөккө муз түнөп, солкулдатат, бороон алсыз сабагын. Көрбөгөндөр көрбөй өтөт, көргөндөр аянычтуу чытып өтөт кабагын», – дейт. Адам менен гүл тагдыры купуя, философиялуу чечмеленип, кыйытылып, анын кыңыр тагдыры чагылдырылат. Бул ыр окуган жанды кайдыгер калтырбайт, ойлонууга мажбурлайт. Өмүр – аманат! Аманат жандын азыгы - арзуу. Ошондуктан, азабын тартып эле жүрө бербей, ар ким махабаттан бактылуу болгусу келет. А жетпегеничи? Кеч күздөгү гүлдүн кейпин киеби...?

Өзгөчө «түңүлтүп койсо түгөйү, ак куулар жалгыз жашабайт» ырында «кайгыга, ачуу күйүткө сезимтал куштар түтө албайт», «айдың көл чайкап тазартып, ак болот окшойт жүрөгү», - деген жандуу салыштыруулар адам ыйманы, пейили, дили, сүйүүсү таза болсо эмне? деген арман, үмүт-тилекти камтыйт. Деги эле адамзат ушул касиетти эңсейт көрүнөт. Көп маанилүү бул ырды дилиң ачышпай, ичтен түтөбөй тынч окуй албайсың. Анткени, автор турмуш акыйкатын ушунчалык ачык, таамай ачкан. Талант кудурети аргасыз чындыкка баш ийдирет. Бу таза сезимди адамкерчиликтүү ардактоо, аны адал алып жүрүү, бирин-бири жан дилинен түшүнүшүп, колдоо кайсы мезгил болбосун өтө орчун, курч, түбөлүктүү көйгөй көрүнбөйбү. Окурманды-күймөлтүп, күйүнтсө ал акындын жеңиши. Кээде мен адам көйгөйү жөнүндө миндеген макалаларды жаза бербей, көйгөйлүү ырлардын антологиясын түзгүм келет. Жанып берген жакшы акындар аз эмес. Анын бири Үрниса акын.

Таланттуу акын Урниса ыйман, бүлөө кризисин, турмуштун өз күзгүсүнөн замандаштарына чагылдырып берген. «Эстен танып турганыңда мен үчүн, Элес албай басып кеткен изимди өп. Ыйла, өлгүн, керек болсо өлүшүң. Эгер болсо менден ыйык кишин, жок», - деп кашаят. Көрсө «Сүйүү болгон макулуктай маңыроо, Жигит болсо жылма гана шок эле. Кыз билчү эмес, ошол жылма, шок жигит, гүлдүн сынган сабагынча жок эле» экен. Кыздарды сызга отургузуп, ыйманын тепсеген арсыз жигиттер ушул азыр да өтө көп.

Лирикалык каарман «Мен» улам өзгөрөт, анткени, ал Бакытын издеп жүрүп, көп нерсени башынан өткөрөт. Чыйралат, турмушту тааныйт. «Кантип таптым? Кантип эле жолуктук? Ишене албай, түшүнө албай таң калам». «Ошол кеч мени ушунча өзгөртпөсө, элбиреп муну сизге айтат белем». «Азыраак жүрөсүң бейм күмөнсүрөп, мен сага жан дүйнөмдү ачканда да», «Сени мен чындап сүйүп калганымды, текшерип өмүр бою сыноого кой. Акыры тиштеп калгын бармагынды, жаңылыш чыгып калса сыноодогу ой». «Сен жокто дагы күндөр өтүп жатат, карызга берилгенсип алар мага, өмүрдөн ушул кезде менин энчим — зарыга сенден күткөн кабар гана». Жалындаган жаштыкта ким сүйгөнүн, жан шеригин зарыга күтүп, кыялдын кемесин минбеген. А бакытка ким жетти? Бактылуумун деген жан барбы?!

«Мактан жаным, мактан сыйбай эч жерге, бир шам чырак мен деп күйүп, өчкөн де». «Чычаладай бир чындыкка тогоштур, ар кимдердин айтып жүргөн болжолун». «Актанып, алаксытпа сөзүң менен. А көрөк калтыр мени, өзүм менен. Санааны көңүлүмдөн сарыктырып, мен сага сагынганда өзүм келем». Көңүл иши көп тарамдуу, көп буйткалуу го, бирде ал аска-зоодой тирелген улуу намыс болсо, кээде минтип сүйгөндүн астында багынтып алсыз да кылат. Талантка арга жок, поэтикалык саптар ой толкутат, бир керегиңди таап алгансып кээде кудуңдап да каласың. «Олтурам жол боюнда көп из кеткен, өзүңө башымды ийип көп издеткен» күндөрдөн кийин «эркелетип көңүлүмдү экилент, эрте жазым, сагындырган, эңсеткен. Уккан сайын кумарланам жашоого, тирүүлүктүн шандуу күүсүн сен черткен» дейт ажарлана. Анткени, «жагылган жарык элең өмүрүмө, мен сени эч бирөөдөн жашыра албайм. Жаздагы ташкыны күч дарыяны, эч кайсы нукка салып батыра албайм. «Гүлдөрчү, таажыларын төмөн ийип, сүйүүгө куттук айтып ыргалышсын», – дейт.

«Эңсөө толот көкүрөккө чытырап» болуп сезимди дирилдеткен мындай ырлар «Ак куш» поэмасы менен ырлар түрмөгүндө толтура. Бул жыйнак Ү.Маматованын жан дүйнөнү назик ырдаган кылдат лирик экенин далилдейт. Себеби, символикалуу ак куштун ашыгына чын дилинен: «Сен жакка сызаарымды гана айтам, серпилбей калгычакты канаттарым» - деп атпайбы. Үрнисанын ырларын окуган жан өзү да бирөөнү сүйүп калгандай көңүл уйгу-туйгусунда калып каармандын дүйнөсү менен кошо жашайт, «сени ойлонуп атар-атпас ак таңда, мен уктабай сарууланып жатканда» (А.Өмүрканов) дегендей ал түйшөлгөн, саруулаган азапты кошо тартышып, ал жаркылдап кабагы ачылса кошо шаттанасың. Мыкты акындар элге ушундай жөндөм, шыгы менен алынат эмеспи.

Көр тирилик көбүбүздү өзүнө тартып кетти. Көнүмүш жолдон өтүп баратып кээде, кылт этип акын оюма түшөт. Акындын акыркы жылдары эмнеге дымы чыкпай калды десе, оор турмуштан кыжаалат эле болбостон, жылдап төшөктө жатып оорунун адам чыдагыс мүшкүл-түйшүгүн да тартыптыр. Ансыз да турмуш­тан көңүл калуу көп болуп жатканда, минтип мээнетти да кошо берет тура. Бирок, кудая шүгүр, кайратынан жанбай сакайып, жан уулун медер, туу тутуп, өжөр турмушка өжөлүп моюн бербей акын чыйралып келет. Кээде каржала түшкөн чыгармачыл адамдарды көргөндө санаам куурулат. Сыягы, бу куу тумшук тур­муш аларды көбүрөөк калчап койду көрүнөт. Деги эле ар доордо, тар доордо эркелеп жашаган акындар болду бекен?.. Болсо да талантсыздарга көбүрөөк орун тийгендир...

Кечээ эле махабат ырла­рын майрам ырындай обонго салган күлгүндөй жаш, жаркын эжелер бүгүн кантип эле ал ырларды унутуп калды экен деп ойлойм. «Теңтуштун жайын билеби, тебелеп жүргөн өз баркын» (Н.А.). Аз өмүрдө адам жан эргиткен жылуу сөзгө, көтөрүлгөн көңүлгө муктаж экенбиз. Жашы улуу болсо да жаны бирге асылдар азбы? Азыр эмне «кыраан кырып күн көрөт, кытмыр жылып күн көрөттөр» көп. Ичтен сыздык. Бир гана чындык: «Адамды эстүү кылган да эмгек, эптүү кылган да эмгек» экен. Ошондуктан, «аянбай иштеген таянбай күн көрөт» деп көр тирилик үчүн башы менен жер казып иштеп, амандашканга чолоо жок алыстаган курбулар канча. Кантсе да, «жакшыдан чыккан кеп – жанга сеп», «жакшылыктын жарыгы өчпөйт», «жаш курдаш эмес, көңүл курдаш» тура. Өзгөчө, баарын жан дилинен айттырбай, дедирбей туюп турган ардактуу адамдар болот эмеспи. Өмүр өөрүлөгөн сайын баягы топураган топ курдаштардын катары суюлуп «көрүшпөй кеткен дос салкын» болуп, дили таза түшүнүшкөн эң жакын санаалаштар иргелет тура. Туугансырабай эле, колтукташып курдаш болбосо дагы замандаштарыңдан абалыңды, дайыңды билип сырдаш, муңдаштар күтүп бир туугандай ынак, урматташкан адамдар кездешет. Алардын бири мен үчүн Үрниса эже! Мындай адамдар менен үнсүз сүйлөшө аласың каржалып, кыжаалат болуп турганында ага жан дүйнөңдү ишене аласың. Эмне дейин, аманат жаның бар болсун, ачык-айрым айжаркын мүнөзүңдөн, агынан жарылган шардыгыңдан, өзүң төтөлөгөн адамга төгүлгөн адамкерчилигиңден, кажыбас кайратыңдан жанбай чынчыл чыгармачылыгыңда көөлгүп эсен, coo-саламат, сак жүр.

2001-ж., март,

«Тунук» газетасы

БҮБҮКАН

«Баардык элдердин энелери ыйык»

«Кыздын жолу кырс»

«Калктын кадырында бол»

«Гүл ачпаган гүл муңдуу, үн катпаган жан муңдуу»

«Арканды күрмөй бил, акылды иргей бил»

(Кыргыз макалы)

«Дүйнөнү ким жылдыргысы келсе, ириде өзүн өзү жылдырыш керек»

(Сократ)

Бүбүканды кантип жазсам, ачсам экен деп көпкө ойлонуп жүрдүм. Деги эле түйшүктөн башыбыз арылбас болду, жай отуруп тыңыраак чай ичкенге убакыт жок. Бир чети түйшүк арбын, иш көп. Курбум Бүбүкандын штрихин табуу кыйын. Таланттуу акын Барчынбек Бугубаев 1998-ж. 9-ноябрдагы ырында:

«Теледен чыкса үнү шаң,

Баарына тегиз Бүбүкан.

Суйкайган сөзүн чуурутса,

Суктанып карайт ар бир жан.

Ырдаса үнү аргендей,

Ыргагын деңиз бергендей.

Ушундай улуу жарыкка,

Ыр ырдаш үчүн келгендей.

Жаштарга үлгү ар иши,

Жакшылык ойноп нагызы.

Карлыгач кушту эстетет,

Канатын ылдам кагышы», - деп «Кыргыз Туусу» газетасына жазды эле. Өзүнө жарашыктуу чачын кырктырып, жай, ойлуу басып келатканы көз алдыма тартылат. Кырктан кыйшайса дагы маңдай чачын күмүш аралап, жолуга калсаң жарк этип жылмайып коймо адаты жүрөктү күйгүзөт. Ичиң жылыйт. Баягы эле мен билген жайдары мүнөзүнөн жанбайт. «Кайсы күнү кандай кийим кийсе дагы» жарашат да турат деп суктанып мен дагы 1993-жылы 23-апрелде ал жөнүндө макала жаздым эле. Бизди өзүнө имерчиктеткени анын эстүүлүгү, адамкерчилиги, курбулук асылкечтиги. Сырдашсаң аны менен сырдашканга не жетсин, чериң жазылат, ошо менен унутулат.

Мелмилдеп турса Ысык Көл,

Жайкалып турса Салкын Төр,

Табият сырын карачы,

Ак кууну көр да, Сени көр.

Апапак болуп жамалың,

Келбетин кийип маралдын.

Көл, Марал, Ак куу деп жүрүп,

Өзүңдү кайдан таба алдым?» деп акындар ырдагандай, кыргыз журналистеринин мадоннасы Бүбүканга Теңирим ай десе аркы жок өң келбетти аянбай бериптир. Бирок, кыргыз сулуулукту кор тутуп, барктабай өтөөрүн не бир мен деген мөл сулуу, төл таланттардын тагдырынан көрүп иренжиген жерим бар. «Колдо бар алтындын баркы жок» кылаттар коомдо митедей жоголбой аралаш келатат го. Ал дагы сулуулугунун, талантынын азабын жеп чыгармачылык бут тосууларга, ичинен кара таруу айланбаган ичи тарлардын тузагына чалынып каржалып келатат. Мына «күп деп эми жыгылат» деп көралбастар ичинен кымыңдап турганда «күп» дебей, кайра күчөнүп кетип алардын шайын оодарганы анын канча нервин, ден соолугун алды. Киши чиркин, беш күндүк өмүрдө тынч жашабайт экен го. Теңтушу Бурул Сарыгулова жазгандай:

«Сен экөөбүз көздүн жашын жуутпай

Муңаюну күлкү менен жеңгенбиз» дегендей, баарын ичине батыра билгендиги, кек сактабагандыгы, аларга теңелбегендиги менен жеңип кетти. Чыгармачылык изденүүдөн го, жүзү ойлуу, санаа тартып турганын көзүнөн көрөм. Кээде, кыжаалаттанып иштеген ишине көңүлү толбой, тигил жерин тигинтип койсом болмок экен деп өкүнүп калмайы бар. Эфирде иштеген жыйырма жылда ал журналит, инсан катары өстү, такшалды. Дегеле, белгилүү журналист жөнүндө жазуу тозок. Алар оюн басма сөздөбү же эфирдеби дайым коомдук пикирдин чордонуна чыгарып эл менен аралаш жүргөнсүйт. Аларды эл сенден жакшы билгенсийт. Ошондонбу, бир аз тартынасың. Бүбүканды эстегенде, биринчиден, көкүрөк толо максат, демөөр толгон студенттик курак эске келет. Сыймыктана Мадонна атаган курбумдун келбети:

«Күн сымал жарк деп күлгөнү,

Күйгүзүп кирпик ирмеми,

Жадырап жайнап жамалы

Жаркытып турат дүйнөнү.

Келбети кербез, армандай,

Керемет нурга малгандай.

Жүзүмдөй жүзүн бир көрсөң

Жүрөгүң калып калгандай» керемет. Айжаркын Бүбүканга качан жолуктум эле? Үмүткө толгон абитуриент кезде, окуу китебин жатка билсек дагы биринчи келген жылы экөөбүз тең окууга өтө албай калдык. Ошондогу намыстануу, өксүү, ызаланууга чек жок эле. Бизде бир гана девиз бар болчу, ал: «өлсөк дагы окуйбуз!». Окууга өтсөк деген тилек, максат түнкүсүн уйку, күндүзү тынчтык бербейт. Анан кийинки жылдары окууга өтүп ойронубуз чыкканча окудук. Билимге болгон ач көздүк күчөп, илим кумарына батып, толуп-ташып талаш-тартыш табагын жырттык. Бийиктикке умтулуу, атаандашуу, анан түн уйкусунан безип бири-бирибизден жашырып чыгарма жазуу. Баёо көз караш, тазалык.

Анын тилеги келечекте илимдин доктору болуу эле. Ошого ынтызарланып жакшы окуду, үлгүлүү жүрдү. «Азгырган бардыр ансыз да» деп жезделери эркелетип, тамашалап айткандай, ага шыгырап ашык болгондор дагы көп эле. Бирөө ыйлап, бирөө түтөп, бирөө жалындап күйүп не бир алакеттен өтүштү го кайран жигиттер .

«Бу дүйнөдө сенин барың байкабай,

Мен аккууну сымбаттуу деп жүрүпмүн.

Шүүдүрүмгө жуунуп жүргөн гүлсүңбү,

Наристедей наздыгыңды сүйүпмүн.

Укпай жатып сенин шыңгыр күлкүңдү,

Тоо булагын тунук го жүрүпмүн.

Капыстан карай калып көзүңдү,

Бир жылт эткен учкунуңа күйүпмүн.

Мурда сенин көз отуңа өрттөнбөй,

Дүлөй болуп, сокур жашап өткөндөй,

А мен Күндү оттуу го деп жүрүпмүн» деп далай бозойлор боздоп калышты.

Ал кезде Бүбүкандын жазды, гүлдөн — розаны, жемиштен — алманы гана жакшы көрөр табитин билген жигит кайда?! Жаңыдан бой керип кермаралдай кулпурган кадыркеч бийкеч шынарлашкандарга көз кыйыгын салып да койбой, ичинен «сүйүүлөрдү коё тургулачы, биринчи окуюн» дегенсичү. Жамалы жанган Бүбүкан студенттик куракта эле өзүн аздектеп, наркын билип турмушка олуттуу карай турган. Кыраан кушка тузак салып, туурума туйгун кылып кондуруп алсам деген ак тилектер арбын эле. Мына эми, арадан жылдар өтүп суйсалган сулуу Бүбүкан жар күтүп, эне болду.

Эми Бүбүкан келин кербезин баштап, кесибин таштабай кыргыз радиожурналистикасына өз изин чыйрак салып келатат. Анын ырааттуу, ишенимдүү сүйлөгөн жагымдуу үнү элге бат эле сиңип кетти. Өзүнө таандык чечендик, жеке мүнөзүндөгү маданияттуулук, токтоолук, эфир алдындагы интеллектуалдуулугу анын профессионалдыгын далилдейт. Фактыдан, окуядан ой сүзүп алуу, аны терең талдоо анын кесиптеги негизги адаты. Ушерден дүйнөлүк окумуштуу, тарыхчы, академик В.В.Бартольддун: «Кыргыздар – бул маданияттардын синтезине ык тартып турган улут» дегенине ынанасың.

Бүбүкан Досалиева журналист катары кыргыз радиосунда калыптанды, такшалды. 1986—1991-жылдары жаштар редакциясында иштеп- кайра куруунун ооматтуу күндөрүндө улуттук аң сезим козголуп, прогрессивдүү кыргыз жаштарынын коомдук проблемаларын терең, курч, убагында чагылдырууда анын эмгеги чоң. Биротоло суверенитет ала элек республиканын жаштары ташкындап, чечилбеген көйгөйүн (өзгөчө: жер, үй, тил, миграция ж.б.) айтуу үчүн трибунага муктаж эле. Элге үндөрү жетпей «Ашар» ж.б. козголуштар канкакшап боздоп турду. Ошондо борбордон ооздукталган социдеологиядан корккон басма сөздөр дымып унчукпай отурганда «Кыргызстан маданияты» (редактору Ж.Садыков эле) газетасы менен Кыргызтелерадионун жаштар редакциясынын журналисти Бүбүкан Досалиева гана жеке тагдырларынын кызыкчылыгын жыйыштырып коюп, не деген зор иштерди жүргүзбөдү.

Бүбүкан Досалиеванын журналист катары эфирдеги азыркы турпаты — сүйлөнүп жаткан сөздөн ой чубап тизмектелип жатык чыгышы, ойдун тереңдиги, үндүн ишенимдүүлүгү. Микрофондо өзүн эркин сезүү. Алган фактыны терең анализдей билүүчүлүгү, журналисттик этиканы таза сактап билгендиги, калыс позицияда тургандыгы. «Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет» демекчи, ошол кезде ал даярдаган: «Кайдасың кайрымдуулук», «Абийириңди жашыңдан сакта», «Тор артындагы тагдырлар» жана «Үзүлбөй калган алмалар» аттуу уктуруулар эл арасында чоң толкунду, түйшөлүүнү жаратты. Бул берүүлөрдө камтылган’ факты социалдык, экомомикалык, барып келип идеологиялык тамырын терең талдап, жашоонун өлбөс философиясынын доорлорго жараша өзгөрүп тургандыгын далилдөөгө аракеттенди. Өзгөчө кайра куруунун, алгачкы жылдарында социалдык жара болгон карыларды карабай таштоочулуктун ачыкка чыгышы чоң резонансты туудуруп, берүүнүн актуалдуулугун арттырды. Ал окуянын ырааттуу түзүлүшү, жадакалса чеберчилик менен монтаждалышы өз маанисин бере алды. Ошол уктуруулардан кийин журналисттин колуна ыйлап-сыктаган, карыптарга боору ооруган, өкүнгөн, ачууланган, калдастап көмөк көрсөтүүгө далалаттанган ар кандай маанидеги, пикирдеги жүздөгөн каттар республиканын ар тарабынан келип түштү. Карыптардын каралбай калган трагедиясы ошондо коомчулукту бир силкиндирди.

Өз ишине берилген журналист үчүн теманы ачып берүү, проблеманы өз деңгээлинде көтөрүү азап иш. Эгер жаңылбасам биринчи жолу Бүбүкан радиодон кара далы кыздардын проблемасын көтөрүп, алардын турмушунун социалдык, экономикалык, психологиялык тамырын ачып берди. Айрыкча түрмөдөгү аялдардын турмушун, мүдөөсүн аял катары изилдеп муңканта эфирге алып чыгып жан-дүйнөгө добулбас какты. Эркектер эч убакта аял дүйнөсүнө толук сүңгүп кирип түшүнө албастыгын (кылмыш кылууда), аны түшүнүү өтө оор экендигин далилдеди. Аял табияты деген эмне?: Бул жалпы адамзаттык проблема.

Бүбүкандын эфир жоопкерчилигин терең сезүүсү теманы кенен, терең ачып, оңой жолдон качуусу, адамдагы катылган ойду ачып алуусу анын журналисттик дараметинин бир жагы. «Талантка таамай сын берер, тараза болот эл деген» чын. «Перизат», «Кыргыз жери» уктуруусунда иштегени анын жеке тагдырында эсте кала турган мезгил деп oйлойм. Жада калса анын атын угуп муң-зарын айтуу үчүн атайын ат арытып алыстан келгендер ал иштен чыгып баратса, иш үстүндө, эл арасында өзгөчө бир урмат менен «Бүбүкан Досалиева, Сизби?»- деп кайрылганына көп эле күбө болдум. Ушундан улам бир окуяны айта кетүүнү эп көрүп турам. Ал кезде «Перизат» уктуруусун чоң бут тосуулардан кийин, көп түйшүк менен ачып, аны изденүү менен алып барып жүрдү. Ал рубриканын тушоосун кесип алгачкы берүүсүнө аралашканым дагы эсимде. Ар бир уктуруусунда жаңыча изде­нүү, логикалык ойдун тутуму жатчу. Кээде тааныштыруу бурчу берилип калаар эле. Бүбүкан иш боюнча Ошко командировкага барып дарыгер менен сүйлөшүп отурса «Бүбүкан Досалиева, Сизби?» деп бир эгиз бала көтөргөн келин бетинен өөп, кучактап жыгылыптыр. Көрсө, ошол «Перизатта» үй-бүлөлүк турмушуна таарынып Казакстандын Целиноград областынан кат жазган бактысыз жигиттин турмушу жөнүндө баяндап келип, балким кат жазаар деген ойдо дарегин кошо билдириптир. Аны уккан кыз жигитке кат жазса жылдызы төп келип баш кошуп, эгиз балалуу болушуптур. Кубанычына жетине албай ыраазычылыгын чын ниетинен билдирген келиндин жүзү журналисттин өмүрүндөгү бир мерчемдүү учур катары калды. Жазгандары элдин жүрөгүнө жетип угарманынан кайра бир туугандык позицияны сезүү кандай бакыт? Журналист адам жан-дүйнөсүнүн, көз карашынын көпүрөсү. Oй-мүдөөнү жүрөктөн жүрөккө жеткирет. Бул ишенимге ээ болуу чоң сыймык.

Бүбүкандын бир мүчүлгөн жери: жашында колу жөндөмдүү болуп жакшы сүрөттөрдү тартчу эле, жакшы ырларды жазчу эле. Эмнегедир кийин ушул экөөнү чыгынып колго албады. Аргендей созуп ырдаган ыры профессионалмын дегендерди артка таштаса дагы актердук чеберчилигин көп ачпай, радиодраматургияга эмнегедир үнүн жаздырган жок. Же чолоосу жетпедиби? Же баягы көрө албастар бут тосту бекен? Мүмкүн...

«Жан эргиткен жакшынакай кыз элең,

Жалт карашың жалын чачып шоктонуп.

Мен бир акын болдум окшойт түтөгөн,

Сен жайдары келин болдуң ак жоолук» дегендей, мезгил өтүп суйсалган сулуу Бүбүкан өзү эне. Асыл жарын ардактаган жолдошу Калык экөөнүн төрт баласы бар. Бүбүкан эң кичүү уулун ырымдап, көпкө тилеп жүрүп: «тобулгу мыкчып толготкон, тобулгу сынып жан кеткен, чакалап менден тер кеткен... балам» деп илгери энелер айткандай, бир аз кыйналып төрөдү. Сирен гүлдөп турган жаздын сонун күнүндө «үч кыздан кийин уулду болду, куттуктайлы» деп таланттуу акын Гүлжамила Шакирова экөөбүз барсак операциядан жаңы эле көзүн ачып, кыйналып аткан экен. Бир өлүмдөн калса дагы уулдуу болгонуна жетине албай турганын сезип бир баракка куттуктоо тамаша ырын жазып киргиздик. Жүздөшүп, көрүшө албаган менен ошону окуп көңүлү көтөрүлүп, кубанган экен. Баш көтөрүп, өзүнө келип, бир аз басып калганда курбулары Кыргыз эл артисти Эсен Нурмамбетова, эмгек сиңирген артистка, акчардак Тынара Абдразаева, өнөрү артык акын Гүлжамила Шакирова, мен жолдошум менен барып экинчи төрөт үйүнүн жанында Бүбүканды куттуктап шампан ачып шарактадык, эки саат ырдадык. «Көңүлү ачылсын» деп атайын ошенткенибизди туура кабыл алып одеал чүмкөнүп алып, терезеден карап, угуп турду. Биздин оңой менен жөнсалды эле бара бербесибизди түшүнүп, көңүлдөрү ооруп калбасын дедиби, кыйналып турса дагы «ооруп турам» дебеди чиркин. Кийин айтты: кара баскансыган көңүлүм ошол силер келгенден кийин ачылды. Силер мага жабышып турган дартты кууп, мени аман алып калдыңар,- деп. Биз а күнү дуулдап тойлодук. Бирок, кийин ойлоп калдым, бизди көргөн тааныган билгендер болсо эмне деди экен деп. Көрсө өмүрдө кымбат эстеп калчу көз ирмемдер болот экен. Бекеринен элдик накылда:

«Кары да бол, жаш да бол,

Кадырлашкын тирүүңдө.

Калаар бир күн алтын баш

Казылган көрдүн түбүндө», – деп асылдыкка, кадырлашканга үндөп турбаса керек. «Жакшы жубайдын жаны башка болгону менен дити бирге» дегенине карабай, ар качандан бир качан жубайлардын ар бири өзүнчө бирикпеген дүйнө эмеспи. Турмушта жар күтүү башка, жаны, дили жыргап жашаган башка тура, ошондон улам «жары менен бактылуу болду бекен?» деп ойлой берем. Сыр бербей мизилдеген курбум ылайым, муңканбаса экен.

Жамалы жанган Бүбүкан ден-соолугунун азабын тартып жүрсө дагы эки тизгин бир чылбырды колдон чыгарбай келатат. Кыргыз радиосунан кийин Кыргыз Улуттук Университетинде журналистика факультетинде кафедра башчы болуп педагогтук иште иштеди. Азыр да иштөөдө. Жаңы заманда журналистика факультетинин сапаттык жагынан өсүшүндө, калыптанышында Бүбүкан Досалиеванын салымы зор. Тарыхта биринчи кыргыз журналистика факультетинде Бүбүкан жанталашып чуркап жүрүп радиостудия ачып үн жазуунун, монтаждоонун акыркы үлгүсүндөгү техникаларды алып келген. Ал ачкан телестудияда компьютерде монтаждоо, түрдүү көрсөтүүлөрдү тартуу, видеотасмага жазуу, персоналдык компьютерде иштей билүүгө дилгир студенттерди үйрөттү. Анткени, Бүбүкан «Сары-Өзөн Чүй» телевидениесинде иштеп келген дасыккан тележурналист дагы болуучу. Эл аны самап, сагынып көрүүчү. Татына келбети, уккулуктуу үнү, адамды өзүнө тарткан чеберчилиги, телекөрсөтүүлөрү анын таланттуу журналист экенин айкындаган. Акыркы жылдары Бүбүкан улуттук журналистика боюнча диссертация жазып жүргөнү менен эл аралык «Азаттык» радиосунда иштеп, өзүнүн кашкөй журналист экенин көрсөтүп келет. Сергек акыл, жүйөөлүү факт кимди болбосун ынандырат.

Анын таланты ташты жарып чыккан гүлгө окшоп көп нерсеге моюн бербей утуп, жеңип келатат. Мээ чарчаткан чыгармачылык түйшүк азап го. Дайым эле өзүңдү ойлобой жүрөгүң жанчылып өзгөнүн тагдыры ойлоно берүү адат болуп калат экен. «Жүрөк ооруса жүлүнгө доо кетет». «Жүрөк – жүктүү сандык: эп көргөнүн да батырат, жек көргөнүн да батырат». Ансыз дагы пенденин башында чиеленишкен жеке тагдыры, үй-бүлөлүк түйшүк, оомалуу төкмөлүү кыжаалат көйгөйлөр арбын эмеспи. Анан ал жетпей жаткансып, арып азып тынымсыз ой эзип, ойлонуп жүрөсүң же ойлонуп бүтпөйсүң. Анткени, журналистиканын мүнөзү ошондой. Же «О дүйнөнү билген олуя жок». «Акылга да азык керек». Калемсап кармагандан заарканып, мээң иштебей турганда дагы чымырканып иштөөгө туура келет. Көрсө «ар иштин адиси бар» болот экен. Кайда болбосун «белдүү иш бел байлоо менен бүтөт» эмеспи. Журналистика кызылдай мээнетке чырмалган тубаса акылкөйчүлүк, даанышмандык, акыл азабы, коом алдында кумурскадай тынбай эмгектенүү. Миң катмар кытмыр, кыйды турмушту аңтарып-теңтерип күнү-түнү көзүң кызарганча, мээң зуулдап ысып чыкканча иштеп азап чегүү чыныгы журналистиканын табияты. Буга түт келүүгө мүмкүнбү? Ким мындай азапка куштар? Журналист! Бүбүкан жана анын доордош калемдештери өзүнүн талыкпастыгы, калыстыгы, омоктуулугу, оомалуу-төкмөлү позициясы менен түрдүү пикирлерди жаратып, жасап, элдин аң-сезимин кадимкидей жаңы доорго карай өзгөрттү. Алардын жеңиши ушул. «Иштеген ийгилик табат» деген чын.

Жашоодо калыстык, чындык өкүм сүрүп адамдын табигый талантын баалоо – бул чоң маселе. Абийирдин тазалыгы, адамкерчилик, ак ниеттик бул ар бир адамга, өзгөчө, рынок мезгилинде өтө зарыл. Калемгерлер жөнүндө жаза берсе сөз бүтпөс! Алардын жазганы бир тең, жашап өткөн турмушу бир тең. Ары кызыктуу, бай, армандуу, телегейи тегиздей...

Чыгармачыл адам жер аралап элдин абалын билет. Баягы «жер көргөндүн көзү ачылат, эл көргөндүн сөзү ачылат» болуп акыйкатты айтса айрым бийликтегилер чычалашат, жактырышпайт, кээде кысымга алышат. Бөйпөңдөгөндөрдү гана жактырган аксымдар андан көп. Дал ошол акыйкатты айтам, элге жеткирем деп жүрүп далай суй жыгылды, чарчап чаалыкты. А ардак наамды жалаң кошомат кылгандар алып келатышканы кандай өкүнүчтүү. «Акылман аз жараларын түшүнсөк ээ?! Бүбүкан — ХХI кылымдын устат журналисти. Мээнетинин дөөлөтүн көрүп арыбай, талыбай эмгектенип эсен болсо экен деп тилейм. Туптунук добушуңду муюп угуп туралык асылым, алтың башың аман болсун! Аялдык бакыт каалайм!.

2002-ж. Май.

БЕЛГИСИЗ КАТТАР

ЭССЕ

Курбум Бүбүканга арналат

Кален

«Арканды чие кылба, акмакты күйөө кылба»

«Кежирге кеп коротпо»

«Күлүк камчы сүйбөйт, күйүк тамчы сүйбөйт»

«Ок жеген кийик сак болот»

(Кыргыз макалы)

Көңүл кушу кургур тура, ар нерсени самайт, эргийт, көксөйт, эңсейт, күйдүрөт, айбыктырат, күйгүзөт, мөгдөтөт, убайым жегизет. Тынч эле жашай берер ушул жашымда көңүлүм, көөнүм алачакмак. Делбирей турган курактан өткөн соң бул да олдоксон иш көрүнөт. Жан дүйнөмдөн дирилдеп келген армандуу, азаптуу бир сезим тынчтык бербейт да турат. Удургуйм, чабалактайм, эмнегедир өзүмөн өзүм алагды болом, кээде келесоодой айтылган сөздү караманча элес албайм. Дүйнө күү шаа түшүп атабы, ала салып оодарылдыбы же бейиштей кулпуруп кубантып турабы эч нерсе көзүмө көрүнбөй селейем, жөн эле тирүү өлүктөй ичим аңтарылат. Эмнеге камыгам да жабыгам? Кансырайм да алсырайм? Мынча не кыйналам, өзүм билбейм... Бул түпөйүлдүүлүк мага кайдан келди?

Ушундай кунарсыз күндөрдүн биринде көңүлүмдү тепчип өткөн бир нерселер болду. Бир топ жылдардан берки жазган кагаздарымды аңтарып, иргеп, көбүн ыргыттым. Домпуйган конвертти ачсам «белгисиз каттар» деген каттар бар экен. Бул мага качан, кайдан жүрүп колума тийгени эсимде жок. Сыягы бирөөлөр берип, аны пайдаланам деп жүрүп эстен чыккан сыяктанат. Жалындаган сезимдерин кагазга түшүргөн ыйык каттарды ыргытайын деп көөнүм кыйбады. Алгачкы каттар кызыл көйнөк кийип, кызарган күнгө окшош сулууга ар башка учурда арналыптыр. Эскертүүчү нерсе каттарга кол тийгизип оңдогон жокмун, болгону бир аз кыскарттым. Анткени, өтө мөгдөгөн жерлерин окуп өзүмдүн жүрөгүм ооруду. Арасындагы кат жигиттер жетпей калган маралдай керилген сулуунун ички күйүтү экен, көбүн кыйытып айтыптыр. ...Жүрөк түпкүрүндөгү эңсеген жаны тигилерден башка бир адам тура. Ажырашкан эринин ага жазган каты да үшкүртөр. Кыскасы, жигиттер кызды, ал кыз башка жигитти сүйүп армандайт. «Бирөөгө зар, бирөөгө кор дүйнө» деген ушул экен го чиркин.Кандай десем, ушу каттар менин дагы көңүл отумду козгоп кеткенсиди. Ошондо Шайлообектин ыры эсиме түштү:

«Жар көчкөн өңдүү бүт жерде,

Жан кишиң калбай күткөнгө.

Жаралбай койбой не дедим,

Жалгыздык башка түшкөндө» деп каңырыгым түтөдү. Көөдөнгө көп нерсе түшүрүп армандаткан менен өтө кеч эле...

Ар ким жүрөктүн каалоосу менен гана жаркын адамын издеп, жолукса жүрөгү туйлап толуп ташып кубанат тура пендең. Жолукпаса муңканып муң басат. «Жан дүйнөдө кыналышып жүрсөк да, коштошподук кол кармашып өбүшүп», «сүйбөйм дедим, сүйгөнүмдү койбодум, жаштык өттү, муздабадым тоңбодум» болуппус.

Жумуштан да турмуштан да чарчап жүргөндүкүбү, кээде ырп этеерге алым жок каржалып, шайым ооп келсем дагы недендир түйшөлүп уктабай чыгам. Меңди акын жазгандай: «Сансыз таңды кыжаалатта тостум да, сан уйкуга болуп келем бересе» болсом да: «Алоолонуп күйүт күчөп сезимде, жалгыздыктан араң жүргөн кезимде. Бет алдыман жарк деп чыгып, жанымды чакчелекей түшүргөнүң эсимде» болгон учурлар сейрек. Уйкусуз түндөрдөн кыйналчу болдум. Ошондон улам го дайым чарчаңкы, карамыккансып муңайым көрүнөм. Жанды жеген оору дагы кыйнады мени. Сызылган оору басыла түшкөн го, кудай жалгап көзүм илинип кеткен экен, түш көрүпмүн. Түшүмдө бийик чокуга отуруп алып кара сыя менен жазылган, бир аз чала оңдолгон кол жазма окуп отурам. Көзүм талыган го, эки жакты карасам тоо түбүндө күнгө күмүштөй чагылып кутман Сөң Көл жатыптыр, ары көз жиберсем жээги калпактай ийилген Пекиндин үйлөрү көрүнөт, «ии, кытайлар жумушка чыгып аткан тура» деп коем, тиягымды карасам толкунун терметип, сырдуу обон салып жарыктык Ысык Көл жатат. «Ак куусу менен ак чардагы Көлгө киринип кеңирсип жаткан экен» деп коем ичимде. Анан, Көлгө көптөн бери каттай элекмин, ден-соолугум оңолсо барып келсем болот эле деп ойлонуп калам. Сыягы колумдагы бирөөнүн жансыры көрүнөт, ар кайсыны карап алаксыбайынчы деп андан ары окуйм:

«24.Х.1991-ж. Түндө түйшөлүп жатып кеч уктадым. Бүгүн да эрте ойгондум. Сырт караңгы. Терезеден баркырап жалгыз жылдыз карап туруптур. Жапжарык... анан жапжалгыз... Мүмкүн мени түнү бою ушул жылдыз ойготкондур... Такая прозрачная... чистая... и одинокая... Сени эстедим кайра. Түндө түйшөлгөнүм да Сен болчусуң. Кечээги сөзүңдү эстедим. Иш котороюн десең кимдир бирөөлөр болбой коюптур. А мен Анук Эмени эстедим. Она была звездой экрана. Великая французская актриса. Когда она впервые появилась на экране ее недруги, завистницы так много говорили о ней, конечно, дурного. Она, великая, благородная женщина (красавица!) одним махом разрубила всех на клочки. Знаешь, что она сказала? А она сказала вот так:

— Түрү сууктарга акылдуусунгандан башка арга жок! Үшүнтиптир. И осталась таким каким она была в действительность: нежной, красивой, доброй, ласковой...

Анан: «Ээ, баары өлүп кетсин, кол шилтеп салдым» дегениңди эстедим. Вот это меня ранило. Ранило как тогда, когда ты впервые мне сказала о том.. о страшном.. (может быть с тех пор стал думат о тебя?!). Меня в свое время поразило одно слово великого философа Фикте: «Самоубийство - это господство над всяким законами природы» деген. Но, об этом когда говорить человек в расцвете и сил. Не могу и не хочу понять! ..Турмушка ушунчалык ишенген, андан ушунчалык көптү күткөн, турмушка эрке кыз болуп эркелеген.. и вдруг турмуштан... Ошондой адамдар гана ойлошу мүмкүн. И в силу этого, что они были изначально честными и чистыми людьми, я верю им... Они способны на большее, чем то страшное...

Сага айттым бекен?.. Бир жазуучунун мени бир кез жинди кылган мындай сөзү бар. Эсиме жадыбалдай жатталып калган: «Жизнь - это не весь отрезок времени, заключенный между рождением и смертью. Это может быть один день, один час, или.. одна минута! Когда ты вдруг себя почувствуешь вольной птицей и очертья голову, хочешь улететь туда, куда велит твое сердце. И если у тебя этого момента не будет, или ты струсишь и упустишь его, то считай, что твоя остальная жизнь это и есть медленное умирание...» Я знаю, и верю в то, что у каждого человека есть или будет этот момент. Или мы попросту его не замечаем. Как белка в колесе бегаем... и бегаем... и не замечаем. И устаем. Усталость конечно, не от беготни, а в не нахождении не в соприкосновении (наверное).

...Думая, думая обо всем этом, вдруг так захотелось мне понять ее, появилась, пробудилось во мне: мен аны 18-20 жашында кулундай туйлап, көпкөк асман менен жапжашыл мейкин ортосунда эч бир санаа билбей ээн жайкын эркин ойноп жүргөнүңдө бир көрбөгөнүмө армандадым, не деген тунук кыялга арбалганын билбегенине армандадым, ошол тунук кыялга эмне жолтоо болгонун билбегенге армандадым, ошол кыялдын кур дегенде бир үзүмү жүрөк түпкүрүндө калгандыр деп, бирок, эми ошонун да жылчык көзүн чым басып бараткандайбы, кур дегенде мына ошол сакталсачы деп буга армандадым...

...А между тем рассветало. Таң..Жайлоо..Шыргалаң суу.. Ат сугарган кыргыз. Чака кармаган жаш келин, өңү күнгө, шамалга, саамалга.. анан азыраак сүйүүгө тотуккан.. Ушул бакубат жашоого ушунчалык суктандым, элжиредим. И так захотелось раствориться в нем и.. растворить. И как в назло таңкы концерттен казак жигит домбура менен ырдап атат:

«Энесин эңсеп боздаган

Ботанын көзүн сагындым эй,

Көңүлдүн отун козгаган

Атамын сөзүн сагындым эй..

19-кылымдагы казактын улуу акынын ыры эсиме түштү:

Бул өлүм кайда жок?

Күркүрөгөн күндө жок!

Жаркыраган айда жок!

Өтөөрү өтүп кеткен соң,

Миң тыйындык кайгыдан,

Бир тыйынча пайда жок, - ээ-эй.»

Мунун автору ким болду экен деп артын карайм да таппайм, кайра туруп «мынча эмне күйдү экен байкуш» дейм да бир даанышман, окумал адам го дейм. Жетпей калган сулууга арнаган ич күптүүсү, кыйыткан ынтаасы, жабык арзуусу тура... – деп ойлогуча тиги тоонун чокусунан өрөөн жаңыртып кол булгай кыйкырган ак калпакчан бирөө мени көздөй аба менен басып келатыптыр. Ичимден «аба үстүндө да киши басабы?» деп ойлоп коем. Басат экен, басып келатыптыр. Аңгыча сааттын чырылдаганынан чочуп ойгондум. Бул эмне деген түш? Унутуп калам го десем, эмнегедир түшүмдөгү жазуулар көп жыл өтсө дагы көз алдыман чыкпады. Арадан он жыл өтсө деле ошол кол жазма көз алдыма элестей берет. Мында эмне сыйкыр күч бар эле? Түшүмдө далай эле ойлорду, пикирлерди жаратып, эртеси ойгонгондо эстегенимди жазып калчу эмес белем. Бирок, алар жазууга түшкөндөн кийин күндөр өтө эсимден чыгып кетчү эле. «Түшүмдөгү даяр ойлорду» жазам деп эч кимге айтпай жашырганымдын жөнү бар, айтсаң ишенбейт, ишенимиш эткени «жинди көрүнөт» деп тырактап күлгөндөн тышкары далай ушак чыгарат эмеспи. Анын кимге кереги бар? Чыгармачылыктын татаал сыры өзүнчө купия.

Арманым сизге жетпей калганым

Каалга аяр ачылып, аудиторияга жараткандын куурчактай татынакай канышасы кирип келди. Биздеги ойду-тоону жооруп, бөлөк-бөтөндү тең санабаган жөө чечендер бөлүнгөн убакытын тең жарымы өтүп баратса да, сабагыңызга кезек берер түрлөрү жок. Бой-турпатыңыз, үн-сөзүңүз, көз карашыңыздан карегимди үзгүм келбей, кебиңизди да өзүңүздү да көздөрүнө илишпей, Сиздей асылзааданы барк албаган, өз сыйын өздөрү билбеген курсташтарыма итатайым тутулуп, не кылаарды билбей, аргам куруп турду. Жашы улуу окуучуларыңыздын энөөлүгүнө чыдабай, лекцияны таштап чыгып кетсеңиз, Сизди биротоло жоготуп алчудай, кайра таба албоочудай туюлуп, ордумда тыбырчылап, жанымдагыларды тыйып, «дайыны жокту тантырабай, токтоткулачы сөзүңөрдү» деп, жаагын жанган дагы бирөөсү Сизди жактырып жүргөнүмдү капилеттен жар салып ийчүдөй кайра тарттым. Убай-чубай арадан эчен жыл өткөнү менен оюмдун ордосун ээлеп, түшүмө да бүлүк салган көз ирмемдик элести унута албай курудум...

* * *

Жүрөгүңүздүн тереңине уюп калчу, эгерим эсиңизден чыккыс, жадыңызга тумардай илинип калаар, боюма өзүңүз ыктаар сөздөрдү издеп, камдап, элесиңизге эрке баладай жалбарам. Сиз менен эки эле ооз сүйлөшүү мен үчүн чексиз бакыт. Кокус жолукканда сүйлөөр кебимди таппай, жанымдан карыш жылбооңузду тилеп, шыңгыр күлкүңүз, шаңдуу үнүңүз эс-акылымды арбап, кудум алгачкы ирет кыз менен таанышып аткандай сүрдөп, сөзүмдөн жаңылып, учурашуубуздун түбөлүккө созулуусун күсөйм. Кээде баш ийкеше саламдашканыбыз болбосо, кирпик ирмемчелик маңдай-тескей сыр чечишип, жаңы жыл алдындагыдай ээн-эркин, бака-шакка тартып, чер жазышпаганыбыз, айдай тунук жамалыңыздан моокум кандыра аймалабаганым -кандай өкүнүчтүү! Арманым-Сизге жетпей калганым... Жандап жүргөндө бүткүл дитим, көз-кулагым-өзүңүздө. Жанаша жүрсөм, жанаша күлсөм, кучагыма кыссам... Кыт-кыт күлкүңүздү, жайдары жүзүңүздү, шайыр үнүңүздү уккан сайын жүрөгүм элжирейт. Дене-боюм балкып, сизге оюм жеткени менен колум жетпегенине өкүнүп, сүйлөп-ырдап атканыңызда ичимден сүйүнүп, «алтыным, күмүшүм...-» деп жалбарып ийгенимди да баамдабай калдым.

* * *

Жараткандын Сизде жайдары жароокерин, туш-тарабынан төп келишкен көлдүн сулуу чүрөгүн байкабай кою – маңкурттук, сокурлук, сүйбөй калуу-сезими мококтук. Эч нерсеге арзыгыс ушул саптарды чиймелеп атканымда бет маңдайымда күлүп-жайнап,өзүңүздүкүнөн бөлөктүкүнө окшобогон үнүңүз менен обон созолонтуп жаткандай жыргап-куунап турдум. Өзүңүз жок, көңүлүм чөгүп, эч ким жакпай, сагынычым кусалыкка айланды. Жаныңызда кимдир-бирөө турса, «залакам тийбегей эле» деп саксына, ээн-эркин сүйлөшүүнүн эбин таппайм. Экөөбүз байланышпагандан берки үч ай закымга айланды. Жаңы жыл кечесинен чыккандагыдай жаныма ыктасаңыз боло! Жоомарт мүнөзүңүздү карматып, бир ирет мени бактылуу кылгандай үн салып койбодуңуз. Атайын арзып барсам, зарыга күттүм, жумушка шылтоолоп. Колуңуз бошобогонун билип турсам да, кездешүүгө келбегениңизге эмнегедир таарынып кеттим. Убактыңызды ушунчалык аядыңызбы, эңсеп барган пендеге бир көрүнүү кыйынга турабы?

* * *

Сүрөтчү гана сиздин жүзүңүздү, күлүп-жайнаган көздөрүңүздү, ички ой-туюмуңузду тартып бере албаса, фотосүрөттөрүңүзгө эгерим канаттанбайм, андан да уста сүрөтчү-сизди жараткан табият, өзүңүз маңдайымда турганда жаным сеп албаса, тыным жок. Мен сезгенди Сизден башка ким туят?

* * *

Ооруп турганыңызды угуп, оңкомон түшкөнсүдүм. Жан адамды байкоосуз өзүнө тарткан жибектей назик, кирпигинен өйдө күлүмсүрөгөн Сиздей асыл, Ала Тоонун ак карлуу чокусундай бийик жанга оору түгүл адамдын көзү, сөзү тийбесин! Үналгыдан үнүңүз жаңырганда эс-учумду жыям, эсиме келген сыяктанам. Эгерим сыркоолобоңуз, жаным! Балдан таттуу ширеңизди мен тааныбаган бирөө татып атканы жадымда жок, көз алдыма мөлтүрөгөн чүрөк бойдон турасыз. Капилет сен деп сүйлөп ийип, сестендирип аламбы деп чоочулайм. Кээде укмуштуудай ширин түштөр кирет. Кынала жатып, алда-нени шыбырап, колумдан тарткылап, кандайдыр жетелегени жатыптырсыз! Кайталангыс түш элесин чын турмуштагыдай кабылдадым. Ырас эле ошо түш өңүм болсочу, күмүшүм,...!

* * *

Кийилбей, тартууланбай калган шакек тууралуу орус ырын оболотуп жаттыңыз. Жүзүңүздөн көзүмдү албай, өзүмчө элжиреп турдум. Бармагыңызга балбал таштуу алтын шакек кийгизген мен болсомчу. Сизге багыштаган миң сан толгонууларым оюмда жайнап турса да, бирөөсүн да өзүңүзгө айтууга чамам жетпей, өмүрүмдө төрт сап ырды толук ырдай билбегеним менен купуя сыр-сезимдерим камтылбаган бөтөн ыр менен кутулгансыдым кезегимден. «Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, өңүмдө ай-ий жолукканда сиз деп жүрөм» деген ырыңызды алгач өзүмө ыроологон оюмдан кайра айныдым. Ооз ачаарда үнүнөн бүткүл дүйнө жаңырган асылзаадага сугун арткан жалгыз эле мен бекенмин?! А балким ал ырын байманалуу, кызматы улук адамдардын бирине багыштагандыр! Ырасын өзүңүз айтпасаңыз, аныгын билбей, ичим бук. Күлүп-жайнап, мага жадырагандай, башкаларга да ошентесизби? Ичим зырп-зырп.

* * *

Эркиндик гүлбагыңдагы мекеменин кире беришинде көлөкөлөп турганбыз. Жайдын күнү боюңузга жарашыктуу этек-жеңиңизди эрке желге желбирете өтүп кеттиңиз. «Болжошконуна баратат»-деди жанымдагылардын бири. Ичим туз куйгандай ачыша түштү. Жадесе жумуштан кийин да жанымдан карыш жылдыргым жок, колумдан келбейт. Учкан куштай каалгып, карааныңыз заматта көздөн кайыды. Жаш баладай умсунуп, үнсүз кала бердим.

* * *

Сизди тууруна кондурган жигиттин арманы жоктур, оу! Анткени менен ал Сиздей мырзайымдын баа жеткис асыл периште, кол жеткис кымбат тураарын туят бекен? Турагына Ай менен Күн түбөлүккө кут сыяктуу уялганын, башына күн, аягына ай конгонун сезет бекен? Барк-бааңызга, кадырыңызга жетсе, азамат! Моокум кандырар, кумар таркатаар аялдай тутса, кор болгон кайран сиздей асыл жан! ..Кайран менин алтын, күмүш айымым... Үнүңүздөн, күлкүңүздөн алтындан кымбатым! Ар убак мөлтүрөгөн жаштыгыңыздан жанбай, мени сүйүндүрүп жүрө берүүңүздү каалаймын.

Келген каттар

Себеби-сиздин калемиңизден жаралгандар көптү көрүп, тажрыйбасы мол жазуучулардыкындай курч, терең, элдик, кызыктуу болуп жатпайбы. Келечегиңиз кең. Азыр республикалык масштабда көп эле кыргыз аялдарынын аты чыгып жүрөт. Ушулар эч бир пайдалуу иш бүтүрүшпөйт. Сыланып гана жандарын убактылуу жыргатышып жүрүшөт. Мындайча айтканда «бак айтып» койгон. Мен Сизди булардан жогору көрөм. Сиз деген тарыхка калчу инсансыз. Бир тууган карындашымдай сезем. Сизди көрө элекмин. Сизди жүрөгүм менен сезем. Баалайм. Урматтайм. Ар дайым көңүлүмдөсүз. Жүрөгүңүз ушунчалык таза экен.

* * *

Чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү бактысыз өмүр сүрүшкөн. Же үй-бүлөдөн, же тиричиликтен. Мен биринчи катымда кыргыздын көзү өткөн бир топ талантуу адамдарды атабадым беле. Ошолордун баары тең жакырчылыкта күн көрүп, акыры арактан өлүштү. Бир таланттуу эме бөтөлкө чогултуп калган. Стадиондун жанында биздин жатакана бар болучу. Бизге көп келчү. Өлгөндө көчөгө тоңуп калыптыр.

Бир сулуу акыры арактан өлдү. Өзүн унутуп салды. Бир тыйыны жок калган учуру болду. Ар кандай ыплас иштерге барды. Кээде айыл жеринде байлардын же чоңдордун үйүндө болуп калам. Үйүнүн ичи кадимки эле дүкөн. Кымбат баалуу килемдер, хрусталдар, мебелдер. Столдун үстү толтура түрдүү тамак-аш. Ичкилик жайнайт. Аялдарынын бүткөн бойлору бүт эле алтын. Анан сүйлөгөн сөздөрү жалаң эле оокат жөнүндө. Жашоонун жыргалын жалгыз эле ушулар көрүп тургандай, же жашоо ушулар аркылуу өтүп жаткандай...

Аттиң, ушул адамдар Сократ, Гегель, Дюма жөнүндө окушса же билишсе, Алыкулдун ырларын окушса же байлыктан да атак-даңктан, үй-жайдан аша кечип дербиш болуп кеткен бир эле сөзү алтынга тете чыгыштын акылмандарын билишсе-тигил дүйнөкор макулуктар байлыкка кызыкпас эле. Байлыкка эсирбейт эле. Мен буларды мисал кылганым- көр дүйнөдөн жан дүйнөнүн байлыгын артык сезем. Жетиштүү турмушта жашап, акыл-адамкерчилик болсо...

* * *

Дидарыңызды көрдүм. Мен ойлогондой эле болуп чыкты. Пешенеңиз жайнаган, акылга жетик, ырыска шерик дегендей... Мен сизди Рафаэльдин, Леонардо до Винчинин атактуу Мадонналарына, Абайдын Токжанына, Шотанын Нестандарежанына салыштырам. Кем калышпайсыз. Бар бол! Аман бол Айланайыным!. Сизди төрөп-өстүргөн ата-энеңизге миң алкыш! Периштем, бакыт кушум, тоо гүлүм, мөл булагым деп Сизди эркелетким келди. Алдыма алып отуруп, маңдайыңыздан сылап, денеңизден чолоо жер койбой өпкүлөгүм келди. Кудайдан, Теңирден сизге бакыт-дөөлөт-өмүр тилеп суранып, ичимден ниет кылдым. Жүрөгүмдү кубаныч сезим бийлеп, Сизди көргүм келип, чөгөлөп бутуңузду кучактап буулугуп ыйлап туруп:-Карлыгачым, Акылкарачачым, Саулем кейибе, турмушка-тагдырга моюн сунба. Мен бармын! Мен Сизди коргой алам. Кадимки Кожо Кыдыр сыяктуу колдой алам деп айткым келди.

Сиз мага балким таң каларсыз. Бул эмне болгон киши деп. Мен эч жашыра албай жүрөктөгү гана аруу сезимдеримди сизге туюнтканым... Ишенем, Сиз түшүнөсүз. Ушул жазгандарымды тескери ойлобоңуз. Баягы эле кадыресе эркектердин көнүмүш сөздөрү деп. Кокус сиздин көңүлүңүзгө төп келбеген сөз жазсам анда кечириңиз. Мен сизди капа кылуудан алысмын.

* * *

Жүрөгүм таза. Арамдыкты билбейм. Адамдарга Прометей сыяктуу жакшылык кылсам дейм. Мүнөзүм бала кыял. Романтикадан чыга албай койдум. Улуу адамдардын өмүрү, жашоосу, иши кызыктырат. Турмушту ошолордун көзү менен карагым келет. Мен эмне үчүн ошолор иштеген ишти иштей албайм? деп өкүнөм. Эгер ушул бойдон өтүп кетсем, туз көмгөндөй болом го деп кээде уйкусуз аппак таңдарды атырам. Өмүрдүн аздыгы бир эсе өкүнтөт. Жашоодогу тоскоолдуктар дагы өкүнтөт. Ошентип бул жалган дүйнөдө арманда гана өтүп кете берет окшойбуз.

* * *

Кымбатым, эсенсиңби!

Жакын адамдар бирин-бири «Сиз» дегенден «Сен» деп сүйлөшкөнү эле түзүк болуш керек. Мурда өзүңүздү көрө элегимде «эрге сыпайкерчилик» ирээтинде бир чети ыйбаа кылып сиз дечүмүн. Дидарыңызды көрдүм. Ошого каниет кылам. Убакыттын тардыгы, ойдогудай шарттын жоктугу - дагы бир аз тереңирээк бири-бирибизди билүүгө, түшүнүүгө көп эле салакасын тийгизет экен. Бирок, акылы толук, билими бар, зирек адамдар кишини бир көргөндө эле ким экенин баалайт эмеспи. Менимче биз бири-бирибизди толук түшүнүштүк окшойт. Жок, мен сизди «сен» деп айта албайм.

* * *

Ошентип сизди көрүп кубанычым артып, эртеси Көлгө кеттим. Жол бою сизди гана ойлоп бара жаттым. Кыялым алда-кайда кетти... Сиз эч качан, эч нерсеге капа болбоңузчу? Муңканбаңызчы? Сиз үчүн бардык азап-тозокту, кыйынчылыкты мен тартайын. Бардыгына мен даярмын.

* * *

Сизди эң биринчи көргөнүмдө Курманжан датканы элестеп жибердим. Кечиресиз — ал киши жөнүндө окугам, көп уккам, фотосун көргөм. Бой-келбети, баскан-турганы, акыл-парасаты, мүнөзү-мамилеси кудум эле сиз ошол касиеттүү айымга окшошсуз. Ал эми тагдырыңыз окшошсо эле — Сиз бүгүнкү күндүн Курманжанысыз. Ошол кишиге саламдашканы, этегине тооп кылганы тээ алыскы жерлерден адамдар келчү тура. Мен да атайын Сизди көрүш үчүн баргам. Тилегим кабыл болду. Сизди көрдүм. Ыраазымын. Өмүрүм өткөнчө сизди пир тутам.

* * *

Сизди медер тутуп, жашоого болгон кызыгуум артат. Сиз бар үчүн жашагым келет. Сизди толук түшүнөм. Жүрөгүңүз ушунчалык таза экен. Ушунчалык жөнөкөй экенсиз. Мен сизди эки жылдан бери издеп жүргөм куса болуп...

Сизде адамгерчиликтин улуу үлгүсү, акылдын залкар дайрасы бар экен. Сиз менен жердин түбүнө, Мекеге, башка планетага чогуу барууга болот. Бир гана эрди эмес тайпа журтту жол көрсөтүп ээрчитип кетүүгө жарайсыз. Мага жагынып, көшөкөрлөнүп, кур мактап жатат дебеңиз. Сизге болгон көз карашым-Сизге болгон эргүүм ушул. Сиз бул сезимди түшүнөт деп ойлойм.

* * *

Мен Сизге тең келе албайм. Сиз келечектүү адамсыз. Сиз деген адамзаттын тарыхына каласыз. Муундан-муунга Сиздин ысмыңыз айтылып калат. Же сиз өзүңүздү байкабай жатасызбы? Же күндөлүк жашоо тиричилик, үй-бүлөчүлүк терс таасирин тийгизип жатабы? Андай болушу да мүмкүн. Түшүнөм.

* * *

Мен Сизге кул катары, Сизге кызмат кылып, Сизди ар кандай терс таасирлерден коргоп, капа болсоңуз-күлкү шаттык тартуулап, чарчасаңыз-эс алуучу салкын жай болуп, суусасаңыз мөл булак тунук суу болуп.. Деги кайсы бирин айтайын килем болуп төшөлүп, жорго болуп чайпалып, жонума гана көтөрүп жүрөөр элем.

Бир Сиз үчүн отко күйүп, сууга чөгөөр элем. Эр башымды сизге саяр элем. Эгер эле керек болсо сизди чын сүйгөндүгүм үчүн, урматтагандыгым үчүн көз алдыңызда жанымды кыйып өлөөр элем. Ошондо өзүңүздү жана мени билээр элеңиз. Оо, алтыным! Мени аяңызчы. Мага туура түшүнүңүзчү... Мен Манжун, Раймалы же Гете болуп калдым окшойт.

* * *

Адамдыкты же бирөөгө кара санап жамандык кылууну билбейм. Таза мусулман дининдеги пенде болсом дейм. Шарият жолунда никелүү аялды сүйүүгө жол бар экен (Омар Хаямдын ырларында деле бар эмеспи).

* * *

Мен түз жолуңуздан адаштырбайм. Уюткулуу, ордолуу уяңызды бузуп, өз кызыкчылыгымды көздөп адам тагдырына кара ниеттик кылгым келбейт. Бирок, Сиздин кызыкчылык, Сиздин өмүр-тагдыр мага баарынан кымбат! Ансыз деле биз аз жашайбыз. Өмүр аз. Шыгыңызга шык улантаар элем. Жарпыңызды жазып, көңүл отуңузду тутантып эргитээр элем (Баардык ойлорду жаза албайм).

Менин алтыным! Бар бол, аман бол! Ананайыным! Ушул жашоодо мен сизди эч нерсеге, эч кимге теңебейм. Дүйнөлүк генийлерден, улуу адамдардан да жогору турасыз мен үчүн.

* * *

Саламатсызбы, мага болгон ак пейилиңизге, адамдык мамилеңизге, берген баалуу кеңештериңизге терең ыраазычылыгымды билдирем.

Мындан мурда жазган каттарымда ашыкча кеткен сөздөр болсо — аны эч эрөөн албаңыз да көңүлүңүздү кирдетпеңиз. Суранам. Мен Сиз менен таанышканыма ушунчалык өзүмдү бактылуу сезем. Тим эле айга колум жеткендей. Анткени -сиз деген топ жылдыздын ичинен өзгөчө бөлүнүп, жаркырап, нур бөлүп турган жалгыз жылдызсыз! Сиздеги өзгөчөлүктөрдү сезип-көрүп турам. Аман болуңуз. Келечегиңиз кең. Мен сиз үчүн тескери ойдон алысмын. Ошондой жеңил ойлогондордон мен да жийиркенем. Арам ойлуулук, митайымдык, алдым-жуттумдукту билбейм. Өтө катуу сүйүнсөм-жүрөгүм элжиреп көзүмөн жаш куюлуп кетет. Бардык нерсе таза болсо дейм...

* * *

Билбейм эмне үчүн... Сиз мага баарынан жакын сезилесиз. Же Сиз деле мага окшоп жүрөктөгү болгон нерсенин баарын эч жашырбай жазганыңыздан уламбы... Же сиздеги эң жогорку асыл сапаттарды сезгенимдемби...Сиз мен үчүн жаңы ачылыш сыяктуу сезилесиз. Көзүмдү ачып жатасыз. Сиздин ар бир сөзүңүз мен үчүн кымбат.

* * *

Сизди Акыл Карачачка теңейм. Мен сиздин жаныңызда Төрөмырза сыяктуу болсом керек. Акыл-кеңеш бериңизчи. Кудай-таала мага көп жакшы нерсе берген. Бир гана өмүрлүк жолдоштон жолум болбой турат. Мен сиз жөнүндө дайым ойлойм. Сизге көп кызмат кылсам дейм. Ак дилимден кызмат өтөйм.

* * *

Ардагым саламатсызбы! Тирүүчүлүктө Сизди менден артык билген жана баалаган адам баласы барбы же жокпу биле албайм. Бирок, сиз мен үчүн эч теңдешсиз, баарынан бийик турасыз... башка эч нерсе ойлобой эле бир гана Сизди ойлоп калдым. Сиздин билимиңиз, чыгармачылык шыгыңыз, тунук сезимиңиз, адамкерчилигиңиз-жөнөкөйлүгүңүз мага кагат. Ушул асыл сапаттарыңыз мага кымбат.

* * *

Кыялданам Алыкулча. Көл жээгинде өзүбүздүн үйүбүз, короо-жайыбыз, бак-дарак, жер-жемиш өскөн огоротубуз, шылдырап арыкта суу агып турат. Көлдөн салкын сел согот. Толкундардын шуулдагы угулат. Көл үстүндө ак куулар. Барчылык, токчулук, жетиштүү жашоо. Кубулжуган музыка үнү. Сиз бажырап ачылган гүлдөрдүн арасында китеп окуп же бир нерсе жазып отурасыз. Короодо балдарыбыз ойноп жүрүшөт. Мен картинанын үстүндө иштеп жатам. Кечинде көл жээктеп сейилдөө. Бири-бирибизди сыйлашуу, аяшуу.

Ушундай таттуу кыялдар мени бийлеп алды. Кыялдан ойгонуп кайра өзүмчө ойлоп коем: ушул кыялымдагыларды куруу колумдан келеби деп. Келет экен. Эгер Сиз эле жанымда болсоңуз. Бири-бирибизге өбөк-жөлөк болуп, акылга акыл кошсок эле болчудай. Өмүр берсе жашоо алдыбызда турат.

* * *

Менин оюмча адам эркин болуш керек. Бирөөдөн басынбаш керек. Кордук көрүп, жаман сөз укпаш керек. Айрыкча үй-бүлөчүлүктө. Эркек аялды аздектеп сыйлоо, бардык жагынан кам көрүү, материалдык жактан камсыз кылуу, ар кандай терс таасирлерден коргоо керек. ж.б.у.с.

* * *

Азыр адамдар биз ойлогондой эмес. Көбү бузук, арамза, көрө албас, ушакчы, калпычы ж.б. Айрыкча айыл жеринде. Сиздин кээ бир сөздөрүңүз мага дем берет. Айрым бир кудайдын каарына калган: дүнүйөкор, мансапкор, идеясы бузук, жасалма мүнөз ж.б. ушундай адамдардан биз түбөлүк өйдөбүз. Ошон үчүн биз жашашыбыз керек.

* * *

Мен Сизди түшүнүп турам. Убактыңыз тар. Үйдөгү машакаттар, балдарга камкордук, аял түйшүгү, кызмат жоопкерчилиги, чыгармачылык ышкы... анан сезимге - нервге доо кетүү. Өткөн жолку кезигишүүдө бир саамга муңайып калганыңыздан улам көйгөйүңүздө өксүү, арман бар экенин сезгем.

* * *

Жашоодо бир адам аты бар айбан жүрөт дүнүйөнү тебелеп эсирип, жан дүйнөсү тар, бирок, байлык менен бийлиги бар. А бирөө жүрөт эптеп күн көрүп, бирок, жүрөгүнө бүт ааламды батырган.

* * *

Аман Токтогулов деген «тапан» айткан: -Ким көп окуп көп билсе-анын кубанычы аз, кайгысы көп болот-деп. Ал бирөөдөн укса керек. Негизи, чынында эле ушул туура болуш керек.

Сизге шаарда жашоо жагабы же айыл жеринде жашоо жагабы?.. Мен ойлойм ушул мезгилде, жалпы эле адамзат болгону олку-солку коогалуу, жетишсиздик ж.б. жагдайлар болуп турган кыйын кезеңде калк кайнаган, ызы-чуусу көп, кайда барса кезек күтүү болуп кыйынчылык менен күн көрүп шаарда жашагыча айыл жери жашоого бир кыйла жеңил го... Ал эми айылда акчанын көп деле кереги жок. Таза ава. Тамак аш кенен. Көмөкчү чарба болот. Жоопкерчилик анча жок. Лев Толстой өмүр бою өзүнүн гана мекенинде бир кылым жашап не деген шедеврлерди жазбады.

Шолохов деле өз эле айылында жашап өтпөдүбү. Ал эми биздин мыкты прозаик М.Гапаров өз айлында эле там салып алып, жашап-иштеп жатпайбы. Сонун аңгемелерди жазып.

* * *

«Сынган кылычтагы» Нүзүптүн түшү сыяктуу Сиз менен жолугушум өтө кыска болуп жүрөгүмдө өкүнүч калды. Жок дегенде бир күн кечке чогуу болсок эмне...

Ичкен тамак-ашын же акча-байлык жөнүндө кеп, салышат.-Эй, адамдар! Моцарт, Штраус, Репин, Перов, Михлука-Маклай, Сверцов, М.Горький жөнүндө билесиңерби? десем. Алардын биздин жашоого эч кереги жок. Алар сага керек-дешет. Ичимен тынып отуруп калам башымды чайкап. Айыл интелигенттери, мугалимдер көпчүлүгүнүн кругозорлору өтө начар. Өткөн мезгилдин таасири болуш керек.

* * *

Сиз менен бир эле саат чогуу болуш — мага бир жыл бакыбат өмүр сүрүү менен барабар.«Кайгыга салып агаңды, Картайган кезде жолугуп» деген ыр эсиме түштү.

* * *

Мен Сизге өтө берилген жакын адам катары муну айтар элем: сизге бийлиги бар, же байлыгы бар, же бир атагы чыгып жүргөн эркек аттуулар чалма ыргытуулары мүмкүн. Өзүңүздү-өзүңүз сактаңыз. Кыргыздын бир сонун белгилүү кыздары «булганып» калышып ошол жаман ат бүт элге айтылып калды. Сиздин жүрөгүңүз таза. Ошол таза жүрөк өмүр бою таза болуш керек.

* * *

Саламатсыңбы?

Сен бар үчүн жашагым келет.

Сен жок болсоң дүнүйө бөксөргөнсүп элестейт.

Кеч таанышканыма өкүнөм.

* * *

Кээде бир нерсеге капа болуп турганда сени эстеп жазылып кетем. Анткени — мени түшүнө турган кымбат адамым Сен бар эмеспи деп.

Сени менен бирге жашаштын өзү чыныгы бакытка жеткен менен барабар. Бир күн чогуу болуп баарлашуу — бир жылга өмүр узарганга тете.

* * *

Сүйлөшсөк, пикирлешсек бири-бирибизди толуктап турат экенбиз. Сенин ордуңда башкалар болсо көк тиктеп бышкырык атып калмак. Сендеги эң жакшы сапат-жөнөкөйлүгүң. Баа жеткис адамкерчилигиң.

* * *

Кандай гана мактоо сага жарашат. Сен ага толук татыктуусуң. Сен кыргыздын мурдагы да кийинки да эң атактуу кыздарынын бирисиң.

* * *

Өзүңдү көрбөй туруп чыгармаларыңды окуп алып ашык болгом. Сени сүйгөндүгүм үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Бирок, ичимден азап чегип жатам. Шота Руставелинин каармандарындай. Сен үчүн мен бардыгына даярмын. Керек болсо бул дүйнөдөн кечип деле коем.

* * *

Кыргыздын бир топ белгилүү адамдарын көрүп билип калдым. Алардын көпчүлүгү жашоодон кыйналып жүрүп өтүштү. Кээ бирөө кайыр тилеп калышкан. Качан көздөрү өтүшкөндөн кийин аларды даңазалап, көчөнүн, мектептин аттары коюп жатышат. Бул дүйнөдө бир гана сени угар элем. Мени бактылуу кылуу бир гана сенин колуңда. Сага таанышкандан бери мендеги илхам ойгонду.

* * *

Сенин ким экениңди билбей, баркыңа жетпеген пенделер да ушул турмушта бардыр, ээ?! Аттиң! Алардын көөдөнү сокур. Мен ойлойм бул дүйнөдө сени менден ашыкча сүйгөн адам жок деп.

* * *

Тирүүлүктүн кадырын билбей жүрүп бир күнү пенденчилик кылганыбызды сезбей, арман артып кайда кеткенибизди билбей калабыз. Дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Ван Гог сүйгөн кызына сүйүүсүн далилдеш үчүн кулагын кесип берген. Ал эми мен?..

Мындан көп жылы мурда таанышканыбызда балким тагдырыбыз башкача чечилмек. Сени мен дайым ойлой берем. Бассам-турсам. Тирүүмдө бирге болуп, өлгөнүмдө бирге жатсам-арманым бул дүйнөдө болбос эле.

* * *

Сенин мага айткан ар бир кебиң кымбат. Осуят катары кабыл алам. Улуу акылмандардын осуят сөздөрүндөй. Сен мага жол көрсөткөн ак шооласың! Көөдөнүмдө: «көкөй кестинин» муңдуу кайрыгы. Өткөн өмүрүмдүн текке кеткени, жалгыздык, бактысыздык, санаа тартып куса болом белгисиз бир сезимге. Өзүң айткандай бул дүйнөгө кээде туруп түкүрүп туруп басып кетким да келет. Бирок, кимге таарынып:... Кимге өчөшүп?

Капа болбосоң окуп кой, сага арнаган айрым шилтемдерим бар:

Күн асмандан өтпөйбү

Күндүн даты кимге өтөт?

Кереметим, күмүшүм деп,

Күйүп жүрүп мен өтөм.

Жаш болуп бармактайдан бирге өспөдүк

Жай түнү бирге олтуруп сыр чечпедик.

Алдымда азоо толкун агын дайра

Сен болдуң мен өтүүчү бир кечмелик.

Өтүптүр турмуш менен далай жашым

Тартуудур бир өзүңө алтын башым.

Кечигип тааныштык деп кейибегин

Келечек көптү күтөт карындашым.

Тутанып оттой күйүп жана албадым

Турмуштан түз жолумду таба албадым.

Алтыным капа болбой кабыл алчы

Калган бүт өмүрүмдү сага арнадым.

Сен бербесең тилекти жолум таштак

Серүүндө да ургандай ысык аптап.

Кайгыдан мөгдүрөгөн жүрөгүмдү

Карындашым, калтырбачы отко кактап!

Карындаш, калк сыйлаган өзүң бир кыз

Мен үчүн жанып турган чолпон жылдыз.

Атагың алыс кетти аңыз болуп

Ардактап турушпайбы жалпы кыргыз.

Мен сени ойлой берем, ойлой берем

Сага арнап ой гүлүнөн тесте терем

Тагдырдан татаал жолун аяр басып

Сен үчүн ыйлап келем, ырдап келем.

Эгер сен дайнын билсең мүрөк суусун

Айтчы, анда, бир сен үчүн табар элем.

Эгер мен мөл булактын суусу болсом

Дартыңа даба болуп берээр элем.

Кагылайын, кайда жүрбө, аман жүргүн!

Калкыбыз кадырлаган тоо гүлүсүң.

Аман бол, ай чолпондой карындашым

Атагың араласын дүйнө жүзүн.

Кечкурун көлгө бардым ошол күнү

Сен баскан изди басып, көлдү бойлоп.

Көгөргөн көл жээгинде отурганың

Элестеп Алыкулду кеттим ойлоп.

Эгер саа керек болсо дарылыкка

Берейин аянбастан көзүмдү оюп.

Келиндин жазгандарынан

Аттиң, бир кем дүйнө...

Анда деле оюмда Сен, дилимде Сен, алдыдагы максатым да Сен болчусуң да... Кайсы бирин айтайын. Кандай дейм, эми!

Аялдык алсыздык менен мен аны каалайм!! Ал эми акыл-эс менен арты кандай болот деп кылчактап корко берем. Экөө тепе-тең!!! Бирин бири жеңе алышпай келе жатат. Бирок, анын дайыма чалып, суранып, акыры сүйүп турушун өтө каалайм. Үнүн дароо тааныйм, баары жагат, аялынан кызганам,... Каалайм, каалайм, бирок, кантип, кантип? Маңдайыма жазылганы ушул экен да чиркин! Эрим жөн эле көлөкө, көлөкө. Анын кордугу өттү, тажадым. Кандай кылып турмушумду өзгөртөм, билбейм, билбейм, күйүп, күйүп кетем.

«Алдууларга кор болсо багың сынат, Алсыздарга кор болсоң шагың сынат» деген кадиксиз экен го. Казактардын бир залкарынын ыры эсиме түштү:

«Кан алдында сүйлөдүм

Кан кеспеди тилимди.

Журт алдында сүйлөдүм

Журт таппады кемимди.

Өз үйүмө келгенде

Ит көрсүн менин күнүмдү». Ошентип, «ит көрсүн менин күнүмдү» абалында калдым! Эмне кылам? Мындай азаптан, муңдан, аргасыздыктан кантип кутулам? 9.10.1990-ж.

* * *

«Суук сөздөн ырыскы кемип турат» деген чын окшойт. Кечээ менин үй бүлө күтүп жашагандан бери өмүрүмдө өтө чоң, абийир кечиргис окуя болду. Күйөөңдү сүйбөй жашаган, анын кыял жоругун жактырбай жашагандан ашкан тозок бул дүйнөдө жок болсо керек. Кийинки күндөрү турмушка нараазы болгондук, сүйбөй жашоонун тозогун түшүнүүнүн айынан анын кемчиликтери мурдагыдан да жаман оркоюп көрүнүп, анан дагы көр турмуштун башты жеген сөздөрү ортодогу мамилени ого бетер курчутуп жиберди. Кыскасы, толуп турган чөйчөктөгү ачуум төгүлүп кетти. Көрсө «бөксөргөн көңүл түз болбойт» экен. «Ичтен кетишип калган соң, жарашкандан не пайда?». 8.02.90

* * *

Айла канча жүрөгүм эзилип турат, бирок, бирок... эч нерсени өзгөртө албайм. Жашоодон жададым, жададым!!! Көргүм келбейт, кускум келет, арманым, арманым айтып бүткүс. Каргыш тийсин, убалым уктатпасын, бирок, азабы кайра мага түшөт го. Намысы жок байкуш тура. Мен өзүмдү сүйбөгөн адам менен кор болуп жашабас элем... Акыры айтар сөзүм кудай өзү ажыраштырсын.

Айла жок. Омар Хайамдын рубаилери жүрөгүмдөн сызылып өтөт.

«О көктөгү, таш боор кудайым!

Түк тийбеди сенин ыраа, убайың.

Кайгы-муңдан күйүп өчсө жүрөгүм,

Да чок басып, тартырасың убайым»-деп ал неге муңканды экен!? Ал дагы ушул куу тумшук турмуштан далай күйсө керек. Жанга батып сыздаганы эчендердин ичиндеги арманыдыр...

«Бул дүйнөнү бүт зомбулук башкарат, барбы чындык дагы мындан башкараак?» деп ал дагы муңканган тура. Эмнеге? Өтө кыйын абал. Эки анжы ой жеп бүттү. Ушинтип бирөөнү сүйбөй койсом не?! 22.11.1992-ж.

* * *

Ойлогон ой көп, кыстаган турмуш да күчтүү. Экөө тең басып турган оор жүк. Ал сөз менен сүрөттөй алгыс башка нерсе экен. Эч бир жан түшүнө, биле алгыс зор жүк. Ал жан дүйнөмдүн бул жашоомдо толбос көңдөйлүгү, мейкиндиги. Ал жан дүйнөмдөн мага керексиз, кийинки турмуштан пайда болгон, өзүм көрсөм, сезсем жийиркене турган жүгү - ички дискомфорт.9.01.1993

* * *

Дүйнөдө эң башкы нерсе сүйүү сезими окшойт. Сүйүп турсаң, сени бирөө сүйүп турса андан өткөн бакыт барбы? Бирок, ал сезимиң жашыруун болсо бакыты кайсы? Ал бакыт эмес кайгы! Сокур сүйүүдө арсыз кызганыч көп, бирин бири түшүнүп, ызаттап турса ээ. Ал эми сүйбөгөн адам менен жашоо андан өткөн эң оор кайгы, жүк!!! Ай, кудайым ой, карап туруп тим эле өзүмдүн денеме өзүм батпай кетем. Уктайт эле уктайт, өмүр бою уктап келет. Эмне кылам? Кудай ай ушул кеңкелестен өзүң жардам берип ажырат.

«Кыянат иштен муң калат.

Санаасын ичке батырган,сабыры бекем тың калат» деп жүрүп өтөмбү? «Абийирдин ичтен жанган чогу жаман» тура. Кантем? Ким менен сырдашам? Мындайда сырга бекем адам да табылбайт. Ой күйдүм да. Теңимди таба албаган кандай бактысыз адаммын. Бардыгына кор болдум. Кыргыздын кыйын деген кызы мен ушундай армандуу болсом калганы кантип жашап жатат болду экен? Турмуштан көптү доолап турган жокмунбу? 24.02.1993

* * *

...Бирок... кайсы бирин айтайын, эл караган өңдү, көз караш менен сүйлөшүүчү акыл эсти, курч тилди берип туруп, ушулардын баарынын башын байлаган коркоктук менен жалтактыкты жана аларга жараша бербеген жалкоолукту кошо берип коюптурсуң. ...Кандай өкүнүчтүү!

...Күйүп турам!

«Бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа» деген сөз бекеринен айтылбагандыр... Сыртым кооз, ичим бош, көзүм күйүп турат, көөдөнүм күйүп турат. Деги тагдыр дегениң тамаша эмес экен го. Бирок, топук кылайын, абийир гана сакталсын... 25.02.93.

* * *

Ооруга кор болдум. Түнү менен кирпик какпай кыйналып чыгам. Үйдүн тынчын албайын деп сездирбөөгө, билдирбөөгө аракеттенем. Айтканда деле ажат аччу кимим бар? Балдар жаш, али көп нерсени түшүнө элек. Калп эле бирдеме окумуш этем. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой, мага да эч ким керек эместей, пас маанайда суз жүрүү адат болуп баратат. Ичимден эле муңканам, же муңум түгөнбөйт. Эмне жарыкты күтөм, издейм, билбейм, абдан эзилдим.

Бул дүйнөдөн жийиркендим. Жасалмалуулуктан, эки жүздүүлүктөн, абийирсиздиктен тажадым. Көрсө улуу даанышмандар айткан кунарсыз, кумардуу көр дүйнө ушул экен го. Акыркы Теңирге кайрылбасам кыйрап калаарымды сезгенде өзүмө жик-жик ой кетти, санаа сапырылды. Элге кылаар кызматым Теңирден таңууланган соң муну моюнга алганча далай мезгилди өткөрүп ийгениме, көр турмуш менен аракеттенип арасат жүргөнүмө өкүндүм.

Издегенимди өмүр бою таппагансып, чарпылып жүрүп, көңүлүм жаркып бир асылга жолугуп чындап сүйө албапмын. Бассам-турсам бура бастырбаган катынпоздордон, идеалисттерден, көр пенделерден качып, жийиркенип, чочуп жүрүп күнүм өткөн экен. Кудая шүгүр, торго илинбей калганыма. Бу пендечиликке эмнеге мынча салкынмын, көңүлкошмун? Кээ бирөөлөрчүлөп ошондой уруу сезимден жыргап канагаттанбайм? Көкүрөк көөдөнүм көлкүлдөп эрип, толуп, толкундап, куунап көңүл ача албадым. Дайым саксынам да турам. Мен жеткиче акыл эсим калчап турат да окчундатып таштайт. Дайым жалгызмын, жалгызсырап жанчылам. Үйдөгүнүн кейпи тиги, кудайдын куттуу күнү ылжып мас. Кантип күндө ичкилик ичкенден тажабайт да чарчабайт? Эмнеге күндө иче берем деп өзү ойлонбойт? Мындай адам менен жашоо өтө коркунучтуу, тозок тура.

Чогуу жашап кадырлаша албасаң — бул өмүрүң кор, же түшүнүшпөсөң. Андай аргасыз никенин кимге кереги бар? Ушундай никеге түкүрдүм. Он беш жыл көзү ачылбай күндө арак ичет деген эмне шумдук? Муну кантип айыктырам? Дегеле ушундай адам жашоого укугу барбы? Ооз кесир болбосун мындайдын «баарынан жогу» жакшы эмеспи. Нарксыз адам менен жашоо айбан менен чогуу жашагандай турбайбы. Айбанга ким ишенет? Кантип ишенесиң тагдырыңды?! Балдар болсо чоңоюп келатат. Ээ, кудай балдарыма ушул иттин тагдырын бере көрбө. Бактылуу болушса экен балдарым. Жалгыз карманаарым, тутунаарым, огожо кылган сүйөнүч, таянычым ошолор эмеспи. А алкаш менен жашоо кандай азап, тозок, кандай чоң кайгы? Менин убалым кимге? Куунабай өткөн өмүр өмүрбү? Жарың бар туруп, жадырап жайнап жашай албасаң тирүүлөй кор эмей эмине? Карлыгачтай кайкыган келин кезегим арсыздан токмок жеө, урушуу, заар тил угуу, жалгыздык, ичтен сызуу, кор болуу менен жабыгып өттү. Башымды, жанымды азат эткенге күчүм келбедиби, же чыгынбадымбы? Же бир эрге өзүм сүйүп, жактырып чыксам не?! Анда өз убалым өзүмдө дебейт белем. Кызды ала качып катын кылып алгандын тукуму кыркылсын! Ушундай жаман жоруктун курмандыгы болуп куурап өткөн кайран гана гүлгүн өмүрүм! Аттиң ай, ушу мен деле бул дүйнөгө бир келип бир кетем да, анан ачылбай өчүп кете берсең армандын чоңу ушул эмеспи... Каниет кылайынчы, өмүрүмдү узарткан, жашоого алаксыткан, шордон бир аз арачалаган - балдарым, жазган ойлорум бар го. Олжом ошолор, кудайдын мунусуна да шүгүр.Жаз айы.1993-ж.

* * *

Меңди акын өксүп айткандай: « Бир өксүк толбой калган, баары бир кусалантат», «булуттай буулуктурган, бул куса качан бүтөт?» «Кызыл күйүт чырылдайт канды бойлоп, мээлеп алган жүрөктү, ал чагылган!» болдум. Көңүлүм чөгүңкү, маанайым пас. Эмнедендир бук болом. Алсырайм. Жалгыздыктан жабыркайм. Ушул жалгыздыктын азабын аябай тарттым. Бул эмне деген жакшылык-тегерегиңде жайнаган адам жүрсө, анан жалгызсырасаң... Көңүл кушуң эч кимге агытылбаса. Асылгандарга көңүлүм тартпаса, жактырбасам, кайра, алар антаңдап, төгүлүп чачылган сайын итиркейимдин келгени эмнеси?! Дилиңден төгүлүп сүйлөшө турган, муңдаша турган адам жок муңайдым... Көр дүйнөдөн, ыпластыктардан ушунчалык чарчадым. Ооруп жүрүп да көңүлүм такыр ачылбай койду, же бул оорунун залдарыбы?

«Бул дүйнө баш аламан, тартип кетти, жамандан кысым көрүп, жакшы чөктү». «Билген билээр, акылдуу түшүнөт го, бул дүйнө оңолбогон жолго түштү» деп касиеттүү бабам Жусуп Баласагын бекеринен мөгдөбөсө керек. Жан дүйнөнүн жабыркаганы качан токтойт? Качан?! Карап туруп көңүлүм айныйт, түлкүдөй кубулган, айлакер, арамза, кир адамдар көп экен. Көпчүлүгү мансаптын, байлыктын, күнүмдүк көр оокаттын, пайданын арсыз кулу. «...Азабымды баштан жуулбас, арманымды кайдан толтурам?» деп Меңдидей, мендей чырылдагандар бул турмушта азбы? Өткөндө жанга жагым көп жакшы сөз уккандыктанбы жаш баладай көңүлүм көтөрүлүп, жан алгычтай жабышып ооруп жаткан кеселим да тынчып, жаным жай алып калгансыды. Оору кор тура. Кимдин көзү, жаман сөзү тийди?Адамды мөгдөтүп, чөктүрдү. Ылайым ушул сыркоодон арылсам экен. Өзүмө карай турган кез келди. Эл көзүндө, сөзүндө экемин.

Эл мен жөнүндө жамгырдай төгүлүп үстөккө босток жакшы сөзүн басма сөзгө тынбай жарыялады. Барпаңдап ичи тазалар куттуктаса, ичи күйгөндөр шыпшынышып, кумсарышты, бирок, пендең кургур жылт этип мени көргөндө түсүн өзгөртүп жылмаюга аракеттеништи. Шор деп ушуну айт. Билгениңди ачык айта албай жалтаңдасаң, ичиң толо кырк катмар арамза болсо, адамдыгың кайсы? Адамдыгыңды өзүң тепсеген соң шордуусуң да?!

Тилдеген да, тил уккан да кишиң болгону жакшы тура. Көптөн бери таза адамкерчиликтин чегиндеги жеме уга элекмин. Сокур, карасанатай, чагымчыл, кыйкымчыл амалдуу уруштар көп. Ата-эне гана чын көңүлүнөн таза урушуп, жемелейт экен. Жемелеген менен тилеги жакшы, оңолсун, билсин дейт тура кургурлар. Балдарыбыз бактылуу болсо экен, мен көргөн кордуктун, азаптын, шордун бирин көрбөсө экен деп кудайга чын дилимден жалындым. Теңирим тилегимди бере көр. Азаптуу шордон башым качан азат болот? Качан бактылуу болом? Жазмышка жалынбай же бакытты өзүм түзүшүм керекпи? Аракеттенип көрсөмбү?! Жай. 1994-ж.

* * *

Майранын ырлары мени неге мынчалык түйшөлтүп, күймөнтүп, муңкантат? «Каада сыйдын ичинен кадырлашкан нарк улуу» деген менен эмки адамдарда аздектөө сезими таңсыкка айланды го. Эмнеге көр пенделиктен жогору көтөрүлө албадык? Сыягы бул ырында Майра сызылган менин ички сырымды жазгандай арманым козголуп чыкты. Мага кандай жар керек эле? Эмнеге махабаттан таалайым тайкы чыгып тагдырым кайчыланды? Керим кызы Майранын ыры мени неге мынча ойго салды?

Мага жар керек,

Үзүктү жалгай турган.

Жогумду камдай турган.

Тагдырым татаал болсо,

Тар жолдо тайбай турган.

Мага жар керек,

Берилип сүйүп турган.

Күн сымал тийип турган.

Аялдык көргөзсөм да,

Ар дайым бийик турган! Бул бардык эле аялдын ички талабы. Жабыккан жандын арманы. Телегейи тегиз асыл эрди, эр жигитти самап жүрүп өттүк го, чиркин. Деги мындай жигиттер кайда болот болду экен? Турмушта өмүр сүрүшөбү же кыялда эле жашайбы?

«Кызган мени, кызган, бирок, билдирбе,

Кызыл сөздүн кылтагына илдирбе.

Эмне болуп кетет экен дегендер,

Карап турат, мага аларды күлдүрбө.

Кызган мени, кызган, жаным, билдирбе,

Сынат чөлмөк, миң күн эмес, бир күндө.

Көңүл жиби, тыт көпөлөк тарткап жип,

Үзүп алып эки ортону бүлдүрбө.

Кызган мени, кызган, жаным, билдирбе,

Бирин бири кызганбасын ким мүлдө.

Кай-кайдагы сасык ойду ойлосоң,

Жинди болуп кетпейсиңби бир күндө!

Кызган мени, кызган, бирок, билдирбе,

Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө!» Эмне дейм!! Акын менин жан дүйнөмдү ырга салып ырдаптыр. Ушундай да ичи тышы алоологон чындык үйүлгөн ырлар бар экенине шүгүр. Ушуну ырдаган Майра сен да өтөсүң ээ, дүйнөдөн чериң, көңүл кушуң ачылбай?.. Бир гана арманым, Сагын акын «Бир үзүмдөрдө» ырга салгандай: «Баарын жеңдик – жалганды да, чынды да. Жоодой дагы, жолдоштой да жол бастык. Баары болуп, – айтып эмне, айтпай не – болгон эмес экен бизде – кыйбастык» болуптурбуз да...

Кол жазма ушерден айрылып жоголуптур. Уландысын издеп таппадым. Аттиң айе! «Сен кыйылба, кыйылайын мен талдай. Аз жолдоштун ичиндеги Жалгызым» дегенге жетпей, «...Токсон толуп, токсон сууган көкүрөк, кантип өлдүң, кандай жүктөн бошондуң? ...Өтөп бүткөн өмүр менен жашоосун, өткөн күздүн жалбырагы окшодум» (73 б.) деп Сагын эже айткандай болуптур. «Кайнаса каным кошулбас, жан менен өмүр сүрүпмүн» болгондор азбы?!

Эринин жөнөтүлбөгөн каттары

Оюма ар нерсенин баары кирет. Эшикке чыксаң киргиң келбейт, кирсең эле аңгырап бош үй. Мен ыйлап, боздоп тургандай жаан төгүп атат. Бир топтордун табасы канды. Эмне кылаар айламды билбей үйүмдө үңкүйсөм, алар ары-бери басышып жайдаңдашат, каткырышат. Ушинтип, менин желим чыкты. Сазга белчемден батып баратам! Кусалыктан өткөн азап жок экен. Абдан чарчадым. Мени кечирип, ая?! Баары бир таянаар тоом, асылым сен экенсиң. Сен бар болгон үчүн акмак болуп жүргөн турбайынбы. Биринчи алган жарыңа эч ким тең келбейт тура. Сенин бутуң сынганча менин бутум сынса не? Сенин мурдуң талкаланганча меники талкаланса не? Сен жабыркаганча мен жабыркасамчы. Бурчта турган сынган комуз экөө тең менин турмушумду эстетип турат. Өткөн өмүрүмө, кылыгыма жийиркенип,азыркысын аяй албай турушат кыйналып. Сага кордук көргөзүп куураткандан көрө өзүм куурап калсамчы. Сүйүүнүн, бүлөнүн баркын кеч түшүнгөнүмө өкүнөм. Сенин улуулугуңа таазим эттим. Кечире алсаң кечир.27.06.1998-ж.

* * *

Сенин да өзгөчө көктүгүң бар, акыл толготуп карасам ургаачыдан чыккан анык баатырдын элеси көзүмө көрүндү. Жаныңда, колтугуңда жаткан кишиңден айрылсаң тозок экен. Үзүлбөгөн үмүт, кусалык. Кайрылып сени көрөр, сени менен бир баскан учурум болоор бекен? 28.06.1998-ж.

* * *

Эч нерсеге көңүл жок. Жымжырттыкта жөтөлсөң үйдүн ичи кошо жаңырат экен. Жалгыздык жанга батып турган убак. Эмне кылаарымды билбей жинди боло турган болдум. Кечке чейин күндү араң өткөрдүм. Дегеле эч нерсеге көңүлүм жок. Киши менен да сүйлөшкүм келбейт. Ушундан көрө ачка өлгөнүм артык. 13.07.1998-ж.

* * *

Күйүттөн арыла турган эмесмин. Эч нерсеге көңүлүм келбейт. Бассам, турсам силерди эстейм. Сени сыртыңдан көрүп, ыйлагым келип, учураша да алган жокмун. Үйгө келип дагы куладым. Ыйлап, ыйлап алып кайта эшикке чыгып кеттим. Балдар келеби деп күттүм. Келишпеди. Үйгө келип айламды таппай таң аткыча уктаган жокмун.

Сыртым жалын, ичим чок. Эртең жумушка чыгам. Силерди дагы бир жума көрбөй жинди болом да. Ушунчалык жакын, кыйышпас экениңер билинүүдө. Кандай кишилер үй-бүлөөсүн кыйып, кайыл болуп басып кетишет билбейм, мен мындайды түшүнө албайт экем. Жүрөгүм жанчылат. 18.07.1998-ж.

* * *

Бирине бири окшош күндөр. Сагыныч, кусалык өзүнчө бир азап болду. Шорум шорподой кайноодо. Балдарды, өзгөчө Сени сагынганыма чек жок. Көз алдыма элестеп кетпей турасыңар. Ушунчалык жытың сиңип калыптыр, өмүр бою унута ала турган эмесмин. «Ылайыгы келсе үйлөнүп ал» дейсиң, ушуга кантип оозуң барды? Мени тагдыр, кудай сага кошкондон кийин, Сени ушунчалык сүйгөнүм үчүн кантип, ушундай сөздү мага айтып жатасың, дегеле түшүнсөм кудай урсун! Алмончоктой балдарым турат го. Мен эч качан тирүү турганымда башкага үйлөнбөйм. Сенин жытыңды, төшөгүңдү кайдагы бирөөгө тепсетип акылыман адашкан жинди болуп калыптырмынбы. Менин сенсиз өмүрүм, жашоом да кызыксыз. Мас болсом да соо болсом да мага күйө турган өзүңсүң! «Атадан алтоо болсоң да башың жалгыз» деген туура экен. Сенин турган турпатыңды унута ала турган эмесмин. Сен мага аял катары эле эмес, эне катары да болуп калгансың. Сени көргөндө эт жүрөгүм элжиреп, өзүмчө балкып кетчүмүн. Өзүңдү күткөнүм күткөн, кээде үнүңдү укканга зар болуп, аргасыздан телефон чалып сүйлөшкөнгө ыраазы болуп калам. Суранам, мени кечирип, бир кайрыл. Кудай ай, ушундай бактылуу күн болоор бекен? 22.07.1998-ж.

* * *

Эч нерсеге табитим жок. Алаксытымыш болуп карындаштарым келген, тамак жасап аркы-беркини сүйлөштү. Оомал-төкмө дүйнө. «Такыр ажыраштым» дегенге ыйлай берип шишип кеттим. Жинди болуп кетем го. Сен жаткан ордуңда сиңип калган жытыңды жыттап жатам кусалыкка чөгүп. Мындай азапка чыдай албайт болушум керек. Сени гана сүйөм! Ушунчалык жек көргөнүм башкага үйлөнүү. Уккум да оозго алгым да келбейт. Мээмдин ичи ысып, башым жарылчудай. Көпкөнүм көзүмдөн кан болуп чыгып жатат. Мени алып кетпесеңер болбойт. Ушул жолку убадама ишенип кой, кудай алдында касам ичейин, аракты ушуну менен жер алдына көмдүм. Балдарымдан айрылта көрбө! Аларсыз менин жашоом жок. Силерге кордук көргөзүп убал кылдым, түшүнүп атам. Бирок, мени тирүүлөй көмө көрбөгүлө жер алдына.

О кудай, мага чала, ушуну көрмөкмүн. Ооруп ичимден өрттөнүп жатам. Эмне кармап, эмне койгонумду билбейм. Өзүңө айталбасам да сугум, сагынычым артып турчу. Түндүн өтүшү тозок. Жанымды коерго жер таппайм. Жалгыздыкты кудай эч кимге бербесин. Балдардын атын тамдын бооруна оюп жаздым. Сагындым аларды. «Сагындым» деген тамдагы жазууну карап алып ыйлай берем. Кандай жүрөгү таштар балдарын таштап баса берет, билбейм. Мен анте албайм, жүрөгүм барча-барча тилинүүдө. Силерди издеп тентип кетем го. Баланын чүкөсүн жыттап, калчап коюп «ак жолтой боло гөр» деп ниет кылам. Сенин сүрөтүңдү тиктеп, көзүмдүн жашын агызып отурам. Муңайым түшүпсүң. Төрт стена менин көрүм болду. Кээ бирөөлөрдүн табасы каныптыр. «Ачуу душман, акыл дос» деген чындык. Бир эмес, миң ачууңду бер, суранам. Иттигимди койдум. Акмакчылыгымды балдар үчүн кечир! 29.08.1998-ж.

* * *

Балдар кетеерде диванда ыйлап отургам. Кызым «Эмне ыйлайсың, ушунун баарын өзүңдөн көр» деди. Аларды узаткандан кийин дагы боздодум. Көмкөрөмдөн түшүп соолуп жаттым. Башымдын ичи күйөт. Бугум күчөп аркы терки басам.

Сүрөттөрдү бергениңден кийин такыр менден түңүлгөн турбайбы дедим. Анда мага жашоонун эмне кереги бар? Мен тозокко түшкөндөймүн. Балдардын жаткан жерин жоктоп дагы боздодум. Кайра чыгалбай калтырап, сыйпалап жалбардым. Сынык комузду алып арманымды чалып отурдум. Көзүмдүн жашы жакында кургай турган эмес. Сүрөтөгү элесиң калып өзүң жоксуң... Ырыскымдан айрылып төбөсү түшкөн көрдө калдым. Баарынан кыйыны күтүү экен. Сен мага гана таандыксың! Мен сени эч кимге ыраа көрбөйм. 30.08.1998-ж.

* * *

Жүрөгүм сайгылашат. 10 күндүн ичинде 83 кгдан 76 кг арыктадым санаадан. Турмушум бузулуп ушундай балээ болду арактын айынан. Кечинде чечинбей эле бүк түштүм. Жүрөк дүкүлдөп уктай албадым. Көп ойлонгондон го, башым эле ооруйт. Одиночкага (түрмөдө ушундай камера бар) камалган күнөкөрдүн кейпи меникиндей болот. Уулум менен бир топко телефондон эзилишип сүйлөштүм. Көзүмдүн жашы мөлтүлдөп токтобойт, бирок, билгизген жокмун. «Кыт эриттим» деп мактанып коет. «Кой, буту-колуңа төгүлсө күйгүзүп кетет» дедим. Сүйлөшкөнгө көөдөнүмдөгү сагыныч бөксөрүп, жеңилдеп калдым. Бирок, силер жанымда болгондогудай кайдан болсун. Бул өзүмдү алаксытуу да...2.09.1998-ж.

* * *

Балдарым мени телефондон издептир, ичим ысып, көзүмөн жаш тегерене түштү. Жалгызсырайм. Аркы-терки басмай. Баштан мындай балээ өтпөгөн соң билбейт турбайсыңбы. Бул мен үчүн трагедия! Кээ бир туугандар күнүмдүк «ал,бул» дешкен менен, баары бир жытың сиңишип калган биринчи жарыңа жетпейт экен. Биринчи аялың бул эне болот турбайбы. Экинчи, үчүнчү менен бактылуу болгондорду көрө элекмин. Чочун кишидей бир ооз сурап койгонго жарабадың. Ушунчалык менден көңүлүң калдыбы?

Чай кайнап турат, бирок, ичким келбейт. Каякка барсам деле силерди эстейм. Кусалыктан саргаясың деген чын экен. Дагы эле сен жаткан жерде жатам. Көмкөрөмөн түшүп жыттап, жыттап. Эч ким чалбайт. Бир сыйра келип кетишкенден кийин балдардын достору да келбей калышты. Алар барда күжүлдөп үйдөн кетишчү эмес эле. «Балалуу үй базар» деген чын тура.

Тумчугуп өлмөй болдум. Чыдай албай сага телефон чалдым. Үнүңдү угуп кичине көңүлүм көтөрүлүп калды. Ошого да ыраазымын. Сага ушунчалык көнгөн экемин, бир жак өңүрүм эңшерилип турат. Тамак жүрөккө караманча барбайт. Дегеле силер кеткенден кийин кийимчен жатып, кийимчен туруп жүрөм. Жүрөк күйөт. Баланын чүкөлөрүн эле жакшылыкка жоруй берем. Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Жанымды коерго жер таппайм. Үйүм да көзүмө жаман көрүнө баштады. Карааныңар көздөн учат. Үйдө аркы терки басып оокат кылып жүргөнүңдү элестетип жүрөгүм мыкчылып көзүмө жаш тегеренет, айлам жок. Элдин баары эле телефон чалып сени сурашат, сени издешет. Көрсө сен мага эле эмес, элге да абдан керек киши турбайсыңбы. Эмнеге эле зарылып сени издей беришет? Кантип баарына түтүп жардам берип жүрөсүң байкушум? Бир топтон кийин карасам балдардын химия дептери жатыптыр, алып дептерлерин жыттадым, сагындым ушунчалык аларды. Сүрөтүңөрдү улам карап, эшикке чыгып күттүм, жоксуңар, үйгө телефон чалып калбасын деп кайра шашып кирдим. Бул буй кылган эмне деген сезим? Бул дүйнөдө сенсиз да жашоо болобу? 4.09.1998-ж.

* * *

Жүрөккө эч нерсе барбайт. Эртең биринчи күн. Дем алыш бүттү. Бала кайра кетсе мага каран түн түшөт эмеспи. Дагы эле баягы көрүнүш. Үйдүн ичи аңырап бош. Телевизордон Кыргызстан үрүл бүрүл бирдеме көрсөтүп атат. Мындайда баары аксайт тура. Сакал-мурут алынбай жүрүп, кодурайып өстү. Мурда сага жагайын деп алчумун, азыр ким үчүн алам? Оюмдун баары чалды-куйду. Чын эле «ушундай да турмуш болобу» деп өзүмө өзүм ишенбей кетем. «Ай талаада калат» деген ушу турбайбы. Жалгыз жашагандан көрө тозокко түшкөн жакшы го. Силерсиз мен жашай алчудай эмесмин. Эмнеге өз бүлөөмдүн кадырын билбей ушул ахывалга жеткирдим? Эмнеге ыйык храмды аракка алмаштым? Арак мурдума чүлүк тагып кайсы аңга таштады? Арак бүлөөдөн артыкпы? Балдардан кымбат беле? Тилиңди алып эмнеге убагында тыйылып калбадым. Өз бактымды өзүм талкалап жалгыз калган жашоонун эмне зарылчылыгы бар? Сүйгөн аялымдан куу тумшук арак артык беле? Асылымды эмнеге колдон учурдум? Ал бир сейрек жан эмес беле?! Мындан көрө күйүттөн өлүп калган жакшы эмеспи. Телевизордон Сени көрдүм, көрүп алып дагы көзүмдүн жашын тыя алган жокмун. Эми эмне айла кылам?! Сенсиз жашаган жашоо курусун. Сагындым! Дагы эле «өлалбай жатып өлөң айтат» болуп, сени ар кимден кызганып атам. Сени сүйөөрүмдү тышка чыгара албаган менин ички сүйүүмдү сен өзүң гана билесиң. Мал деле өзүнүн үйүрүн кызганат турбайбы. Мен сени өтө сүйгөнүмдөн кызганчумун. Сыягы, кызганып атып күн көрсөтпөй койгон көрүнөм. Сага эле эмне мынча үзүлүп түшө берем, өзүм билбейм. Сени сүйбөсөм маңкурттай болуп жүрө бербейт белем тынч эле. Сени сүйгөнүм үчүн күнөөлүмүнбү? Сүйөм деп сени ар кимден коруп жүрүп колум тийгени акмакчылык болду. Акылдуу катынга кол көтөргөн мен акмакмын да. Анын баары сезимге байланышкан чатак иш экен. Сага кылган жаман мамилеме азыркыга чейин жүрөкзаадамын. Мени таштап такыр карабай койгонуңа ичим ачышып, ызадан, сагынычтан, кусалыктан өлгөн жүрөм. Ботосунан айрылган төөдөй боздоп, сыйпалап кала бердим. Сенсиз жашай албасыма көзүм жетти. Көөдөнүмө бук толуп, ичим ачышып кыйнала турган болдум.

Сени кайрылып келип калабы деп, терезеден улам карай берип көзүм тешилди. Баланын унутуп кеткен коргошунун алып ыйлап отурам. Кудай мени ушинтип жазалап жатат. Аңгыраган үйгө киргенден заарканам. Үй адам менен көрктүү тура. Көчөдө калган иттей болуп, каңгып жүрүп үйгө араң кирчү болдум. Баягы эле кишиси жок аңгыраган үй. Көзүмө суук көрүнөт. Ушул үйдөн силерди чыгарбай өзүм чыгып кетсем не. Бирок, сенин чечкиндүү, кайраттуу экениңди билсем да ушуга чейин барат деп ойлобогом? Сага эмнеге кол тийгиздим экен? Ошол сага тийген жаман кол сынып калса эмине? Сага тебилген арсыз бут шал болуп калса эмине? Сага тийген ачуу тил сенек болуп калса эмине? Ушунун баарына аракка жеңилген акылым, арсыздыгым күнөөлүү. Муну түшүнгөндө, соолукканда эми айтайын десем кеч болуп калбадыбы.

Кыйналып, балдар менен башка үйдө жүргөнүңдү ойлогондо заманам куурулат, жалынып чакырсам келбейсиң. Көрөйүн деген көзүң жок. Ушунча да катуу таарынасыңбы? Ыйлап отуруп өпкөм көөп көкүрөгүм ачышып, ушундан көрө өлсөмбү деп ойлодум. Эл караган бетиңди жер каратып, элге кеп кылдыргандан көрө өлүп калсам жүзүң жарык болбойт беле. Жаманга өлүм да, ар да өз убагында келбейт тура. «Бир жакшыга, бир жаман» туш болгон тагдырыңа таарына бербей, ага көн! Акмагыңды ая! «Асылдын теңи болбойт» дешет го, ушундан көрө жөн эле аял болуп жаралсаң не? Элдин баары эле сага үйрүлүп түшүп, колдон жулчудай болуп сүйүп атса, Сени кантип кызганбай чыдап тура алам? Кандай болсо дагы Сен менин кудай кошкон асыл жарымсың го, балдарымдын энесисиң да. 5.09.1998-ж.

* * *

Ошентип, бапыраган бүлөөмдөн айрылып жалгыз коколой башым калып отурам. Эч нерсеге көңүлүм жок. Аттиң, адам неге тирүүсүндө сыйлашпайт? Корсуна бергидей миң жыл жашайбызбы? Ыйлагандан башым ооруп чыкчу болду. Кан жаныңдан жаралган бүлөөңдөн заматта айрылып калган тозок экен. Силерден ажыраганча турмуштан так өткөнүм артык. Жинди болуп кетем го, силерди ойлой берип. Тунжуроо, улутунуу үйүр болду. Мага ырайым кыл акыры жолу. Кечиргин, кечирим сурайм, алтыным. Элдешем, мен эсиме келдим. Балдар тирүүлөй жетим болбосун. Көңүлү ооруп жүрүп балалыгын басмырлабашсын, ойлон алтыным.

Кечинде сени ооруп догдурга жатты, жакында операция болот дегенди угуп жүрөгүм жанчылды. Кантип эле? Сени ушундай адам чыдагыс ооруга жолуктурдумбу? Ооруп жүргөнүңдү такыр билдирчү эмес элең го? Жаның кыйналып жактырбай турганыңды «мени жактырбай, тоготпой, теңине албай» жатат деп түшүнүп ого бетер өчөшүп кордоп жүрбөдүм беле, арсыз жаным. Оо кудай, бар экениң чын болсо ардагымдын асыл жанын аман калтырып оорусунан айыктыр. Миң мертебе суранам?! Андан айрылып жашаган жашоо курусун! Ансыз жашоо мага көрксүз.

Ооруп атканыңды угуп учуп күйүп жетип барсам, абдан кыйналып атыпсың. Дубалга жаздык жөлөп отуруп, араң дем алып атканыңды көрүп сайсөөгүм сыздады. Мага карап эч нерсе деген жоксуң. Бир ооз гана «балдарга көз сал» дегениңе муунум титиреп, көз жашым көлдөдү. Эсим эңгиреп «кечир, мени кечирип кой» деп ыйлай берипмин. Аңгыча догдур келип «эшикке чыгыңыз, бу кишиге тынчтык керек» дегенде араң эсиме келдим. Оо көптөн кийин, кайра догдурга кирип сурасам «нервный стресстен пайда болгон оору, бу кишиге тынчтык керек, Сиз кимиси болосуз?» деп сурады. Мен бу убакта ыйга муунуп, сүйлөй албай турдум. Атаңдын көрү, эркекмин деп эрдемсий берип далай аялдын, жардын, энелердин убалына бир эмес миң жолу калганыбызды караманча ойлобойт турбайбызбы? Алтыным, айыгып кет, кудайдан миң мертебе суранам. Эрте кеч Теңириме жалынам, ылайым ооруба, кеселден арыл.Сенин ордуңа мен оорусамчы? Этегиңе жыгылып миң мертебе кечирим сурайм! Кечир мени!! Балдар келишиптир сага, улуусу мени жаман көзү менен карап «добился своего» деп тескери басып кетти. Көрсө мен асыл жарды эле эмес, балдардын энесине күн көрсөтпөй, аларды энесинен ажыратууга чейин барып акмак болгон турбайынбы? Балдар мени кечирер бекен? 6.09.1998-ж.

* * *

Кечөөтөн бери кар жаап аябай суук болду. Суук болгондо да адамдын көңүлү чөгөт экен. Жалгыздык дегениң,- бул башка түшкөн тозоктун, кыямат кыл көпүрөсүнөн да жаман турбайбы. Эч кимдин башына түшкүлүк кылбасын. Көптөн бери күндөлүк жаза элек элем. Күн өтпөйт. Айыгып кетишиңди тилейм. Силерди күтө берип көз тешилди. Силердин үнүңөрдү уккан сайын жүрөгүм барча-барча тилинип-тилинип кетчү болду. Эч ким, «тигини кыл, муну кыл» деп ары кеңеш, акыл айткан киши жок. Ушинтип жүрүп жок болуп кетет окшойм.

Өз каныңдан жаралган балаң да чоочун кишидей болуп, эшиктен кирбей кетип калганга көпкө чейин ыйлап отурдум. Карындаштарымдыкына чай ичкени барганбыз. Уулум улам-улам башыман жыттап атса чоң атасы байкап калып аябай капа болду. «Балдардын убалына калдың» деп. Көзү жашылданды. Мен да чыдай ала турган эмесмин, чай ичпей чыгып кеттим. Айла жоктун оокаты өтүп жатат. Ар кимдин өз турмушу өзүндө дегендей, азыр кишиге киши карабай турган заман келген турбайбы. Иши кылып, мен силерден башкага керегим жок экенин түшүндүм. Менин тагдырым силердин гана колуңарда, өлсөм силер гана көмөөрүңөрдү билдим. Кызганыч мени ушуга алып барбадыңбы. Сага көтөрүлгөн колум сынып калсачы. «Сен эмне ушунчалык кызганасың?» деп көп айтып калчу элең. Эмне үчүн сенде кызганыч сезими жок билбейм. А мен болсо кээде тышыман айта албасам да ичимден сени ушунчалык сүйүп, ошону сага жеткире айтканга сөз таба алчу эмесмин. Койнуңда жатсам да сенден тартынам, сүрдөйм, жазганам, батына албайм. Эмнеге мынча сүрдүүсүң? Өтө акылдуусуң? Сулуу көрүнүп кете берчүсүң. Кээде чогуу баратып экөөбүз эки жакка бөлүнүп кеткенде, аркаңдан уурданып улам-улам кылчактап карар элем. Анан да өзгөчө сүйүп, ушунчалык кайра-кайра көргүм келип, өзүң деле билесиң аябай өөп-өөп алчу элем го. Сен табияттан башкача жаралган жансың. Мен сени кызганам ушул убакка чейин. Элестете албайм, сени эгер бирөө сүйгөн болсо (кудай анын бетин ары кылсын), ошондой киши бар болсо, ал кишини өлтүрүп салыштан деле кайра тартпайм. Ушул айтып отургандын баары чындык. Сен ушуга ишенесиңби же ишенбейсиңби, билбейм. Сени менен гана ырахатка батчу элем. Азыр анын баары түш өңдүү болуп турат. Азыр өзүмчө күйүткө батып, башым каңгырап жүргөн убагым. А сен болсо бир Сырдуу дүйнө болдуң. Сага болгон кызганыч, суктаныч күч, айта берсе арман көп. Иши кылып, менин башым сага түбөлүк байланган. Сен ушуга туура түшүн. Кудайдан оорубашыңды, көңүлүңдүн ачыктыгын гана тилейм.

Балдарды көргөндө ичим жалын болуп, өрттөнүп жатат. Булар жокто андан беш бетер үйгө батпай же көчөгө батпай калам. Түн киргенде бүк түшүп калмай. Силерди жоктойм. Сүрөтүңдү кармалап жыттап, боорума кысып, ботосунан айрылган төөдөй боздойм. Журтта калган ит да мендей болбостур. Арак менен кызганычтан мен күйдүм.

Кызым: «бүгүн үйгө конуп кетсем болобу» дейт чоочун кишидей болуп. Чыдай албай: «эмнеге болбосун, бу деген сенин үйүң, өз үйүңдөн да, өз атаңдан да уруксаат сурайсыңбы?» дедим. «Анда мектептеги дискотекадан кийин келем» деп кеткен. Келген жок, аябай жаман болуп эч нерсеге көңүлүм чаппады. Ичим сыйрылды. Каңырыгым түтөдү. Түшүмдө: казан казан бышкан эт. Казандын башында энем, эт сурасам «анан» деп бербей койду. Мен жөнүндө санааркап жүргөн окшойт. Ээ, кудай, бүлөм менен элдешеер, бапырап отурар күн болоор бекен? Мен аны өлгүдөй сүйөм, дагы эле кызгана берем. Жада калса ооруп догдурда жатса ошоякта үйрүлүп түшүп, жандарын садага чапчудай болуп топурап жүргөндөрүн көрүп жүрөгүм жанчылды. Сыйдын деле чеги болуш керек го. Андай болсо жанагы жайнаган аялдар ыйлап, анын жанында эмнеге заруркап отурат? Менин эле аялым деп жүрсөм ал жөн эле аял эмес Асылзат, Абийир да, Эл адамы тура. Деги мен ага теңминби? Ал өзүнөн төмөн кишинин жамандыгын кечире алаар бекен?10.Х.1998-ж.


КАЛЕН ЖӨНҮНДӨ...

«Ишенээр жан дүйнөмдү достор кайда?

Бек кылып, кул болоюн мен аларга»

(Жусуп Баласагын)

Сейрек талант

«Эл көзүн жууган көлгө өзүңдү жууба»

(Кыргыз макалы)

Башкы редакторлукка — бир жагынан жаш, өтө ийкемдүү, жаңыча, ары көркөм ой жүгүртө ала турган публицист-жазуучу керек эле. Бүгүнкү турмуштун агымы-кыргыз журтчулугунун алдына көптөгөн залкар маселелерди коюда. Басма сөздүн бетин өтө кызыктуу, көпчүлүк окуй турган макала, көркөм аңгемелерге толтуруу - редактордон кыйла чеберчиликти, терең ойчулдукту, нукура талантты талап кылат. Андай редактор болууга татыктуу кыз-келиндер арабызда саналуу гана. Өзгөчө Кален Сыдыкова 50гө жакын курч проблемалуу көркөм публицистикалык макалаларды жаза алды. Анын публицистикаларынын темасы ар кыл, кеңири. Мисалы, адам, ата-журт, эл тагдыры, жер-суунун, экологиянын тагдыры жөнүндө терең философиялык проблема көтөргөн макалалары аркылуу эл аны жакшы билет. Анын макалаларынан ойдун жаңылыгын көрө алабыз. Жаш болгону менен Календе жетилген кары адамдыкындай токтоолук, калыстык турат деп айтаар элек. Көп жылдан бери СССР Журналисттер Союзуна мүчө эле. Жакында ал СССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө алынды. Кален Сыдыкова ири инсан, кыргыз жаштарынын ичиндеги ажайып көрүнүш, сейрек кездешчү талант.

Кыргыз эл жазуучулары Жазуучулар

Насирдин Байтемиров Кеңеш Жусупов

Жалил Садыков Асан Жакшылыков

Майрамкан Абылкасымова Бакай Сексенбаев

Асанбек Стамов Акбар Рыскулов

Эсенгул Ибраев 1992-жыл

Кален адамкерчиликтүү

Мен Календи кыргыз кыздарынын арасынан суурулуп өсүп келаткан адамкерчиликтүү, кичипейил, өзүнүн ар бир ишине тыкат караган жакшы кыздарыбыздын бири деп эсептейм.

Антип мени кызыктырган себеби: аябаган жаңычыл экен. Эски маселелерди да жаңыга айлантып, жакшынакай өзүнүн үнү менен тартуулаган журналист кыздардан экен.

Нинакан Жүндүбаева

Кыргыз Республикасынын Эл акыны

1992-жыл, апрель

Ички дүйнөсү таза

Публицист, жетекчи катары, адам катары бул киши ички дүйнөсү, көз карашы, жан дүйнөсү абдан таза кеңири, кенен, мүнөзү чечкиндүү, шар. Жетекчи катары өзүнүн таасирин тийгизе алган адамдардан. Андыктан, тааныган билген адамдардын баары Кален эжени «биздин Датка кызыбыз», жаштар болсо «Датка эжебиз» деп абдан сый урмат менен айтып жүрүшөт. Эженин ошол сапат мүнөздөрүнө өзүмдүн оюм: бүткүл дүйнө жүзүндөгү релегиянын башаты болгон, дүйнө жаңыдан жаралганда пайда болгон эң күчтүү илим Брахман. Мен эжени биздин күндөрдүн Брахманы деп айтаар элем.

Алтынай Темирова

акын, драматург.

1992-жыл, май

Кален

Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Жолон акын күү-шаа түшө, марттык менен көмөкөйүнөн ырлар төгө, сан түйшүккө жанын таштай салып жашады. Акылы, айкөлдүгү, алагар көзү жайнай жанда жок жайдарлыгы, тамашакөй ачыктыгы аны менен бир мертем алакалаш болуп калган адамдын эсине түбөлүккө калмагы бышык эле. Анан да өз замандаштары тууралу агыл-төгүл кеп уруп, айрыкча аялзатынын улуулугун, сулуулугун, асылдыгын, талантын таанып тан бере да, баалай да, сүйө да билчү. Айжаркын, аздек жан дардын сырга, сыймыкка толо өмүрүнө кызыгып, поэзиянын касиет, күчү менен жандуу образдарын, портретин тартууга кам урган. «Мыскал», «Салима», «Ажал менен сулуулук», «Жамал» сыяктуу татынакай, көздүн жашындай тунук ырларды жараткан.

Бүгүнкү күндө акындын көптү эңсеп, азга үлгүргөн тилегин, жан-дилинен доошун улап, «Кыргызымдын кымбат кыздары» деп аталган эскерүүлөрдүн, публицистикалык ой толгоолордун сериясын жазып отурамын. Бир жагы — калемдеш өмүрлүк жарымдын арбагын сыйлаганым. Экинчиси — тирүүлүктөгү калемгерлик парызымдын өтөлгөсү.

Бул ишти адегенде кыргыз кыз-келиндеринин жалгыз журналы болгон «Ала Тоо айымынан» баштадым. Анда улуттук балет искусствосунун жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеваны эскердик. Мындан нары жакшылык жышаанасын «Кыргыз Туусунун» окурман калкына кезеги менен сунуп турабыз. Кийинки мүдөө-ал ишти телеалкакка көчүрүү.

Эмесе, ар бир эскерүүм көзү өткөн эже-сиңдилеримдин бейитине койгон гүлдестем. Ар бир аңгеме ой толгоом арабызда аман жүрүп, арбын өмүр сүрчү талант ээлерине арналган белегим болоор.

Автор

Кален... Мен бул адамдын өзүн кечигибирээк учураттым. Адегенде гезиттин беттеринен аңгеме, макалаларын анда-санда окуй калганым болбосо үзүлө түшүп көңүл салбаганымды мойнума алам. Күргүчтөп келе берчү, кете берчү жазмакелердин бириндей көргөнүм да чын. 80-жылдын так бүтүшү, 90-жылдын башталышы менен «Кыргыз маданиятынын» беттеринде сергек, курч, коомубуз эбак малынып калган кеселдүү жерлерди бек чеңгелдеген, тартынбаган, ал эмес бир аз чырлуу, керт башына анча деле пайда келтире бербеген макалалары биринин артынан бири жарыялана берди. Кыргыз журналистикасынын майданы «чаңдап» жатып калды. Анткеним: «Токточу, бу кандай болуп кетти? Кален Сыдыкова деген ким өзү? Кайдан окунуп, чокунуп келген неме? Жашы нечеде? Деги кимдин камдап койгон кылычын шилтеп атат?» деген күбүр-шыбырлар ар кайсы жайдан, ар кайсы катмарлардан кулагыма илине калчу.

Кызыгы ушунда. Биздин элге мүнөздүү нерсе: кичине бирдеме боло калса каяктан, эмнеден деп анын ата-жотосунан бери иликтеп, бир жагына сүрүп токтомоюбуз бар го. Мунун баарына кубанып, адаттан тыш эчтеме болуп кетпегенин тереңимден сезип кабыл алдым. Ырас, нечендеген таланттуу журналист кыз-келиндерибиз бар. Эмнегедир мынчалык көңүлүмө жукканы эсимде калбаптыр (кечирим сурайм). Ар бир ой толгоолору, так көз караштары, ар бир маселедеги принциптүүлүгү, акыл-эси, сезимталдуулугу бүйүрүмду кызытты да андан кийинки чыгармаларына жөн карабай калдым.

Кален Сыдыковага жолугуп, таанышууга, чыгармачылык боюнча көз караштарыбызды, тигил же бул руx-дөөлөттөргө болгон табит-татымдар тууралу оюбузду ортого салганга ынтызарландым. Бирок; баары бир ага өзүм ойлогондон кеч тушуктум. Мындай болду; жалаң калем кармаган кыз-келиндер биригип, кайсы бир жыйынга чогулганбыз. Коридордо өзү курдуу эки үч кыздар болуп отурушуптур. Гезитке чыккан сүрөттөрү боюнча боолголодум да жанына басып бардым.

— Каленсиңби? — деген суроомо ордунан тура калып учураша жооп берди. Чыгармачылыгын билеримди, таанышкым келгенин айттым да чогулушка кирип кеттик. Чогулгандагы маселени талкуулоодо кырчылдаша талашып, кимдин ким экени билине калып жатты. Кален... Жапжаш, мөлтүр жүзү таза, көздөрү ийненин учундай курч, айтайын дегени так, ачык, сүйлөп аткан темасын aргументтештирип, чын пейилдиги, акыйкаттыгы, жигери дароо сезимге уюду. «Жалтактабай адамга тик карашы — эркинин бекемдиги, кайратынын белгиси. Тартынбаганы, кайпактабай түз айтканы калыстыгы, акыйкаттыгы» деп ичимден сын берип отурдум. Мунун баары албетте, мен үчүн жагымдуу эле. «Азыркы кайырсыз заманда ар бир адамдын жеке тагдырында, уюмдун, мекеменин коллективдин, ал эмес бүтүндөй коомдо аласалган драмага жык толгон жашоодо бул табылгыс касиет. Өзгөчө азыр биз баштан өткөрүп аткан өткөөл мезгилде, кыйын кезеңде адамдардын мүнөзү тез майтарылып, тез сынып, кенедей пайдадан баш тарталбай аткандар жокпу?

Чогулуштан таркаарыбыз менен акмалап туруп чогуу баскым келди. Ал да ошентип турганбы же жөн эле жолубуз бирге түшүп калдыбы айтор, оңдой берди болуп жанаша басып калдык. Эсимде, Кален экөөбүз Чүй проспектисинин өткөөлүнө чейин жөө сүйлөшүп келгенбиз. Дароо жалпы тил табышып, сырдашып, мүлдө азыркы окуялар, мезгилдин кыйындыгы; анда жашап аткан эмгектенип аткан эл, айрыкча чыгармачыл инсандар, ушул кыйын күндө чыгармачыл адамдардын кыла турган иштери, орду тууралу көп­кө маектештик (ошол кү­нү дүйнөнүн түгөнбөс проблемалары биздин гана колубузда тургансып). Эң негизгиси калыстык, актык, кишиге жаман санабоо, жаңылып калбоо (адамдардан, тилек-максаттардан), коом алдындагы парыз жана дагы көп-көп нерселер тууралу аңгемелешип коштоштук.

Кийин деле бул жолугушууну көпкө эстеп жүрдүм. Календин портрети көз алдыма келгенде дайым муну эстейм: кайраттуулугу ме­нен эле бирге муңайым, аз сүйлөп башканы уга билгендиги, чечкиндүүлүгүнө жараша тескерисинче, басмырттыгы, жашына ченебей ойлуулугу, эстүүлүгү, көпчүлүктүн ишине жанын таштай салгандыгы. Материалдык байлыктан рухий эс-дөөлөттү өйдө баалагандыгы анын баскан-турганынан, кийген кийиминен, кыймылдарынан бери сезилип турат.

Ошол күнү ички дүйнөмдө бир нерсе болгонсуду. Кыйладан бери катып кал­ган көк жалтыр муз ээрип, бир жакка аз да болсо сүрүлгөнсүдү. Бул эмне эле? Көз караштардын окшоштугу, ойлоонун, ой жүгүртүүнүн жакындыгыбы? Көптөн бери бирөңчөй тирүүчүлүктөн жадаган, каржалган жани-баданима башкача шамал ки­рип тазалана баштоо беле? Көөдөнгө толгон тоодой кайгы... Ошончолук арылууну, тазаланууну, кубанууну эңсегенимби? Кусадан, жалгыздыктан жукарган, жалаңсыган жаным өзүнө кире түшкөнсүдү. Кенедей жакшылыкка кол сунуп, сүйүнгүм келип жүргөнүбү? Башка бирөөгө ушунча сезим тартуулоо оңойбу?.. Аны Кален өзү сезди бекен? Билбейм. Мунун баары биригип, чогуусу менен алганда биздин замандын жигердүү, максаттуу, таланттуу, жандалбас бир кызынын мүнөзүнүн бир четин түзөт эмеспи.

«Күч атасын тааныбайт», «Билектүү бирди жыкса, билимдүү көптү жыгат» деген кылымдардын калкып чыга келген ата-бабанын акылман сөздөрүн көз алдыма дайыма тутуп келем бул жашоодо. Сөз чынынан бузулбайт. Календин чыгармачылыгын, адамдыгын, энелигин, жан жолдошуна азиз жарлыгын, дегеле ишин, жетекчилигин, өзүнөн кийинки жаштарга жасаган камкор мамилесин жакшы билип калдым азыр. Ошондуктан жогорку накыл сөздөр Каленге жарашат, жарашмак тургай ал сөздөр толук кандуу күчүнө кирип, өңүнө жайнап чыга түшөт. Окурман калк Календин чыгармачылыгы менен жакшы тааныш болсо да айрым жекече баамымды ортого сала кетүү парызым.

Кален Сыдыкованын публицистикалары жаш адамдын коом алдындагы жоопкерчилигин сезүүсүнө, андагы рухий керектөөнүн күн санап проблемага айланышын, аң-сезимдин калыптанышын жеткиликтүү көркөм баяндаганы менен жаңы. Кыргыз публицистикасынын тарыхында эркин ой жүгүртүү системасын алып келди деп тартынбай айта алам. Андагы өзгөчөлүк: масштабдуулук — ой жүгүртүүнүн тереңдиги, курчтугу, аналитикалык чыйрак талдоо. Анан да мамлекеттик зор, орундуу проблемаларды таасын көрүп, анализдеп көтөрө алгандыгы анын күчтүү публицист экенин көрсөттү.

К. Сыдыкова кайра жаралуу мезгилинен тартып жарыялаган «Ачык айтып ак сүйлөйлү», «Айта турган кез келди», «Ленин улут тили жөнүндө», «Акыйкат акыйлашууда эмес», «Профессор Аттокуров же манкурттукка каршы күрөш» аттуу макалаларынын өзү айтып тургандай, канча мезгилден бери эзилип бышып, бирок, «бир кеп айтаар элем, оозум сууга толтура» деген балыктай унчукпай келгенибизди биринчилерден болуп унчукту. Кайра жаралуунун шамалы жүрөрү менен ички дүйнөсүн тазалап, бүтүндөй аң-сезимин кайра куруп, коом деп, эл деп, көпчүлүк деп, азыркы, жаңы формацияга өтүп аткан, эркиндиги колуна тийип кудуңдаган элинин эмне кемчилигин, эмнеге зарыгып аткандыгын эт-жүрөгүнөн түшүнгөн жаш адам калеминен баар таап айтты.

Албетте, бүгүн жалындуу публицисттин жазгандарын башынан аягына чейин мазмунун айтып бергенден алысмын. Ошентсе да актуалдуу, жазуучунун жанын тынчытпаган төмөнкү ой толгоолорун белгилеп кетким келет. Ал айрыкча 91—92 жылдары тынбай иштеди. «Айтыла турган сөз эле», «Касым Тыныстан уулу», «Курманбек баатырдын мүрзөсү жана...», «Кыргыз тилине кыянаттык», «Туура бийде тууган жок», «Манкуртизмди идеал туткандарга бир сабак», «Бурулчанын селкинчек же буулуккан ойлор». Бул публицистикаларында коомдогу социалдык-саясий орчундуу проблемаларды терең, курч жана манкуртчулукту аёосуз сынга алат. Ата-журт, эне тил, жер, суу, тарыхый мурастар’, эл тагдыры жана улуттук көркөм дөөлөттөрдү түзгөн залкар инсандардын коогалаңдуу трагедияларын тарыхта, маданиятта өкүм сүргөн тенденцияларды коомчулукка алып чыгып, окурмандар арасында кызуу талаш-тартыштарды, пикирлерди, откликтерди пайда кылды. К. Сыдыкованын публицистикалары жедеп көндүм болгон трактовкалардан бошонгон эркин ой жүгүртүүчүлүк, улуттук аң-сезимди бийик көтөргөн, жанданган жаңыча пикир, маселенин философиялык тереңдигин ачып бере алган новатордугу менен баалуу.

Ал эми азыр болсо кыргыз басма сөзүндө, телерадиоалкагында өз стили, өз нугу, өз позициясы бар көрүнүктүү публицист. Анын чыгармалары улуттук аң-сезимди ойготууда, көп көйгөй маселелерди көтөрүп чыгууда зор роль ойноодо. К. Сыдыкованын кыргыз журналистикасында өз эмгеги менен жеткен чоң орду бар. Ошондуктан, акыркы эле беш жылда жараткан публицистикаларынын айтып бүткүс потенциалын, коомдук аң-сезимди ойготуудагы чоң ийгилигин, кыргыз журналистикасындагы эркин ой жүгүртүү системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын коомчулук жана мамлекет тарабынан эске’ алууга татыктуу деп эсептейм. Жана убагында өз баасын алууга акылуу. Башкасын айтпаганда да радиого К. Сыдыкованын келери менен эң актуалдуу жана керектүү рубрикалардын ачылышы колдоого татыйт.

Кален «Аалам» гезитине берген интервьюсунда «...Айтып түгөтө албаган таржымалым деле жок, болгону таланттардын байыртадан мекени болгон бийиктик, көл, бетеге жыттанган айтылуу Жумгал өрөөнүнүн Чаек айылында төрөлгөмүн» дейт. Ооба, бетеге жыттанган, жанындай көргөн тоолорунан, тунук көлүнөн жуккан тазалык, бийиктик, айкөлдук жана эч кимге жаман санабас элдин духу, каны, жаны сиңген тырмактай кыргыз кызына ушунча жигер, талант, элге болгон албан сүйүү, күч, кайрат, тайманбастык жукканына таң калбай, кубанбай кое албайсың. «Акыл жаштан эмес, баштан чыгат» дегендей Календин жаштыгына карабай, назик, алсыз ийининде бүгүн ушунча жүк турганына ишенбей да кетесиң.

Ушул мүнөзүңдөн, жигериңден, дилиңден, курч калеминден мээнетиңден элиң дагы көптү күтөт. Кыргызга кымбат кыздар көп, алардын эң арууларынын бири сенсиң. Эң жарыгынын бири да сенсиң, Кален!

Меңди МАМАЗАИРОВА

Кыргыз Республикасынын

маданиятына эмгек сиңирген ишмер

1993-жыл, 24-август

«Кыргыз Туусу» газетасы

Шерденүү башаты тереңде

...Акылга дыйкан, нускалуу сөздөрү, асыл муратты көздөгөндүгү, ынтымакты чыңдоого умтулгандыгы, акыл калчап иш жүргүзгөндүгү менен жумурай журтубуздун кадырлоосуна ээ болгон жазуучулардын, кашкөй журналисттердин бир даары мезгилдин өктөм талаптарына ылайык түйүндүү нерселерди курч коюп жатышат. Булардын тынчызданганы бекеринен эмес. Аялуу сезим-туйгуларга кабылганданбы, бир чети келечекте эмитен кам көрүү керек экенин сезгендиктенби Т.Мүлкүбатов, С.Байгазиев, Ш.Дүйшеев, А.Матисаков, Э.Эрматов, Б.Жумабаев, А.Алымбаев, М.Үcөнов, М.Тентимишев, А.Муратов, С.Рысбев, С.Раев, Б.Боркеев, Н.Капаров, Б.Сутенова, Т.Чороев, К.Сыдыкова ж.б. дил кайрыктарын, көкүрөктүн көйгөйүндө жүргөн ойлорун уюткулуу элимдин элегине коюшту...

Топчубай Суванбеков

1989-ж.6-июль

«Кыргызстан маданияты»

Женщины моего Кыргызстана

...Как плотоядная пищущая тварь я очень удивлен тому обилию моих талантливых коллег из числа женского легиона армии журналистов. Как они хорошо владеют пером! Мы, мужики, перед ними просто цыплята. Просто нам стыдно признать их превосходство. Особенно нехочет этого признать мой пегобородый друг Т.Эгембердиев. Я должен поименно признаться им в капитуляции. Илима Лайлиева, Кален Сыдыкова, Элла Таранова, Инна Шафрова, Рина Прижвойт, Галина Обласова, Үмүтай Мидинова, Толкун Наматбаева, Тамара Слащева, Элина Черняевская, Марина Сивашева, Елена Авдеева, Асель Оторбаева и другие. Разве можно так много и так талантливо, а?! В сравнении с нами, грубыми и неотесанными мужиками, на фоне нашей топорной работы женщины-журналисты просто восхитительны! Хоть бы притупились чуть-чуть, что ли!..

Кубан Мамбеталиев

1993-ж. 6 март «Республика»

«Публицист Кален»

... «Канткенде адам улуу адам болот?» Адамзаттын жашоо түйшүгү деген эмне? Кылымдарды карытып келаткан көчмөндөрдүн өзгөчөлүгү, улуулугу ар ойго салып түйшөлтөт. Жалпы эл мүдөөсүн, оюндагысын таасын чагылдырып, ар бир маселесине күйүп бышуу, аны чечүүгө аракеттенүү үлүшүн эл арасынан тандалган гана адамдарга ыроолонгон. Кара кылды как жарган калыс жазуучу публицист ким? Тарых барагына өз изин, көз карашын калтырган, мезгил менен тарыхын терең изилдеген түмөн түйшүктүү, жоопкерчиликтүү инсан. Кыргыз коомунда мына ошондой жаркын инсандын бири Кален дагы публицист жазуучу. Кылган иши эр азамат кырк жигиттин ишине татыган, ойлогон ою эл башкарган жетекчилерден ашса ашкан.

Эң ириде бийик акыл-эстин, ойдун ээси адам. Анан ал жашаган жаратылыш, анын эң ыйык улуу тили, тил сүйлөткөн көөнөрбөс дили, касиеттүү эли, эл ичинде улут энеси болгон аялзаты, кайра айланып келип эле аялзаты төрөгөн адамдын көртирлиги, саясаты, билими, маданияты, тарыхы, каада-салты, нарк-насили, асыл касиети жөнүндө орошон ойлорду айтып, булак көзүн ачкандай эл көзүн ачып, көкүрөгүн жылытып, сепилдей орноп калган туюк, тоң сезимдердин, туюмдардын дыңын бузуп келеткан публицист-жазуучу Кален залкар таланттардын уюгу болгон айтылуу Жумгалдын керемет кыздарындай ат кулагы менен тең ойлоп, тоого коюндаш өстү. Табигат тартуулаганбы же таңуулаганбы, анын бактысыбы же элдин бактысыбы кыргыздын кылым карытып келген тоолорундай бийик, мөңгүсүндөй тунук, тообуздай калканч болчу ойлорун кагазга түшүрүп эл башында турган көп жигиттердин көзү, сезими жетпеген маселелерди козгоп, курч калеми менен эл керегине жараган жоо саяр кызыбыз ушул — Кален!

Анын жеке интеллектуалдык деңгээли көкүрөгүн ачыштырып, жүрөгүн мыкчыган сансыз ой санаасы, көтөргөн маселеси ар кыл. Бир доордун чалгынын чалып, чамгарагын көтөрчү кудай берген талант. Мезгилдин күрөө тамырын кармай билген чыгаан журналист катары да, элинин эртеңи үчүн күйүп бышкан коомдук ишмер катары да журт көзүнө түшүп, жылдызы жанып келаткан талант зээндүүлөрдүн бири-Кален Сыдыкова. Календеги тагдырлаш катары суктанып да, кызганып да, сыймыктанып да белгилээр ал касиет - тынымсыз эмгек, изденүү жана кудай берген талант, гени мыкты дээр-зээн дээр элек. Шык тукумдун асыл байлыгы, ага талаш жок. Бирок, ал көптү окуду, көптү билүүгө ачкөздүк менен умулду, талбаган аракет менен кайрап, жанып турду. Кален дүйнөлүк тарыхты, адабият-маданиятты түбүнөн казды. Күнүмдүк эмес, түбөлүктүү түркүктөрдүн — элди, улуттун жаратылыштын улуу мыйзамдарын окуп билди, жүрөгү менен туйду.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаев бир жолу Календин чыгармаларына баа берип келип «Календин байлыгы, артыкчылыгы — анын акыл-эсинин бийиктиги, калеминин курчтугу, эл турмушун мыкты билгендиги» деп таамай аныктама берген. Анын прогрессивдүү көз карашы Борбор Азиядагы орток саясатка дагы өз таасирин тийгизди. Ой жүгүртүүнүн бийик деңгээли анын бүтүндөй концепциялык сунуштарынын жыйынтыгынан көрүнөт. Ал универсалдуу ойчул, патриот журналист. Өз көз карашын коомчулуктун ортосуна кое билүү — бул өтө кооптуу жана жооптуу жумуш. Ал үчүн Личность болушуң керек. Календи новатор журналист катары тааныткан бир чыгармачылык тармагы — аялзат проблемасы. Аны өткүр жигиттей таамайлык менен ачып берди. Эне — тарбия, билим башаты экенин ким танат?! Эл кызы болгон Календин чыгармачылыгын ар тараптан изилдеп баа берүү келечектин иши. Календин элине бере турганы али алдыда.

Бүбүкан Досалиева

Эл Аралык Ч. Айтматов коомунун академиги

1994-жылы чыккан «Публицист

Кален» деген телефильминин

сценарийинен алынды

Кыргызды кырк кыз сактайт

Кырк кыз... Булар «Кыргыз рухундагы» досторубуздун кийин дайыны билинбей бараткан кырк кызы эмес. Булар азыр аттары атала баштаган «Асабанын» кырк чоросу да эмес. Бул кырк кыз кыяматта, кыянатта, бүгүнкүдөй кыйынчылыкта кыргызды сактап кала турган, даңктап ала турган - Кырк кыз. «Кыргыз» деген ат «Кырк кыз» дегенден калган деп карыялар төгүн жерден нускабаса керек.

Ооба, кыргызды Кырк кыз сактайт. Анткени, кыргыздын кыздары эч убакта клан-слан болуп бөлүнбөйт, алар алтын издеген да жок, жоготкон да жок, алар Бирштейнди билбейт, алар партократ-демократ болуп да бөлүнбөйт, алар 1991-жылы 19-августта путчаны колдогон эмес, акимдик атын минип өз элине манап болгон жок, алар депутат болуп алып сессияда «4 эрге тийиш керек» деп маселе койгон жок. Мына ошону үчүн алар Кыргыздын Кырк Кызы.

Сыдыкова Кален «Чар тарап» газетасынын башкы редактору

Саякбаева Канышай Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары

Садыбакасова Шарипа «Кыргызстан» банкынын төрайымы

Сутенова Байма Кыргыз улуттук телерадиокомпания-сынын вице-президенти

Абылкасымова Майрамкан «Кыргыз эл акыны»

Акаева Майрам «Мээрим» эл аралык фондусунун төрайымы

Акматбекова Сагын «Ала Тоо айымдары» журналынын башкы редактору

Ачилова Рахат Философия илимдеринин доктору, профессор

Баекова Чолпон Конституциялык Соттун төрагасы

Болжурова Ишенгүл Тилдер, гуманитар университетинин проректору

Жакыпова Чынара Тарых илимдеринин доктору, профессор

Жалгасынова Дарыйка Кыргыз эл артисткасы

Кондучалова Күлүйпа Мамлекеттик ишмер

Күмүшалиева Сабира Кыргыз эл артисти

Күйүкова Даркүл СССРдин эл артисти

Орузбаева Бүбүйна Академик

Отунбаева Роза КРдын Англиядагы элчиси

Ташыбекова Жамал Кыргыз эл депутаты

Токомбаева Айсулуу СССРдин эл артисти

Токтокунова Самара СССРдин эл артисти

Түмөнбаева Жаңыл Чүй областынын кеңешинин төрайымы

Садыкова Саламат КРдын эмгек сиңирген артисти

Сыдыкова Замира «Республика» газетасынын баш редактору ж. б.

«Асаба», 1994-жыл, № 10.

Тамаша чыны аралаш

Кыз-келиндер жадырап,

Кызыл гүлдөй жаркыра.

Азыркынын кыздары

Шок жаралат турбайбы,

Бири ачка, а бири

Ток жаралат турбайбы.

Арак ичип шапар тээп,

От жаралат турбайбы.

Күйөөсүнө чоң чыгып

Ок жаралат турбайбы.

Ардактап турса кең мекен,

Атактуу болуш эмне экен.

Заңкылдап турса кең мекен,

Замира болуш эмне экен.

Кадырлап турса кең мекен,

Календей болуш эмне экен.

Бапестеп турса кең мекен,

Баекова болуш эмне экен.

Чыркырап турса чындыгың,

Чынара болуш эмне экен,ээ...

Анда эмесе туугандар,

Башына жоолук буугандар

Саксаламат болгула,

Бак таалайга конгула!

Эрнис Эшимканов, Кубат Оторбаев

1994-жыл, 8-март, «Асаба», №10

Каленге

«Даңазаң чыксын алыска,

Дайрадай толкуп көк ирим,

Көкөлөп көктөп ташкындап,

Ажарлуу жүрсүн көңүлүң!»

Гүлжамила Шакирова

1991-жыл, 22-май

Биздин Кален

Улуулукту көрө билип алдыртан,

Майдаланбай залкар ойлоп иш кылган.

Мээни чагып, эки сүйлөп олтурбай,

Менмесинген жигиттерди мыш кылган.

Жоокер болсо жоого кирип тартынбай,

Жоолашкандын бере билмек катыгын.

Калбаат сүйлөп, качан көрсөң пейли март,

Кален дайым сөздүн айтат ачыгын.

Акыйкатта бир-бириңе кең болуп,

Адамсыңбы, Адам бол! – дейт урааны.

Ар сөзүндө акыйкатка жол берген,

Биздин Кален селкилердин кырааны.

Кыйла өнөрүн үлгү кылып жүрүүгө,

Кыргызымдын кыздары үчүн Аскадай.

Бийлик күчүн көрсөтсө да айрымдар,

Бийик турат куду энебиз Даткадай.

Чечүүчү иште, чечкиндүү да, жөнөкөй,

Бир из салат баскан изин таптабай.

Майдаланып баратканда жигиттер

Кантип турам Кален кызды мактабай,

Кайраттуу адам, куду энебиз Даткадай.

Гүлжамила Шакирова, Ала Тоо фестивалынын лауреаты,

1999-жыл, 28-январь

Баамчыл, чечкиндүү

Календин чыгармачылыгына биздин кыз-келиндерге таандык назиктик, калемгерге тиешелүү баамчылдык, калемгер публицист катары чечкиндүүлүк бир деп айтсам болот. Календин чыгармачылыгы мезгилинде биздин коомчулукка чоң резонанс жараткан. Мисалы, өткөөл мезгил жаңыдан башталган учурда Календин ошол сенек мезгилдин бийлик кризистери жөнүндө жазган матералдары конкреттүүлүгү менен, учурдун демин сезе билүүсү менен, кайсы бир деңгээлде алдыдагы багыттарды көрө билүүчүлүгү менен айырмаланган болуучу. Ошол себептен бир топ конкурстарда ошол материалдары менен Кыргызстан журналисттер союзунун лауреаты болгонун билебиз.

Андан тышкары Календи адам катары да билем, адамдарга абдан түшүнүүчүлүк менен мамиле кылат. Жазган материалдарында бүтүндөй адамдын, коомдун, жаш мамлекетибиздин көйгөйү такай билинип турат. Ошол эле учурда Календи калемгер прозаик катары да жакшы тааныйм. Кален республикабыздын Журналисттер жана Жазуучулар союзунун мүчөсү. Бир топ аңгеме повесттери бар. Менин айтаарым: Календин чыгармалары эч кандай абстрактуу же академиялыктан турбайт. Конкреттүү, турмуштук сезилет. Менимче, Календин чыгармачылыгы жакшы пикирге татыктуу чыгармчылык. Өзү да абдан жооптуу кызматты аркалап жүрөт. Кален Сыдыкованын чыгармачылыгына, бааны өз замандаштары айтат болуш керек. Бүгүнкү күндө өз замандаш, калемгерлердин арасында Календин өзүнүн татыктуу орду бар.

Абдиламит Матисаков, жазуучу, журналист

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

1993-ж.

Калем кадыры

Эл арасында көп байкалбаган менен оозго алынган журналист кызыбыз Кален Сыдыкованын азыноолак эмгеги калыс таразанын тактыгы менен бааланат деген ишенимде турам. Анткени, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп чыккандан бе­ри басма сөз аркылуу коомдун жаралуу жерлерин жазган макалалары жана адабий чыгармалары «Түгөлбай ата» коомунун сыйлыгына татыктуу деп бааланып, эже-сиңди калемдештери тарабынан сунуш кылынып жатат. Албетте, ал жөнөкөй жерден чыккан жери жок. Анын эм­геги бирде болбосо да бирде топ жарып чыкмак. Кален сыяктуу журналис­тика бөлүмүн канча кыздар бүтүрүп чыгышпады, баары бирдей лекцияны угушкан, теорияны окушкан. Бирок баары тең элдин жүгүн курч калеми, жүрөктү тилген сөздөрү менен көтөрө билген журналист боло алышкан жок. Көрсө, билимден мурда ички өткүр сезим, табият берген талант болуш керек экен. Буларга талбаган өжөр эмгек кошулса майнабы чыкпай койбойт экен. Чыгармачылык иш боюнча талапташ болуп калган, сыртынан жакшы тааныш, бирок ички ой сезимдери али күнгө мага туңгуюк, бирде ачык, бирде түнт, ар дайым салмактуу кадам шилтеген Кален калемдешимде мына ушундай асыл, мыкты касиеттер бар.

«Ачык айтып, ак сүйлөйлү», «Айта турган кез келди», «Ленин улут тили жөнүндө», «Профессор Аттокуров, же маңкурттукка каршы күрөш» деген макалаларында коомубуздагы терс көрүнүштөрдү же элдин атын жоготууга алып баруучу рухий маңкуртчулукту сынга алган... Же «акыл сандыгы – тилдин», улуттук көркөм дөөлөттөрдүн тарыхый, философиялык функциясына өзүбүздүн ыкшоолугубуз, момундугубуз, кенебестигибиз менен доо кетирип, ата-бабалар менен урпактардын астында улуттук, керек болсо адамдык вазийпабызды аткара албай жаткандыгыбызды калыпка салынган ой жүгүртүүлөрдөн арыла албаса, келечек муундун тарбиячысы катары улуттук аң-сезимдин бийиктигине Кален радиодо иштегени башкы редактор, дегеле жур­налист катары кылым карыткан элдик ойлорду, аларды алып жүргөн талант ээлерин, маданий, улуттук көркөм дөөлөттөрдү, тагдыры эли менен тагдырлаш тарыхый инсандарды жалпы элге алып чыгып, өзүбүзгө гана таандык асыл сапаттарыбыздын кийинки муундарда көөнөрбөй улануусуна аракети зор болууда. Кабарчыларга тапшырма берип, өзү да эл аралай андай адамдардын эмгеги, та­ланты татыктуу баасын алсын деп жанын үрөөдө. Аны ырдаган ыры тарых күүсүн чалып, бирок өзү жашаган аймактан алыс узабай жүргөн төкмө, Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын жашоочусу Ади Өмүраалы уулу жөнүндөгү кыргыз радиосунун фондусуна алынган уктуруусу эле далилдеп турат. Ади абанын ырлары Календин эмгеги менен эми 80-жылдардын төкмө акындарынын чыгармачылыгы катары кийинки урпактарга кабар бе­рип өз милдетин өтөйт. Андай таланттар эл арасында канча? Күнүмдүк көр тирликтен арылып муундар байланышы катары баалап, эл казынасына айланта билген журналисттерибиз саналуу болуп жатпайбы...

«Санжыранын сары сандыгынан» аттуу түрмөктөрү жалпы элибиздин маданий, интеллектуалдык асыл байлыктарынын көөнөрбөй сакталып калган нурларын чагылдырып турат. Алар Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталып калса кийинки муундар алдында өз милдетин аткарат. Адамзаттын маданий мурастары менен эсептешпеген цивилизациянын жетишкендиктери ооздон-оозго өтүп келе жаткан мурастарын өз табиятында бузбай оозеки түрүндө сактап калууга кедергисин тийгизээри байкалууда. Мындан дагы бир топ мезгил өткөндөн кийин ал элдик чыгармалар алтын менен баалангыс байлык болору анык.

Ал эми элибиздин даанышман кызы Курманжан датканын акылмандыгын, аял болсо да эл башкарган чечкиндүүгүн аялдык ички акыл туюм менен баалап жазган «Алай кайрыктары» аттуу уктуруусу да алтын фондудан орун алууга татыкттуу болду. Демек, учурдагы көнүмүш көрүнүш эмес, элдин тарыхында орун ала тургандай, кийин публицистиканын тарыхында чыгарма катары калат.

Мына ушул айтылган бир эки чыгармасы эле Календин коомго, адамга, тарыхка өз жеке көз карашы, ой толгоосу бар экендигин далилдеп турат. Албетте, андай жеке көз караш тарыхты, илимий-тарыхый ачылыштарды, коомдогу өзгөрүү-өсүштөрдөн пайда болгон көз караштарды терең билгендигинен кабар берет.

Азыр Календин жашообуздун олуттуу маселелерин чагылдырган эки китеби каражаттын жоктугунан жарыкка чыга албай турат. Эгер элибиздин келечегин көрө билген, колунан иш келген бардар жигиттерибиз жардам кылса жарыкка чыгып, коомдо өз таасирин бере алат эле.

Журналисттер доор тарыхын жазгандыктан жүрөк өйүгөн ойлорун кенен жаза албасы белгилүү, дегеле адамдын кабыл алуусу, түкшүмөлү ар кандай болгондуктан көзгө сайылып көрсөтүлгөн айрым маселелер күнүмдүк көрүнүш катары бааланбай калган учурлар көп. Тескерисинче, ошол эле ойлор көркөм баяндоо же бир башка форма менен ишке ашырылса таасири күчтүү болгон учурлар арбын. Кален Сыдыкова өзүн түйшөлткөн мына ушундай ойлорун прозалык чыгармалар аркылуу да берип келе жатат. Анын «Кайрылуу», «Чоң эненин кубанычы», «Ыза» аттуу жана башка чыгармаларында биздин замандын олуттуу көрүнүштөрү жатык тил менен жакшы деңгээлде берилди. Албетте, аны бардыгы жогорку чеберчилик менен жазылды деп бир жактуу кароодон алысмын, такшалуунун жолу чексиз экендигин ким танат?

Б.Шүкүева

«Кыргыз туусу», 1993-ж.

7-декабрь, № 141 (20422)

Интеллектуалдык даярдыгы жетик

Ар бир мезгил өзүнүн адамын, өзүнүн бир инсанын тандап чыгарат. Биз азат мамлекет болдук деп жатабыз, биздин келечегибиз кандай же, эмне доорду башыбыздан кечирип жатабыз, ошондон улам келечекте кандай коом курабыз деген маселеде биз ойго чукак болуп турган учурда эл ичинен чыккан интеллектуалдык деңгээли, камылгасы бар адамдардын акылдуу сөзүнө суусап турабыз деп ойлойм. Мына ушул кенемтени менин баамымда жаңы чыккан журналисттерден, айрыкча, Кален өзүнүн ордун ээлеп, өзүнүн айтаар сөзүн айтып келатат.

Артыкча, мына бул «Азаттыктын азаптары» деп «Аалам» газетасына сандан санга чыгып орто жолдо токтоп калды, мына ушул маселеде Календин көз карашынын жетиктиги, баарынан да саясий деңгээлинин жетиктиги айрыкча баамдалып атат. Мында Календин интеллектуалдык даярдыгы айрыкча таамай көрүндү. Ал мейли тарыхка кайрылабы же болбосо динге кайрылабы, бүгүнкү күнү биздин турмушубуздун эмнени зарыл деп талаптап турса, ошол маселенин бардыгына чапчаң кайрылып, ошого өзүнүн деңгээлинен, өзүнүн бийиктигинен туруп элге керектүү сөздү айтып жатат.

Календеги бир мага жаккан нерсе -максимализм. Баягы кыргыздар айтат: «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деп. Маселени эң чоң, талуу түбүнөн кармаганга аракет кылат да анан ошого карата позициясын билдирет. Албетте, аны менен дайым макул болбой, айрым маселеде талашууга болот, эң негизгиси оюңа от тамызгы берет, талашууга чакырат, сенин көңүлүңдүн тереңинде бугуп жаткан башка ойлорду дагы тутантат, өзүңдү активдүү маектеш кылат.

Чоюн Өмүралиев

публицист, философ, тарыхчы

1993-жыл

Каленге

Калеминен жакыраган шам жанган,

Сөздөрүнөн шекер тамган, бал тамган.

Кыргызыңдын бир таланттуу кызысың,

Эл тагдырын аркалоого аттанган.

Калыс болсун, узун болсун ошол жол.

Өмүрүңдө бактылуу бол, аман бол!

Субайылда Абдыкадырова

Кыргыз Республикасынын маданиятына

эмгек сиңирген ишмер

27.12.1996-жыл

Каленге

Элдин жолу, Эне жолу ыйык жол,

Өз башыңдан өз мүдөөңдөн улуу бол!

Элиң сүйүп, элиң күтүп туруучу,

Уюм курдуң эми анын тайгылбаган кулу бол!

Гүлсайра Момунова

Кыргыз Республикасынын эмгек

сиңирген журналисти

23-май, 2000-ж.

Кызыкпыз

Бул айымдарды сиздер беш колдой билесиздер. Кыргыздын аттуу баштуу, белдүү, чыгаан деген кыздарынын жоон тобу. Өңгөнү айтпаганда хандан, бектен кайра тартпаган Замира, элим-жерим дегенде сай-сөөгү сыздаган Кален, жоктон барды жараткан Чынара, эр азаматтар менен тең талашып депутаттык мандатка ээ болгон Мира менен Рахат,...жагымдуу обону менен далайларды ыр дүйнөсүнө сугарган Каныкей... ж.б. чыгаан кыздарыбыз арбын. Келгиле, жан дүйнөңдү эзип тынчтык бербей жүргөн маселелердин тегерегинде сүйлөшөлү, ким эмнени кааласа, кайсыл суроого табити көбүрөөк тартса ошого жооп берсин...

Элмира Тезекбева

1995-ж. 8 март, «Аалам»

Аял, сен кимсиң

...Аялдыгын, бийиктигин, асылдыгын, кымбаттыгын сезген мезгил да келеер. Үмүт чиркин жашай берет эмеспи. Мындан оор турмушта жашап, анан кылымдардан кылымга унутулбай келе жатышкан Улуу Адам тукумун улаган Умай Эне болуп миң толгонуп, мээримин төккөн, алай дүлөй замандын Акыл Карачачы, Курманжан Даткасы болгон, жоого барсаң Каныкейдей уз, Жаңыл Мырза, Сайкалдай кыздар өткөн кырк амал кыялы менен бозойду боздоткон Үкөй, Мөөр, Аксаткын, Кишимжан болгон, Бүбүсара сымак бийлеп, Таттыбүбү, Мыскал өңдүү ырдап суйкайган жүзү менен нечендеген сүр жүрөк баатырды багынткан ошол мезгилдерден кыргыз аялзатын гана эмес, кийинки жашообузда биз сыймыктанган Ч.Жакыпова, Ч.Баекова, З.Сыдыкова, М.Акаева, К,Сыдыкова ж.б. эжелерибизди кантип айтпай кое алмакпыс? Кантсе да улуусуңар, сулуусуңар ардактуу аялдар. Таазим сага! Баш ийбегенде не...

Бактыгүл Асанова

1996-ж. 8-март, «Аалам»

Кыргыз басма сөзү

...Кален Сыдыкова, Замира Сыдыкова өңдүү жаңы феномендер ачылып чыга келди. Алар өткөөл мезгилдин эң актуалдуу маселелерин чагылдырган курч макалалары менен калайыктын көңүлүнөн түнөк таба алышты...

Айнур Жамангулова

1997-ж. 10-16 июль

«Республика»

Каленге

Жалгыз өзүң күрөшүп, жалгыз өзүң

Эс-акылсыз эркектин баары менен.

Бир шилтесең бир тобун кыйратасың,

Жаңыл Мырза эжеңдин жаалы менен.

Коркуп кетем кантет деп карап туруп

Карсылдашып күрөшкө чыкканыңда.

Каныкейби, Каленби тааный албай

Таң калам да, таң берем утканыңда.

Аял болуш кыйын ов, аял болуш

Сеникиндей жүрөктүн жаалы менен.

Жакшы жашайт бекен деп ойлой берем,

Тагдырынан табышкан жары менен.

Үрниса Маматова

14-сентябрь, 2001-ж.

«Тунук» газетасы

Өтө курч

Сынчылык аң-сезимиме жазуучу жана журналист Кален Сыдыкова кантип кирди? Элдин акыл-эсиндеги эски түшүнүктөрдү жокко чыгарып, жаңы турмуштук башталмаларды жан дүйнөгө сиңирүүгө маданият ишмерлеринин ичинен журналисттер, өзгөчө көзгө түшкөн, көңүлгө толгон Кален Сыдыкова жаңы доордун эң бир күчтүү жарчысы катары бүт үнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган, өтө курч, өтө проблемалуу публицистикалардын, макалаларын тартуулап, өзүндөгү күчтү, жөндөмдү эл алдында сынады. Бүгүнкү күн жана келечек туурасында ой жүгүрттү.

Кален Сыдыкованын «Касым Тыныстан уулу», «Курманбек баатырдын мүрзөсү...», «Профессор Аттокуров, же маңкурттукка каршы күрөш», «1916-жылдан улам», «Айтыла турган сөз эле» сыяктуу публицистикалык макалаларын, эл журт, ушундай эле мен да аябай көңүл бөлүү менен окуп жаттык. Чоң проблемаларды билгичтик менен көтөрүп чыккан, таптаза жаңыча ойлонуп, жаңыча жаза билген, эрудит, билим, темпераменти бар журналист. Журналисттик талант эки үч жылдын аралыгында калемдештерден суурулуп чыга келди, өзүнүн оригиналдуу жүзүн толук көрсөтө алды.

Жазуучу Календин журналист Календен айырмаланган өзүнчө көркөм тили бар. Экинчиден, сюжет түзүп, композиция куруунун жакшы техникасын билет. Үчүнчүдөн, образды ачууда керектүү детал, штрих, сүрөттөмөлөрдү чебер пайдалана алат. Демек, Кален Сыдыкова прозаик катары бышып жетилген. Өзүнчө дүйнө туюму бар, фантазияга эгедер жазуучу менин көз алдымда турду. Андагы көркөм талант жакшы таасирге ээ.

Оюмда: «таланттуу журналист кызыбыз кандай киши болду экен?» – деп жүргөндө жазуучу Меңди Мамазаированын «Кыргыз Туусу» газетасына «Кален» деп аталган чакан макаласы, журналист жана жазуучу инсандын портретин сөз менен жеткире ачкан, анын чыгармачылыгы, адамдык сапаты, моралдык турпаты, акылы, таланты жөнүндө айткандары жарыяланып калды. «Миң уккандан бир көргөн артык» дейт эмеспи. Таланттуу личность менен өзүм бетме-бет сүйлөшүп, ич дүйнөсүн көргүм келди.

Өтө жупуну, басмырт, сөзгө сараң, кылдат адам экен. Чыгармачылыгы жөнүндө ачылып сүйлөбөйт. Журналист же жазуучу деп ойлобойсуң, күндөлүк түйшүк менен алпурушуп, сүйлөшүүгө убактысы аз окшогон жөн бир жанга түспөлдөшүп кетет.

Асылбек Медетбеков

акын, сынчы

1994-ж.

Ойчул публицист

Мен «Чар тарап» газетасынын башкы редактору Кален Сыдыкованын чыгармачылыгын бир топ жылдардан бери жакындан жакшы билем. Публицистикалары өтө орчундуу, курч, өзгөчө элдин аң-сезимин демократияга карата ойготууда зор роль ойноду. Публицисттин атуулдук позициясы күчтүү, негизги өзгөчөлүгү коомдогу проблеманы мамлекеттик масштабда көтөрө алгандыгы. Коомчулукка туура келбеген шовинизмдин, улутчулдуктун субъективдүү жактарын кескин ашкерелөөдө, рухий жана социалдык жакырдануунун себептерин ачып көрсөтүүдө өзүнүн чоң чеберчилигин көрсөтүп кыргыз журналистикасына сапаттык өзгөчөлүктөрдү алып келди. Кыргыз радиосунун алтын фондусунда мыкты чыгармалары сакталып турганын да билем.

К.Сыдыкованын бардык публицистикаларында терең философия, эркин ой жүгүртүүчүлүк, аналитикалык масштаб мүнөздүү. Коомдук ишмер катары көптөгөн коомдорду уюштурууга негиз салгандардын бири, мыкты публицист, жакшы жазуучу катары эл арасында кадыр баркка ээ. Депутаттыкка татыктуу кыздарыбыздын бири деп эсептейм.

Дүйшөкан Муканбетова

Кыргыз Республикасынын

маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1994-жыл.

Ылайым акылдуулар кайгырбасын

(Кален Сыдыковага арнайм)

Кантсе да кадыркечтик жалганда аз!

Кеч болот өкүнгөндө карыганда жаш.

Мен Сизди эң биринчи бүгүн көрдүм,

Күүгө мас! Күйүткө мас! Арманга мас!

Ойлонуп мен да жүргөм бул жалганды

Сагынып алыскы бир кудайларды,

Жүздөгөн окуялар өтсө дагы,

Жүрөктө жалгыз гана убай калды.

Эмне үчүн комуз ыйлайт, комуз боздойт,

Жүрөктөн жүз миңдеген ыйды козгойт.

Жабыркап жакшы адамдар өткөнү чын,

Жалгандын жалгандыгы чындык окшойт!

Кошулган комуз күүсү курап кагат.

Жүзүң жоош, жүрөктөн жаш кулап барат.

Эрдиктин, назиктиктин, сулуулуктун,

Салмагы басып турган сыяктанат.

Адамзат арман кылып зар кылбасын,

Ар дайым көңүлүмдүн айлындасың.

Тереңден туюп турган кыйын экен,

Ылайым акылдуулар кайгырбасын.

Барчынбек Бугубаев

1992-ж.2-апрель

Терең, эрдиги бар адам

Менин түшүнүгүмдө, Кален Сыдыкованын публицистикалары өтө бир элестүү, далилдүү, көркөм оюнун тереңдиги менен айырмаланат. Ушунчалык бир тартынбай өтө кенен, такшалган адамдыкындай чоң ой айткан, жазгандарына чоң ой батырган журналистти кийин көрүп алып таңгалдым. «Курманбек баатырдын мүрзөсү» деген 1989-ж. «Кыргызстан маданиятына» чыккан. Ошол резонанс берди. Так, таамай ойлорду айткан. Ошондон кийин Курманбек баатыр кыргыздын жомогу эмес, реалдуу баатыр экендиги, анын мүрзөсү Көгартта, Түштүктө коюлгандыгы, ал кандай болгондугу, ошонун чындыгы сыртка чыгып элдин баары ошону колдоп кетти. Курманбек баатырга тарыхый инсан катары музей салып, ошол кишини изилдеп, ошол кишинин тегерегине Календен кийин чоң жазуучулар киришип кетишти. Ага чейин мен өзүм деле ошол теманы көп билбеген экемин, калмак кыргыз чабышын жакшы эле билчүмүн, бирок, Курманбек баатыр ким болгондугун, анын мүрзөсү каякта экенин, кандай шартта чыккандыгын билбептирмин, ошонун бардыгын тең Кален далилдеп, тарыхый реалдуу факт катары элге көргөзүп койду. Демек, бүгүнкү күндө Курманбек легендарлуу баатырыбыз, кыргыздын сүйүктүү, урматтуу уулу, тарыхый инсан экендигине эч ким күмөн санабай калды.

Ошондой эле моралдык, этникалык темаларга жазган Календин макалаларын көп окудум. Бирок, ушунчалык бир тартынбай өтө ишенимдүү жазат, калеми өтө кубаттуу, өтө ишенимдүү, мени мына ушул таңгалдырат. Бул өзү келечектеги биздин мыкты бир журналист, жазуучуларыбыздын, адамдарыбыздын бири. Демек, ар бир жазган макаласына, аңгемесине, повестерине ой шыкайт, проблема шыкаган, проблема көтөргөн адам.

Кален Сыдыкованын жазуучу катары, публицист катары, ошондой эле коомдук ишмер катары келечеги алдыда. Өткөн бир сессияда Турдакун Усубалиев бир жакшы маселе көтөрдү, ошондо айтты, кичине жеме иретинде же бир өзүнүн өктөөсү катары айтты: «бул Кыргызстанда кандайдыр бир даражада бир жакшы таланттуу, өтө бир билимдүү аялдар көтөрүлбөй жатат. Эмне үчүндүр биз ошолорду аренага алып чыкпай жатабыз» деп. Эгер ошондой эле аренага кадр керек боло турган болсо коомдук бир чоң жүктү көтөрө турган адилет, ак ниет иштей турган, объективдүү боло турган кыздарыбыздын бири Кален Сыдыкова.

Кален Сыдыкова тайманбаган кыздарыбыздын бири, оюн тике айткан, оюн далилдей билген, коом арасында баса билген, сүйлөй билген ушундай өтө бир жетилген кыздарыбыздын бири. Ушул жерден дагы бир экинчи нерсени эскертип коеюн: Кален Сыдыкованын бир өзгөчө мүнөзү, менин байкашымда: мунун эрдиги бар, бул - эр адам, бирок, аял катары көктүгү жок, кекчилдиги жок, өзү дагы мындай бир жадырап-жайнап турат, оюн бирөөгө таңуулабайт, бирок, оюн тике айтып ошону далилдеп алып бирөөнү ынандарып кетет.

Асанбек Стамов

Кыргыз Республикасынын

эл жазуучусу

1994-жыл

Туу болоор биздин жаштарга

(Кален Сыдыковага)

Тоолор да билет Каленин,

Толтуруп ойго карегин.

Толкутуп акыл деңизин,

Толгонуп шилтеп калемин.

Туу болоор биздин жаштарга,

Турмушка курган маегиң!

Талаа... Көл... билет Каленин,

Таланты айткан дарегин.

Таалай бак издеп кыргызга,

Талыкпай шилтеп калемин.

Суктанып келет кыйланы

Сулуулук менен адебиң...!

Курманжан керек кыргызга,

Кубаты элге сыр жайган.

Кыргызга колуң булгай бер,

Кылымга кетчү жылдардан!

Барчынбек Бугубаев

Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты

1994-ж. 8-март

Доор элеси — Календин күзгүсүндө

ХХ-кылымдын 1991-жылы элибиздин тарыхындагы улуу бурулушка жол салган ак жолтой жыл болду. Дал ушул жылдан баштап эгемендүү Кыргыз мамлекети кайрадан жаралып, өткөөл доордун «тар жол, тайгак кечүүсүн», ары удургуп, бери удургуп, туңгуч Президент Ас­кар Акаевди караан тутуп жаңы дүйнөгө тобокел деп бет алды. Бул бурганактуу ак жолдо улуу акын Алыкул Осмонов айткандай Президентибиз Ата журттун оор жүгүн мойнуна алып жол издеп, жол тандап, сынчыларга моюн бербей өжөрлүк менен «көч бара-бара түзөлөт» деп, көздөгөн максатын ка­рай кадам шилтөөдө.

Шүгүрчүлүк, Президентибизге эриш-аркак болуп кошо жол издешип, Ата журттун ысык-суугуна чын ыкластан күйүп-бышып, жаш мам­лекети бизди тезирээк телчиктирүүгө бири ою менен, бири иши менен кол кабыш кылгандардын катары күндөн күнгө өсүүдө. Андай адамдарыбыздын бири жазуучу Кален Сыдыкова. Анын курч калеминен жаралган макалалар, китептер бул ойлорубузду айгинелеп тургансыйт.

Окурманга сунуш этилип жаткан мына ушул саптар Календин трель­яж күзгүдөй үчилтикти түзгөн: «Доор кайрыгы» публицистикалык ой-толгоолору /1995/; «Түпкүрдөгү Монстр», даректүү баяны (95); «Насыя нике» аңгемелер жыйнагы /1996/ китептериндеги аруу ойлорго арналат. Калемсапты колго алышыма Кален терметкен ойлордун өзүмдүн ички кайрыктарыма төп келгендигинен, алар окурмандарга тезирээк жетсе экен деген дегдөөм башкы себеп болду. Албетте үч китептеги орошон ойлордун дээрлик бардыгына кайрылуу эч бир мүмкүн эмес. Аларды санап чыгуунун өзү эле бир далай убакытты алат. Ка­лендин аруу ойлоруна насиптеш болуш үчүн ал жазган китептердин так өзүнө кайрылуу керек.

Алдын-ала айта кете турган нерсе, аталган китептердин негизин логикалык байланыштагы, туташ залкар ойлор түзөт. Алардын эң башкылары: Кыргыз мамлекетинин азыркы абалы, келечеги, элибиздин рухий дүйнөсүнүн өзөктүү маселелери, чарба-тиричилигибиздин, ата конушубуздун тагдыры. Жалпысынан айтканда аталган үч китеп бир сырдуу Календин миң кырлуу ички кайрыктарынын үч түркүн жанрдын калыбына салынып кагаз бетине түшүрүлгөн ой чабыттары. Болгондо да журналисттик, адамгерчилик позициянын элегинен, керек болсо ички алакай цензурадан эленген ой­лор, проблемалар, суроолор. «Эл тагдырын ойлоого кудуретим жеткенден баштап, - дейт автор, - ата журтум ардагым деп жандалбастап келем. Эл, жер, тил, эгемендик, азаттык ж.б. ата-журттун асыл касиеттери, элдин элдиги көрсө кылым карытып өчпөстүгүн, көрөңгүсүнүн үзүлбөстүгүн муундан-муунга, доордон-доорго берет экенбиз» («Доор кайрыгы» 5-бет). Кален дал ушул бийик позициядан туруп «аздектеп жыйып алган ойлорун» окурманга тартуулайт. «Доор кайрыгынын» дагы бир өзгөчөлүгү суроо жооп түрүндө жазылышында. Чындыгында, мындай ыкма татаалдыгына карабастан бир топ ийгиликтүү болот. Анткени, так аныкталган проблема, туура коюлган суроо, адетте маселенин чечилишинин жарымын түзөт. Автор эч бир тарткынчыктабай мындай суроо коет: «Биз кайда жана кайсы жолдо баратабыз?» Анын пикири боюнча өткөн мезгилдин өтөлгөлөрүн ылгоо керек. Алар­ды жапырт танбастан, алгылыктуу жактарын сактап, дүйнөлүк стандарттарга бир-эки жылда эле жетебиз деп өтө чамдабай, «республиканын обьективдүү шартын эске алып жылсак» дейт. Менимче Календин бул оюнда калет жок! /13-бет/.

Мамлекет дегенибиз тийиштүү символдорду талап кылары белгилүү. Бул суроого да Кален өзүнүн өкүнүч ойлорун айтат. «Аттиң ай,-деп Кален айткандай,-түбөлүктүүу символдорго, түбөлүктүү ээ болор күн болоор бекен? Көк түбөлүктүүлүктүн, чексиздиктин, жаңы тириликтик белгиси эмес беле» - деп өкүнөсүң /17-бет/.

Кален койгон кыжалат суроолордун дагы бири баатыр деп аталгандардын мааракелери. Анын сунушу боюнча атайын критерийлердин иштелиши зарыл. Буга макул болуудан башка арга жок.

Мамлекет болгондон кийин анын мамлекеттик тили болушу за­рыл. Дал ушул маселеде Кален өзүнүн ойлорун жалтактабай айтып, принциптүү позицияны алган. Анын ойлорунун жүйөлүүлүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун мектептерде окулуучу сабактардын ичинен эне тилди биринчи орунга койгон сунушта­ры далилдеп турат. Көрсө, БУУга мүчө болгон ар бир мамлекет өз мектептеринде биринчи кезекте эне ти­лин, андан кийин чет тилдерди, андан кийин компьютер тилин окутушу зарыл экен. Ушул жерде баса белгилей кете турган нерсе бар. Ал кыргыз тилинин башка тектеш элдердин тилдери менен болгон карым-катнашы. Бул суроону кою менен Кален эне тилибизди диалект деңгээлине түшүрүп жиберүүчүлөрдүн пикирине кыргыйдай тийип, акыйкат сөздү айтууга жараган. Ушундан улам мамлекеттик катчы И.Абдразаковдун «Кыргыз маданиятына» чыккан макаласында «биз адегенде кыргызбыз, андан кийин түркбүз» деген оюнун адилеттүүлүгүн эскерте кетүү зарыл. Тил маселеси, албетте, жазуубузга байланыштуу. Бул суроону талдоодо Кален жүйөөлүү ойду жактап, мындай дейт: «Кыргызстанды дээрлик толук сабатка жеткизген орус алфавитинен өтөөрү жок» /Доор кайрыгы. 39-бет/. Автордун эне тилине арналган бизге карата айтылган тунук ойлору апасы Эркинбай кызы Разияга арналган «Тилим-дилим» аттуу бөлүмдө өзгөчө курч жазылган. Белгилей кетүүчү нерсе, табият таануу билимдерин кошпогондо бүгүнкү күндөгү башкы максат: эне тил боюнча китептерибизди аныктамалардан баштап, көнүгүүлөргө чейин эски көз караштан арылтуу, кыргыз адабиятын мурда идеологиялык жактан күнөө коюлуп окуу программаларына, китептерине кирбей калган залкарларыбызды кошуу, кыргыз тарыхын дүйнөлүк тарыхтын контекстинде кайра жазуу, Кыргызстандын географиясын дүйнөлүк геосаясаттын концепцияларын эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу. Анан калса, агартуу тармагына келгенде эле ар бир мектепте окуган же студент болгондордун баары эле адис катарында «Бурулчанын селкинчек, андай теппей мындай теп», – деп акыл үйрөтүшүп окуу тармагынын атайын адистерди талап кылуучу өзгөчөлүгүн эстен чыгарып салышат. Мектеп тармагы өтө бир этияттыкты талап кылат. Аны саясат өзгөргөн сайын эле түп-тамырынан бери өзгөртүүгө болбойт. Анын өзүнүн өнүгүү закондору бар. Алар менен эсептешүү зарыл.

«Доор кайрыгында» адеп-ахлак, салттардагы терс көрүнүштөргө кыр­гыз эли эбактан бери эле «ооздук салууга» кудуреттүү болгондугун белгилөө менен Кален бүгүнкү күндө ыпылас көрүнүштөргө эмне себептен күчүбүз жетпей жаткандыгын баса белгилейт. Ал минтип жазат: «Эл ыйманы катарлаш бузулду. Кызын бузган ата, энесине кол салган уул, ит менен чагышкан аял пайда болду. Ушуну ойлоп туруп, бул дүйнөнү жүзүң курусун дегиң келет. Буларды фактылай айтып жатканым адамдын юридикалык укугу закондо конкреттүү корголушу керек /207-бет/.

Китепте автор улуттук салттарыбызды кастарлап, биздин элде аялзатына болгон өзгөчө ызатты, жар тандоо маселесин өзгөчө бир күчтүү сезим менен жазган. Автордун ою бо­юнча жыныс ишинин «бир гана улуу функциясы бар- жан жаратуу» /202-бет/. Бул ак сөз. Ошондуктан Календин айтымында «баалаган эркекке аялдын эң ыйык үч белгиси бар: бири - жыныс, экинчиси - жатын, үчүнчүсү -эмчек. Жан дүйнө ушул үч нерседен турат» /202-бет/. Ал эми «телегейи тегиз жар тандоо кыйын» - деп белгилөө менен бирге автор өз оюн мындайча улайт: «Илгери кыргыз жатынга - чоң маани берчү экен, анткени, жакшы атанын тукуму майдаланып кетпей мыкты болуш үчүн кээ бир сынаакы эл билермандары атай­ын сынчы чакыртып жар тандашчу... Бекеринен Санчы сынчы Болот бийге бөрү жатын, ургаачынын өөк сырттаны деп көчтө журтта калган салбар катын Таалаке таркылдакты алып бербеген. Улуу кыргыз ушинтип генге чоң маани берген»/207-бет/. Ушул жерде айта кетчү үч кеп бар: биринчиси - улуу Санчы сынчынын философиялык көз караштарын изилдөөчүлөрдүн көз жаздымында калып жүргөн, акыл аялзатын сыноого кудуреттүү болгондугун көрсөтүп, сынакчынын образына дагы бир баалуу сүртүмдү кошкондугу; экинчиси - «аял-улуттун, журттун энеси» - де­ген улуу ойду дагы бир ирет баса белгилегендиги; үчүнчүсү - автордун жазуу стили, болгондр да айта тур­ган оюн тартынбай, жылаан боор камчы менен басып-басып алгандай шар шилтениши, керек болсо мажирөө мылжың эркек сымалдардай болбой, «улуу сөздө уят жок» дегендей таш мылтыктай тарс-тарс айтып салышы.

Календин жазуу, ойлоо стили жөнүндө сөз козгогондо айта кетүүгө зарыл болгон дагы бир жагдай бар. Ал анын китептеринен байкалып тур­ган рухий ички кайратынын күчтүүлүгү. Анын калеминен жарал­ган салтардан ысык илеп уруп турат. Кыясы, кыргыз уулдарынын эң мыктыларын Календей энелер төрөп тарбиялаган окшойт. Баса, кечээ эле Ата мекендик согуштун жылдарында кайраттуу биздин чоң энелер, апалар кандуу майданга кеткен жубайларынын ордун басып, суу сугарып чалгы чаап, трактор айдап, айтор нукура эркектин ишин аркалабадыбы. Биз, ошол кездеги мадырабаштар чалгыны эркек гана чабат, тракторду эркек гана айдайт деп бекеринен жаңылып жүргөн экенбиз. Көрсө биз­дин энелер эркектерди сыйлап, алардын мартабасын көтөрүп, мүмкүн, эркелеп чалгыны колго албай жүрүшсө керек.

Календин экинчи китеби «Түпкүрдөгү монстр» шайлоонун шайтан оюндарына, таймашуунун жүрүшүнө, шайлоолор чет өлкөлөрдө кандай өткөрүлө тургандыгына ондогон документтерди күбө тартуу менен жазылган. Автор бул китебин, «интел­лектуалы бийик, азап-тозогу, мээнети арбын тунгуч Президентке» арнаган. Чындыгын айтканда, бул туура чечим. Анткени, Тунгуч Президентибиз Аскар Акаев Кыргыз Мамлекетинде биринчи жолу эркин шайлоонун өтүшүнүн демилгечиси жана демократиялык укуктук мамлекеттин түзүүчүсү. Ал эми Президенттин ак пейил ойлорунун кандайча турмушка ашып жатышынын өзгөчөлүктөрүн талдоо экинчи маселе китептин негизин түзөт. Китеп жекеликтен жалпылыкка карай умтулган ыкма менен жазылган. Автор айрым жеке адамдын тагдырына, биринчи кезекте өзүнүн тагдырына байланыштуу болгон фактылардан райондук, областтык, республикалык масштабдагы фактылардын системасына таянуу менен жаңы кош парламенттик шайлоолордун «ачуу таттуу өксүктөрүн, жеңилүү-жеңиштерин изилдеп», олуттуу жыйынтыктарды жасаган. Ал корутундулар келечектеги «талапкерлерге аз да болсо сабак болсун деген» ак үмүттү ишке ашырууга багытталган. Бирок, бул маселенин бир гана жагы. Болгондо да автордун «тоону томкоруп салдым» дебей сыпайкерчилик менен гана айтканы. Анткени, мындай конкреттүү документтерге таянып жазылган иш Кален жупуланып айткандай «жарым иликтөө» эмес эле, толук кандуу илимий изилдөө. Көп изилдөөнүн жазылыш формасында эмес, анын мазмунун да, проблемалардын коюлушунда жана алардын чечилишинде, тыянактарында. Ансыз да биз тоталитаризм мезгилинде илим сымак, сөздөрү чоркок, орусчадан которулган сыяктуу китептерден тажап бүтпөдүкпү. Китеп эне тилибиздин учкул ойлорго толгон куюлушкан сүйлөмдөрү менен жазылган. Календин китептеринин окурманды арбап турган күч так ушунда. Анын китептери эне тилибизде татынакай илимий эмгектерди жаратууга болот деген ойду айгинелеп турат.

Эмесе, китептеги кайсыл oйлор уңгу болууга кудуреттүү? Биринчи кезекте адамдар ортосундагы жеке байланыштардын шайлоо мезгилинде теңирден-тескери мүнөзгө өтүп кетиши. Мисалы, Календин депутаттыкка коюлган кандидатураңды алып сал деп, ормон опуза кылып телефон чалгандардан, конокко чакырып алып «сүйлөшө турган сөздү» дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттенгендерден баштап, түз эле «бир квартира, бир машина» берип аны сатып алууга чейин баргандар жөнүндө кыжырданбай кое албайсың. Кален айткандай «сатылбай бир гана Кудай калды» /28-бет/. Ошол себептен бyл шайлоодо чөнтөгү жука «илим-билим, маданият искусство адамдары биринчи эле турда сүрүлүп калды...» /29-бет/.

Улуу тарыхчыбыз Осмоналы Сыдык өз мезгилинде айткандай:

«Чыкканы бу шайлоого кырк жыл болду,

Шол шайлоо барылыкка себеп болду

Мас болуп бирөө чыкты бий болом деп

Кас болуп бирөө чыкты мен болом деп»,

Кызык, биз кыргыздар деги качан оңолобуз? Китептин дагы бир чоң өзгөчөлүгү-коомдук пикирдин уюткулары болгон газета, журналдарга, тактап айтканда «Кыргыз Туусу», «Кут билим», «Асаба». «Кыргыз маданияты» ж.б. басылган толгон токой макалаларды, ондогон арыздарды, актыларды, токтомдорду талдап шайлоо мезгилиндеги кеткен кемчиликтердин себебин ачуу. Автор жети себепти белгилейт жана шайлоо саясий опурталдуу оюндун очогуна айлангандыгын ачык көрсөтөт. Календин пикири боюнча «шайлоо кылмыштарын көрсө-көрмөксөн болгон түпкүрдөгү монстр-борбордук шайлоо комиссиясы калыстыктан тайган».

Кыргызстандын тарыхындагы бул эркин шайлоо «элдин саясий аң сезими мамлекеттик деңгээлде калыптана электигин, сатылуу жана сатып алуу, уруу, этносторго бөлүнүү антиконституциялык, сепаратисттик маанай ж.б.» болордугун ачык көрсөттү. Мындан бир гана тыянак чыгат: келечектеги президенттик шайлоодо аталган кемчиликтер орун алышы мүмкүн, адамдар кыраакы болгула!».

Календин опол тоодой ойлорду терметкен ойчулдугунун, проблемаларды так кырынан койгон изилдөөчүлүк шыгынын дагы бир жагы аңгеме жазууда көрүндү. «Насыя нике» аттуу жети аңгемеден турган чакан жыйнакта адамдын ыйманы, пейили, насили, айтор, жүрүм-турумубуздагы адамдын сайсөөгүн сыздатуучу терс кайрыктар, кунарсыз никенин айланасында баяндалат. Ошондой болсо да, Кален окурманды жакшылыктан үмүтсүз калтырбайт. Анткени жакшылыкка алып баруучу жол бирөө гана - ал ата салтына кайрылуу. Бул ой «Насил кыяматында» трагедиялык маанайда бepилет. Аңгеменин өзөгүн Бүбү апанын аздектеген аруу ойлору, кысыр үмүтү жээни Наргүлгө карата болго назик сезими түзөт. Наргүлгө арналган эпизоддор да, бүгүнкү күндө чечүүгө муктаж болгон тестиерлерди тарбиялоо маселесинин бир бутагы табылгансыйт. Ал табылга - элибиздеги кыздарды балакатка отургузуу жөрөлгөсү. «Илгери кыздарды- дейт Бүбү апа, балакатка жеңелери отургузуучу экен, эми муну билген ким бар?» /11-бет/. Китепте кыздарды балакатка отургузуунун эрежеси толук берилген. Аны таалим-тарбия ишинде колдонууну сунуш этер элек.

Турмушуң кургур ачуу-таттуу, жамандык-жакшылык аралаш жүрөт эмеспи. Бүбү апанын экинчи жээни аракеч жолдош күтүп, өзү да ууру болот. Алар көрүстөндөрдөгү эстелик таштарды уурдап, сатып жүрүшөт. Бир жолу жээнинин атасынын эстелигин уурдашат. Атасынын эстелигин тааныган кески жолдошторун соттотом дегенде, алар аны ошо көрүстөндө жайлап салышат. Бул окуяга капилет күбө болгон Бүбү апа мүрт кетет... «Бири адал, бири арам» эки өлүктүн көр арасында жан таслим болгону элеттиктердин акылын дүрбөлөң түшүрдү... Ыйык тепселип, куту учкан эл эсине кыямат буюгуп келип селт эттирди. Мындан өткөн кордук барбы?../18-бет/.

«Абийир кунары» аттуу аңгеме дагы бир тири укмуш окуя көрүстөндө өтөт. Анда керт башынын «абийири» үчүн ымыркай тукумунун жанын кыйган ата сөрөй менен анын никесиз аялынын аяныч тагдыры баяндалат. Ушул себептен го Календин: «Бүгүн баарыбыз эле таштанды балдар көбөйдү деп бир жактуу кыздарды күнөөлөөгө кириштик. А кыздар kимден төрөдү? Же алар Кыргызбайдын ордуна куурай колдонуппу? Өз тукумун арам сийдик атанткан эркектердин жоопкерчилиги, абийири, ыйманы жөнүндө эмне мынча жапырт сөз козгобойбуз?!» – деп, буркан-шаркан түшкөнү («Доор кайрыгы», 200-бет).

Бири кем дүйнө дегендей «Aйpылыш жолдо» аттуу аңгемеде үй бүлөсүн таштап, башка аялга кетип калган эркектин кызы менен ошо аялдын баласынын ортосундагы махабат баяндалса, «Насыя никеде» шал болуп ооруда жаткан кыз менен чайнекке нике кыйган молдонун ортосундагы «махабаттын» терс кайрыктары чертилет. Айтор Календин таппаганы жок. «Маек», «Сочинение»,»Окулбаган күндүлүктө» ой чабыты түбү барып автордун жанын кашайткан «кумурска турмуштун» терс кайрыктары аракечтикг баңгилик, аңгилик... Аңгемелерди окуганда айрым аша чапкандыктар да байкалат. Орой сөздөр учурайт. Дегинкиси күнүмдүк турмуш оройлуктун арааны ансыз да жүрүп жатпайбы.

Кыскартып айтканда, акыл калчоонун түйшүгүн түшүнгөн адамга, Календин үч илтик күзгү сымал үч китеби бүгүнкү турмушубуздун чындыгын, оң жана терс кайрыктарын жымсалдабай, бурмалабай көрсөтүп, элибиздин улуттук аң-сезимин ойготуп, ой чабытына жаңы ыргак берип, оюна-ой кошот. Ал ойлор, сөз кадырын кастарлаган, рух кадырын даңазалоочу кийинки муундардын өкүлдөрүн өзүнө тартарынан шек санабайм. Бар бол, Кален!

Аскар KAKEEВ

Улуттук Илимдер академиясынын академиги,

философия илимдеринин доктору, профессор.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри.

«Кыргыз туусу», 1996.22-сентябрь

Курбум Каленге

Ыйы да бар, ыры да бар, Сыры бар

Жолдор, жолду кесип өтүп керилген,

Тоомдордон тоскоолдуктар жыйылган,

Түндө жатып, түндөп өтүп кетишкен...

Асыл ойду шамалдардан далдалап,

Шамалдарга тосуп берип өзүңдү,

Канатыңды кайрыгандан чарчабай,

Канат кагып бийиктерден көрүндүң...

Ооруй түшүп «оңуп» кеткен ойлордон,

Чарчай түшүп чаң чыгарган жолдордон,

Жанып-күйүп чыркырады жан-дүйнөң,

Чырагдандай чындыкты издеп жоголгон...

Аялзаттын жарык пейлин калкалап,

Керооздорго кер-мур айтып, толгонуп,

Ичиң сыйрып түшүп сары санаага,

Арууларга жанып бердиң от болуп.

Фатима Абдалова,

Алыкул атындагы сыйлыктын лауреаты

«Жүрөктөгү шамал» китебинен

2000-жыл

Эртеңки күндүн адамы

Жарыкчылыкка жалгашкан доор анын уңгусу болгон адам тиричилиги көп кырдуу татаалдыгы менен кызык да, сүрдүү да. Өзгөчө жаңы нукка түшкөн замандын өзөктөшү болуп, аны ажарына чыгарыш «Мен, мен!» дегендердин колунан келбей турганын байкадык. Анткени, керт башынын камын жеген түркөй кызыкчылыктары алардын кендирин кесүүдө. Коомго түркүк болуучу өзөктөштүк жагдайы адамдын тазалыгына, билимине, акыл ченемине жараша бутактап, тулкусуна орчундуу, маселелерди камтыйт да каармандан датканын доору өзгөчө татаал болгонун баарыбыз билебиз. Андай опурталдуу мезгилдерде өзүмчүл караөзгөйлөр калк арасына чуу салып, бөлүп-жарып, алардын кесепетинен катуудан казан, жумшактан күл калганын карт тарых күбөлөндүрөт. Ушундан улам калк Ата-Журтту коргоп, аздектеп, чамгарактарын сактоочу адамдын аял же эркек экенине маани беришпеген. Курманжанга да эли зор ишеним көрсөткөн. Учурубузда айрым бир жооптуу иштерге кыздардын кыябаты келип турса да «алтын баштуу аялдан бака баштуу эркек артык» дегенди далилдегендей компоюп коймойубуз бар. Бул тамырсыз «аныктама» жогоруда айткандай «Мен, мен!» деген акылы өпкөсүндөгү жигиттердин чырагына май тамызат. Ал эми нака эл жүгүн көтөргөн улуу адамдар байыртадан эле аялзатын кадырлаган. Мисалы: Манас Ата Каныкей энени, Алымбек датка Курманжанды, Жеңижок Көк Сулууну барктай, баалай билген. Келечекке миң толгоно ой жүгүртүп, купулунда жактырган президентибиз А.Акаевге ак батасын берген кутман карыбыз Түгөлбай ата да зайыбын ар дайым (маркум апа замандаштарынын чолпону эле) Асылкүлүм деп ардактачу. Ошондуктан, залкар чыгармаларын жаратканда эң биринчи апанын пикирин укканын эскерет. Учурда да эл-журтубузга сыймык алып келүүчү чыгаан кыздардан куру эмеспиз. Мурдакы муундардын жолун жолдогон Р.Отунбаева, Ч.Баекова, Р.Ачылова, И.Болжурова, М.Жангарачева, Р.Үчкемпирова, К.Саякбаева, А.Абдурехменова, З.Акбагышова, К.Сыдыкова сыяктуу ондогон иштерман ишкерлер бар. «Эжени көрүп, синди өсөт» болуп, булардын эң кенжеси-Кален Сыдыкова. Кален журналистика жаатындагы бүгүнкү профессионал бийиктигине азыркыча айтканда чөнтөгүнүн тереңдиги менен же бирөөнүн көлөкөсүнө илээшип чыга калбады. Турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, электен элекке өтүп, чымыркана изденип жүрүп төрөлдү. «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей жазуучулукту да аркалады. Эмгек жолун адеп үй куруу комбинатында жумушчулуктан баштаганын анын республикалык газеталарга чыккан кабарларынан улам билебиз. Ошондо эле ал нравалуулук жөнүндө сөз козгоп, коомчулукка тиешелүү маселелерди, ой-пикирлерди айтчу. Албетте, журналисттик чеберчилик куш кабардан калыптанса, кудай уютку берген жазуучулук илхам менен акыл туюму ыкташа өөрчүүрү бышык. Бул жагдайды эртелеп туюнган Кален кабарчылык менен чектелип калбай тизгиндин эки танабын күлүктүн жүрүшүнө шайкеш кармап, кадамды иштиктүү шилтеди. Бүгүн ал акыл казынасын калеми аркылуу төгүп, экономиканын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуунун булактарын издене дегдеген таасын журналист, сезимтал кызматкер. Алысты көрө билчү булактарды табууну көрө билген жазуучу. Калкыбыз адеп Календи «Бурулчанын селкинчек» аттуу публицистикалык ой толгоосу басма сөздө көз жарганда тапты.

— Тартынбай ачык, так сүйлөйт тура!

— Ою терең, баамчыл көрүнөт!-деп атышты окугандар. Бала кезибизде энелерибиз: «Кайран Бурулчанын эмнеге, кантип күйгөнүн эми түшүндүм» – деп айыл ичиндеги аялзатына карата болгон кандайдыр бир чаташкан үстөмдүктөргө нааразы болуша, бирок, оюндагыларын көпчүлүккө чыгарып, ачык айта алышпай, көмүскө сүйлөшүп, үшкүрүнүп калышчу. Энелердин чөгүңкү муңайым кебетелеринен улам Бурулча мага тамырын кыян кырккан гүлдөй туюлчу. «Бурулчадай эр көкүрөк, жандуу, жамалдуу болуш кайда!» – дешчү кыз-келиндер тымызын бук чыгарып. Көз алдыма бийик кабак, бой турпаты алптыкындай Ай чырайлуу, Күн жүздүү нур кыз элестөөчү. Бирок, балалыгымданбы же жамандыгымданбы айтор Бурул­чанын турмушта ким болгонун кандай учурда жашап өткөнүн сураштырбаптырмын. Дегиңкисин адам баласы эс тарткандан көргөнгө көрөөр, укканга угаар замат жигиттей ой толгоп, андан натыйжалуу жыйынтык чыгара билүүгө бышыкканы абзел тура. Календе өзүн өкүнтпөй турган сергектик да, баамчылдык да бар. «Бу­рулчанын селкинчекте» окурман анын көз карашынын тереңдиги, курчтугу жана оюнун жыйынтыктуулугуна таасирленет. Ошону менен бирге аялзаты кандай доор болсо да жарын, үй-бүлөсүн аздектегендей эле Ата-Журтун аздектээрин жашоонун турмуштагы чындыктары менен далилдейт. Кылымдан келаткан теңсиздикти, укуксуздукту өмүрү кетчү кысымдан тартынбай башын канжыгага байлап, өз обону менен алгач айтып чыккан Бурулчага Кален мезгилдин чыпкасынан алынган жаңы боек сүртүп, жандандырды. Себеби, бүгүн биз аял менен эркектин ортосундагы теңсиздик ынтымак өсүшүнө кедерги болоорун билип туруп эле негедир ислам динин ылгабай ыйык тутуп, ага башотубуз менен кирип баратабыз. Кыскасы, көкүрөк сокурдугу күчөөдө. Кален ушуга күйөт. Аялзатынын эркектерден эч качан пас эместигин далилдегиси келет. Укуктуулукту, чынчылдыкты сүйөт. Замандаштарын биримдикке, тазалыкка чакырат. Эненин жүрөгү эмнеге ооруурун айттырбай түшүнөт. Анткени, өзү да эне. Ыймандуу жар. «Бурулчанын селкинчек, андай теппе жем издеп», – дегендей заман оошуп, баш-аягы жыйналбай жаткан мындай учурда эпчилдик кылып, мамлекеттик казына менен элди тоноп, жеке байлык күтүүнүн өзү найесептик. Билинбегени менен бардыгыбыэдын жүрөгүбүз ошол найесептик үчүн ооруйт. Ал эми Кален жүрөк оорусун бизге окшоп жашырбайт. «Өздөн чыккан жат жаман» дегендей өздүк талоончулардын куйругу үзүлмөйүн экономиканын түндүгү кантип көтөрүлөт? Кален ушуга далилдүү мисалдарды айтып күйөт. Балдарынын ийинин бүтөп, кардын тойгузуу үчүн аялзатынын жер кезип тербип жүргөнүнө жаны ачыйт. Календин абройун жеке эле «Бурул­чанын селкинчек» публицистикасы эмес учурдун агын ак, карасын кара деп тайсалдабай таасын жазган «Доор кайрыгы», «Демократиянын азаптары», «Мезгил жана мен» деген публицистикалык ой толгоолору да жаратты. Айтор, автор бардык чыгармаларында эл менен кошо кыйналат, толгонот, кубанат, изденет. Калемдештери, замандаштары даап айталбаган пикирлерди, сындарды төп келиштире ортого алып чыгат. Ал ушунусу менен өзгөчө. Дүйнөнү кабылдoocy туруктуу жана көркөм табити жасалмасыз. Көркөм табит демекчи Календин «Абийир кунары» аттуу бир гана аңгемесине көз жүгүртөлү (Чакан макалада бардыгын тастыктап жазуу мүмкүн эмес). Аңгемеде сүйүү, жек көрүү. Өзүмчүлдүк, айкөлдүк, тереңдик менен жеңилдиктин келишпестиктери, жаратылыштын адамдардын мамилесине жара­ша берешендиги, мерестиги айкын жана ынанымдуу чагылдырат. Адамдардын коомго үй-бүлөгө болгон мамилелери, түшүнүктөрү жасалмасыз чечмеленет. Ошон­дуктан «Абийир кунары» мурдараак жазылганы менен азыр да бүрүн түшүрө электей. Анткени, башкы каарман Зейнеге окшогон бой кыздар аруу тилек менен келечегине айкын жол издеп, жыргап жаткансыган шаарга келишет да ай талаанын бороонунда калгандай буюгушат. Мөлтүр, тунук сезимдерин Темир сыяктуу жексурлар талкалап, жапа чегишет. Зейне да Темирдин «бал» сөзүнө ишенип, ууз сүйүүсүнөн кол жууйт. Наристесин толгон токой мүшкүл менен никесиз төрөйт (Темир үй-бүлөсү, балдары бар экенин билгизген эмес). Сүйүүдөн эле эмес достуктан да көңүлү калат. Жарыкчылыкка келе элек жатып Зейнеден башкага суук тумшук аталган ымыркай да жарык дүйнөгө келген келбегенин билбей көз жумат. Өлүк ээси аталган ата сөрөй (Темир) суук тумшуктан кудай жалгап оңой кутулдум деп кудуңдайт. Аттиң десең, турмуш оордошкондо жалган сүйүүлөр да кырман толо кызылга бейазар бирөө от ыргыткандай алоолонот» тура. Кален жүрөгү сыздап айткан­дай оболтодон эле аялзатынын абийирин сактагандар элдин, коомдун байлыгын, абийирин сактаган. К.Сыдыкованын «Насыя нике», «Окулбаган күндөлүк», «Айрылыш жолдо» сыяктуу аңгемелери менен «Мезгил жана мен», «Түпкүрдөгү монстр» аттуу публицистикалары да өзөгүнө жүрөк өйүткөн орчундуу маселелерди камтыйт. Мисалы, «Түпкүрдөгү монстр» публицистикасында кайсы бирлери алдым- жуттумдук менен жыйынтыкталган, өткөн шайлоонун иш тажрыйбасын шайлануучунун кандай жол менен жеңүүчү же жеңилүүчү болгонун А.С.Макаренконун «Педагогикалык поэмасы» сымал алаканга салат. Жогоруда айткандай эл менен кошо күйөт, кубанат. Чөйрөдө болуп аткандарды жүрөгүндө элеп, элек­тен өткөргөн соң гана өң карабай, тайсалдабай иштиктүү айтат. Бүгүн Календи ушул сапаттары бышыктырып, коомдун орчундуу жүктөрүн көтөрүүгө калыптандырууда. Кан­дай айтсак да ал эртеңкинин адамы.

Токтош АБДИЕВА

1997-ж.11-июль

«Обо» газетасы

Боз шумкар болуп зымырай

(Таланттуу жазуучу, журналист Кален Сыдыковага)

Аңыздап көрсөк Календи,

Ары курч болот калемдүү.

Кыр кызы сымбат бой баккан,

Кыяда кырчын тал өңдүү.

Кайнаган көлдө шар өңдүү

Канында угут бар өңдүү.

Калемгер сейрек кыздардан,

Калемпир тилдүү, ал өңдүү.

Бойтойгон сулуу кыз туруп,

Болуптур бир кез шыбакчы.

Дил сырын төгөт жүрөктөн,

Дирилдеп кагаз бетине.

Ооба, нур чачар сезимге,

Ойт бербес тике сөзүндө.

Толкуйт чоң ойдун деңизи,

Топчудай оттуу көзүндө.

Дегенде чындык тыбырай,

Эл десе жанып жумурай.

Бороонду жарып учкансыйт,

Боз шумкар болуп зымырай.

Уркаш Мамбеталиев

Республиканын эмгек сиңирген артисти, манасчы

20-март, 2002-жыл

«Азия нуру» газетасы

Кыргыздын кадырлуу кызы

Өткөн тарыхыбызга кайрылып кыргыз журналистикасынын жаралуу жана өнүгүү жолуна саресеп сала отуруп, анын коомдогу ролун, кошкон бараандуу салымын, элибизге кылган опол тоодой кызматын акыл сезимибизде туюп-билип аралашып келебиз. Кыргыз журналистикасынын тарых барактарында калган мындай зор эмгектин артында миңдеген калемгерлердин ак ниет эмгеги, тынымсыз иш аракети тургандыгы айкын нерсе.

80-жылдардан кийин кыргыз журналистика майданына чыйрак ой жүгүрткөн, прогрессивдүү көз караштагы кыз-келиндер келди. Алардын бири -кыргыз кызы, белгилүү публицист, жазуучу, СССР жана Кыргызстан Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү Сыдыкова Кален Султангазиевна. Анын журналистикада публицист катары өзгөчө орду бар. Ал буга чейин кезегинде бир катар кызматтарда ак ниет эмгек өтөдү. Акыркы беш жылда Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында башкы редактор болуп иштеди. Учурда республикадагы эл аралык биринчи гезит «Чар тараптын» башкы редактору. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасына N17 Чаек шайлоо округунан депутаттыкка талапкер.

Кален Султангазиевна Сыдыкова кыргыз журналистикасынын босогосун өзүнүн даярдыгы менен, башкалардан өзгөчөлөнгөн үнү менен аттанган эле. Ал -публицистикалык чыгармаларынан патриоттук сезими, жалындап көрүнүп турган, ой жүгүртүү деңгээли бийик журналист. Маселени туура түшүнүп ар бир деталын терең изилдөө менен, аны сындап гана койбостон, чечилишине чейин өзүнүн бүтүндөй концепциялык ойлорун берген, азыркы кезде калайык-калкка даана таанылып калган публицисттерибиздин бири. Мен анын соңку кездеги арымын өзгөчө белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын суверенитетин алып жаткан мезгилде көп кишилер тартынып, империялык саясаттан коркуп турган кезде Календин чыгынып, тайманбай, кандайдыр бир даражада жанын сайып коюп, Кыргыз мамлекетинин суверенитети үчүн күрөшүү багытындагы жазылган макалалары мен гана эмес, жалпы элдин эсинде деп ойлойм. Ал мейли элдин патриоттук сезимине байланышкан маселени жазабы же чарбалык маселени жазабы, мейли азыркы кездеги кыз-келиндердин проблемасына кайрылабы, айрыкча азыркы саясаттын учугун кууган, анын учугун тапкан, саясаттын адамдары кандай шартта элге жакшылык кыла тургандыгына байланышкан, турмушту жакшыртууга жол издеген көп кырдуу макалаларды жазып, элдин ыраазычылыгына ээ болду. Мисалы, кийинки эле учурда жарык көргөн «Алгалоочу элдин акими көп болобу?» деген макаласында, жер-жерлердеги өзүн-өзү башкаруунун саясаты толук иштелип чыкпагандыктан, иш мыйзамдуу жолго түшпөй жатканын ачып берди. Мурунку тоталитардык заман кетип, жаңы демократиянын заманы келди деп турганда, эл менен бийликтин ортосундагы негизги көпүрө боло турган акимдердин иштериндеги айрым чаржайыт ишти көрө билип, алардын ишин жолго салуу менен бүтүндөй элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселесин курч койгондугу жалпыга маалим. Акимдер иштин жакшы-жаманын көрүп-билип турушат. Акимдик бийликтин ролун, бүгүнкү күндө алардын ишкердүүлүгүнүн ачылбай жатканын калайык калктын көзүнө салып бергени Календин азыркы саясатка нак талдоо жүргүзгөн чоң жоопкерчиликтүү иши болду.

Мен биринчи кезекте Кален Сыдыкованын жалпы даярдыгын өзгөчө баалайм. Ал универсалдуу публицст. Календин чыгармачылыгына кандайдыр бир чоң коомдук ишмердин даярдыгы жаткандыгы сезилип турат. Кален Сыдыкова коомдун кайсы тармагын албасын, анын дартын, көйгөй маселесин көтөрүп, чечиле турган түйүнүн таап, аны бир эле акыл менен жазып салбастан, ага өзү абдан ынанып, аны жүрөгүнөн өткөрүп, өзүнүн жан күйгөн илебин кошуп жазгандыктан, анын макалалары тирүү адамдарга жетимдүү, терең, ойчул жана ишенимдүү. Ушул жагынан алганда Календин өз үнү бар, тырышып изденген патриот журналист катары билебиз. Кален өзү козгогон проблеманы адепки жетиле элек жеринен кармаса, аны калк, түшүнмөйүнчө, маселени белден aшырып жибермейинче жана жалпы чечилишине толук көзү жетмейинче тынбай иштейт. Маселени көтөрүп чыгып, жөн эле жазып койгон бирин-экин макаланын иретинде калтырбастан, чечилишине чейин тырышып иштеген- бул накта чыныгы, коомдук ишмердин мамилеси деп эсептесек болот. Анткени, бул -өзү чоң эмгекти талап кылган байсалдуу иш. Таланттуу журналист Кален Сыдыковага колдоо көрсөтүп элибиз ишеним көрсөтүшсө, ал аны толук актай турганында эч шек жок.

Асан Жакшылыков

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

Жаштар сыйлыгынын лауреаты

1995-ж.7-март

«Кыргыз туусу»

Чындык үчүн күрөшкөнгө чындык ыр

(Каленге)

Чындык, чындык, чыркыраган көк түтүн,

Чын баркына жеткен экен ким анын?

Адамдагы адамдык бир өксүгүң,

Акмак үчүн түккө арзыбайт дил-арууң.

Максат-мара ким түшпөгөн жарышка,

Кезең жолдо кечүү айлампа иримдейт,

Тирүүлөргө берилбейт так, калыс баа,

Өлмөйүнчө ким кимдиги билинбейт.

Деген менен түндү жарган ай нуру –

Сыяктанып чындыгы үчүн күрөшкөн.

Байлыгы жок, жетишпеген айлыгы,

Бактылуусуң, бактылуусуң, бирок Сен.

Бактылуусуң, көпкө жетип кулачың,

Ийип, төгүп көкүрөктө барыңды.

Жер шаарындай чимирилип турасың,

Коштоп алып балдарыңды, жарыңды.

Добуш алуу кыйын болоор бул чындык,

Жеңиш сенде, жеңиш сенде а бирок.

Анткени, Сен мукамындай комуздун,

Ансыз деле өзүң бийик добушсуң.

Дайырбек Стантегин

1995-ж.30-январь

«Демилге», №3-4

Кален

Жазып жүргөн кыздарыбыз кудая шүгүр көп эле. Ошолордун арасынан күлүктөй суурулуп чыккан, жамы журтубузга аттын кашкасындай таанымал ары таланттуу публицист, ары таланттуу кара сөзчү Кален Сыдыкованы ким билбейт. Аял болсо да эркектей курч жазган калемдешибиздин публицистикаларын окуп жатып, андагы ойлордун таасындыгына, курчтугуна, таамайлыгына өзгөчө баа бересиң.

Кален калемдешибиздин басма «сыры» кете элек «Түпкүрдөгү монстр», «Насыя нике», «Доор кайрыгы» деген жакшынакай китептерин кыйгач өтпөй окуп коюңуз.

Султан Раев

1996-ж.8-март

«Кыргыз руху»

Аял лидер

Мамлекеттин, жалпы калктын кызыкчылыгын көздүн карегиндей таза сактаган, ыйман-адебин жогору туткан, жан-дүйнөсү таза, европалык философия боюнча билимди атактуу Москва Университетинен алышкан Роза Отунбаева менен Мира Жангарачева өзгөчө баса көрсөтүүгө татышат.

Көңүл буруучу жагдай эркин кыргыз мамлекети аялдардын жаңы муунун республикалык деңгээлдеги белгилүүлүккө көтөрүүдө. Алардын катарына бүгүн эле Абдылдабек кызы Жаңыл, Абдырехменова Асылкүл, Бахапова Санабар, Болжурова Ишенгүл, Жолдошева Жылдыз, Түмөнбаева Жаңыл, Саякбаева Канышай, Сыдыкова Кален, Шарипова Салима ж.б. саясий, экономикалык руханий чөйрөлөрдүн аял элитасы жана алардын лидерлеринин жаңы муундары калыптанууда. Демек, аялдардын жаңы ысымдары республикалык деңгээлдеги саясатка келиши алыс эмес.

Кусейин Исаев

философия илимдеринин

доктору, профессор.

«Республика», 1997. 28-январь.

Коргой алат элибиздин намысын

(Каленге)

Кынагандай сөзү ишине төп келип,

Калыстыгы кара кылды как жарган.

Акыл күчү калеминде сыналган,

Чанда чыгат татаал жолдо сынбаган.

Керек болсо сайып коюп өмүрүн,

Калпыстыктын бет пардасын сыйырган.

Эр жигиттей тайманбастан бара алган.

Калем менен тоодой эмгек жараткан,

Кален эже кичипейил, эң жөнөкөй жакшы адам.

Тереңдикке, бийиктикке баа берип,

Адашпай тандап алса эл өз кызын,

Акыл ою таптаза биздин Кален,

Коргой алат элибиздин намысын.

Анаркүл Мукамбетова

1995-ж. февраль

Калемдешим...

Сөздүн күчүн бир акылман «тилдин мизи кылычтан өткүр келет. Каалаганда кара ташты кайыштай тилет» деп аныктаган экен. Тилдин мизи сөз, сөздүн жоопкерчилиги нар көтөргүс. Басма сөз эркиндиги жоопкерчиликти аттап кетүүсү мүмкүн эмес. Сөздүн наркы, куну чүпөрөк болбогондон кийин элдин элегинде, акыл, жүрөгүндө таразаланып турат. Жазмакер аялдар кайсы жанр болбосун жигиттерден кем калышпайт. Бирок, алардын эмгеги жогору бааланбайт. Калем менен жазылбаган менен төмөн тутуу психологиясы бар. Сезимталдык менен жазганы, чак дедире чагып алган сыны, анализдөөсү боюнча да, олуттуулук, ой таштоо, өкүмдүү болуу жагынан да кашкайып көрүнгөндөрү бар. Ошого жараша биринин стили бирине эч окшобойт, ар биринде жекелик, «мендик» да бар.

...Сүйүн Курманованын кыска, сезим козгоп жазгандары кээде кенедей материалга бир чоң ой батырып койгону, элестүүлүгү өзүнчө айырмаланып турат. Массалык маалымат каражаттарында Б.Досалиева, И.Сарбанова, Д.Кодураңова, Н.Рябова, Н.Ничипорова, А.Оторбаева, З.Пасаңова, Б.Чотурова, А.Бакеева, Ж.Акунова, З.Тулпарова, Т.Наматбаева ж.б. кыздар иштеп жүрөшөт.

Кален Сыдыкова кезинде эч ким батына албай турган темага тиш салып, тартынбай жазып таанылган. К.Сыдыковада өктөмдүк, ачыктык бар, чоң маселелерди көтөрүп, батылдык менен жазат. Ал журналист кыз-келиндердин ичинен биринчи жолу депутаттыкка талпынганын эстейсиң да ойго түшөсүң...

Бермет Маткеримова

1997-ж.16-18-сентябрь

«Кыргыз туусу»

Кара кашка тынардай

(Кален Сыдыковага арнайм)

Ашык сөздү айтпаган,

Ашыра сүйлөп адамдарды какпаган,

Эмгектин көзүн тапкан,

Залкар ой мурастардын капкагын ачкан.

Сайга чыккан чынардай,

Кара кашка тынардай,

Кыздан чыккан кыраандай.

Олуя сөздүн атасы,

Публицистиканын апасы,

Умай энелер жуурган камырдай,

Гүлдүн пири мамырыдай.

Асманда Чолпон жылдыздай,

«Ачылбаган сандыкта,

бычылбаган кундуздай».

«Кургак сөз менен кумган жалатпай»,

Жазганы бурганактап ачыган шараптай.

Баланы таарынтпаган,

Байкушту басынтпаган,

Кесир жакка жолобой,

Бой көтөрүп керилбей,

«Ар бир гүлдүн ширесин аары билет»,-дегендей.

Чыккан жери уруктуу,

Турмушунда туруктуу.

Атына камчы чаптырбай,

Элине наалат айттырбай

Китептерди биринен сала,

Бирин чыгарып келесиң,

Сөз каймагын тоодогу

бөрү карагаттай тересиң.

Кокус көрүшүп калсак көктөмдө,

качан публицистикаңдан бирди бересиң?

Группадан коомдук-саясий иштерди жазып,

семичкедей чаккан уздардан,

Жазуучу Сыдык кызы -Кален чыкты кыздардан!

Дадыбаева Калыйман

«Тунук» № 24 (27)

апрель, 2002-жыл

Бийлик жана чындык

Кален Сыдыкова калеми курч журналист экени мен айтпасам деле баарыга маалым. Мындан бир аз жыл мурдарак мен анын «Кыргыз маданиятына» жарыяланган публицистикалык макалаларын окуган элем. Мага жаккан. Ошол себептенби, Календин өзүн көрбөсөм да, «Адабият» басмасында редактор болуп иштеп турган кезимде китебин өзүм сунуш кылып басманын темпланына кийирген элем. Тилекке каршы, 92-жылдан тартып кагаздын тартыштыгына байланыштуу көп китептер жарыкка чыкпай калды. Ошолордун ичинде Календин китеби дагы. Мына ошол китеби эми жарык көрүп отурат. Китеп «Доор кайрыгы» деп аталат.

Менин жекече баамымда, Календин чыгармалары көркөм публицистикага караганда саясий публицис­тикага көбүрөк ыктап тургансыйт. Азыркы кезде билсе-билбесе деле бардык нерсе саясатташып кетпедиби. Атүгүл ичкен чайынан да саясаттын кермек даамы келип турат. Ка­лендин саясат маселесине чапчаң жана батылдык менен аралашып кеткени да закон ченемдүү көрүнүш. Ленин айткандай, ким кайсы коомдо жашаса ошол коомдун ырын ырдайт эмеспи. Бирок, ким кандай ырдайт, кеп ошондо.

Календин бул китебине пубпицистикалык ой толгоолордон тур­ган көлөмдүү алты макаласы топтоштурулган. Ар бири өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Ар бири өзүнчө сөз кылууга арзыйт. А жалпы жонунан алып келгенде, бир гана бүтүмгө такалат: ал азыркы биз жашап жаткан доордун сай сөөгүңдү чаккан кайгылуу кайрыктары. Кайсы гана чыгармасын албайлы, өткөөл мезгилдин өзөктү өрттөгөн өтө мүшкүлдүү жактарын өз ичине камтыйт. Менин жекече түшүнүгүмдө, философиялык категорияга кирбеген менен, философиялык деңгээлде көтөрүлө албаса, ал сөздүн толук маанисиндеги публицистикалык чыгарма болуп саналбайт. Календин публицистикалары дал ушул деңгээлге жетип тургандыгын адилеттик катарында айтып койгон жөн. Кален – чыныгы публицист-журналист. Аны айттырбай эле ушул чыгармалары аныктап турат. Чындыкты айтып коюу бир жөн, ал эми чындыкты айтуу менен бирге, өз оюн, өз көз карашын коомчулукту ортосуна кое билүү - бул өтө кооптуу жана жооптуу жумуш. Киши көз карашынан жаңылат. Ошон үчүн сөз ээсинин көз карашы түз, позициясы бекем болуш керек. Бул жагынан алганда, Календин ой толгоолору орундуу жана омоктуу, орчундуу проблемаларды кучагына камтыйт. Бир сөз менен айтканда, кыргыз коому кайда бара жатат?.. Мына ушундай чоң суроонун айлана-тегерегинде ой жүгүртөт. Баарында эле жообу теңирден тескери чыгат. Совет доорунда Турдакун Усубалиев менен Апсамат Масалиев кыргыз элин кың дегизбей орустарга кол куушуртуп келди. Буга Б.Мамбетов, А. Султанов, С. Аттокуровдун тагдыры күбө, ал эми элибиз эгемендүү мамлекет болгондон кийинчи? Кудай бетин көрсөтпөсүн, айылдык атка минерлерден тартып, аким-чиновниктерге чейин тим эле ээн жердин бөрүсүнө айланып кетишти. Алып-жулуп, талап-тоноп жеп атышат, кой-ай деген киши жок. Менчиктештирүү деген шылтоо менен мамлекеттик ири ишканаларды, мейманкана, мекеме-имараттарды, баалуу мүлктөрдү эркинче ээлеп алышты. Анан калса, эсиргендерине эмне дейсиң; бири Орусияга кошулабыз-десе, бири Түркстан мамлекетине биригебиз дейт. Белдүү эркек калбай калгансып, белгилүү аксакал-көксакал депутаттарыбыз экиден аял алабыз деп оолукса, кыздары кытай менен түрктөргө этегин ачып, бозбаш балдары башка диндерди кабыл алып, чиркөөлөрдө чокунууда. Арак менен наркотик болсо кыргыз генофонун ташталканын чыгарып кыйратууда. Айыл жеринде жашагандар кризистин сормо сазына биротоло белчесинен батып бүттү. Ураган улуттук тилибиз дале унутта калып келатат. Аялдар маселеси эң төмөнкү орунга түшүп калды. Адабият менен искусствобуз адам боору ачыгандай абалда. Бирин-бири алдамай. Каада-салтыбыз жаңырмак түгүл жаман жагына ооп баратат. Эсирген эргулдар эчакы өткөн бий-болуштардын 100—150 жылдык тоюн өткөрүүдө. Кыргыз жергеси кокту-колоттон башы көрүнбөгөн кишилердин аттарына толуп кетти. Деги, кыргыз коому кайда бара жатат?

Мына ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелердин баары тең Кален Сыдыкованын «Доор кайрыгы» китебинин негизин түзөт. Чынын айтыш керек, жалданма журналисттер минтип айталбайт да, минтип жазалбайт да. Бийлик менен Чындык ар дайым От менен Суудай бирикпеген, ал турсун бири-бирине карама-каршы келген нерсе. Бийлигин сакташ үчүн, же болбосо бийликке жетиш үчүн жүрөксүз, жууну бош журналисттер чындыктан тайып кетишет,

Журналист — жоокер, калам — найза. Колдогу найзасын калтарып түз суна албаган жоокер жоокерби? Ошондой эле чындыкка дит багып тике бара албаган журналист да журналист эмес. Бул багытта Календин жүрөктүүлүгүнө тан берсе болот. Мен билгенден кийинки 5—10 жыл аралыгындагы кыргыз журналистикасында эң мыкты публицистикалык чыгармалардын бири дээр элем. Мактоо, жагынуу — Президентке да, Өкмөткө да, Журтка да жардам бербейт. Андан көрө чындыкты тике айтып, кемчиликти кескин сындап көрсөтө алсак — ошол жардам. Ал үчүн Календей кара кылды как жарган, калыс журналист болуш керек. Бул оюмду мен «Доор кайрыгын» окуп чыккандан кийин гана айтып отурамын. Кымбаттуу окурман, анда эмесе өзүңөр да бир барактап көргүлө!

Салибай Шатманов

1996-ж.9-январь.

«Нуска» газетасы

Кыз Сайкал

(Кален Сыдыковага)

Кыз Сайкал болсо болгондур,

Өзүңдөй кенен, Акылман.

Баарыга тегиз кол сунуп,

Бооруна баарын батырган.

Тик туруп далай мыктынын

Ажатын сенче ачкандыр.

Азамат жанды кор кылбай

Жарыгын сенче чачкандыр.

Төрлөтүп түркүн конокту

Түткөндүр ысык-суугуна.

Көксөмөк эле Кызыр да

Жар бол деп жандай уулуна.

Кыздардын кыйын сырттаны

Бизди да күттүң кебелбей.

Арканды узун таштаган

Асылзат жансың кеменгер.

Чайды да, пайды көп кылган,

Чалкыган көлдөй пейилде.

Эс алдым, төрлөп жазылдым

Кең дүйнө кымбат өмүрдө

Сыйга сый, балга сыр аяк,

Кымбатсың дайым мен үчүн.

Кыргызым десе тик турган,

Жаралган жансың эл үчүн.

Кыз Сайкал болсо болгондур

Өзүңдөй кенен, акылман.

Тазагүл Закирова

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңөирген ишмер, Молдо Нияз атындагы адабий сыйлыктын ээси

1-сентябрь, 2001-жыл

Достук азил

Сазына тыгылбаган бир уруунун,

Саяктын бир кызы бар жаамы эл деген.

Сайкалдай катар саят жигиттерди,

Сайышка чыгарса эгер калем менен.

Кылымдын күүсүн толгоп чала келген,

Кыргыздын кыяк-кызы, ээй, Кален деген.

Күн беттеп уча берсин учкул рухуң,

Күлгүн жаш бойдон калып фарель денең.

Атантай Акбаров

Республикалык адабий Алыкул, Молдо Нияз атындагы сыйлыктардын ээси

1994-ж.8-март «Аалам», № 6

ТАТЫКТУУЛАРДЫН ТАТЫКТУУСУ

Мындан төрт жыл мурдараак күүлдөгөн жоон топ жазуучулар, журналисттер жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү «Ала-Too» басмасынын залына чогулуп, бүгүнкү күндө бакыйып кыргыз эл жазуучусу болуп алган калемдешибиз Асанбек Истам уулун Кыргыз­стан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына кандидаттыкка көрсөтүп калдык. Ошол күнү баарыбыздын көңүлүбүз көтөрүңкү, куунак, шаңдуу болчубуз. Идеологиядагы кайра куруу ыкчам жүрүп, жакшылык жагына өзгөрүүлөр айкын сезилип, бюрократия, партократия, цензура дегендердин куюшканы бошоңдоп, улуттук эркиндик, көз карандысыздык, демократия, басма сөз жана дин тутуу эркиндиги дегендердин жаңыдан күнү тууп келаткан мезгил эле.

Ошондон бир аз мурдараак Асанбек Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин экинчи катчысы, чоң бюрократ Киселевго басма сөз бетинде тайманбай, тайсалдабай кол салып, катуу сынга алуу менен бир эле күндө бүткүл кыргыз элине таанымал, көк жал улуттук баатырга айланып калган. Ошондон улам чогулгандандын бир добуштан кызуу кубаттоосуна, чын ыкластан колдоосуна ээ болду.

Бирок, Асанбек иним ошол күрдөлдүү күндөрдүн жападан жалгыз кашкайган каарманы эмес эле. Ага удаалаш эле кыргыз-кыздарынан дагы бир күтүлбөгөн көкжал чыгып, кыргыздын улуттук кызыкчылыгын, өз алдынчалыгын, болочок тагдырын коргоп, идеология майданындагы Жаңыл кебетеленип, ат ойнотуп, эл көзүнө көрүнүп келаткан.

Мен анын «Кыргызстан маданияты’’ гезитинде жарык көргөн эки макаласын окуган соң өзү менен да жүз көрүшүп, бир маектешсем, «Ала-Too» журналына да авторлукка тартсам болот эле деп кызыгып жүргөм. Асанбекти депутаттыкка көрсөткөн чогулушта «Кыргызстан маданиятынын» ошо кездеги башкы редактору Ж. Садык уулунун жанына отуруп калыптырмын.

— Жалил, Кален Сыдыкова деген кызды кайдан таптыңар? Окуйт бекен же иштейт бекен? – деп кулагына шыбырап сурай койдум.

— Партия тарыхы институтунда кенже илимий кызматкер. Өзү да азыр ушерде, так сенин желке жагыңда отурат, – деп ал күлүп койду. Артыма бурулуп карай албадым. Кален карындашымдын маңдайынан жылдызы жайнаган жаркын жүзүн чогулуштан тарап баратканда көрдүм. Он чакты кадам ээрчий басып калып калдым. Дароо эле тааныша койгонго батынбадым. Ыңгайлуу учур көптөн кийин келди.

Календин мезгилдүү басма сөздө жарык көргөн ар бир макаласын кызыгып окуп жүрдүм. Айрыкча тарыхчы Сабыр Аттокур уулун улутчул катарында аеосуз айыпташканда эч кимден, эчтемеден тайсалдабай, чечкиндүү коргоп чыкканына кубандым. Эгерде ушундай эр жүрөк коргоочулар көбүрөөк болсо, шылуундар менен куу шумдар момундарга катаал үстөмдүк жүргүзө албай калышат эле. Саманчы уулу Тазабек агабыздай, Кыдыке кызы Бакен эжебиздей чоң инсандар жабыр тартып жүрүп өлбөйт эле деп ойлодум ичимде.

Албетте, Календин чыгармачылыгы дайым эле менин оюмдагыдай бир калыпта, шыдыр жүрүп кетпеди. Анын жазган эмгектеринин ичинде мазмун- манызы жактан да көркөмдүк жактан да өйдө, ылдыйлары, толуу, бөксөлөрү да болду. Анын «Бурулчанын селкинчек же буулуккан ойлор» аттуу ургаачылардын эркектер менен тең укуктуулугун коргогон, өтө курч жазылган публицистикалык макаласы мени катуу бушайманга салды. Анткени, анда «ойношчулукту тыюга мыйзамдын да, кудайдын да чамасы чак» деген чектен чыккан адепсиз бир сүйлөм бap экен. Башка да орой, эротикалык сөздөрдүн бир нечесин жолуктурдум. Мунун баары эркектер менен жакалашып, жаакташып айтышуу учурундагы кызуулуктан чыгып кеткен экен. Макала абдан ышкылуу, таланттуу, таасын, так жазылыптыр. Ошого карабастан, жөнү жок жерден эле он сегиз миң ааламдагылардын баарынан улук, баарынан бийик, баарынан таза, баарынан асыл, баарынан кудуреттүү Кудайыма тил тийгизгенине ачуум келди. Кыргыз радиосунун башкы редакторунун кабинетине жулунуп кирип барып:

— Кален карындашым, «Бурулчанын селкинчегин» окудум. Сиз эркектер менен кер- мур айтышып атасыз. Бул жагынан эч доом жок. Мен деле өзүмдү маданияттуу адам катарында эсептеп, ургаачыларды жактайм. Бирок, он сегиз миң ааламды түгөлү менен, телегейин тегиз кылып, адамдарды дан, жан - жаныбарларды да, курт-кумурскаларды да эркек-ургаачы кылып түгөй - түгөйү менен жаратып койгон Алла Тааламда эмне жазык?! Теңиримдин жазыгы эле Сизди топураган көпчүлүктөн өзгөчөлөнтүп, акылдуу, таланттуу, сулуу жаратып койгонубу?! – деп катуу жемеге алдым. Жарым сааттан узагыраак Кудай Таалам, анын периштелери, пайгамбарлары, ыйык Куран, Библия китептери , мусулман, христиан диндери жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Кален «диндик ырым - жырымдарды жаман көрөм» деп чынын айтты. Мен «сизди мага окшоп орозо кармаңыз, намаз, куран окуңуз деп зордобойм. Бирок, ;Кудайды эске ала жүрүңүз, аны урматтаңыз, каарынан коркуңуз, анын бар экенине, кудрети күчтүүлүгүнө ишениңиз? Эгер Теңирим кааласа, жалаң эле жалаптарды эмес, бүткүл жер жүзүндөгү бузукуларды көз ачып -жумгуча жок кылып ийет!» дедим. Кыскасы, ошол күнү агалык кеп-кеңешим, акыл-насаатым текке кеткен жок деп үмүттөнөм. Анткени, Кален эми жалаң эле материализмди эмес, идеализмди да, а түгүл дүйнөлүк масштабдагы чоң жазуучулардын кудайчыл чыгармаларын да окуп көрмөк болуп калды. Кален карындашымын Алла Таалам эми бул карындашымдын курч калеминен айтылган карасанатайлык менен эмес, аңдоосуздан кызыганда капилеттен чыгып кеткен адепсиз, текебер сөздү кечирип, анын зирек бузукуларды көз көкүрөгүндө өзүнүн чабарман периштелеринин бары - аркылуу apyyлап тазарткыч нур жиберип коюшу мүмкүн, ал нурдун жарыгы, эгерде Кудайым өзү жалгаса, болочок кыргыз адабиятына да тийип калышы мүмкүн.

Ошол биз сүйлөшкөндөн кийин көп узабай Кален Сыдык кызын кудай жалгап Түгөлбай Сыдыкбек уулунун ысмындагы бийик даражалуу адабий сыйлыкка талапкер болуп көрсөтүлүп калды. Эми Кудай буйруса, көп эле татыктуу талапкерлердин ортосунда көк-бөрүгө айланган ошол сыйлыкты жеңип алышы да мүмкүн. Мен карапайым окурман катарындагы өз добушумду досторум Кеңеш Жусуп уулу менен Омор Соорон уулуна ыраа көрүп турганыма карабай карындашым Каленге берүүнү чечтим, анткени, аны татыктуулардын татыктуусу деп эсептейм.

Кушчу Медербек уулу Эсенбек

23-апрель, 1993-ж.

Турмуш чындыгын жазат

Кален Сыдыкова Кыргызтелерадио компаниясында акыркы төрт жылда башкы редактор болуп иштеди. Редакциянын ишин эң жакшы уюштуруп, угармандардын сынына татыган, табитин жандырган уктурууларды даярдаганы жалпы угарман калкына белгилүү.

Публицист катары турмуш чындыгын жаза билет, кара кылды как жарган калыстыгынан жазбай келет. Чыгармаларынын тили эң жөнөкөй жана жеткиликтүү. Азыркы учурда парламентте аялдардын аз болушу, эне-бала проблемаларынын экинчи планда калышына алып келүүдө. Эгерде, Кален Сыдыковага ишеним көрсөтүлсө, ал бардык күчүн, билимин, аракетин ишке арнамакчы.

Журналист-публицист катары К.Сыдыкова биздин бүгүнкү жаңы заманга келген байлык деп айтар элем. Себеби, кимде-ким анын публицистикаларын, чыгармаларын окуса буга түздөн-түз кошулар эле. «Чар тарап» газетасын уюштуруп, аз убакыттын ичинде окурмандарын табуу жумушу оңой эмес. Бул эмгегин баалабай коюга болбойт. Мындан ары дагы ушул газетанын келечеги үчүн көп жакшы иштерди иштөө жагында К.Сыдыкованын келечек максаттары арбын. Алардын бири – Кыргызстан менен өз ара экономикалык, саясий, маданий байланыштарды ошолордо газетанын өз кабарчыларын даярдоо маселеси. Бул албетте, келечектин иши. Жалпысынан алганда, газетанын келечеги кең, мен буга толук ишенем.

Шарапат Турдакунова

Телерадио диктору, журналист,

жазуучу. 1995-ж.февраль

Патриот журналист

Мен Кален Сыдыкованы студент кезинен бери билемин. Ал публицист катары элибизге белгилүү. Элдин көйгөйүндөгү маселени козгоп, аны жаза билген патриот журналист. Элдик баатыр Курманбек жөнүндөгү публицистикалары, дегеле газетага жарыяланган проблемалуу макалалары окурмандарды кош көңүл калтырган жок. Ал мейли түндүктөн, же түштүктөн жазабы, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди колдоп, ишеним арттырып келет. Кыргыз элин-жерин сүйгөн, патриот журналист.

Тянь Шань жергесинен сайдырган кезде чеп бузган, алдырган кезде кеп бузган, жан өчкөн кезде жан болгон, азамат эрге жар болгон кыздар аз чыккан эмес. Алар акылдуулугу, айлакерлиги, аруулугу менен эле уютку болуп, жоолашканды катыштырып, доолашканды батыштырып, элдин, жердин бүтүндүгү үчүн барымтага башын байлап, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап келген. Элдин атын эр калпактуу эр эле эмес, кызыл топу кыз да чыгарган.

Тянь Шань жергесинен булбул үндүү Мыскал чыккан, татынакай Таттыбүбү, асыл эжебиз Бүбүсара чыккан... Тянь Шань жергесинен кайраттуу калемгер, жалындуу публицист Кален Сыдыкова чыкты. Календи мен жакшы билем, эл да жакшы билет. Депутаттыкка талапкер экендигине карабай, кайратына шек келтирип, намысына кеп келтирип койбогойле деп чочуп турам. Мунун да жөнү бар. Антсе да акыл айлантаар заман ушул. «Томоголуу куштан, топулуу кыз жакшы» деген экен эл. Эл эл экени чын болсо, журт журт экени чын болсо, жалгыз кызынан ак батасын аябас чыгаар...

Шайлообек Дүйшеев

акын, журналист 1995-ж. февраль

ПОРТРЕТКЕ ШТРИХ

Жашым улуу болгон менен жаным курдаш Кален Сыдыкованын мурдатан сыртынан билсем да, 1989-жылдар болуш керек эле, «Кыргыз­стан маданияты» газетасына чыккан Кыргызстан КП БКнын Москванын жана республиканын деңгээлиндеги кадыр-баркы, алган орду жөнүндөгү макаласы жакындан тааныштырган . Азыр айтып берсе бир кеп болоор, бирок ошол жылдары интеллегенция менен жаштар катуу толкуп, жалпы эл кулагын түрүп турган кырдаалда айтчу сөздү жигиттер эмес, алгач Кален Сыдыкова айтып, жазып чыккан. Ушул убакка чейин эсимде, республиканын интеллегенттик чөйрөсү ошол күндөрү Календин макаласын колдон-колго алып окуп чыккан. Ага чейин каймана айтып, алыстан тап берген менен Апсамат Масалиев, мына ушундай жетекчи...» деп эч ким көзгө сайып көрсөтө алган эмес. Чынында айтсам макаланы окуганда толкунданганымдан демим ичимде калып, анан барып гана «эми эч нерсе болбогой эле Каленге» деп коркуп кеттим. Ошондо бир тан бердим Каленге!

Экинчи ирет «Пайшамба» жарык көрүп, жалжайып бардыгы окуп, окурманы да газета чыгарганы да, бети ачылып ажыкыздана баштаган учур болду. Кой деген кожо жок. Ошондон көп узабай Календин сөз порнографиясы, анын улутка тийгизген таасири жөнүндө макалалар циклы басма сөздөн жарык көрдү. Каленге тиешелүү стиль, цитатадан жана аны интерпретациялоодон турган макала коомчулукка бомба болуп жарылды. Ушул убакка чейин ал «телибай тентектерге» «жап этегиңди» деп кесе айткан жан жок эле.

Бул кескин макала дзоттун оозун жапканга тете макала болду, анткени,ал кезде «Асабанын» чечектери «ушул туура эмес» деген кишини аял - эркегине карабай мазактап ийгенге маш кездери. Аскердик тил менен айтканда « Кален главного удара себя взяла». Албетте, андан кийин «Асабачылар» Календи бир топко чымчылашты, бирок негизги сөз айтылгандан кийин, андай макалалар жаандай жаады. Насилинде, «Асабанын» балдары жаман балдар эмес, коомчулуктагы пикир менен эсептешип, «Пайшамба» жабылды.

Эки учур тең эки башка маселеге тиешелүүдөй болгон менен өзөгү бир эле. «Сөздү учурунда айтпаса, сөздүн атасы өлөт» деп көп айтканыбыз менен учурунда айтпай, бири аркасын качырып, бири тынч жашагысы келип жатып эле, көп жерден «сөз атасы» чырылдап эле өлүп кетип жатпайбы!

Биз курактагы аялзаты жасай элек, дагы бир эрдикти Кален Султангазиевна жасап койду. Ал - Жогорку Кеңештин депутаттыгына aт салышканы. Учурунда деле, колуман келген аракетимди жасаганым менен Кален деген кандай майданга баратканын анча элес албапмын. Анын «Түпкүрдөгү монстр» - деп аталган китебин окуганымда төбө чачым тик турду. Шайлоонун шайтан оюндары , болгондо да идеясы бар бирок, колунда жокту мазактаган, аялзатын кор туткан , алтынга алмашпас кызынын баркын билбей өөдө- төмөн ойноткон жапайы оюндарын окуп, жан курдашыма жардам бере албай , кыштын кычыраган чилдесинде Чаекте көңүлү үшүгөн курбумдун жанында болбогонума уялдым.

Кален бир сырдуу, көп сөзү жок азамат мүнөздүү жан экенине ынандым. Китепте жазылган көп кыйынчылыктын бирин айтпай , «жүзү курусун» деп эле колун шилтеп койгон. Мен анын ордунда болсом ыйлап-сыктап, чып-чыргасын коротпой жомоктотуп айтып бермекмин. Анан кантип Календин көтөрүмдүүлүгүнө тан бербейсиң?!

Бири-бирибизди билген жыйырма жылдан ашуун убакыттын ичинде сыртыбыздан багып, жаман көз менен жаман сөздөн бири-бирибизди коруп келе жатабыз. Экөөбүздөгү тең тоңдоосун мүнөз, башка аялзатындай болуп өтө ысык, жакын катыш алакага жол бербеди. Биз бири-бирибизди күндү жакшы көргөндөй, алыстан жакшы көрүп, терең урмат- сыйдабыз. Эл башына күн түшсө, мен деген эр азаматтардын катарында турчу инсан экенин билем. Бир уруунун кызы, бир эркектин жары деп караш мүмкүн эмес, андай көз караш менен Календи кемсинтип алышыбыз ыктымал. Колдон келсе, көңүлүн өстүрүп , эл-жер, улут жөнүндөгү ойлорун, чыгармаларын жаздырып , китеп кылып бастырып Кыргызстандын кызы деп карасак болот эле.

Саясий публицистика - сейрек жанр, аны дүйнөлүк масштабда өздөштүргөн адамдар деле аз, ошол жанрды өздөштүрүп, коомдук процесстин жүрүшүн гана эмес, келечегин кошо чагылдырган , өзүнө даанышмандыкты камтыган, мен терең сыйлаган Кален Султангазиевнанын портретике тартылган штрихтин бири ушул!

Байма Сүтөнова

жазуучу, журналист

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

9.06.2002-жыл

Классташтар: Гүлшат, Эрмек, Кален,
Сүйөркан, Сымбат.

Уулу Султанбек Кызы Айзада

Апасы Разия Атасы Султангазы

Райкан, Бактыгүл, Салтанат, Гүлжамила, Кален, Фатима

Кален жолдошу
Абдыбек менен

Бүбүкан Досалиева,
Тынара Абдразаева, Эсенбүбү Нурмамбетова, Кален
Сыдыкова, Гүлжамила Шакирова

Агасы Качыке

Эжеси Саламат

Кален чыгармачыл инсандарыбыз менен

Зуура Сооронбаева, Гүлсайра Момунова, Меңди Мамазаирова, Кален Сыдыкова, Жедигер Саалаев

Кален Төлөмүш Океевден

интервью алууда

Кубанычбек Бакиев, Гүлжамила, Кален

чыгармачылык жолугушууда

Автор тууралуу

Сыдыкова Кален Султангазиевна 1958-ж. 25-январда Жумгал районунда туулган. 1982-ж. КМУнун журналистика факультетин бүткөн. Он жыл Кыргызстан КП БКнын Партия тарыхы институтунда, 1991-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Телерадио компаниясында башкы редактор, 1995-жылдан Эл аралык «Чар тарап» газетасында башкы редактор болуп иштеген. 1996-жылдан бери КР ИБ Президентинин Администрациясында бөлүм башчы. Кален Сыдыкова «Кайрылуу» (1988-ж.), «Түпкүрдөгү монстр», «Доор кайрыгы» (1995-ж.), «Насыя нике» (1996-ж.), «Асылдар» (2002-ж.), «Эр издөө» (2002), «Күч күйөө», «Кыргыз тарыхы» деген китептердин автору. Эки жүздөн ашык аналитикалык курч макалаларды жазган. Бир нече илимий китептерди кыргызчага которгон. Журналисттик бир нече сыйлыктын ээси. Коомдук ишмер. 1988-жылдан Кыргызстан (СССР) Жазуучулар жана Журналисттер Союзунун мүчөсү. Ал жөнүндө 1993-жылы «Публицист Кален» деген документалдуу телефильм тартылган.

Мазмуну

Шаңшыган Роза

«Сагынган жанмын сага окшош»

Сулуу болуш бакытпы?

Эркектер проституциясы

Профессор Болжурова

«Сен бакыт өз доорунда өлчөнбөгөн»

Эркиндик ээн ооздукпу?

Шумкар көктү көксөйт

«Кусадан, сагынычтан жалкып калдым»

Бүбүкан

Белгисиз каттар

Кален жөнүндө

Авто тууралуу

© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

1

Смотреть полностью


Скачать документ

Похожие документы:

  1. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды

    Документ
    Ысмайыл Кадыров көп жылдардан бери кыргыз элинин өзүнүн Гиннес китебине кирчү рекорддорду жыйнап келатат. Айрымдары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, окурмандардын колдоосуна ээ болгон.
  2. Жождун окуу план, программаларында жана окуу китеп, окуу куралдарында кыргыз фразеологиясынын берилиши

    Программа
    Изилдөөнүн актуалдуулугу. Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары билим берүү мекемелеринин бардык баскычтарында окутулат. Анын тармактары боюнча теориялык, практикалык, методикалык багыттагы ар кандай изилдөө иштери жүрүп жатат.

Другие похожие документы..